1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Эмгектенүү коомдук жана инсандык баалуулук катары мамилесин калыптандыруу



бет11/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   25
Эмгектенүү коомдук жана инсандык баалуулук катары мамилесин калыптандыруу:

  • Эмгек - адамды адамдын дене боюнун туура өсүшүн, ден-соолугунун бекем болуусунун, акыл тажрыйбаларын ѳнүктүрүүнүн эң байыртан адамзатты коштоп келген эң күчтүү каражат экендигин аңдоо;

  • Өзүнөн улуу муундар тарабынан жаралган материалдык баалуулуктарды сыйлоо, сарамжал мамиле кылуу;

  • Жамаат менен бирге ынтымак ымалада эмгектенүү, анын ичинде окуу жана эмгек долбоорлорун биргеликте аткаруу тажрыйбасына ээ болуу;

  • Окуу жана эмгекке байланыштуу тапшырмаларды аткарууда тартиптүүлүктү, ийкемдүүлүктү кѳрсѳтүү;

  • Эмгек, өзгөчө өндүрүштүк, жаратмандык ишмердүүлүк экенин аңдоо жана колу менен адамдарга пайдалуу бир нерсе жаратууга умтулуу, кѳнүгүү;

  • үй жумуштарын аткаруу кѳндүмүнѳ ээ болуу;

  • Туура кесип тандап, турмушта өз жолун аныктап алууга умтулуу;

  • Жумуштагы жана окуудагы жалкоолукка жана шалаакылыкка терс мамиледе болуу.

Ден-соолукка жана сергек жашоо образына башкы баалуулук катары мамиле кылууга тарбиялоо:

  • Өзүнүн, ата-энелеринин, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, курдаштарынын ден-соолугуна аяр мамиле кылуу;

  • Дене-бой, руханий, социалдык-психологиялык (үйдѳ, мектепте) саламатчылыктын өз ара таасирин жана биримдигин түшүнүү;

  • Адамдын адептик маданиятынын, өзүнүн жана айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын саламатчылыгынын таасирин түшүнүү;

  • Сак-саламат, сергек болуп, айлана-чөйрө үчүн жагымдуу руханий - адептик таасир калтырууга умтулуусун өстүрүү;

  • Денени чыӊдоонун, адамдын тайманбастык, чечкиндүүлүк, тартиптүүлүк, жамаатчылдык, жоопкерчилик сыяктуу адептик сапаттардын өнүгүшүнө таасирин билүү;

  • Санитардык-гигиеналык эрежелерди билүү жана аткаруу, ден-соолукту сактоо режими менен жашоого көнүктүрүү;

  • Жаратылыш чөйрөсүндө сейилдөөгө жана кыймылдуу оюндарга, спорттук мелдештерге катышуу кѳндүмүн өнүктүрүү;

  • Компьютердик оюндардын, телекөрсөтүү жана жарнамалардын адамдын ден-соолугу үчүн терс таасирин түшүнүү жана аларды орду менен колдонуу тажрыйбасына ээ болуу;

  • Өздүк гигиена менен санитардык талаптарды аткаруудан, денени чыӊдоочу иштерден качууну терс сапат катары кабылдоо.




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет