1. Окуӊуз, энчилүү аттардын жазалыш ѳзгѳчѳлүгүнѳ кѳӊүл буруӊуз.
«КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖЕКЕЧЕ ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШУ
ЖӨНҮНДӨ» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
141
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1-берене. «Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө» Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети-
нин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүн жана жекече турак үйлөрдүн дол-
боорлонушун контролдоо.
Жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүн жана долбо-
орлонушун контролдоону архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп
чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө
ашырат.
16-статьянын 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архи-
тектура иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарынын» де-
ген сөздөр «архитектура-курулуши иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
17-статьянын 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Курулуш иштери
жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына»
деген сөздөр «архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо
боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
А.Атамбаев
Бишкек ш., 2013-жылдын 24-майы, №79
Көнүгүүлөр
1. Мыйзамдын кириш бөлүмү менен таанышыңыз. Кийинки бөлүмдөрү боюнча берилген
тапшырмаларды аткарыңыз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖАНЫБАРЛАР ЖАНА ӨСҮМДҮКТӨР
ДҮЙНӨСҮНҮН ЖАРАТЫЛЫШ ОБЪЕКТТЕРИН ПАЙДАЛАНУУ ҮЧҮН
АКЫ ТӨЛӨӨНҮН СТАВКАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилери Кыргыз Республика-
сынын энчиси, Кыргыз Республикасынын жарандарынын материалдык жана руха-
ний муктаждыгын канааттандыруу үчүн бүткүл дүйнөлүк коргоого алынуучу жана
рационалдуу пайдаланылуучу жаратылыштын, жаратылыш ресурстарынын ажы-
ралгыс элементи болуп саналат.
Ушул мыйзам атайын жаратылышты пайдалануу тармагынын укуктук
мамилелерин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,
Кыргыз
Республикасынын
«Айлана-чөйрөнү
коргоо
жөнүндө»,
142
Калия Кулалиева
«Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Жаныбарлар
дүйнөсү тууралуу» мыйзамдарынын негизги жоболоруна негизделет.
А. Сөздөргө мүчөлөрдү улап жазыңыз.
1-берене.
Ушул
Мыйзам…….
колдонулуу…….
негизги
түшүнүк…….:
Өсүмдүктөр дүйнөсү (өсүмдүк) – ар түрдүү фитоценогенездин бөлүмдөрүнө
жана пайда болуу убактысына бириктирил………, жерде же анын бир
аймактарын…… өскөн, түрдүү өсүмдүктөр тобу……. саны, алардын
мейкиндик………, түзүмү жана динамика………, ошондой эле өсүмдүктөрдүн
жашоо формалары…….. көп түрү жана шайкештиги менен мүнөздөл…………,
курамы, түзүмү, абалы жана мааниси боюнча ар түрдүү өсүмдүктөр…… жана
өсүмдүктөр тобунун табигый жыйын…… .
Б. Берилген сөздөрдү боштуктарга керектүү формада толуктап жазыӊыз.
(жоголуп, балырлар, техникалык, тал, бардык, данектери, алдындагы)
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилери же өсүмдүктөрдүн жаратылыш
ресурстары – жапайы өсүмдүктөрдүн ………………….. түрлөрү: жер
үстүндөгү жана жер ………………….. бөлүктөр, анын ичинде тамырлар,
үрөндөр, ………….. , өсүмдүктөрдүн чөп катмарлары, дары жана
………………... өсүмдүктөр сырьелору, жапайы жемиштер, грек жаңгагынын
……………….. мистелер, чычырканактар, сейрек өсүүчү жана ……………….
бара жаткан өсүмдүктөр, жыгачтар, жыгачтар тайпасы, кырчын, бадалдар,
………………… көчөттөрү, камыштар, ошондой эле мох түрүндөгүлөр, козу
карындар, эңилчектер ж.б.
В. Тексттеги белгиленген сөздөргө түшүндүрмө бериңиз.
Жаныбарлар дүйнөсү – өзүнө курт-кумурскаларды, сойлоочуларды,
жырткычтарды, канаттууларды, балыктарды жана башка суу жаныбарларын
кучагына алган, табигый эркиндик абалында болгон жана экологиялык,
экономикалык жана маданий, ден соолук функцияларын аткарган мыйзам
менен корголуучу жаратылыш объектиси.
1.
2.
Г. Суроолорго туура жооп таап, боштуктарды толуктаңыз.
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилери – жапайы сүт эмүүчүлөр, канаттуулар,
сойлоочулар, (кайда?) …………………... жашоочулар, курт-кумурскалар,
балыктар, суу жаныбарлары жана өнүгүүнүн бардык баскычтарындагы
омурткасыз суу (эмнелер?) …………………… (жаныбарлардын урук
клеткалары, пилла, көпөлөк курту, төлү, личинкасы ж.б.), бөлүкчөлөрү
жана бул жаныбарлардын (кандай?)……………………….. продукциялары.
Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу –
жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин табуу же адамдын
143
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
(кандай?) …………………. же руханий талаптарын канааттандыруу үчүн
алардын жашоо чөйрөсүнөн көрсөтүлгөн (эмнелерди?) …………………
тартып алуу менен, же ансыз эле алардан башка ыкмалар менен пайда көрүү.
Д. Башаламан тартиптеги сүйлөм бөлүктөрүн туура бириктириңиз.
2-берене.
1. 2 жана 3-пункттарында башкача аныкталбаса, / жаныбарлар дүйнөсүнүн
/ жаратылыш объекттерин (анын ичинде балыктар жана башка суудагы
биологиялык ресурстар) / белгиленет:/ пайдалануу үчүн акы төлөө ставкалары,
/ эгерде ушул берененин / 1-тиркемеге ылайык /
2. базалык ставкалары колдонулат / Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын/
31-статьясында каралган жаныбарлар / башка максаттарда пайдалануу үчүн/
эсептөөлөрдө ушул Мыйзамдын / 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн / дүйнөсүнүн
жаратылыш объекттерин / жаныбарлар дүйнөсүнүн тиешелүү объекттери /
«Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө» / боюнча белгиленген акы төлөөнүн.
2. Тѳмѳнкү текстти окуп, жазуу эрежелери боюнча комментарий бериңиз.
3.
Боштуктарга туура келген мүчөлөрдү жана сөздөрдү толуктап жазыңыз.
«ЭЛЕКТР ЖАНА ПОЧТА БАЙЛАНЫШ...... ЖӨНҮНДӨ» КЫРГЫЗ
РЕСПУБЛИКАСЫ........ МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮ ЖАНА ТОЛУК........
КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ.......
2013-жыл........... 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңеши тарабы......... кабыл алынган
1-берене. «Электр жана почта байланышы .........................» Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомостто-
ру, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй .......................... жана толуктоо киргизилсин:
40-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй .................................. баяндалсын:
«Электр жана почта байланышы жөнүндө мыйзамдардын ...............................
үчүн күнөөлүү, ошондой эле байланыш чөйрөсүндө экстремисттик ишти
....................... ашырган юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында .................................. жоопкерчиликти тартышат»;
3-бөлүгү «граждандардын абийирине жана ар-намысына шек келтирүү» деген
сөздөр .......................... толукталсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий ............................. күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
А.Атамбаев
Бишкек ш., 2013-жылдын 22-майы, №75
144
Калия Кулалиева
Грамматика
Туюк мамиле
Туюк мамиле негизги мамиледеги этиштерге -ыл (-ил, -ул, -үл, -л) мүчөсүнүн
уланышы аркылуу жасалат, кыймыл-аракет өзүнөн-өзү иштелгендей маанини
билгизет.
Мисалы: табыл, жабыл, жасал ж.б. Аягы л тыбышы менен бүткөн сөздөрдө:
билинди, илинди, алынды. Расмий иш кагаздарында көп учурай турган форма.
1. Туюк мамиленин мүчөлөрүн улаңыз, чак мүчөлөрдү туура жазыңыз.
1. Кулактандыруу бардык жерге ил......................... .
2. Эл аралык симпозиумга көптөгөн кадырлуу коноктор чакыр...................... .
3. Алты айлык план толугу менен аткар....................... .
4. Студенттерге тиешелүү деңгээлде билим бер.............................. .
5. Чогулушта төмөнкү маселелер кара....................... .
6. Бул көйгөй эми гана чеч................................ .
Өздүк мамиле
Өздүк мамиле негизги мамиледеги этиштерге -ын (-ин, -ун, -үн, -н) мүчөсүнүн
уланышы менен жасалат. Өздүк мамиле негизинен төмөнкү маанилерди билгизет:
а) кыймыл-аракеттин өзүнө багытталгандыгын: Мен жуундум, тарандым.
б) кыймыл-аракеттин кайталанышын: Атам ичинен күбүрөндү.
2. Сөздөргө өздүк мамиленин мүчөсүн улап жазыңыз.
көр..........
сура.............
кара.........
сүр...............
жылы......
бөл...............
тара.........
тазала...........
бакыр.......
сулуула.........
3. Маанисине карап, туюк же өздүк мамиленин мүчөсүн улаңыз.
1. Кадрлар бөлүмү башка имаратка көчүр............................... .
2. Расмий жолугушууга баруу үчүн ал аябай даяр..................................... .
3. Майрамдарда ат майданында ар түрдүү улуттук оюн-зоок өткөр................... .
4. Ойлогон оюбуз аткар............................. .
5. Алыстан атчан ак сакал көр................................. .
6. Ак үйгө мектеп окуучулары чакыр........................... .
4. Берилген сөздөрдү катыштырып, байланыштуу текст түзүңүз.
Ачылыш жасал, кубан, өткөрүл, билдирил, таратыл, пикир айтыл, ачуулан,
баа берил, ыраазычылык билдирил.
145
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Жазуу эрежелери
Үнсүз тыбыштардын жазылышы: ф, х, ц, щ
1. Ф, х, ц, щ тамгалары дээрлик орус тили аркылуу кирген сөздөрдө колдонулат:
фирма, фабрика, цех, циркуль, плащ, химия, халва, щетка ж.б.
2. Ф тамгасы айрым тууранды жана сырдык сөздөрдө, кээ бир энчилүү аттарда
колдонулат: Уф! Чарчап кеттим. Фарида, Фируза ж.б.
3. Кыргыз тилинде х тамгасы хан, пахта деген сөздөрдө жана ах, бах, тах-тах
сыяктуу сырдык жана тууранды сөздөрдө колдонулат.
4. Айрым рахмат, рахат, хурма, хурсант сыяктуу араб, иран тилинен кирген
сөздөрдүн кыргызча к аркылуу айтылышына жана жазылышына жол берилет:
ыракмат, ыракат, курма, курсант.
1. Сырдык жана тууранды сөздөрдүн жазылышына көңүл буруңуз.
Ох-оо, муну кайдан алдыңар!
Бах, биздин тоонун абасы!
Ха-ха-ха, өзүңдүн ким экениңди эми билдиңби?
Тах-тух деген үндүн эле чыкканы угулат, башкасын билбейм.
Ах, ошондогу мүмкүнчүлүк менде азыр болгондо...
2. Берилген сөздөрдү катыштырып байланыштуу текст түзүңүз.
Фермер, цемент, өх, рахмат.
3. Сүйлөмдүн аягын бүтүрүңүз.
Эгерде мен хан болсом, .......................................................................................... .
Эх, чиркин .............................................................................................................. .
Флягада ................................................................................................................... .
Биздин факультет ...................................................................................................?
Цензуранын болгону ............................................................................................. .
Цирктин айланасында .......................................................................................... .
Сүйлөшөлү
Төмөнкү маселелер боюнча талкуу уюштуруңуздар.
1. Билим берүү боюнча кандай жаңылыктарды киргизүү керек деп ойлойсуз?
2. Мамлекеттик салык саясаты боюнча кандай пикирлериңиз бар?
146
Калия Кулалиева
Угалы
1-кѳнүгүү. «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн түзүмүн бекитүү» дегенди түшүндүрүп бе-
риӊиз.
2-кѳнүгүү. Мыйзамдын мазмунун айтып бериңиз.
Жазалы
1. Билим берүүгө байланыштуу мыйзамдын долбоорун түзүңүз.
(Мектепке чейинки тарбия жана билим, орто билим, кесиптик билим,
жогорку билим, айылдык билим ж.б. тармактар боюнча)
2. «Аткан мерген эмес, тийгизген мерген» деген макалдын маанисин чечмелеп жазыңыз.
147
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
МААЛЫМ КАТ
Маалым кат – тигил же бул фактыны же окуяны тастыктоочу, сыпаттоочу
мазмундагы документ. Маалым катты негизинен 2 түргө ажыратышат. Биринчиси,
кызматтык мүнөздөгү факты жана окуя жөнүндө маалымат берилүүчү маалым
каттар. Ал тиешелүү мекеменин жетекчилиги, жогорку органдардын талабы же
көрсөтмөсү менен даярдалат. Анда изилдөө, иш сапары же кайсы бир окуя боюнча
жалпыланган натыйжалар боюнча маалымат берилет. Экинчиси – кызыкдар
жарандар менен мекемелерге берилген, кандайдыр бир укуктук фактыны
тастыктоочу (адамдардын иштеген, жашаган жери, окуусу, алган айлыгы, ээлеген
кызматы ж.б. ар түрдүү абалын тастыктоочу) маалым каттар.
Маалым кат кол менен жазылып же атайын стандарт бланкта толтурулушу мүм-
күн. Жетекчинин атынан жеке кишиге же жеке кишинин атынан жетекчиге берили-
ши мүмкүн.
1. Маалым кат кандай абалдарда жазылат?
2. Маалым катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын катыштырып сүйлөм түзүңүз.
Берилет, тастыктайбыз, анык ж.б.
3. Туура толуктаңыз.
бар, үчүн, тастыктайбыз, анык, катталган, айлык алат
иштегени / …………………….
тастыктоо /…………………….
9 миң сом/ ……………………..
алгандыгын/…………………..
беш баласы / ………………….
ушул адресте / ………………..
148
Калия Кулалиева
Окуйлу
№ 37 МААЛЫМ КАТ
«Шоро» фирмасы
Бишкек шаары
Осмонкул көчөсү, 344а
Телефон:
Факс:
2010-жылдын 15-майы
Бул маалым кат Медербеков Эсенбек Медербековичке, анын «Шоро»
фирмасында инженер-техник болуп эмгектенип, айлык акысы 13 000 (он үч миң)
сом экендигин аныктоо үчүн берилет.
Маалым кат Жайыл райондук социалдык коргоо бөлүмүнө көрсөтүү үчүн
берилди.
Директор
Жаманкулов А.
Бухгалтер
Исакулова Б.
Көнүгүүлөр
1. Жогорудагы маалым каттын маалым даректерин жайгашуу тартиби боюнча жазыңыз.
2. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдүн мамилесин аныктаңыз.
3. Маалым катка кандай грамматикалык түзүлүштөр мүнөздүү экендигин аныктаңыз.
Мисалы: маалым кат берилет, ...
4. Боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктап жазыңыз.
№ 65 МААЛЫМ КАТ
Бишкек шаары
………………………
………………………
14.04. 2011
Бул ........................... ...................... Бообекова Айгүлгө ........................ Бишкек
шаарынын № 69 мектебинин 10-классында окугандыгы .......................... экендигин
тактоо үчүн берилди.
149
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Маалым кат Октябрь райондук социалдык фондго ................................... үчүн
берилди.
Мектептин .........................
К. Оморов
Мөөрдүн орду
Сүйлөшөлү
Маалым кат кандай учурларда жазылат? Маалым кат берүүдө эмнелерге көңүл буруу керек?
Кайсы учурларда маалым кат берилбеши мүмкүн?
Жазалы
1. Кесиптешиңизге сиз иштеген бөлүмдө иштегендиги тууралуу маалым кат жазып бериңиз.
2. «Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү» деген макалдын маанисин чечме-
леп жазыңыз..
Жазуу эрежелери
Ташымалдоонун эрежелери
1. Сөздөр бир саптан экинчи сапка муунга бөлүнүү тартиби боюнча ташымал-
данат: ка-бар, бо-лот, бо-ёк, то-кой, келген-дер, айтыл-гандар ж.б.
2. Созулма үндүүнү бири-биринен ажыратып ташымалдоого болбойт: тала-
ада эмес, та-лаада; учу-учу эмес, учуу-чу ж.б.
3. Бир муундан турган сөздөр ташымалданбайт: бал, тал, бер, кел ж.б.
4. Эки муундан турган Аалы, эрик, бери, өмүр, ысык ж.б. сыяктуу сөздөр да
ташымалданбай, бирге жазылат.
5. Ичкертүү (ь), ажыратуу (ъ) белгилери өзүнөн мурунку үнсүз тыбыштан бөлүп
ташылбайт: под-ъезд, батал-ьон эмес, подъ-езд, баталь-он болуп ташылат.
6. Окшош эки үнсүз тыбыш бири-биринен ажыратылып ташылат: ба-ккан эмес,
бак-кан; ка-сса эмес, кас-са ж.б.
7. Башкы тамгаларынан кыскартылган сөздөрдү бир саптан экинчи сапка ташы-
малдап жазууга болбойт: УАК, МАИ, ИИМ ж.б.
8. Кишилердин кыскартылып алынган ысымы жана атасынын аты фамилиядан
ажыратылып ташылбайт: Т. А. Абдиевдин, К. С. Артыковго Т. А. жана К. С.
кыскартылган бөлүгүн фамилиядан ажыратып ташымалдоого болбойт.
150
Калия Кулалиева
9. Цифрадан кийин келген км, см, т, ц, кг сыяктуу сөздөрдү өзүнчө бөлүп
ташууга болбойт: 25 кг, 5 т, 100 м ж.б.
Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура ташымалданган?
1. а) ар-дак, мак-та, тап-та
б) аа-лам, ка-лаа, жа-на
в) кы-лым, уу-луу, ку-лун
г) ку-мар, ту-мар, мур-ун
2. а) ту-ман, у-лан, ка-нат
б) жа-рык, алт-ын, са-ры
в) ба-ла, ур-ук, бу-лак
г) ту-рак, за-мат, ар-тык
3. а) МАИ-ден, БУ-Уга, КР-дан
б) 345 тон-на, 5 грамм, 4 ме-тр
в) раз-ъезд, консуль-тация, чап-па
г) канат-туу, факуль-тет, мам-бас
4. а) Ж.А. - Койчуманова, Ө. С. Канат-беков
б) 6 кг, 1200 - метр
в) шай - борбор, 40 ц.
г) «Айдан» ЖЧ - Ксы, «Саян» той - канасы
Грамматика
Аркылуу мамиле
Аркылуу мамиле кыймыл-аракет буйруучунун өзү эмес, башка бирөөлөр
тарабынан аткарылгандыгын көрсөткөн этиш сөздөр. Аркылуу мамилени төмөнкү
мүчөлөр уюштурат:
-дыр: тактыр, илдир, күлдүр
-гыз: жеткиз, тургуз, билгиз
-кыр: жеткир, жаткыр
-ыр: качыр, өчүр, көчүр
-коз: бүткөз, өткөз, откоз
-ыз: тамыз, эмиз
-т: ырдат, ойнот, окут
-ыт: коркут, үркүт
1. Боштуктарга аркылуу мамиленин мүчөлөрүн улап жазыңыз.
Балдар бакчасына барган кызыма ыр жатта................... .
Комуз күүсү баарына жаккан бейм, бир далайга комуз черт............. .
151
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Чечимди катчыга оку................. .
Атайын буйрук менен жап................. .
Жаңы тартылган тасмалар көр..................... .
Куттуктоонун текстин компьютерде жаз....................... .
Агам атайын техниканын жардамы менен эшиктин алдын тегизде......... .
Ал быйыл окуудан чык........................ .
2. Берилген сүйлөмдөгү боштуктарды толуктап жазыңыз.
............................ .................................... сүйлөтпөй койду.
............................. ............................... атайы тапшырык менен алдырды.
........................... ................................... бою залдагыларды күлдүрдү.
............................ ................................. сейфти ачтырышты.
................................... ........................ макаланы жарыялатпай коюшту.
.............................. ................................ укмуштуудай иштетти.
3. Берилген сөздөрдү катыштырып, байланыштуу текст түзүңүз.
Комиссия түздүр, текшерт, чечимди чыгарт, сунуштарды киргиз, адистерди
сүйлөт.
Угалы
1-кѳнүгүү. Маалым катты угуп, текстин жазыӊыз.
2-кѳнүгүү. Т. Абдымомуновдун сѳзүн угуп, мазмунун айтып бериӊиз.
152
Калия Кулалиева
ИШЕНИМ КАТ
Ишеним кат – бул бир жактын (ыйгарым укук берүүчү) экинчи жакка (ыйгарым
укукка ээ болуучу) жазуу түрүндөгү ишеним артуусу, ыйгарым укук берүүсү.
Башкача айтканда, жеке кишинин, жамааттын же уюмдун кызыкчылыгын көздөп,
алардын атынан иш жүргүзүү үчүн башка бирөөгө берилген расмий документ.
Ишеним каттын үч түрү болот:
1. Бир жолку – бир жолку иш-аракетти аткарууга (мисалы, айлык маянаны,
пенсияны, жөлөк пулду, стипендияны ж.б. алууга) берилет.
2. Атайын – бир түрдүү иш-аракеттерди аткарууга (мисалы, ишкананын
юристине соттордо ишкананын атынан иш алып барууга) берилет.
3. Жалпы (генералдык) – ишеним артуучунун мүлкүн жалпысынан башкарууга
берилет. Маселен, үйлөрдү, жеке унааны; ар кандай курулуш же башка
объектилерди сатканда, тийиштүү мөөнөткө пайдаланууга бергенде же
мураска өткөргөндө алардын ээси тарабынан башка адамдын атына жазылат.
Баалуу буюм болгондуктан нотариалдык кеӊсе же жергиликтүү айыл өкмөтү
тарабынан тастыкталат.
Окуйлу
1. Ишеним каттын маалым даректерин жазыңыз.
2. Ишеним катка мүнөздүү грамматикалык конструкцияларга көңүл буруңуз.
ИШЕНИМ КАТ
Бишкек шаарындагы
Тунгуч-1 турак жай
№ 27 үй башкармалы-
гынын штампы
2010-жылдын 23-майы
Мен, Тунгуч-1 кичи районунун 27-үйүнүн 7-батиринин жашоочусу Жанболотов
Медет Аскарович (паспорт №……………….), Ак-Өргө конушунун Айдың-Көл
көчөсүндөгү № 19 үйдүн жашоочусу, агам Жанболотов Канат Аскаровичке (пас-
порт №…………………..) жогоруда дареги көрсөтүлгөн батирди менин атымдан
Достарыңызбен бөлісу: |