Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Ылайыктап, үтүр белгисин коюп чыгыңыз



Pdf көрінісі
бет16/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

1. Ылайыктап, үтүр белгисин коюп чыгыңыз.
…  Бир  күн  бир  түндүн  ичинде  эки  кыз  сексенге  чыккан  кемпир  болуп 
калат.  Баягы  куу  сөөк  кадимки  киши  болуп  силкинип  тура  калат.  Хан  атка 
мингизип элине алып келет. Бей-бечаранын төрт кызына убал кылып коюшат. 
Баягы мүрөк суусун ичпей тура берип бир күнү кузгун жарып карагайга агат. 
Өзү тойгуча ичип арчага келип кусат. Ошондуктан кузгун көп жашап карагай 
менен арча дайым жашарып турат дейт. 
(Жомоктон)
2. Жогорудагы үзүндүнүн иш кагаздарынын стилинен, тилинен айырмалуу жактарын белги-
леңиз.

175
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3. Кайсы катардагы сүйлөмдө үтүр туура коюлганын аныктаңыз.
1.
А) Амантур, Асыл, Гүкүлөр, кайда кеткенин билесиңби?
Б) Амантур Асыл Гүкүлөр кайда кеткенин билесиңби?
В) Амантур, Асыл, Гүкүлөр кайда кеткенин билесиңби?
Г) Амантур Асыл, Гүкүлөр кайда кеткенин билесиңби?
2.
А) Кызыл, сары тоголок, сүйрү алмаларды көрдүң беле?
Б) Кызыл, сары, тоголок, сүйрү алмаларды көрдүң беле?
В) Кызыл, сары, тоголок, сүйрү, алмаларды көрдүң беле?
Г) Кызыл сары, тоголок сүйрү, алмаларды көрдүң беле?
3. 
А) Же Артур, же Максат келет.
Б) Күн жаады, кайра, ачылды.
В) Кечээ Алтын, сен алып келбедиң беле?
Г) Биз бара албайбыз себеби, билдирүү даяр эмес.
 Грамматика
Шарттуу ыңгай
Шарттуу  ыңгай  кыймыл-аракеттин  аткарылышы  үчүн  сүйлөөчү  тарабынан 
белгиленген  шартты  туюндуруп,  -са  мүчөсүнүн  жардамы  аркылуу  жасалат:  Күн 
жааса, эгин мол болот. Сиз уруксат берсеңиз, биз ишти баштайбыз.
-са мүчөсү жалганган этиштер төмөнкү маанилерди да билгизет:
1. Мезгилдик маани: Мен келсем, сен жок экенсиң.
2. Өтүнүү маанисин: Сен менин айтканымды уксаң.
3. Ар түрдүү окуяларды салыштыруу, катар коюп кароо үчүн колдонулат: Бири 
комбайн айдаса, экинчиси трактор айдайт.
4. -са мүчөсүнөн кийин «керек» сөзү колдонулуп, божомолдоо мааниси туюн-
дурулат: Атам мага ачууланса керек. 
Шарттуу ыңгайдын төмөнкүдөй аналитикалык форманттары бар:
-ган болсо, -а(й) турган болсо, -са болду.
1. Мисалдарды окуп, -са мүчөсү жалганган сөздөрдүн кайсы мааниде келгенин аныктаңыз.
Күн ачылса, тоого баралы.
Кыш быйыл кеч түшсө керек.
Шеф келсе, кабинетине кириңиздер.
Мен китеп окусам, ал да бирдеме окумуш болот.
2.  Шарттуу  ыңгайдын  мүчөлөрүн  улаңыз.  Суроолорго  жооп  жазыңыз.  Мыкты  жоопторду 
аныктап, баарыбыз жазып алабыз.

176
Калия Кулалиева
1. Сиз Президент бол…………….. кыргыз тилин кантип өнүктүрмөксүз?
2. Силер кир……………… алар эмне кылып жатышыптыр?
3. Кандай бол………., кесиптештерибизге жагабыз?
4. Ата-энени сыйлаба………….. эмне болот?
3. Бүтүн сүйлөмгө же сүйлөмдөгү кээ бир сөздөргө суроо бериңиз.
1. Биз жумушка кечиксек, тил угабыз.
……………………………………………………………………….?
2. Мен келсем, мага керектүү кишилер чыгып кетиптир.
3. Макалдаштырып сүйлөгөн адамдарды сыйлайм.
……………………………………………………………………….. ?
4. Алар катты алса, дароо жооп жазышмак.
……………………………………………………………………….. ?
5. Экономикасы өнүкпөгөн мамлекеттин келечеги жок деп ойлойбуз.
……………………………………………………………………….. ?
4.  Сүйлөмдүн  жазылбаган  бөлүгүн  толуктап  жазыңыз.  Үтүр  белгисинин  коюлушун 
түшүндүрүңүз.
1. Эгерде мен аттестациядан өтпөй калсам, ……………………...……….……
…………………………………………………………………………………….. .
2. Эгерде мени кесиптештеримдин баары колдосо, ……………………………
……………………………………………………………………………………. .
3.  …………………………………………………………………………………, 
биз айылды колдошубуз, көтөрүшүбүз керек болот.
4. ………………………………………………………………………………….,
долбоордун бюджетин кайра карап чыгабыз.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Макулдук берүү катынын мазмунун айтып бериӊиз.
2-кѳнүгүү. Макулдук берүү катын жазыӊыз.

177
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
БАШ ТАРТУУ КАТЫ
Өтүнүч, суроо, сунуш, чакыруу мазмунундагы каттарга макул болбогон учур-
ларда  жооп  катары  берилүүчү  кат.  Баш  тартуу  катын  жазууда,  себебин  негиздөө 
жана түшүндүрүү керек. 
Баш тартуу катында кайрылган тараптын суроо, өтүнүчтөрү боюнча кайда кай-
рылуу аркылуу оң жооп алса боло турганы жөнүндө маалымат берилиши мүмкүн.  
1. Баш тартуу катына мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары:
…  байланыштуу,  …  талап  кылгандыктан,  …  ылайык,  …  байланыштуу 
болгондуктан ж.б. 
2. Туура толуктаңыз.
жүргөнүнө    байланыштуу  /  кабыл  ала  албайбыз  /туудургандыктан  /
кайрылыңыз    /  билдиребиз  /  каршы  келгендиктен  /  болгондуктан  / 
алектенбегендиктен
Сунушуңуздарды / ........................................................................
Уставга / .........................................................................................
Бул тармакка тиешесиз / ...............................................................
Чет өлкөдө /..................................................................................... 
Калктын нааразычылыгын / ...........................................................
Мындай ишмердүүлүк менен / .....................................................
Аткара албаганыбызды / ...............................................................
Жергиликтүү фирмаларга / ..........................................................
3. Үлгү боюнча иштеңиз.
Үлгү:  тейлөө  чөйрөсү  башка  болгондуктан  /  тейлөө  чөйрөсү  башка 
болгондугуна байланыштуу
сыркоолоп калгандыктан / .....................................................................................
мөөнөтү бүткөндүктөн / .........................................................................................
жардам бере албагандыктан / ..................................................................................
бизге тиешеси болбогондуктан / ............................................................................
кытай тилин билбегендиктен / ................................................................................
маалымат туура эмес берилгендиктен / .................................................................

178
Калия Кулалиева
 Окуйлу
1. Баш тартуу катынын маалым даректерин толуктап жазыңыз.
2. Баш тартуу катына мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарынын алдын сызыңыз.
Заказ алуудан баш тартуу каты
Сиздердин катыңыздарда компьютердик техниканын эң жаңы моделдери 
жөнүндө сөз болуп жаткандыгына байланыштуу, биз бул талапты орундата 
албаганыбызды билдиребиз. Биз кызматташкан чет элдик фирмаларда сиздер 
сураган баада эң акыркы моделдеги компьютер жана анын жабдыктары өтө 
кымбат баада болгондуктан, сиздердин заказ аткарылбай калат.
Борборубуздагы башка «Басма» фирмасына кайрылып көрүүңүздөрдү су-
нуштайбыз.
Бул жолку заказыңыздарды аткара албагандыгыбыз үчүн өкүнөбүз. Мын-
дан ары кызматташтыгыбыз уланат деп ойлойбуз.
3. Баш тартуу катындагы боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
Кечирим суроо менен чакыруудан баш тартууну билдирүү каты
Окуу  …………………………  уюшулганынын  20  жылдыгына  арналган 
салтанатка  чакыргандыгыңыздар  …………….  терең  ыраазычылык 
билдиремин.
Биздин  республиканын  ………………..  Россия  Федерациясына 
баруучу  расмий  …………………  болуп,  бул  күндөрү  чет  өлкөдө  боло 
турганыма  ………………………  бул  иш-чарага  катыша  албай  турганымды 
............................... . 
Сиздерди куттуктап, университеттин ………………….. ийгилик каалай-
мын. Катыша албагандыгым үчүн кечирим …………………… ……………… 
куттуктоо телеграммасын кошо жиберемин.
4. Бош аянтты ижарага берүүдөн баш тартуу катын жазыңыз.
5. Туура толуктаңыз?
кызматташтык, кечирим сурайм,  сунушталат, талап кылат, ылайык     
аткарба, катышпа, көмөк көрсөтпө / ..................................................................
изилдөө, күч, убакыт, каражат / ..........................................................................
устав, нускама, эреже / ........................................................................................
өркүндөйт, уланат, жүргүзүлөт / ........................................................................
кайрылуу, жазуу, баруу / .....................................................................................

179
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Угалы
1-кѳнүгүү. Баш тартуу катынын маанисин айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Баш тартуу каты  боюнча суроолуу сүйлөмдѳрдү түзүңүз.
 Сүйлөшөлү
1. Сизди бир эле ишкана 3 жолку салтанатына чакырды. Эки жолу бара албай калдыңыз. Үчүн-
чү жолу да бара албай тургандайсыз. Эмне кыласыз?
2. Кандай абал же себеп бизди маанилүү иш жасоодон баш тартууга түртүшү мүмкүн. Эки-үч 
жагдайды мисал катары келтириңиз.
  Жазалы
1. Ишиңизге байланыштуу баш тартуу катын жазыңыз.
2. Төмөнкү ыр саптардын маанисин чечмелеп жазыңыз.
   
Тилге жолдош, үнгө дем
   
Комузду кошуп ырдайлы.
   
Бабабыз черткен бул комуз,
   
Баркына жетип сыйлайлы.
   
Өрүктөн тандап чабылган,
   
Карагай капкак жабылган.
   
Үч кыл тагып жибектей,
   
Күлүктөй таптап багылган.   
   
 
 
 
(Алымкул)

180
Калия Кулалиева
КӨҢҮЛ АЙТУУ КАТЫ
Көңүл айтуу каты – кайгылуу окуяга байланыштуу, жабырлануучу тарапка көңүл 
айтуу, кайгысына ортоктош болууну билдирүү үчүн жазылган кызмат каттардын 
бир түрү.
Көңүл  айтуу  каттардын  тексти  эгер  ал  эл  аралык  же  жалпы  республикалык 
маанидеги  маселе  боюнча  болсо,  гезит-журналдарга  жарыяланат  жана  массалык 
маалымат  каражаттары  аркылуу  берилет.  Көңүл  айтуу  катын  жазууда  сөздөрдү 
кылдаттык менен тандоо керек, чын көңүлдөн чыккан ал сөздөр жабырлануучуга 
күч-кубат бергидей касиетке ээ болушу керек. 
1. Көңүл айтуу катына мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
байланыштуу  кайгыңыздарды  тең  бөлүшөбүз,  …  байланыштуу  терең 
кайгыруубузду  кабыл  алыңыздар,  …  байланыштуу  Сизге  чын  жүрөктөн 
кайгыга    ортоктош    экенибизди    билдиребиз,  …  боюнча  Сизге  терең 
кайгыбызды билдиребиз,  … жөнүндө кабар биз үчүн абдан чоң кайгы болду 
ж.б.
2. Туура толуктаңыз.
А).................................................... ............................................ ........................ 
кайгыңыздарды терең бөлүшөбүз.
Б) Адам өлүмүнө алып келген табият кырсыгына .........................................
................ ........................................... ................................... .................................  .
В) Чын жүрөктөн кайгыңыздарга .................................... ...............................
................. билдиребиз.
Г)  Атаңыз,  Аскар  Алиевдин  мезгилсиз  дүйнөдөн  кайтышы  жөнүндөгү 
..................... ................................... ................................... .............................. .......
............................ .................................... ....................................................... .
Д)  Ондогон  адамдардын  өлүмүнө  алып  келген  авиакатастрофага 
байланыштуу  ............................... ......................................... ...............................
 Окуйлу
1. Текстте учураган тааныш эмес сөз жана сөз айкаштарын аныктап алыңыз.

181
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Табигый кырсыкка байланыштуу көңүл айтуу каты
Сиздердин  районуңуздардагы  көптөгөн  үй-бүлөлөрдүн  моралдык  жана 
материалдык зыян тартуусуна, адам курмандыгына алып келген табият кырсыгына 
байланыштуу көңүл айтуубузду кабыл алыңыздар.
Жаратылыш  кырсыгынын  натыйжасында  зыян  тарткандардын  туугандарына 
жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
   
 
 
 
   
 
 
Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясы
2. Берилген сөздөргө маанилеш (//) жана каршы (

) маанидеги сөздөрдү табыңыз.
  зыян тартуу //  
 
 
жакын адам  
  жаратылыш //  
 
 
зыян тартуу 
  адам курмандыгы//   
 
кайгыр-  
3. Боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
...................................................................................................... !
Биз ардактуу агабыз, ...................... кесиптешибиз (маркумдун аты-жөнү) 
мезгилсиз  ................................  кайткандыгына  байланыштуу  терең  кайгыруу 
менен Сиздердин ................................... ортоктош экенибизди билдиребиз.
Агабыз бизге бардык ...................... үлгү болор эле. Анын адамгерчилиги, 
ак  ........................  эч  качан  унутулбайт.  Аны  жоктоо  бардыгыбыз  үчүн 
..................... экендигин түшүнөбүз. Арты ........................ болсун.
 
 
 
 
........................................................................... 
 Пунктуация
Кош чекит
1. Эгер жалпылагыч сөз сүйлөмдүн бир өңчөй мүчөлөрүнөн мурда колдонул-
са,  жалпылагыч  сөздөн  кийин  кош  чекит  колдонулат:  Комиссияга  киргендердин 
үчөө: Аскат, Динара, Дөөлөт биздин ишканадан. Келгендер: коңшулар, туугандар, 
достор ыраазы болуп кайтышты.
2. Тике сөздөн мурда айтылган төл сөздөн кийин кош чекит коюлат: 1. Жыйындын 
аягында Жазгүл Исаковна: «Ишиңерге ийгилик каалайм. Жолуңар шыдыр болсун!» 
– деп каалоо-тилегин айтты.2. Жакып чурулдаган элге кайрылып: – Ай, бир аз сөз 
тыңдасаңар боло. Асек оюн айтып бүтсүн эми, – деди.  
3.  Биринчи  сүйлөм  жалпылоо  маанисинде  болуп,  кийинки  сүйлөмдөр  анын 
жалпы  маанисин  тактап,  чечмелеп  турса,  биринчи  сүйлөмдөн  кийин  кош  чекит 
коюлат: Ишеним кат төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турат: ишеним кат берүүчүнүн 
аты-жөнү,  жашаган  жери,  кызматы,  күбөлөндүрүүчү  документи,  эмне  алуу 
керектиги, суммасы, дата, колу; күбөлөндүрүүчү адамдын кызматы, дата, колу.

182
Калия Кулалиева
Сызыкча
1. Сызыкча бир өңчөй мүчөлөр менен жалпылагыч сөздүн арасына коюлат:
Директор, бухгалтер, катчы – баары келиптир.
2.  Сүйлөмдүн  баяндоочу  ат  атооч  жөндөмөдөгү  зат  атоочтон  же  заттык  маа-
нидеги  башка  сөздөрдөн  болсо,  ээнин  тобу  менен  баяндоочтун  тобунун  арасына 
сызыкча коюлат: Билимдин булагы – китеп. Адам болуу – аста-аста, акмак болуу 
– бир паста.
3. Тике сөздү төл сөздөн ажыратуу үчүн, арасына сызыкча коюлат: Келечек, – 
деди ректор, – ар бириңердин колуңарда.
4. Диалог иретинде түзүлгөн сүйлөмдөрдүн ар бири жол башынан башталып 
жазылат жана алдына сызыкча коюлат:
– Кай багытка кетти?! – деп Нескара дагы бакырды.
– Ит билеби… Жыбыт-жыбытка кирип жок болушту.(А.Ж.)
5.  Географиялык  аттар  берилген  эки  сөздүн  ортосун  бөлдүрүү  үчүн  сызыкча 
коюлат: Бишкек – Ош жолунун 220-километринде кар көчкү жүрдү.
 Көнүгүүлөр
1. Сүйлөмдөрдөгү бардык тыныш белгилеринин коюлушун түшүндүрүп бериңиз.
 Ой, Улукман, мени тааныдыңбы?
 Ооба, тааныдым. (К.К. у.)
Сурап-билүү каты – бул кандайдыр бир расмий маалыматты же документтерди 
алуу үчүн жөнөтүлүүчү иш каты. (Б.Ж.)
– Ой, эмне болду, эр Кыргыл?
 Көчүк жооруп, шай кетти!.. (А.Ж.)
Токтом аткаруу мөөнөтүнө карай экиге бөлүнөт: 
1. Кыска мөөнөттүү токтом.
2. Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом.
2. Төмөнкү сүйлөмдөрдүн тыныш белгилерин туура коюңуз.
1. Редакциябызга Аскарбек Асаналиев деген агай келиптир  Ал  Улуттук 
чарба  башкаруунун  экономикасы  теория  менен  эмес  практика  жүзүндө 
түзүлүшү  натыйжалуу болот  дейт
2. «Кыргыз Туусу» гезитинин жамааты белгилүү акын ............................. 
...........................  бир  тууган  агасы  .............................  ............................... 
дүйнөдөн  өткөнүнө  байланыштуу  терең  кайгыруу  менен  көңүл  айтып  аза 
кайгысын тең бөлүшөт.

183
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3. Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
 
министрликтин статс-катчысынын атына арыз;
 
кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
 
сүрөт (4х5) 2 даана;
 
өмүр баян;
 
дипломдун көчүрмөсү (нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн).
3. Төмөнкүдөй түзүлүштөгү сүйлөмдөрдү түзүңүз.
1. ..............., ................................ ............................ ............................... !
2. «................................. ............................... ..............................,» - .............  .
3. ..................... ........................ : .............................., ..........................., .................... 
....................... ..................... ............................ .
4. .................. –……………………… …………………….. ……………………. .
4. Кайсы варианттагы сүйлөмдүн тыныш белгиси туура коюлган?
А)  Кош… Ошондойбу.
Б)  Бирөө барбы?  деген үн чыкты.
В) Бали, жигиттер бүгүн жеңиш силердики.
Г) Бишкек – Кара-Балта, Бишкек – Сокулук каттамындагылар кайда?
 Грамматика
Татаал сүйлөм
Эки же андан ашык жөнөкөй сүйлөмдөр маанилик, грамматикалык жактан би-
ри-бири менен өз ара тутумдашып татаал ойду билдирсе, татаал сүйлөм деп аталат.
Татаал  сүйлөмдөр  бири-бири  менен  интонация,  байламталар  (ал  эми, 
ошондуктан ж.б), сөз мүчөлөрү (-ып, -гандыктан, -са ж.б.), жандоочтор (кийин, 
сайын ж.б.), мезгилди билдирген (замат, убакта ж.б.) сөздөрдүн жардамы менен 
тутумдашат. Мисалы:
1. Шамал токтоп, күн чакчайып чыкты.
2. Чакыруу каты келген, ошондуктан ишканадан эки өкүл жиберели.
3. Бардык документтер толук болбогондуктан, тендерге катыша албай калдык.
4. Бул жердеги талкуудан өткөндөн кийин, ишти башка окуу жайга жиберишет.
5.  Ишканадагы  акыркы  кызматкер  сыртка  чыккан  убакта,  жарык  өчүрүлүшү 
керек.
Татаал  сүйлөмдөр  багынычсыз  татаал  сүйлөм  жана  багыныңкы  татаал 
сүйлөм болуп экиге бөлүнөт. 

184
Калия Кулалиева
Багынычсыз татаал сүйлөмдөр
Багынычсыз  татаал  сүйлөмдө  тутумундагы  жөнөкөй  сүйлөмдөр  грамматика-
лык түзүлүшү жагынан бири бирине багынбай, өз ара тең укукта болот. Багыныч-
сыз татаал сүйлөмдөр байламталуу жана байламтасыз болот.
1.  Байламталуу  багынычсыз  татаал  сүйлөмдөр  төмөнкүдөй  маанилик 
катышта колдонулат:
1. Мезгилдеш мааниде: Кабарларды окудум да, ишке кириштим.
2.  Кайчылаш  мааниде:  Булар  ушул  жылдын  отчёту,  ал  эми  тигилер  өткөн 
жылдыкы.
3. Ажыраткыч мааниде: Эмне үчүн аларга телефон чалбайсыңар, же болбосо 
өздөрү билип алсын дедиңерби?
4.  Себеп-натыйжалаш  мааниде:  Бүгүн  мектептерди  жаптырдык,  себеби 
мектептеги окуучулардын 70% пайызы ооруп жатат.
2.  Байламтасыз  багынычсыз  татаал  сүйлөмдөр  төмөнкүдөй  маанилик 
катышта колдонулат:
1. Мезгилдеш мааниде: Адегенде урушат, анан акыл-кебин, сунушун айтат.
2. Салыштырмалуу мааниде: Дос күйгүзүп айтат, душман сүйгүзүп айтат.
3. Түшүндүрмөлүү мааниде: Жакшы болмок өзүңдөн, милдетиңди так аткар.
4.  Себеп-натыйжалаш  мааниде:  Айбек  өзүн  жоготуп  койду,  ал  түбөлүк 
жоготтум деп ойлогон досунун маңдайында турган.
1. Байламталуу жана байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдөрдүн колдонулуш маанилерин 
аныктаңыз.
Турат Медербекович келди да, унчукпай бөлмөсүнө кирип кетти.
Атты арыганда көр, жигитти карыганда көр.
Агын алсакпы, же көгүн алганыбыз оңбу?
Менин агам бар: ал нефтини кайра иштетүүчү ишканада иштейт.
2. Сүйлөмдүн бош бөлүгүн толуктап жазыңыз.
Терезелери күңүрттөлгөн кара түстөгү эки машине келип токтоду да, ................
.................................................................................................................................. .
Байлык – мурат эмес, ............................................................................................. .
Артык камерасын үстөл үстүнө койду жана ........................................................ .
Алар окуя болгон жерге бара албай калышты, себеби .........................................
.................................................................................................................................. .
................................................................................... , гүлдөр ачылды.
....................................................................................., отургандарга салам берди.
3. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү түзүңүз.
1. ....................................................... , .................................................................... .
2. ........................................................................................................................... да,
.................................................................................................................................. . 
3. ................................................................................................................., анткени
.................................................................................................................................. .

185
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
4. ............................................... : .............................................................................,
.................................................................................................................................  .
 Угалы
1-кѳнүгүү. Текстти угуп, мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Каттын тексттин кагазга түшүрүӊүз.
 Сүйлөшөлү
1. Кандай учурларда расмий көңүл айтуу каттары жазылат?
2. Көңүл айтуу салты кыргыздарда бар беле же бул салт бизге башка элдерден кийинчерээк 
кабыл алынганбы?
 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет