Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


 Боштуктарды туура келген этиш сөздөр менен толуктаңыз, этиштерди капыскы өткөн чакта



Pdf көрінісі
бет15/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

2. Боштуктарды туура келген этиш сөздөр менен толуктаңыз, этиштерди капыскы өткөн чакта 
жазыңыз.
1. Иним Улуттук университеттин социология факультетине ............................. .
2. Токтогул эзүүчү таптын өкүлдөрүнө каршы ................................................... .
3. Сиздер театрга ........................................................................ .
4. Сен ошол «жомокко» ............................................................. .
5. Ал кечти эч ким ...................................................................... .
6. Арызды бизде иштеген бирөө ............................................... .
7. Чоң атамды байкем биздикине жеткирип ............................ .
8. Ой, бул гезит чындыктын баарын .............................................. .
3. Берилген сөздөрдөн көрсөтүлгөн чактагы сүйлөмдөрдү түзүңүз.
1. Жылы, бул, кара-, маселе, биз, өткөн.  (Жалпы өткөн чак)
2. Жол, Бишкек, куруучу, Ош, жол, оңдо-. (Учур чак)
3. Жакшы, группа, биздин, оку-, балдар. (Адат өткөн чак)

163
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
4. Эмнегедир, түшүн-, мени, ал, эмес (Адат өткөн чак)
5. Кыргызстан, менен, Путин, кел-, расмий, кечээ, иш сапары. (Капыскы өткөн 
чак)
6. Жабылып кал, консулдук, биздин, Стамбул ? (Капыскы өткөн чак) 
 Угалы
1-кѳнүгүү. Отчёттун мазмунун айтып бериңиз. Текстин жазыӊыз. 
2-кѳнүгүү.  Беш  сүйлөм  окулат.  Ар  бир  сүйлөмдө  канча  үтүр  белгиси  бар  экенин  аныктаңыз 
жана коюлуш себептерин түшүндүрүңүз.
1-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Себеби ...
2-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Себеби ...
3-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Себеби ...
4-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Анткени ...
5-сүйлөмдө .......... үтүр бар. Анткени ...
 Сүйлөшөлү
1-кырдаал:
Сиз жаңы ачылган телеканалдын кабарчысы болуп иштейсиз. Сиздердин теле-
каналды эч ким билбейт. Тааныштырып келүү максатында алыскы Баткен областы-
на атайын тапшырма менен бардыңыз.
Кайтып келгенде отчётту кандайча бересиз?
2-кырдаал:
Артык: Отчётту сөзсүз жазуу түрүндө бериш керекпи, оозеки айтып койсок, 
жетекчилер ишенбейби? Ашыкча кагаз жазып отуруунун эмне кереги бар?
Бермет: Отчёттун бардыгы жазуу түрүндө болушу керек, себеби.....
 Жазалы
1. Сиз бир мекемеде чарба бөлүмүн жетектейсиз. Мезгилдүү иштердин отчётун жазыңыз.
2. Төмөнкү эки саптын маанисин чечмелеп жазыңыз. 
Бетеге кетет, бел калат.
Бектер кетет, эл калат.
(Барпы)

164
Калия Кулалиева
ӨТҮНҮЧ КАТ
Бул  кат  аркылуу  ар  түрдүү  багыттагы  иштерди  аткаруу,  аягына  чыгаруу 
башка бир уюмдан же жооптуу кызматкерден суралат. Бир катта бир нече өтүнүч 
жазылышы да мүмкүн. Өтүнүч каттын маалым даректери төмөнкүлөр:
– кат жөнөтүлгөн уюм, жетекчинин аты;
– текст;
– тиркеме (зарылчылык болсо);
– катты жөнөткөндүн кызматы, аты-жөнү, колу;
– датасы.
1. Өтүнүч катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
кайрылам,  суранам, өтүнөм, байланыштуу, ишенебиз, ... үчүн, -га ылайык, 
...-га байланыштуу ж.б.
2. Үлгү боюнча сүйлөмдөрдү түзүңүз.
Жумушту өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн кошумча каражат талап кылынат.
Уставга ылайык бул тендерге биз да катыша алабыз.
Кардын эрте түшкөндүгүнө байланыштуу түшүм жыйналбай, кар алдында 
калды.
3. Боштуктарга туура келчү сөздөрдү толуктап жазыңыз.
Төмөнкү маселе ............................. Сиздерге өтүнүч ................... кайрылабыз.
Бул боюнча маалымат берүүңүздөрдү ........................................................ .
Кайрылуубузду оң  чечериңиздерге .............................................................. .
........................ ................................... өткөрүп берүүнү Сиздерден суранабыз.
.............. ................................................ бул суроонун оң чечилерине ишенебиз.
............ ..... ошону менен бирге Сизден ..................... карап чыгууну суранабыз.
4. Өтүнүч каттын текстине мүнөздүү лексика дагы кайсы иш кагазынын лексикасына мүнөздүү 
болуп саналат? 

165
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Окуйлу
1. Өтүнүч каттын маалым даректерин жазыңыз.
2. Өтүнүч катка мүнөздүү сөз, сөз айкашы жана сүйлөмдөрдүн астын сызыңыз.
Бишкек шаарынын 
Октябрь районунун акими
Самаганов Белек Кубатовичке
Х. Карасаев атындагы 
Бишкек гуманитардык
университетинин
ректоратынан жана кесипчилер 
жамаатынан
Өтүнүч кат
БГУнун  ректораты  жана  кесипчилер  жамааты  окутуучу  Алыбаев  Кубан  Аса-
новичке жер участогун бөлүп берүүңүздөрдү өтүнөт. Алыбаев Кубан 1988-жылдан 
тартып ушул күнгө чейин БГУда иштеп келет. Үй-бүлөлүү (4 балалуу), кызматы 
боюнча  эскертүү  же  башка  жаза  алган  эмес.  Ишине  жоопкерчилик  менен  мами-
ле кылат. Шаарда үйү жок, батирде турат. Окуу жайдын үй менен камсыз кылууга 
мүмкүнчүлүгү жок.
Суранычыбызга Сиздерден оң жооп алабыз деп ишенебиз.
  БГУнун ректору 
 
 
 
 
 
Аскаров А. С.
  Кесипчилер жамаатынын төрагасы  
 
 
Жалилов К. С.
   
Дареги: 
 
 
 
 
 
12.04.2010
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарга туура келген сөздөрдү жазыңыз, сөздөргө мүчөлөрдү улаңыз.
2. Өтүнүч каттын мазмунун айтып бериңиз.
Тил үйрөтүү бөлүмү 
башчылыгына
кыргыз тилин үйрөтүү 
координаторлугунан
КТҮК – 003 
 
 
 
 
 
 
 
17.10. 2006

166
Калия Кулалиева
Өтүнүч кат
2005-2006-окуу  жылында  даярдоо  бөлүмүндө  окуган  Тыва  Республикасы..... 
(Россия) келген студент Чимис Сыдам-оол (№ 0705.01306) ден соолугуна _ _ _ _ _ 
_ __ _ __ __ _ __ _ 2006-жылдын 5-сентябрында өткөрүл..... Тил билүү деңгээлин 
аныктоо  сынагына  (кыргыз  тили  боюнча)  катыша    албай  калган.  Ооругандыгын 
_  _  _  _  _  __  _  _  _  маалым  катын  кийин  алдыр............  билдирген  Чимис  Сыдам-
оолдун сынакты тапшырууга уруксат сурап жазган арыз......... негизинде, кыргыз 
тили боюнча атайы комиссия _ _ _ _ _ _ _ _ _ _, Чимис Сыдам-оол сынакты кеч 
тапшыр..... жана 71 балл менен сынактан өт..... . 
Азыр  түрк  тили  сабак.....  катышып,  аракеттенип  тил  үйрөнүп  жаткан  Чимис 
Сыдам-оолдун университеттен _ _ _ _ _ _ _ керек болгон студенттер....... тизмесинен 
алып салуу мүмкүнчүлүк....... карап көрүүңүздү өтүнөбүз. Ооругандыгы тууралуу 
маалым кат бизге 2006-жыл..... 16-октябр.......  көрсөтүлдү.
Тиркеме: 3
   
1. Чимис Сыдам-оолдун арызы.
   
2. Сынактын жыйынтыгы.
   
3. Маалым каттын копиясы.
   
Координатор   
/............. 
 
Тамара Артыкова 
 
 
 
3. Биринчи абзацтагы боштуктарга мааниси боюнча туура келген сөздөрдү толуктап жазыңыз.
4. Кийинки абзацтардагы сүйлөмдөрдү тиешелүү формада аяктаңыз.
5. Тиркелчү иш кагаздарынын болжолдуу тизмесин жазыңыз.
Чүй университетинин 
Президенти, 
 КРнын Эл мугалими 
С. Мамбеткалиевге
Өтүнүч кат
Кыргыз тилин окутуу кафедрасынын 2008-2009-окуу жылынын иш планы боюн- 
ча апрель айынын акыркы жумасында I курстагы кыргыз тилин үйрөнүп жаткан 
студенттердин  арасында  бир  айдан  бери  өткөрүлүп  жаткан  «Жылдын  мыкты 
дилбаяны» (жазуу) жана «Мен кыргызча жакшы билем» (оозеки) аттуу жарыштын 
жыйынтыгы чыгарылат. 
Ушул жарыштын жеңүүчүлөрүнө кызыктыруучу белектерди даярдоо максатын-
да.........................................................................................................................................
........................................................................................................................................... .
Ошондой эле, жыйынтык чыгаруу жана белектерди тапшыруу салтанатын өт-
көрүү үчүн 2009-жылдын 12-майында саат 15:30дан 17:00гө чейин  Чоң залды 
жана үч микрофонду .........................................................................................................

167
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
........................................................................................................................................... .
Атайы түзүлгөн уюштуруучу топ тарабынан иштелип чыккан жарыштын ..........
.............................................................................................................................................
........................................................................................................................................... .
Тиркеме: 
  1.
  2.
  3.
  4.
Кыргыз тилинин практикалык 
курсу кафедрасынын башчысы  
Колу/.............  
А. Аралова
 
 
 
 
 
 
 
 
 
20.04.2009
 Пунктуация
Чекит
1.  Чекит  жай  сүйлөмдүн  аягына  коюлат:  Ошол  түнү  борондуу  Эдигей  түш 
көрдү.(Ч.А.)
2. Адамдын кыскартылып жазылган аты, атасынын атынан кийин чекит коюлат: 
А. Турсунов, А. Жакыпбеков, М. Ю. Лермонтов.
3.  Кыскартылган  сөздөрдү  жазууда  чекит  коюлат:  б.а.  –  башкача  айтканда, 
ж.б.у.с. – жана башка ушул сыяктуу, проф. – профессор, доц. – доцент, ш. – шаар, 
к. – кылым. 
4. Номерленгенге берилген ар бир катар сандан кийин (эгер ал «1)» түрүндөгү 
жарым кашаага алынбаса, чекит коюлат. Мисалы:
  Тиркеме: 3.
1.  Арыз.
2.  Маалым кат.
3.  Түшүнүк кат.
Көп чекит
1. Кээ бир сүйлөмдөрдө ой толук айтылбай, үзүлүп, өксүк айтылып калат. Бул 
айтылбай калган бөлүк жазууда көп чекит аркылуу берилет: Дегиңкиси, жоголор 
элдин жомок менен иши болбойт... жомогу бар эл эч жоголбойт. (С. К.)
2. Эгерде алдыңкы сүйлөм айтылып бүтүп, бирок дагы айтыла турган ойлор 
кыскартылып,  көмүскөдө  калган  болсо,  анда  толук  айтылып  бүткөн  сүйлөмдөн 
кийин көп чекит коюлат. Кийинки сүйлөм баш тамга менен жазылат: Бирөөбүздүкү 
жете турган эмес... Шаар...(Б.У.)

168
Калия Кулалиева
Үтүрлүү чекит
1. Байламтасыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бири 
менен маани жагынан анчалык тыгыз байланышта болбой турса, араларына үтүрлүү 
чекит  коюлат:  Мелдештин  жыйынтыгы  чыгарылды;  сыйлыктар  тапшырылды; 
нааразычылык болгон жок.
2. Жалпылоо маанисиндеги биринчи сүйлөмдүн маанисин бир нече жөнөкөй 
сүйлөм чечмелеп турса, эң башкы сүйлөмдөн кийин кош чекит коюлат да, андан 
кийинки  сүйлөмдөрдөн  кийин  үтүрлүү  чекит  коюлат,  эң  акыркы  сүйлөмдөн 
кийин чекит коюлат. Биз үч нерсеге таң калдык: биринчиси – алынган чечимдер; 
экинчиси  –  буйруктун  жоктугу;  үчүнчүсү  –  сиздердин  шашылыш  жыйынтык 
чыгарышыңыздар.
 Көнүгүүлөр 
1. Сүйлөмдөрдөгү тыныш белгилерди туура коюңуз.
Буйрук чыкты 
Урра-а эми биз бошпуз
Мен  эки  нерсеге  кошулбайм:  биринчиси  –  мынча  каражатты  бизге  эч  ким 
бербейт  экинчиси – жоопкерчиликти тажрыйбалуу адамга жүктөш керек.
Ии- и  ушундай дечи
Кантет  болду эми
2. Кайсы катардагы сүйлөмдүн тыныш белгиси туура коюлган?
А) Дилдебек кандай жигит.
Б) Анан... анан ошондой болду.
В) Жашасын элдердин биримдиги.
Г) Анын качан келгенин билбейм?
 Угалы
1-кѳнүгүү. Өтүнүч каттын мазмуну эмне жөнүндө болду? Айтып бериӊиз.
2-кѳнүгүү. Ѳтүнүч каттын текстин жазыӊыз.

169
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
КЕПИЛДИК КАТЫ
Ишти  аткаруу,  төлөмдү  жүргүзүү,  кредитти  кайтаруу  ж.б.  ишти  жүргүзүүдө 
пайдаланылуучу иш кагазынын бир түрү кепилдик кат болот. Кепилдик кат уюм же 
жеке адамдар тарабынан жазылышы мүмкүн. 
Кепилдик катта экиден кем эмес кишинин колу коюлат: жетекчи жана башкы 
бухгалтер.
1. Кепилдик катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары:
төлөөнү кепилдейбиз, кызмат көрсөтүү боюнча кепилдик беребиз, кредиттин 
кайтарылышын  кепилдейбиз,  өз  убагында  төлөнө  турганына  кепилдик 
беребиз.
2. Боштуктарды ылайык келген сөздөр менен толуктап жазыңыз.
«Айгүл»  чакан  ишканасы  жасап  чыгарган  эмеректери  үчүн  ..................... 
.................... мөөнөткө кепилдик берет. 
  Алынган  насыя  өз  убагында  төлөнө  турганына  ............................... 
............................ .
Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ............. ..................................... талаш-тартыш 
маселе чыкпасын  кепилдейбиз. 
Акчалай  каражат  .......................................................  өз  убагында  которулуп 
турарын кепилдейбиз.
Жогорку  сапаттагы  туристтик  ...................................  ........................................ 
боюнча кепилдик беребиз.
 Окуйлу
1. Кепилдик катка мүнөздүү сүйлөмдөрдүн астын сызыңыз.
«Асыл» банктын 
башкармалыгынын төрагасы
А. Ж. Жапаровго
«Жайыл» дыйкан чарбасынын 
жетекчиси Р. Борбиевден

170
Калия Кулалиева
Кепилдик кат
Дыйкан чарбага таандык мүлктү күрөөгө алуу менен, жеңилдетилген кредит 
берүүңүздөрдү суранабыз.
Банктан алынган 200 000 (эки жүз миң) сом кредитти дыйкан чарба 1 жылдын 
ичинде толугу менен төлөп берет деп кепилдик беребиз. 
  Дыйкан чарбанын жетекчиси 
 
 
Б. Борбиев
  Бухгалтери   
 
 
 
 
А. Исакеев
2. Трафареттик тексти бар кепилдик каттын бош жерлерин толуктап жазыңыз.
............................. (ишкананын аталышы)
....................................(директоруна, жетекчисине)
.......................................................................................................................................
.............................................................................................................................................
............................................................................................................................................. 
түрүндө кызмат көрсөтүүнү Сизден суранабыз.
............................................................................................... банк бөлүмүндөгү № ..
............................... эсептешүү эсеби аркылуу акы төлөөнү кепилдейбиз.
 
 
Директор 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Башкы бухгалтер 
   
 
 
 
 
 
 
20.05.2012
3. Кепилдик каттын жазылбаган маалым даректерин толуктап жазыңыз.
Балдарды коргоо күнүнө карата керектелчү бул календарларды 20-майга чейин 
типографиялык жол менен чыгарып берүүңүздү суранабыз.
Акынын төлөнүшүн кепилдейбиз.
Биздин банктык  маалым дарек:.................................................................... .
4. Кепилдик каттын текстин жазыңыз.
КРнын Транспорт
министрлигине
Ысык-Ата районундагы 
Автоунаа ишканасынын 
жетекчисинен
.......................................................................................................................................
.............................................................................................................................................
.............................................................................................................................................
.............................................................................................................................................
.. ................................................................................................................................. .
   
 
Директор 
 
 
Ж. Алымбаев  
 
   
 
Бухгалтер 
 
 
К. Дөөлөтбаева

171
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Грамматика
Келер чак
Кыймыл-аракеттин  келечекте  болорун  билдирген  этиш  сөздөр  келер  чактагы 
этиштер болот. Келер чак экиге бөлүнөт: айкын келер чак, арсар келер чак. 
Айкын келер чак этиш сөздөргө -а, -й мүчөлөрү уланып, андан кийин тиешелүү 
жак мүчөлөрдүн уланышы менен жасалат: Ал эртең шаарга кетет. Чогулушта 
сөз сүйлөйм. Катты жазат.
Арсар келер чак кыймыл-аракеттин ишке ашып-ашпашы арсар, убактысынын 
белгилүү  эместигин  көрсөтөт  да  -ар,  -бас  мүчөлөрү  аркылуу  жасалат:  Катты 
жөнөтөрмүн. Жаман сөз айтпас. Сизге жакында жолугарбыз.
1.  Кайсы  сүйлөмдү  айкын,  кайсы  сүйлөмдү  арсар  келер  чакта  жазуу  керек?  Себебин 
түшүндүрүңүз. 
Биз бүрсүгүнү жылдын акыркы жыйналышын ………………………. .
Буйруса, эмдиги жылы же 2 жылдан кийин айылга …………………… .
Ал эки сааттан кийин …………………… .
Күтүп турсаңыз, мүмкүн, бир аз кечигип  ………………….. .
Алар эс алганы жайлоого ………..
Кыргызстан 10 жылдан кийин гүлдөгөн өлкөгө ……………….. .
2. Этиштерге арсар келер чактын мүчөсүн оң, терс формада улаңыз.
Ал-, бер-, күл-, тап-, тарт-, каз-, тазала-, жолук-, дарыла-.
3. Сүйлөмдөрдүн аягын бүтүрүңүз.
Балам, сен да …………………………………………………………… .
Эки-үч күндөн кийин күн ………………………. …………………….. .
Мелдеште биздикилер …………………………………………………. .
Бул абалдан чыгуунун бир …………………………………………….. .
Сиз бул окуяга карата түшүндүрмө …………………………………… .
4. Берилген сөздөр менен көрсөтүлгөн чакта сүйлөмдөрдү түзүңүз.
Мыйзам, бул, жактыр-, Жогорку Кеңеш, долбоорун? (Айкын өткөн чак)
Нааразычылык, ММКнын, билдир-, өкүлдөрү. (Капыскы өткөн чак)
Пикир, сиз, чык-, дайыма, менин, каршы. (Учур чак)
Кийин, аш-, студенттер, 2 жыл, саны, 5 миң. (Арсар келер чак)
Документ, кол кой-, экс-депутат, бул. (Жалпы өткөн чак)
 Угалы
1-кѳнүгүү. Кепилдик каттын мазмуну эмне жөнүндө болду? Айтып бериӊиз.
2-кѳнүгүү. Кепилдик каттын текстин жазыӊыз.

172
Калия Кулалиева
 Сүйлөшөлү
Кырдаалдар боюнча сүйлѳшүӊүздѳр.
1-кырдаал:
– Кепилдик кат менен, өтүнүч каттын айырмасына түшүнө албадым.  Экөөндө 
тең суроо, өтүнүч бар экен го?
– Кандай түшүнө албайсың...
Түшүндүрүңүз, диалогду улаңыз. 
2-кырдаал: 
Кайсы тармакта кепилдик каты көп жазылат, колдонулат? Эмне үчүн? 
Кепилдик каты ...
Диалогду улаңыз.
2. «Санабай туруп, түгөл дебе» деген макалдын маанисин чечмелеңиз.
 Жазалы
1. Ишиңизге байланыштуу бир өтүнүч кат, бир кепилдик кат жазыңыз.
2. Төмөнкү ыр саптарынын мазмунун чечмелеп жазыңыз.
   
Байыртадан бер жакка
   
Керектелип келгенсиң.
   
Бали ыракмат, аккан суу!..
   
Түбөлүккө агарсың,
   
Далай жолду басарсың.
   
Кызматына жарарсың.
   
Ыракматын аларсың.
   
Укум менен тукумга,
   
Белек болуп барарсың.  
   
 
 
 
(Жеңижок)

173
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
МАКУЛДУК БЕРҮҮ КАТЫ
Өтүнүч  кат,  суроо  каттарга  берилүүчү  оң  жоопту  камтыган  кызмат  каты. 
Макулдук берүү каты негиздөөдөн же тике маалымат берүүдөн башталышы мүмкүн. 
Эгер өтүнүч катта негиздөө бар болсо, макулдук кат да негиздөөнү келтирүүдөн 
башталат. 
1. Макулдук берүү катынын текстине мүнөздүү сүйлөм түзүлүштөрү: 
шартыңыздарга макулбуз, … тууралуу макулдугубузду билдиребиз, … боюнча 
каршылык пикир жоктугун билдиребиз, карап чыгууга даярбыз, сиздер менен 
бирге  иш  алып  барууга  даяр  экендигибизди  билдиребиз,  …  карап  чыгууга 
макулбуз ж.б.
2. Сүйлөмдүн бош калтырылган бөлүктөрүн толуктап жазыңыз.
Биргелешип сүт азыктарын кайра иштетүүгө .................................. ...................
...................................................... .
Сиздер сунушуңуздарды эки жуманын ичинде ...................................................
....................................................... ...................................................... .
Аталган маселе боюнча каршылык ........................................................................
................................................................................... .
Көрсөтүлгөн суммадан ашпаган каражатка жабдык алынышына .....................
............................................................... .................................................................. .
 Окуйлу
1. Эки макулдук берүү катынын мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн белгилеңиз.
2. Макулдук берүү катына мүнөздүү лексиканы аныктаңыз.
«Акыл» акционердик
коомунун төрагасына
«Жаштык» кинотеатрынын
жетекчилигинен
Макулдук берүү каты
2011-жылдын 24-апрелинде саат 14:00дөн 18:00гө чейин ижаранын 50% төлөө 
шарты менен кайрымдуулук акциясын уюштуруу үчүн ижарага берүүгө даярбыз.
   
 
Директор 
 
 
К. Абдиев
   
 
 
 
 
 
03.04.2011

174
Калия Кулалиева
3. Төмөнкү макулдук каттын жазылбаган маалым даректерин жазыңыз.
Негиздөө менен макулдук берүү
Акыркы 6 жылдан бери Сиздердин факультетке бөлүнгөн техникалык ка-
ражаттар алмаштырылбаганын, 10 жылдан бери эмеректер жаңыртылбаганын 
эске алуу менен, факультетке бөлүнгөн бул каражаттын эсебинен материал-
дык-техникалык базанын жаңыртылышына макулдук беремин.
4. Боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктап жазыңыз.
КРнын маданият жана 
............................ министрлигинен
Ж. Баласагын ат. Кыргыз 
улуттук университетинин
жетекчилигине
..............................................
Сиздер ......................... темадагы эл аралык симпозиумду биргелешип өткөрүү-
гө макул экендигибизди ........................... .
Симпозиумду жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн биз тараптан талап кылынуучу 
иш-чара жана көмөктүн түрү конкреттүү белгиленген ................. жөнөтүлүшүн  су-
райбыз.
КРнын Маданият, ..................... министринин
орун басары 
 
 
 
 
 
Б. Бектенов
 Көнүгүүлөр

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет