1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Уюштуруу, башкаруу, координациялоо иштерин камсыз кылуу



бет23/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25
Уюштуруу, башкаруу, координациялоо иштерин камсыз кылуу.

  1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинен баштап райондук билим берүү бөлүмү, мектептерге чейин тарбия иштерин координациялоочу штаттарды ачып ага адискөй кадрларды тартуу.

  2. Аймактык өзүн өзү башкаруу органдарынын өз аймагындагы окуучу жаштардын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жаатындагы жоопкерчилигин жогорулатуу.

  3. Кыргызстандагы мектептен сырткары кошумча билим берүү уюмдарыныны ишмердүүлүгүн жандардыруу, эстетикалык тарбия берүү багытын күчөтүү, билим берүу уюмдарынын маданият жана спорт мекемелери менен болгон кызматташуусун ырааттуу негизде активдештирүү.

  4. Балдар үчүн мектепте, айыл ичинде, үй-бүлѳдѳ, виртуалдык дүйнѳдѳ ѳзүнүн беделин сактоо, коргоо, ѳнүктүрүүгѳ багытталган эреже кодексттерди иштеп чыгуу.

  5. Министрликтин структурасында дене тарбия маселелерин тейлеген штаттык бирдик ачуу, башкаруунун административдик вертикалдык структурасын республикалык деңгээлден жергиликтүү деңгээлге чейин түптөө, алардын мектеп окуучулары жана дене тарбия мугалимдери менен иш алып баруусун жандандыруу.

  6. Жалпы орто, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү деңгээлдеринде укуктук-нормативдик доркумент иретинде “Окуучулардын дене тарбиясын уюштуруу жөнүндө” расмий жоболорду кабыл алуу.


3.4. Кадрлык камсыздоо.
3.4.1. Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунда жана областтык институттарда мугалимдердин тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгуу, ишке киргизүү.
3.4.2. Педагогикалык адистиктерге даярдоочу мамлекеттик билим берүүнүн стандарттарын, окуу-методикалык комплекстеринин мазмунун тарбиялык ишмердүүлүк боюнча компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу өӊүтүнөн өркүндөтүү. Бул максатта ЖОЖдордун окуу планына “Кыргыз этнопедагогикасы”, «Тарбиялоонун теориясы жана методикасы» дисциплинасын киргизүү.
3.4.3. Жогорку кесиптик билим берүү классификаторуна «Психологиялык -педагогикалык кеӊеш жана көмөк», «Кошумча билим берүү педагогу», «Балдардын бош убактысын уюштуруу менеджери» сыяктуу адистиктерди киргизүү жана андай кадрларды даярдоону бюджеттик негизде жүргүзүүнү колго алуу.




    1. Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет