1.4. Руханий-адеп-ахлактык өнүгүүнүн негизги багыттары
Педагогикалык процесстин алкагында, окуучу жаштарды руханий - адептик жактан тарбиялоо иштерин конкреттүү долбоорлоо зарылдыгы, аны баалуулуктар ѳңүтүнѳн, багыт багытка ажыратып бѳлүп, айкындап чыгууну шарттайт. Руханий - адептик жактан тарбиялоонун багыттары адамдын инсандык сапаттарынын калыптанышына негиз болгон мамилелердин мазмунунан көз каранды болот. Адамдын инсандык сапаттарын төмөнкүдөй баалуулуктарга карата мамилелеринин мазмуну түзөт:
Эл журтка мамиле (жеке кызыкчылыктан элдин мүдѳѳсүн жогору коюу, эгоизмден алыс болуу);
Ата Мекен, туулган жерге мамиле (ата мекен – адамдын киндик каны тамган жер);
Эне тилге мамиле (эне тилде эркин сүйлѳѳ, жазуунун ѳрнѳгү)
Ата-бабалар наркына мамиле ( кылымдар бою кыргызардын жашоо турмушун жѳнгѳ салып келген каада-салт, жөрөлгөлѳр, руханий акыл кенчтердин алып жүрүүчүсү болуу, маңкурттуктан алыс болуу);
Ата Мекенге, мамлекеттин саясатына, башка элдерге карата мамилеси (атуулдук, мекенчилдик, башка улуттар жана мамлекеттерди сыйлоо);
Эмгектенүүгө карата мамиле (мээнеткечтик, өзүнүн жана жалпы элдин мүдөөсү үчүн ак эмгек кылуу);
Жаратылышка карата мамиле ( экологиялык маданият);
Илим-билимге мамиле (илим-билимдин баалуулугу, чындыкты таанууга умтулуу, дүйнөнүн илимий картинасы);
Өзүнѳ жана башка адамдарга карата мамиле (коллективизм, акыйкаттык, калыстык, жѳнѳкѳйлүк, жолдоштук, намыс, бедел күтүү);
Кооздук асылдыктар жана идеалдарына карата мамиле (эстетикалык тарбия);
Үй-бүлөгѳ мамиле (сүйүү жана ишенимдүүлүк, ден-соолук, бакубат жашоо, ата-энени урматтоо, улуу жана кичүүлөргө кам көрүү, тукум улоо үчүн кам көрүү);
Салттык диндерге мамиле (диндер аралык диалогдун негизинде калыптанган ишеним, руханият, адамдын диний жашоосу, толеранттуулук);
Адамзатка мамиле (дүйнө жүзү, маданияттардын жана элдердин ар түрдүүлүгү, адамзаттын прогресси, эл аралык кызматташтык);
Ден-соолукка мамиле (ѳмүрдү, сак саламат жашоону баалоо, сергек жашоого умтулуу).
Баалуулуктар түркүмү жана алардын айырмалуу багыттары тарбиялоонун мазмунун тѳмѳнкүдѳй жик-жикке бѳлүп кароону шарттайт.
Достарыңызбен бөлісу: |