Экинчи глава “Болочок мугалимдерди элдик оозеки чыгармалардын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүүгө даярдоонун педагогикалык шарттары” деп аталып, диссертациянын милдетине ылайык кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдерди кесиптик даярдоонун маанилүү шарты катары “кыргыз тили жана адабияты” адистигинин окуу программаларынын мазмунун кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде этнопедагогикалык долбоорлоо маселелери жүзөгө ашырылды жана эксперименталдык окутуунун эффективдүү методдорру менен формалары аныкталды..
Этнопедагогикалык билимдердин татаал мүнөзүн кеңири карап чыгып, бул жерде сөзсүз түрдө тандоонун критерийлерин негиздөөгө ой жоруган илимий мамилелерди талап кылат, – деген жыйынтыкка келебиз. Изилдөөчү А.Алимбековдун пикиринде, кесиптик билим берүүнүн этнопедагогикалык компонентин тандоонун башкы критерийин кесип таламдуулугу, илимийлүүлүгү, репрезентативдүүлүгү, идеал калыптандыруу потенциалы, тарыхый жана социомаданий контексти түзөт.
Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдердин кесиптик даярдыгы анын жалпы этнопедагогикалык маданиятынын ажырагыс компоненти болгондуктан, аталган критерийлер – айрым түзөтүүлөр менен кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдердин билимин жана билгичтиктерин долбоорлоо үчүн колдонууга толук жарамдуу. Биздин өзүбүздүн салымыбыз катары кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде этнопедагогикалык билим берүүнүн программасын иштеп чыгууда адептүүлүк компонентин чагылдырган дидактикалык материалдардын жаңы типтерин иштеп чыгууга жетиштүү көңүл бургандыгыбыз эсептелет.
Илимийлүүлүк критерийи мугалимдин кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүүгө кесиптик даярдалгандыгынын теориялык-методологиялык негизин аныктайт. Бул критерийдин талаптарына ылайык, этнопедагогикалык билим берүүнүн мазмуну илимий жактан күмөн туудурбаган көз караштар, фактылардын жоболордун негизинде гана курулушу – шарт. Биздин изилдөөнүн шартында этнопедагогикалык билим берүүнүн мазмунун кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын мотивинде кураштырууга ыктап, илимий жоболорду бурмалоо, ашкере жөнөкөйлөштүрүп жиберүүдөн сак болгон ийги.
Достарыңызбен бөлісу: |