1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Руханий - адептик ынаным, ишенимдерди калыптандыруу



бет8/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   25
Руханий - адептик ынаным, ишенимдерди калыптандыруу. Адептик нормаларды окуп, билип, түшүнүп алган адам, ѳзүнүн жүрүм-турумуна саресеп салып кѳзѳмѳлдѳѳгѳ кудурети жетет. Бирок, адептик түшүнүктѳр канчалык кенен жана терең болбосун, анын адептик жүрүм-турумунун нукура күзгүсү боло албайт. Маселе, адамдын ал эреже нормаларды ѳзүнѳ кымбат зат катары ичтен ынанып, кабылдап, жүрүм-турумунда чын ыкластан жетекчиликке алууга умтулуусунда жатат. Адам тигил же бул адамдык сапаттардын нукуралыгы тууралуу он толгонуп ойлонуп, эмоционалдык түйшѳлүүнү баштан кечирип, ѳзүнүн акыйкатын, ѳзүнүн мамилесин айкындоого аракет кылат. Мындай тазалануу, чын ыкластуу өсүү багытындагы изденүүсү, абийирди ойготкон аналитикалык рационалдуу ой түйшүгүнүн натыйжасында, адам белгилүү руханий дүйнѳгѳ, ишеним ынанымдарга ээ болот. Дал ушул ишеним ынанымдар гана, жүрүм-турумдун реалдуу жүйѳѳсү боло алат.
Туруктуу руханий-адептик сезимталдыкты калыптандыруу. Руханий - адептик сезимталдык - адам баласына гана таандык, ѳтѳ жогорку сезимдердин катарына кирет. Руханий - адептик сезимталдык - ѳзүнүн жана башкалардын жорук-жосунуна ичтен толгонуп, бушайман болуп уялганынан же кубаттап сыймыктанганынан кѳрүнѳт. Сезимтал адамдар мамлекеттин, карапайым элдердин, кырсыкка туш болгон адамдардын абалына жан-жаныбарлардын абалына кайдыгер карабайт, жапакеч мамилеси менен айрымаланат. Андайлар напсини теске салып тазалоого аракет кылат, кѳрө албастыктан алыс болуп, кең пейилдигин кѳрсѳтѳт, инсандык беделин намыскѳйлүк менен бекем сактайт, жосунсуз жоругу үчүн уялып, ѳзүн ѳзү айыптайт. Жан дүйнѳсү жарды, сезими сенек, кайдыгер адам бирѳѳнүн жыргаганына же кыйналганына да ныпым түйшѳлбѳйт. Демек, балдардын жапакечтик, күйүмдүүлүк, намыстуулук, уяттуулук, назары токтук сыяктуу ж.б. сезимдердин туруктуулугуна жетишүү - тарбиялоо ишиндеги маанилүү милдеттердин бири.
Адептик жүрүм-турумду калыптандыруу. Руханий - адептик жактан тарбиялоонун натыйжасы катары, инсандын ѳзүнүн жүрүм-турумунун жалпы кабыл алынган моралдык сапаттарга, нормаларга, эрежелерге дал келиши менен ѳзүнүн жана айланасындагы адамдардын жүрүм-турумун баалоо жѳндѳмүнүн калыптанышы катары кароого болот. Демек, адамдын руханий адептик маданиятын адептик түшүнүктѳрдүн, ишенимдердин гана суммасы эмес. Турмушта «билип сезип» турса да напсисин, эркин башкара албай чекилик иш жасаган адамдар арбын. Ошону менен бирдикте жүрүм-турум этикетин сактагандардын баарын эле руханий адептик жактан жетилген адам катары кароого да болбойт. Айрымдар берешендик, жоомарттыгын, меймандостугун “Кожо кѳрсүн, Эл уксун” –деген принциптин негизинде жасашат. Руханий адептик жетилгендик бул ниет менен жүрүм-турумдун гармониясы. Руханият же адептүүлүк, ыймандуулук - күн түн бою адамдардын жүрүм-турумун тескеп жаман жоруктан сактап туруучу матрица. Адамдын денесин ысык сууктан кийим коргоп тургандай руханият адам насилин ыплас нерселердин таасиринен коргоп турат. Адамдын руханий-адептик жактан тарбиялангандыгы –эл арасында да эч ким көрбөгөн жерде да өзүнүн жорук жосунун бирдей тутуусунан, туура ойлоо, ойлогонуңдай сүйлөө, сүйлөгөнүңдөй жашоосунан көрүнөт.



Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет