2012
- 21 -
1. Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. – Л.1971.
2. Бартольд В.В. Киргизы. Исторический очерк. – Ф.1943
3. Бартольд В.В. История культурной жизни Туркестана. – Ф.1927
4. Горная царица Курманджан и ее время. (под. ред. А.Какеева, В.Плоских). – Бишкек:
Илим, 2002.
5. Северцов Н.А. Путешествия по туркестанскому краю 2-ое издание. М., 1947.
У Д К:950:300. 372
Ар ст ан ов С. , Т и л ек ов а У . (О ш МУ )
Тилеке бий жана анын урпактарынын кыргыз тарыхындагы ролу
Народная мудрость гласит птенец будет делать то, что он видел в гнезде. Если отец
достойный муж, то он сможет дать хорошее воспитание своим сыновьям. Доказательством
выше сказанного является пример, Тилеке бия и его потомков. Которые добросовестным
служением своему народу оставили заметный след в истории страны.
Folk wisdom says ptinets will do what he had seen in the nest. If the father is a decent man, he
can give good education to his sons. The proof of the preceding sentence is an example Tilek beating and
his descendants. That conscientious service to his people left an imprint on the country
history
Тилеке бий 16-кылымдын аягы 17-кылымдын башында жашаган тарыхий инсан. Баргы
уруусунун башкаруучусу болгон. Ал жън\ндъ эё алгачкы маалыматтар перс тарыхчысы Махмуд
Чурастын эмгектеринде берилет. Анын эмгегин тарыхчы Бартольд 16-17-кк. Тянь-Шань
кыргыздары эмгегинде пайдаланган. Ошондой эле Тилеке бий жън\ндъ эл оозунда бир аз
маалыматтар сакталган.
1340-жылдары Чагатай мамлекети өз алдынча эки—батыш (Түркстандын дыйканчылык
аймактары Бухара, Самаркан жана башка шаарлары менен кошо кирген) жана чыгыш мамлекетке
бөлүнгөн. Анык же жалган Чагатай тукумунан чыккан хандар чыгыш мамлекетин башкарышканы
менен батыш мамлекети жана анын калкы Чагатай аталышын сактап калган. Батыш бөлүгүндө
XIV кылымдан XVI кылымдын башына чейин Темир жана анын тукумдары бийлеп турган, кийин
бийлик батыштан келген өзбектерге өткөн. Чыгыш мамлекетинин калкы өздөрүн моңголдор же
Орто Азияда жашагандардын айтымы боюнча моголдор, ал эми өлкөсүн Моголистан деп аташкан.
Мырза Хайдардин пикири боюнча кыргыздар менен моголдор бир элге кирген, кийин
кыргыздар могол хандарына каршы тез-тез көтөрүлүшкө чыга берип, моңголдордон бөлүнүп
кеткен; мындан тышкары моголдор мусулман динин кабыл алып, кыргыздар бутпарас дининде
кала беришкен, ушунун өзү да алардын ортосунда касташууну пайда кылган. Акыркы маалымат
анчалык так эмес; бир канча убакыт кыргыздардын башында турган элдин өзүнүн чөйрөсүнөн
чыккан акимдин ысымы Мухаммед болгондугун көрүп турабыз.
Махмуд Чурас XVII кылымда кыргыздар менен моголдордун ортосунда болгон бир нече
кагылыштар жөнүндө баяндайт. Мухаммед-хан өлгөндөн кийин (1610-ж. ченде) Кашкар
аймагындагы тополоңдордун учурунда Тилеке бий менен Бай-Бото Кара башкарган 5000 кишиден
турган кыргыз колу Уча менен Ак-Сууга кол салган.
[1
]. Жортуул учурунда алар бөлүнүп
кетишкен; Тилекеде 2000 адам, Бай-Бото Карада 3000 адам болгон. Бай-Бото Кара Темир-
султандын (Мухаммед-хандын небереси) аскерлеринен талкаланып, 2000 адамынан ажыраган,
калган 1000 адамы саадактарын мойнуна илип, багынгандыгын билдирип султанга келишкен.
Тилеке да кечирим сурап, тартуу алып келген. Султан баарына кечирим берип, кое берген. Бул
окуя Мухаммед-хан өлгөндөн кийин тез арада болгондуктан, Кара Темир-султан өзүнүн чоң
атасынын өлгөндүгүн кыргыздардан уккан. Башка бир маалыматтарга караганда кыргыздар Учаны
талап-тоноого үлгүрүшкөн жана аларды моголдор Яңги-Арт ашуусунун этегинде кууп жеткен.
Моголдор менен кыргыздардын ортосундагы жаңы кагылыш 1620-жылдары Анак-хан
аталган Абд ал-Лятиф хандын (1037. 1627-28-ж өлгөн) тушунда болгон. Кыргыздар Шахназ
айылын талап-тоноп кетишкен; хан аларды куугунтуктоо үчүн артынан кошуун жиберген, бирок
кыргыздар бул кошуунга буктурма уюштуруп, ага чоң зыян келтирген. 1630-жылдардын башында
Кашкариядагы ич-ара чыр-чатактардын учурунда тактыны алууга талапкерлердин бири, кийин
Кылыч-хан аталып кеткен Махмуд-султанга кыргыздар жардам көрсөткөндүгү жөнүндө айтылат.
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 22 -
Абдулла-хандын узак мезгилге созулган падышалыгынын (1048—1080; 1638-39—1669-70)
тарыхында кыргыздар бир нече жолу эскерилет. Өзүнүн падышалыгынын башталышында хан
Ошко ийгиликтүү жортуул жасаган. Кайра кайткан ханды кыргыздар артынан кууп, жетпей калган
жана анын эсесине Беш-Буйнак деген жерде бир нече могол акимдерине катуу сокку беришкен.
Кыргыздардын Уча менен Ак-Сууга жасаган чабуулу ийгиликке жеткен эмес. 1640-жж. Абдулла-
хан Ак-Сайдагы кыргыздарга жортуул жасаган. Ал жердеги кыргыздардын башында Тилеке уулу
Койсары жана Жолболду аттуу бийлер турган.
[1
] Моголдордун жортуулу «Ак-Сай черики» (Ак-
Сай жоортулу) деп аталган. Бирок ал ийгиликсиз болушу м\мк\н, анткени анын натыйжалары
жөнүндө эч нерсе айтылбайт. Мына ушундан кийин кыргыздар кайрадан жортуулга чыгышкан
жана могол аскерлерин талкалаган, кийин өздөрү талкаланган, бирок бир тууганы Ибрахимдин
баатырдыгынын аркасы менен гана алардан кутулуп кеткен Абдулла-ханга коркунуч туудура
беришкен. Андан ары Абдулланын Анжиянга жасаган эки жортуулу жөнүндө баяндалат,
биринчисинде ийгиликке жетишип, экинчиси ордунан чыкпай калган. Экинчи жортуулга
кыргыздар катышкандыгы белгил\\.
Тилеке бийдин урпактарынан болгон Ажы бий (туулган жана өлгөн жылдары белгисиз) –
18-кылымдын 2-жарымындагы Алай-Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан
кыргыз башкаруучуларынын бири катары белгил\\.
[4
]. Адыгине уруусунун баргы уругунан.
Кытай тарыхый булактарында 1759-жылы июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи
Кокон шаарын бийлеген Ирдана бий менен тышкы душмандарга каршы бирге болууга
багытталган достук келишим түзгөндүгү жөнүндө айтылат. 1759-жылы сентябрь айында Ажы
бийдин конуштарына Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы менен
саясий-дипломатиялык жана соода-сатык келишим түзүү жөнүндө чакырык-жарнама жана кытай
мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү
Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген. 1760-жылы Ирдана бий
Алайда тонолгон Кокон көпөстөрүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн шаарына чейин жортуулга
келген. Ажы бий жооп иретинде 1761-жылы Коконго жасалган ийгиликсиз жортуулдан кийин,
кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн.
Ошол эле учурда түндүк кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Ирданага каршы колдоо
сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу
уруусунун кол башчысы черик жана саяк уруу-сунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга
даярдаган. Бирок саясий кырдаал татаалдашып, кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык
чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе
башташкандыктан, Ирдана бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. 1764-жылы
жазында Ирдана бийдин Оротөбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы
бий Коконго жортуул уюштурган.
[7
]. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган Ажы
бий туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.
Тилеке бийдин дагы бир урпагы Алымбек датканын эл үчүн кылган кызматы, коомдук-
саясый ишмердүүлүгү өзгөчө белгилъъгъ арзыйт. Ал 1799-жылы Алай өрөөнүндөгү Жошолу
айылынын этегиндеги Каргаша деген жерде (Гүлчөгө жакын) туулган. Чыгаан кол башчы жана
мамлекеттик ишмер катары Алымбек алгач Мадалы хандын (1830-40-жж.), Шералы хандын (1842-
44-жж.), Кудаяр хандын (1845-жылдан) мезгилинде ар кандай кызматтарды аркалаган. Өзүнүн
ишмердүүлүгүнүн көбүн Анжыян, Ош аймактарында жүргүзүп, медресе курдуруп жыл сайын
120дан бала окутуп, бардык чыгымды өзүнүн эсебинен каржылап тургандыгы маалым. Жеке
кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору койгон инсан катары, Кокон хандарынын элге
каршы ж\рг\згън саясатына каршы кыргыздардын бир нече кътър\л\штър\нъ Алымбек датка
жетекчилик кылган. Ал эми 1858-жылы Мала хандын такка кел\\с\ндъ чоё роль ойногон
Алымбек мамлекеттин баш вазири кызматына келет. 1860-жж. ошол кездеги саясий кырдаалды
байкап, хандыкты биротоло жоюу, кыргыз элинин майда ээликтерин чогултуп, бирдиктүү
мамлекет түзүү максатына аракет жасай баштайт.
[2
]. Бирок бул бийик максат ишке ашпай калды.
Жыйынтык катары белгилеп кет\\ч\ жагдай, д\йнъдъг\ ар бир элдин ъз тарыхында эли
\ч\н зор эмгек жасаган, ъз артында ъчпъс из калтырган инсандары бар. Кыргыз эли да мындай
инсандардан кур кол эмес. Биз жогоруда съз кылган Тилеке бий, анын урпактары болгон Ажы бий,
Алымбек датканын жасаган эмгектери элдин эсинде, тарыхыбызда сакталып калат. Ъткън
муундун бай тажрыйбасын толук т\ш\н\п, ъздъшт\р\п, келечектеги турмушубузга пайдалануу
азыркы муун \ч\н эё зарыл.
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 23 -
Адабияттар:
1. В.В. Бартольд. Сочинения. Т., 2. М., 1963.
2. Т.Кененсариев. Курманжан датканын феномени. // www. Barakelde. org.
3. История Кыргызской ССР. Т., 1. Фрунзе, 1984.
4.
www.kyrgyz.ru
.
5. turan.info.
6.
Өмүрзакова Т. Курманжан датка: Доор. Инсан. Ишмердүүлүк.- Б., 2002.
7. Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду. (XIX ортосу
- XX к. башы). – Б., 2003.
У Д К: 950:300. 372
Ар ст ан ов С. , Т агай бек ов а А. (О ш МУ )
Курманжан датка – ъз доорунун чыгаан саясатчысы
Кыргызы издревле знали, что у сильных мужей всегда были умные и находчивые жены.
Такие женщины способны разумно управлять не только своей семьей, но и государством в целом,
и одной из первых является Курманжан датка.
Kirghiz of old knew that strong men have always been smart and resourceful wife. These women
are able to intelligently manage not only their families but also the state as a whole, and is one of the first
Kurmanzhan Datca.
XIX к. аягы -XX к. башында Ала-Тоо жергесине келген саякатчылар, изилдөөчүлөрдүн
көбү Борбордук Азия чөлкөмүндөгү башка элдерге караганда кыргыздардын кыз-келиндери,
аялдары тууралуу жакшы пикирлерди калтырганын билебиз. Саякатчы-чалгынчы Шафгаузен-
Шенберг Д.Н.Шауфус (1868-ж.), изилдөөчүлөр А.П.Хорошкин жана А.Кун (1868-ж.), сүрөтчү
В.В.Верещагин (1869-ж), табият-таануучулар Иванов жана И.И.Краузе (1868, 1869-жж),
саякатчылар К.В.Струве (1870-ж.) жана А.П.Федченко (1871-ж), европалык ориенталисттер
Друцкий жана Адамоли (1871-ж.), ошондой эле англиялык чалгынчы Маджид (1865-ж.) өз
эмгектеринде кыргыз аялдары жана Ош жергеси жана анын “кожоюну” Курманжан датканы
эскеришет. Маселен, 1896-жылы Ош, Алай, Памир чөлкөмдөрүн кыдырган италиялык саякатчы
Феликс Рокко кыргыз айымдары тууралуу: “Өтө өнүккөн маданияттуу элдерде да кыргыздар
сыяктуу өз ата-энелерин, аялдарын урматташкандай сапаттар аз кездешет. Кыргыз айымдары эч
качан тажик, өзбек аялдарындай болуп жүзүн жаап басынышпайт. Тескерисинче алар эркектери
менен тең катар укукка ээ болушат. Үй-бүлө жана уруу маселелери чечилип жатканда аялдардын
пикири да сөзсүз эсепке алынат”,- деп жазган. Ал эми 1898-жылы Ошко келип, Курманжан датка
менен жолуккан “Туркестанские ведомости” гезитинин кабарчысы: “... бул жерде таң кала турган
эч нерсе жок, анткени кыргыздарда акылдуу аялдар ар дайым зор таасирге ээ болуп келген”, - деп
жазган.[4] Кыргыз коомунда аялдарга жогорудагыдай мамиленин болушу, алардын өз
алдынчалуулугу, өз заманындагы, жөндөмү менен белгилүү инсандарды жаратканы айкын.
Курманжан мунгуш уруусунун баргы уругунан чыккан Маматбайдын үй-бүлөсүндө 1811-
жылы жарык дүйнөгө келген. Курманжандагы эң мыкты сапаттар анын атасы менен апасынын
тарбиясынан калыптанган. Курманжандын биринчи к\йъъс\ менен ажырашуусу ошол мезгилдин
шарты боюнча чоң эрдик болгон. Анткени, мусулман дини өтө таасирлүү болуп турган аймакта
мындай иштерге чыгынуу күнөө катары эсептелген. Демек, анын дагы бир сапаты чечкиндүүлүгү
экенин көрүп турабыз.
Алай элинин башкаруучусу Алымбек Кокон ханы Мадали тарабынан 1831-жылы датка
наамын алат. 1832-жылы Курманжандын Алымбек даткага баш кошуусу менен бири-бирин
толуктап турган эки чыгаан инсандардын турмушунда жаңы баскыч башталат. Курманжан алгач
эл арасында иш билги, сөз билги келин катары оозго алынып, 1840-жылдары Алай аймагында
кадыресе таанылып, ал тууралуу аңыз кептер айтыла баштайт. Ал эми Алымбек датка аймактагы
таасирд\\ фигура катары таанылат.
1842-жылы Кокон хандыгына Шералынын бийликке келиши менен Алымбектин саясий
карьерасында бурулуш башталат. Ал ордодогу иштерге активдүү катыша баштайт. Бул жерде
Курманжандын жардамы өтө чоң экендиги белгилүү. Анткени Курманжандын Шералы хандын
жубайы Жаркынайым менен жылуу мамилеси жакында гана тарыхчылар тарабынан
аныкталды.[4] Бүгүнкү күндөгү өлкөбүздөгү саясий окуяларды талдоого алсак бул фактынын
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 24 -
чындык экени талашсыз. Себеби, ордодогу ар кандай иш аракеттер Жаркын айымдын көз алдында
өтүп, ал Шералынын эң жакын кеңешчиси болгон. Ал эми Кокон ордосундагы болуп жаткан
окуялардан кабар алып туруу келечектеги чоң пландары бар Алымбектей саясатчы үчүн эң зарыл
эле, муну Курманжан өз акылы, чеберчилиги, сөз билгилиги менен камсыз кылган. Ушундан
баштап Курманжан мамлекеттик иш чараларга түз болбосо да кыйыр катыша баштаган десек
туура болот.
1845-жылы Шералы хан өлтүрүлүп, бийлик алмашканда Ош шаарында Алымбек
көтөрүлүш чыгарат. Кокондун реалдуу бийлик ээси Мусулманкул бул көтөрүлүштү чоң күч менен
басат. Мына ушул кыйын кырдаалда Курманжандын ордо менен байланыштары чеч\\ч\ роль
ойногон. Ал эми Кудаяр хан бийликтен четтетилип, анын ордуна Мала бек келген 1858-жылы
Алымбек ълкън\н башкы вазири кызматына дайындалат. Ушул кырдаалда Алымбек датка
кыргыздардын өз алдынча эгеменд\\, бирдиктүү мамлекетин түзүү идеясын ойлоно баштайт. Бул
идея ошол кездеги саясатты туура т\ш\н\п калган, элинин келечегин ойлогон Курманжан
тарабынан колдоого алынгандыгы талашсыз.
Алымбек датка негизинен кыргыздардан куралган аскери менен, 1860-жылы орустар менен
болгон Узунагач салгылашуусуна катышпай коет. Мындан улам жогоруда айтылган
кыргыздардын улуттук мамлекетт\\л\к идеясы ачыка чыгат. Бирок кыргыз тъбълдър\н\н
биримсиздигинен жана татаал кырдаалдан улам бул идеяны ишке ашырууга тарыхий кырдаал
т\з\лгън эмес. Курманжан чыккынчылардан мизи кайтып, тактан баш тартып келе жаткан
Алымбектин тизгинин буруп, “элди ээрчиткен эрен баш калкалап кете турган болсо, беш тайпа
журттун абалы эмне болот? Жүрөксүй тургандай артыңда эч кимиң болбосо бир жөн. Артыңда
беш уулуң, эртеңки беш Алымбек турбайбы” деп кайра жөнөткънд\г\ эл оозунда айтылып ж\рът.
[4] 1862-жылы күз айларында Кокон ордосунда болгон кутумдун натыйжасында Алымбек датка
ълт\р\лът. Алымбек датканын өлүмү Курманжандын эле эмес, ошол кездеги жалпы кыргыз
элинин турмушундагы кайгылуу мезгил болгон. Кошумчалай турган нерсе, Курманжан датканын
чыгаан саясатчы калыптанышына Алымбектин таасири чоё экени талашсыз.
Курманжан бул кырдаалда баардык жоопкерчиликти өз мойнуна алып, өз алдынчалык
к\ръш\н баштаган кыргыздардын иш ж\з\ндъг\ жетекчисине айланган. 1864-жылы Кокон
хандыгына каршы Алайлык кыргыздардын күрөшүн басуу үчүн Ошко келген Бухара эмири Саит
Музаффар ад-дин Курманжанга кезигет. Алайлык кыргыздарга анын таасири күчтүү экенин
түшүнүп, Курманжанга «датка» деген мансап наамын ыйгарган. Даанышман аял Курманжан
тарыхта аялзатынын ичинен биринчи болуп бул наамдын ээси болуп калды. 1865-жылы тактыга
келген Кудаяр хан Курманжанды жана тун уулу Абдылдабекти урмат менен тосуп алып, анын
датка наамын кайрадан бышыктаган.
Курманжан датка кыргыздардын биримдиги аркылуу Кокон хандыгына көз каранды
болбоого умтулган. 1873-76-жылдары Исхак Асан уулу (Полот хан) жетектеген Кокон ханы
Кудаярга каршы кътър\л\штъ Курманжандын уулу Абдылдабек Алай кыргыздарынын башында
турду. Анын бул кадамы съзс\з энесинин макулдугу менен болгон деп ишенимд\\ айтууга негиз
бар. Мындай көз карандысыздыкка умтулуу орус падышачылыгынын аскерлери Фергана
аймагына кирип келген маалда да байкалат. 1876-жылы Кокон хандыгы жоюлгандан кийин,
Кыргызстандын түштүгүн Россиянын букаралыгына өткөрүү жөнүндө Түркестан генерал-
губернаторунун койгон талабына каршы болуп, алайлык кыргыздар Кашкарга чектеш Көксууга
көчүп кетет. Генерал Скоблев Ош уездинин начальниги майор Ионовго Курманжан датка менен
сүйлөшүү жүргүзүүнү тапшырат. Жыйынтыгында генерал Скобелев менен Курманжан датка
жолугушкан.
Бул жолугушууда абалды туура баалаган Курманжан датка Россияга өтөрү тууралуу билдирген.
1876-жылы Түркстан генерал-губернатору К.П. фон-Кауфмандын (Жарым падыша) сунушу менен
Мадыда кеңири сүйлөшүү расмиси өткөрүлүп, анда Датка дагы бир жолу Орус бийлигин
тааныгандыгын билдирген жана “Ак падышага” каршы чыкпоого убадасын берген.[1]
Алайдын башкаруучусу катары таанылган Курманжан датка, орус төбөлдөрүнө коомдук
жана мамлекеттик ишмер катары кеңири белгилүү эле. Бекеринен аны К.П.фон-Кауфман баш
болгон орус генералдары "Алай канышасы" деп атаган эмес. Курманжан датка өз мезгилинде
Фергана облусунун акимдери М.Д.Скобелев, А.К.Абрамов, Г.А.Арандаренко, М.Е.Ионов,
К.П.Кауфман, М.Г.Черняев, А.Б.Вревский, Н.А.Иванов, С.М.Духовский ал турсун Россиянын
келечектеги согуш министри А.Н.Куропаткин сыяктуу адамдар менен жолугушуп, с\йлъшкън
жана айрымдары менен жакшы тааныш болгондугу маалым. Албетте, бул жолугушуулар
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 25 -
мамлекеттик ишмердик катары бааласак болот.
Орус императору Александр III финансы министринин тыянагына ылайык, 1881-жылы 1-
апрелде Курманжан даткага жылыга 300 сомдон өмүрү өткүчө мамлекеттик пенсия чектөө
жөнүндө жарлыкка кол койот. Бул ошол кезде өтө чоң суммадагы каражат эле. Алсак,
В.О.Ключевскийдин изилдөөсү боюнча Россиянын Москва губерниясында 1882-ж. жылкынын
баасы жайында 88-57 тыйын, күзүндө жана кышында 60-67 тыйын болгон[2]. Курманжанды
Россиянын бийлик адамдары катуу урматташкан, анын сөзү жерде калбай, алар тарабынан
аткарылып турган. Чегара кайтарган аскерлерди өлтүргөн деген күнөө менен улуу Камчыбек дарга
асылып, башка уулдары Махмудбек жана Асанбек, небереси Мурзапаяз Сибирге сүргүнгө
айдалганда, 1897-жылы 15-февралда Түркстан генерал-губернаторуна балдарын бошотууга
къмъктъш\\ жөнүндө кайрылган. Генерал-губернатор барон Веревский 1897-жылы аскер
министрине Курманжан датканын балдарына эркиндик берүү үчүн кайрылган. Албетте, ошол
мезгилде жарым падыша аталган, аймагы жагынан эң чоң губерниянын генерал-губернатору ар
бир адам үчүн ушул сыяктуу өтүнүчтөрдү жаза берген эмес. Бул да болсо Курманжан датканын
ошол доордо ээлеген ордун анын кыргыздардын гана арасында эмес, падыша бийлик
төбөлдөрүнүн арасында кадыр-баркын да таасын чагылдырат. 1897-жылы 19-мартта Курманжан
датканын балдарын бошотуу боюнча Петербургдан Аскер министринин көрсөтмөсү келет. 1901-
жылы айрым тарыхчылардын пикири боюнча 90 жашка чыкканда Курманжан орус армиясынын
полковник чинин алат.[3].
Атактуу датка айым 97 жаш курагында 1907-жылы 1-февралда Мады айылында жарык
дүйнө менен коштошту. Бирок, ал адамдын жасап кеткен иштери, акылман сөздөрү элдин
элесинде кала берип, бүгүнкү күндө Кыргызстанда гана эмес бүт Борбордук Азиядагы аялдарга
үлгү катары роль ойнойт. 2011-жыл ълкъб\здъ “Курманжан датка жылы” катары жарыяланды,
буга байланыштуу бир катар иш-чаралар жер-жерлерде ъткър\л\п жатат. Эё негизгиси жалпы
коомчулуктун кызуу колдоосуна ээ болууда.
Адабияттар:
1. Өмүрзакова Т. Курманжан датка: Доор. Инсан. Ишмердүүлүк.- Бишкек, 2002, 180-бет.
2. Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду. (XIX ортосу
- XX к.башы). – Б., 2003, 203-бет.
3. Урстанбеков Б. У. Чороев Т. Кыргыз тарыхы. Кыскача энциклопедиялык сөздүк. Фрунзе. 1990.
91-бет.
4. www.barakelde.org.muras
УДК: 400
Асанова Д.А. (ОшГУ)
Первооткрыватели русскоязычной поэзии Кыргызстана
Первооткрывателями русскоязычной поэзии Кыргызстана являются русские поэты- Алексей
Гитович, Семен Дунаев, Феликс Ощакевич,Сергей Фиксин, Михаила Ронкина и др. Становление их
творчества принадлежит к кыргызской земле. Свои лучшие творческие традиции передали следующему
поэтическому поколению. Творчество русских поэтов является неотъемлемой частью истории
русскоязычной поэзии Кыргызстана
The first poetic investigafors of Russian lanquaqe in kyrqyzstan arerussian Poets A Gitovit,S.Dunaev,
F.Oshacevit, S.Fiksin,M.Ronkin. And thei activities are devoted to Kyrgyz land. They could give their best traditions
to the next poetic generation.
Russian poets activities are the the unseperated part of the histori of Russian language poetry in Kyrgyzstan.
Кыргызстандагы орус поэзиясынын негиздъъч\\лър\ -Алесей Гитович, Семен Дунаев,Феликс Ощакевич,
Сергей Фиксин, Михаил Ронкин ж.б. Кыргызстанда акын болуп турукталып калынышы.Чыгырмачылык
салттарын жаш поэтикалык муундарга откър\\.
Орус акындардын чыгармачылыгы Кыргыстандын орус адабият тарыхында ажырагыс бъл\г\ болуп
эсептелет.
В изучении русской поэзии Кыргызстана, в частности жизни и творчества ее видных
ОшМУ жарчысы №1
Достарыңызбен бөлісу: |