1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


Улуттук тарбиянын негизги баалуулуктары



бет6/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
Улуттук тарбиянын негизги баалуулуктары - бул белгилүү географиялык жана тарыхый шарттардын, элдин керектөөлөрүнүн негизинде пайда болуп, элдин эл, улуттун улут, мамлекеттин мамлекет катарында сакталып, башка элдер менен ымала катышта туруктуу өнүгүп, өркүндөшү үчүн коом мүчөлөрүн руханий-адептик жактан өнүктүрүү, тарбиялоонун пайдубалын, багытын аныктоого кызмат кылып келген баалуулуктардын, идеялардын, ишенимдердин системасы.
Кыргыз коомуна таандык жана жалпы адамзаттык универсалдык асыл нарктарга таянуу менен улуттук тарбиянын негизги (базалык) баалуулуктарынын булагы катары тѳмѳнкүлѳрдү эсептѳѳгѳ болот: эл, Ата-Мекен, туулган жер, эне тил, ата-бабалар наркы, мекенчилдик, атуулдук милдет, социалдык тилектештик, адамзат, илим-билим, үй-бүлө, эмгек жана чыгармачылык, салттык диндер, искусство жана адабият, табият, мамлекеттик символдор ж.б.
Улуттук тарбиянын негизги (базалык) баалуулуктары үй-бүлѳдѳ, билим берүү мекемелеринин тарбиялоо жана жаш муундардын ѳзүн ѳзү тарбиялоо практикасында жеткечиликке алынып багыт берип турат.
Улуттук тарбиянын идеалында ошол баалуулуктар адамдын түшүнүктѳрү, кѳз карашы, дүйнѳ таанымы, ойлоо багыты, ишенген нарк нускалары, пейил ниети, кулк-мүнѳзү, жүрүм- турумунун өзгөчө мазмуну таризинде долбоорлонот. Демек, улуттук тарбиянын идеалы - идеалдуу ѳрнѳк адамдын образы. Ал образ кечээки күнгѳ, эртеңкиге да эмес, бүгүнкү турмуш чындыгына шайкеш болушу зарыл. Мындай обьективдүү өбөлгөлөр улуттук тарбиянын идеалын - кыргыз коомунун руханий эс тутумуна, улуттук нарктарына эгедер жалпы адамзаттык маданияттын баалуулуктарын аздектеген Кыргызстандын эгемен, укуктук, демократиялык мамлекет катары ѳнүгүшү үчүн ѳзүнүн атуулдук милдеттерин, жоопкерчиликтерин аңдаган жана татыктуу аткара алган, дени сак, жаӊы ааламдашуу доорунун шарттарына шайкеш компетенттүүлүктөргө, өнөргө, кесипке ээ, коммуникативдүү, демилгелүү, жаратман активдүү адам тиби катары айкындоого мүмкүнчүлүк берет. Улуттук тарбиянын айкындалган идеалын үй-бүлѳ, таалим-тарбия мекемелеринин кимди тарбиялайбыз? –деген суроолоруна жооп катары кабылдоого болот. Мектеп жана башка мекемелердеги тарбиялоо ишинин программалык иш чараларынын максат, милдеттерин айкындоодо улуттук тарбиянын баалуулуктары негиз катары алынышы керек.





    1. Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет