1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү



бет14/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   25
Компетенттик мамиле – тарбиялоо иши, инсандын коом мүчөсү катары жашоо турмушка даярдыгын, социалдашуусун камсыз кылуучу компетенттүүлүктөрүн калыптандырууга багытталуусуна басым жасайт. Бул талаптарга ылайык билим берүү стандарты предметке таандык кѳрсѳткүчтѳр менен бирдикте инсандын социалдык, жалпы маданий, атуулдук, адептик, эстетикалык, жалпы адамзаттык компетенттүүлүктѳрүн калыптандырууну камсыз кылышы абзел.
Аксиологиялык мамиле - адамды эӊ башкы асылдык, баалуулук жана улуттук баалуулуктардын алып жүрүүчүсү, ошондой эле, өзүнүн жашоо- турмушун, ишмердүүлүгүн көөнөрбөс руханий идеалдардын жана адептик нормалардын негизинде уюштурууга жөндөмдүү субъект катары, ал эми тарбиялоо ишин, асылдыктарды улуудан кичүүгө, адамдан адамга өтүшүн камсыз кылуучу социалдык ишмердүүлүк катары кароону шарттайт. Аксиологиялык мамиле, таалим-тарбия ишинин бүтүндөй тутумунун, билим берүү мекемелеринин жашоо укладынын улуттук тарбиянын идеалдарына негизделишин шарттайт.
Иш-аракетке негизденүү – бул мамилеге ылайык тарбиялоо ишинин максат милдеттери, чоӊдордун жана балдардын эки тараптуу ишмердүүлүгү аркылуу гана ишке ашат. Бул өӊүттө, тарбиялоо процессин уюштуруу - ириде балдардын руханий баалуулуктарды өздөштүрүү, анын негизинде жашоого адат алуучу реалдуу кырдаал шарттарды түзүү дегендикке жатат.
Көп субъективдүүлүккө негизденүү- инсандын өзүндөгү адамдык жана гуманисттик сапаттардын көп кырдуулугу жана байлыгы, көрөӊгөлүү, нускалуу адамдар менен баарлашуусунун көптүгүнөн көз каранды экендигин туюнтат. Инсандын айланасында таалим-тарбия кѳрсѳтүүчү субьекттер канчалык кѳп болсо анын жан дүйнѳсү, турмуштук тажрыйбасы ошончолук ар тараптуу жана бай болот.
Этнопедагогикалык мамиле - тарбиялоонун мазмунун улуттук аӊ- сезимди калыптандырууга багытталган, көөнөрбөс элдик руханий-адептик нарктарга негиздөөнү жана бардык атуулдардын эне тилин, элдик салттарын үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүүнү көзөмөл тутат.
1.7. Руханий-адеп-ахлактык өнүгүүнү уюштуруунун шарттары жана принциптери
Тарбиялоонун натыйжалуулугу, баланын кѳп кырдуу турмуш чѳйрѳсүнүн бардык жагдай шарттарын анын дени сак, руханий-адептик баалуулуктары бакубат болуп ѳнүгүшү үчүн максаттуу пайдалануудан кѳз каранды. Балдардын инсан катары калыптанышын аныктаган факторлорго ѳзүнүн турмуш агымы, мектептеги окуу, мугалим, ата-эне, коомчулук, теңтуштар тобу, виртуалдык дүйнѳ, ѳзүнүн субъективдүү ѳзгѳчѳлүктѳрү кирет.
Бул шарттарда, окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан тарбиялоо ишин уюштуруунун негизги принциптери катары тѳмѳнкүлѳрдү эсептѳѳгѳ болот:



    1. Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет