1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Руханий-адеп-ахлактык өнүгүүнүн методологиялык негиздери



бет13/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   25
1.6. Руханий-адеп-ахлактык өнүгүүнүн методологиялык негиздери
Тарбиялоо ишин жүзѳгѳ ашыруу бекем методологиялык түшүнүктѳргѳ, парадигмалык мамилелерге жана принциптерге негизделгенде гана ырааттуу кайтарымдуу ишке ашат. Тарбиялоонун маңызы айрымдары парадигмалардын тутумунда “Мурдагы муундун тажрыйбасын кийинки муундарга ѳткѳрүү процесси”, “Инсанды коомго пайда келтире турган абалга алып келүү”, “Балдарды жана жаштарды коомдук турмуштун талаптарына үйрѳтүү” –деп сырткы таасирлердин объектиси катары мүнѳздѳлүп жүрѳт. Ошону менен катар, демократиянын эпкини менен балдарды ѳз алдынча субъект катары ашкере актуалдыштырган тарбиячы менен баланы тарбиялоо процессиндеги партнерлор таризинде айкындаган айрым калпыс кѳз караштар да учурап жүрѳт. Түпкүлүгүндѳ, тарбиялоо - баланын каалоо, эркине ылайыкташуу да эмес. Анын үстүнѳн бир тараптуу башкаруу да эмес. Тарбиялоо - бул адамдын өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн, инсанды коомдо кабыл алынган социалдык маданий жана руханий адептик баалуулуктардын алкагында өзүн-өзү аныктоосу, социалдашуусу үчүн шарт ыӊгайларды түзүүгө багытталган ишмердүүлүк. Демек, тарбиялоо – атайылап түзүлгѳн жагымдуу шарт, жагдай түзүү аркылуу инсандын ѳнүгүү процессин башкаруу.
Тарбиялоо, татаал жана кѳп кырдуу коомдук, инсандык мааниге ээ кубулуш катары, тѳмѳнкүдѳй методологиялык мамилелердин негизинде туура аңдалып турмушка ашырылат:
Антропологиялык мамиле - тарбиялануучулар менен иштөөдө ар бир баланы кайталангыс инсан катары кабыл алууну жана анын өзгөчөлүктөрүн адам тууралуу билимдердин баарына таянып үйрөнүүнү талап этет.
Системдүү мамиле – руханий адептик тарбияны инсандын, коомго, мамлекетке эмгекке, кооздук асылдыктарга, ѳзүнүн ден-соолугун чыңдоого мамилесин калыптандыруу менен өз ара биримдикте, өз ара байланышта аңдап билүү жана ишке ашырууну талап этет.
Инсан таламдуу мамиле – адамды коом тарабынан кадыресе каражат катары пайдаланып, ыксыз башкара берүүгө болбостугу жөнүндө кабар берет. Руханий адептик жана дене-бой жактан тарбиялоонун максаты ар кандай адамдын өзүн-өзү таануу, өзүн-өзү өнүктүрүү, өзүн-өзү реализациялоо мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, колдоого, калыптандырууга багытталаарын айгинелейт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет