1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Материалдык-техникалык камсыздоо



бет24/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25
Материалдык-техникалык камсыздоо.

  1. Тарбиялоо иши боюнча иштердин натыйжалуугун арттыруу, класс жетекчилердин жооперчилигин күчөтүү максатында алардын эмгегин кошумча каржылоо жолдорун карап чыгуу.

  2. Мектепте тарбиялоо ишин пландаштыруу, өткөрүү, талдоо иштерин класс жетекчилер аткаргандыктан алардын ишин материалдык жактан стимулдаштыруу.

3.6. Маалыматтык камсыздоо.
3.6.1. Руханий адептик баалуулуктарды жана сергек жашоо образын жайылтуу үчүн кинематография ж.б. көркөм өнөрдүн заманбап башка формаларынын каражаттарын колдонуу.
3.6.2. Руханий-адеп-ахлактык дөөлөттөргө, сергек жашоо образына каршы келген өзүмчүлдүк, карасанатайлык, ачкөздүк, алдамчылык, мээнетсиз байлыкка умтулуу сыяктуу негативдүү көрүнүштөрдүн ЖМКларда сынчыл комментарийлерсиз жарыяланышын укуктук жактан чектөө.

      1. Интернет сегментинин руханий –адептик тарбиялык контентин өнүктүрүү. Коомдук жүрүм-турум эреже нормаларына шайкеш келбеген жоруктарды пропагандалаган материалдардын чыгышын чектѳѳ механизмдерин иштеп чыгуу.



    1. Күтүлүүчү натыйжалар жана аларды баалоо.

Концепцияны жүзөгө ашыруунун негизинде төмөнкү натыйжалар камсыз кылынышы шарт:

      1. Жаш муундарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо өлкөнү туташ социалдык-экономикалык кризистен арылтуунун эӊ ишенимдүү жолу экендиги тууралуу саясий идеологиялык көз караштар жана стратегиялар түптөлө баштайт.

      2. Мамлекеттик деӊгээлде улуттук тарбиянын идеалдарын жүзөгө ашыруу боюнча бирдиктүү социалдык педагогикалык мейкиндик долбоорлонуп, үй-бүлө, коомчулук жана билим берүү мекемелери маалымдоо каражаттары жана башка коомдук түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдери аныкталат.

      3. Билим берүү уюмдарынынын окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиялоо ишмердүүлүгү алардын приоритеттүү багыттарынын бирине айланат жана аталган институттун социалдык эффективдүүлүгүн баалоо инструментарийлери жана механизмдери иштелип чыгат.

      4. КББАда жана ЖОЖдордо тарбиялоонун теориясы жана методикасы боюнча изилдөөлөрдү, ошондой эле мектеп мугалимдери жана болочок мугалимдерди даярдоого байланыштуу окуу куралдарды, методикалык колдонмолорду даярдоону активдештирет.

      5. Өлкөдө окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык жана дене-бой жактан тарбиялоо мониторингдин маалыматтарынын негизинде концепцияны жүзөгө ашыруунун кайтарымдуулугуна ырааттуу баа берилип турат, концепциянын иш-аракеттерине түзөтүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынат.






Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   17   18   19   20   21   22   23   24   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет