Тарбиянын сапатын текшерүү – мезгил-мезгили менен тарбия процессинин уюштурулушун, анын натыйжалуулугун жана сапатын аныктоонун ыкмалары.
Толерантттуулук (көтөрүмдүүлүк жана сабырдуулук) - башка көз караштарга, башкача ойлоого, адеп-ахлакка, көнүмүштөргө карата көтөрүмдүү жана сабырдуу болуу дегенди билдирет.
Элдик педагогика — элдин оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада-салттарда, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогикалык идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму.
1.2. Улуттук тарбиянын идеалы жана анын негизги баалуулуктары
Тарбиялоо системасынын баштапкы элементи жана анын максаты. Ошондуктан, улуттук тарбиялоонун идеалын, максатын айкындоо, концепциянын эң башкы компоненти катары каралат. Ѳнүгүүнүн уламалуулук мыйзамы улуттук тарбия идеалын ѳткѳн чак, учур чак, келечектин контекстинде кароону шарттайт.
Кыргыз коому ѳзүнүн узак тарыхында ар бир доордун саясий идеологиялык дѳѳлѳттѳрүнѳ шайкеш руханий-адептик асыл нарктарга негизделген тарбия моделин тутунуп келишкен.
Узак кылымдарды ичине алган кѳчмѳн жашоо шартында элдин парасаты, сыны, калктын кызыкчылыгы, руханий тажрыйбасы баарын таразалап, тазалап, иргеп жүрүп отурган. Анын негизинде, элдүүлүк, кең пейилдик, меймандостук, баатырдык, антка, шертке бекемдик, мекенге берилгендик сыяктуу ж.б. руханий баалуулуктар менен адептик нормалар, жеке адам жана улут наркынын чен ѳлчѳмү катары калыптанган. “Манас” эпосу кыргыз элинин руханий дѳѳлѳттѳрүн иретке салып муундан муунга ташыган социалдаштыруунун тажрыйбада тастыкталган программасы катары кызмат кылган.
Мусулман дининин кириши менен диний баалуулуктар элдин каада-салт, үрп-адатына, жашоо-тиричилигине кеңири сиңип, күндөлүк жашоо турмуштун адептик жол-жоболорун байытып, алар аркылуу таалим-тарбия ишин жүзѳгѳ ашыруунун формаларын, методдорун ѳркүндѳткѳн.
Кыргыздардын салттык педагогикалык маданиятындагы инсан идеалдары Совет бийлигинин саясий идеологиялык кыртышында толук баалуу ѳнүгѳ алган жок. Советтик педагогика илиминде инсан, социумдун рамкасында «коммунизмдин куруучусу», «социалисттик личность», «советтик адам» деген түшүнүктөрдүн чегинде гана чечмеленип, анын этномаданий параметрлери кѳмүскѳдѳ кала берген. Ошону менен бирдикте, жазуу маданияты менен расмий билим берүү, маалымат сактоо, таркатуунун жаңы каналдарынын ишке кириши элди “жаңы маданияты”, “турмуш агымы” менен аймак-аймак боюнча салттык формада жашап келген руханий-адептик кенч казыналардын, дене тарбиясына таандык каражаттардын таркалуу, үйрѳнүү масштабын олуттуу кеңейтип, жалпы улуттун энчисине айландырды.
Совет доорундагы тѳгѳрѳгү тѳп, мекенине берилген, ал үчүн жанын курмандыкка чалуудан кайра тартпаган эр жүрѳк, патриот инсандар идеалы ортого чыгып, турмуш чындыгына айланганы тарыхый окуялар аркылуу тастыкталган.
Эгемендүүлүк доорунда коомдогу руханий–адептик тарбиянын практикасы олуттуу карама-каршылыктарды баштан кечирүүдѳ. Бир тараптан таалим-тарбия ишинин мазмунун, элдин тарыхый эс тутуму менен ѳткѳн доорлордун социалдык практикасында калыптанган асыл нарктарга негиздѳѳ аракети жанданса, экинчи тарапта таптакыр башка кыртышта тамыр алган массалык маданияттын терс таасирине каршы күрѳшүү олуттуу сыноо катары ортого чыкты.
Ошентип, бүгүн кыргыз коомунун улуттук тарбиялоо идеалын аныктоодо кыргыз адамынын кылымдап түптѳлгѳн менталдык руханий-адептик баалуулуктарын жаш муундардын байманасына айландырып, доордон доорго уланышы үчүн кам кѳрүүбүз зарыл. «Эс тутумсуз тарых болбойт, тарыхсыз салт болбойт, салтсыз маданият болбойт, маданиятсыз тарбия болбойт, тарбиясыз инсан болбойт, инсансыз улут болбойт» (академик Г.Н. Волков). Экинчиден, бүгүнкү цивилизациянын чакырыктары кыргыз коомун аалмадашуу алкагындагы жаңы социалдык-маданиятка трансформацияланышын шарттап, ѳзүнүн менталдык баалуулуктарын белгилүү ѳлчѳмдѳ жаңы ченемдер менен карап ѳнүктүрүүгѳ ѳбѳлгѳ жаратат. Ошондуктан, азыркы кыргыз коомунун улуттук тарбия идеалынын базалык баалуулуктары нукура улуттук нарктар менен азыркы доордун адамына коюлган талаптардын синтезинен туруусу шарт.