Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет3/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19

Арыз
Ден  соолугума  байланыштуу  2009-жылдын  13-ноябрынан  баштап  1  (бир) 
жылдык мөөнөткө академиялык өргүү алууга уруксат берүүңүздү өтүнөмүн.
Медициналык комиссиянын бүтүмүн арызга кошо тиркеймин.
   
15.09.2009.   
 
 
Колу/....................
 
 
 
 
 
 
 
1. Арызды окуп, маалым даректерин жазыңыз.
М.: 
1. Арыздын кимге даректелгени (аты-жөнү, кызматы);
   
2.  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _   _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _  _ _ _ _ _
   
3.  _ _ _ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _
   
4.  _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _
   
5.  _  _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _  _ _ _ _ _ _  _ _  _ _ _ _ _ _  _ _ 
   
6.  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  
2. Арыздардын текстиндеги энчилүү аттардын жазылыш өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруңуз.
Бишкек гуманитардык университетинин
ректору, проф. А. И. Калдыбаевге
Бишкек шаарынын тургуну 
Октябрь райондук ИИБи тарабынан 
2001-жылдын 5-мартында берилген
А864598 номерлүү паспорт ээси,
«Алтын тамга» чакан ишканасынын
директору Улан Жолдошевден
Эсептешүү арызы
2008-жылдын 15-майындагы Сиз менен түзүлгөн келишимге ылайык Чыгыш 
таануу факультетине таандык 2 миң китептин сыртын кайра каптап, оңдоп берүү 
милдеттенмесин алганмын. Китептердин сырты кайра капталды, айрылган беттери 

26
Калия Кулалиева
чапталып  оңдолду  жана  университетке  жеткирилди.  Ушул  жумуштарыма  10  000 
(он миң) сом өлчөмүндөгү акы төлөп беришиңизди сураймын.
25.08.2008 
 
Колу/........................   
У. Жолдошев
Чүй областынын Жайыл райондук 
сотуна
Доогер: Жайыл районунун Эриктүү 
айылынын Өмүрбек ат. көчөнүн
35-үйүнүн тургуну Аскар Сатаров
Жоопкер: Эриктүү айылынын Өмүрбек 
ат. көчөнүн 37-үйүнүн тургуну Абды 
Кадыров
Доо арызы
Мен, Аскаров Сатар, 15 жылдан бери Абды Кадыров менен коңшу жашаймын. 
2009-жылдын  10-августунда  Абды  Кадыров  өз  үйүнүн  курулушун  жүргүзүп 
жатканда, курулуш материалдарын короосуна киргизип жатып менин үйүмдүн бир 
жак бурчун талкалап алган. Бул боюнча айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссия 
акт түзгөн. 
Келтирилген чыгымды төлөө же үйдүн бурчун оңдоп берүү жөнүндөгү менин 
талабымды коңшум Абды Кадыров аткарбай койду.
Эл сотунан келтирилген зыянды А. Кадыровдон өндүрүп берүүнү суранам. 
Тиркеме:
1.  Айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн комиссиянын акты;
2.  Үйдүн бурчунун бүгүнкү күндөгү абалынын фотосүрөтү.
15.09.2009  
 
 
Колу/.......................   
А. Кадыров
 3. Арыздардын тексттеринде кайталанып келген сөз жана сөз айкаштары.
  жылдык 
 
 
ден соолукка
  кезектеги 
 
 
которулганыма
  кезексиз 
   өргүү 
көчүп келгениме 
  
байланыштуу
  академиялык   
 
бара албай калганыма
  акы төлөнбөгөн  
 
үй-бүлөлүк абалга
   
өргүү   
 
 
 
 
өтүнөм
   
мүмкүнчүлүк  
берүүңүздү   
суранам
   
уруксат 
 
 
 
 
сурайм

27
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
4. Кайсы сөз кайсы сөзгө туура келет.
берилет, өндүрүү, айыл, күнөөлөнүүчү, аткаруу, түзүү, алуу, зыян тартуучу
мөөнөт / ........................ 
 
 
доогер /................................
милдеттенме / .............. 
 
 
жоопкер / ............................
ишти / ........................... 
 
 
акт / .....................................
чыгымды /....................  
 
 
тургундары / .................... 
5. Боштуктарды толуктап жазыңыз.
Бухгалтердик кызматка  алууңузду .................................. .
Ээлеген кызматымдан бошотууңузду ............................. .
Башка бөлүмгө которууңузду ................................ .
Бүгүнкү күндөн тартып ишке чыккандыгымды .......................... .
Жергиликтүү  калк  менен  сүйлөшүп  келүүгө  мүмкүнчүлүк  берүүңүздү 
..................... .
Симпозиумдун апрель эмес, май айында өткөрүлүүсүн .................................... . 
...................................  ..............................  кызматтан  бошотууңузду  өтүнөм. 
............................ ............................... алууңузду суранам.
.............................. ...................................... кабыл алууңузду өтүнөм.
...........................................  ..........................................  уруксат  берүүңүздү 
суранабыз.
 Жазуу эрежелери
Энчилүү аттардын жазылышы
1.  Мамлекет,  мамлекеттик  жогорку  органдардын  жана  эл  аралык  уюмдардын 
аталыштарынын бардык сөздөрү баш тамга менен башталып, айрым-айрым 
жазылат:  Кыргыз  Республикасы,  Кыргыз  Республикасынын  Жогорку 
Кеңеши,  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү,  КРнын  Жогорку  Соту, 
Россия Федерациясы,  Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай Кызматташтык 
Уюму ж.б.
2.  Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, уюмдардын аттарынын 
биринчи сөзү баш тамга менен башталып, калгандары кичине тамга менен 
айрым-айрым жазылат: Коргоо министрлиги, Каржы министрлиги, Билим 
берүү  жана  илим  министрлиги,  Мамлекеттик  тил  боюнча  улуттук 
комиссия ж.б.
3.  Мекемелердин курамындагы ички бөлүмдөрдүн наамы кичине тамга менен 
жазылат:  Кыргыз  улуттук  университетинин  тарых  факультети,  Чет 
тилдер жогорку мектебинин орус тили координаторлугу ж.б.
4.  Ордендердин,  медалдардын  аттары  тырмакчага  алынбай,  баш  тамга  менен, 
орден, медаль деген сөз кичине тамга менен айрым-айрым жазылат: Манас 
ордени, Баатыр эне ордени, Эрдик медалы ж.б.

28
Калия Кулалиева
5.  Тарыхый  окуя,  майрамдардын  аталыштарынын  биринчи  сөзү  баш  тамга 
менен башталып жазылат: Эгемендүүлүк күнү, Орозо айт майрамы, Басма 
сөз күнү ж.б.
6.  Мекеме,  уюм,  коом,  аянт,  гүлбак,  ашкана,  тойкана,  мейманкананын  аттары 
тырмакчага алынып баш тамга менен жазылат: «Ала-Тоо» аянты, «Турар» 
басмаканасы, «Атлантик» тойканасы ж.б.
Эскертүүлөр! 
1.  Кыргыз  Республикасынын  Президенти,  Кыргыз  Республикасынын 
Баатыры  сыяктуу  расмий  аталыштардын  бардык  сөзү  баш  тамга  менен 
жазылат.
2. Майрамдын аты сан менен башталса, андан кийинки сөз баш тамга менен 
жазылат: 5-Май,  9-Май, 8-Март ж.б.
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарга энчилүү аттарды жазыңыз.
_ _ _ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _
  _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _
2-цехтин начальниги
 _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ 
Арыз
Башка  кызматка  которулганыма  байланыштуу  2010-жылдын  10-октябрынан 
тартып ээлеген кызматымдан бошотуп коюуңузду суранам.
Ишке  байланыштуу  кагаздарды  5-октябрдан  тартып  өткөрө  баштоону  зарыл 
деп эсептеймин.
   
01.10.2010   
 
 
Колу/.....................
2. Мекеме, уюмдардын жана жогорку кызмат аттарын туура жазыңыз.
1. Күлийпа Кондучалова _ __ _ ___ __ _ ___ __ _ _ _ _ __ __  __ _ _ _ _ _ _ 
_ __ __ _ _  _  __  __ _ _ __ _ _ _ _ __ _ __ ___  жетектеген.
2. Тил майрамына _ _ __ __ __ _ _ __ _  _ __ _ _ __ __ _ _ __ _ _ _ _ _ _ _ __ 
__ _ _  __ __ __ _ _ __ _ _ _ _ _ _ _ _ төрагасы да катышты.
3. Бул көргөзмө  _ __ _ _ ___ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ __ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _ _ _ _  
фонду тарабынан уюштурулду.
4. _  _ _ _ _ __  _ __ _ __  _ __ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ 
_ _ _ _ _ _ А. Салымбеков Нарын областынын тургундары менен жолугушту.
5. Биз студент кезде А. Какеев _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ 
_ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ болуп иштеген. 

29
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
6. Б. Н. Ельцин _ _ __ _ _ _ _ _ _ _    _ _ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _   
биринчи _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ болгон.
7. _ __ _  _ __ _ _ _  __  _ _ _ _ _ _ _ _ _ __ _ _ __ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  
С. Раев көргөзмөнү ачып, сөз сүйлөдү.
3. Сөз айкаштарын туура түзүңүз.
1. ден соолукка  
 
бошонуу
2. уруксат  
 
 
дайындоо 
3. ишти  
 
 
алуу 
4. кызматка 
 
 
берүү 
5. жумуштан    
 
байланыштуу 
6. жумушка 
 
 
суроо
7. кабыл   
 
 
орношуу
8. макулдугун   
 
уюштуруу
4. Мүчөлөрдү улап жазыңыз. Иш кагазын стандартка ылайык толуктап түзүңүз.
Үй-бүлө_____  абал____  байланыш_____  өз  каалоом  менен  жумуш____ 
кетүү____ уруксат берүү______ сурана______.
5.  Арыздын текстиндеги сөздөр башаламан тартипте берилди. Иреттеп жазыңыз жана керектүү 
маалым даректерди толуктап жазыңыз.
кабыл алууңузду, Бишкек шаарынын, 9-классына, көчүп келгениме, Максат  
Мукашевди,  байланыштуу,  Октябрь  районунан,  уулум,  №  73  мектептин, 
суранамын, үй алып, тууралуу, жашаган жер, тиркелет, маалым кат, арызга
 Грамматика
Кыргыз тилинде алты жөндөмө бар
1. Атооч 
ким?         
эмне?   
кимдер? 
 
эмнелер?
2. Илик 
кимдин?  
эмненин? 
кимдердин?     
эмнелердин?
3. Барыш 
кимге?    
эмнеге? 
кимдерге? 
 
эмнелерге?
4. Табыш 
кимди?     
эмнени? 
кимдерди?   
эмнелерди?
5. Жатыш  кимде?     
эмнеде? 
кимдерде?   
эмнелерде?
6. Чыгыш  кимден?   
эмнеден? 
кимдерден?    
эмнелерден?
1. Атооч 
ишкер  
кызмат 
куруучулар   
жыйналыштар
2. Илик 
ишкердин 
кызматтын  куруучулардын  
жыйналыштардын
3. Барыш 
ишкерге 
кызматка 
куруучуларга  
жыйналыштарга
4. Табыш 
ишкерди 
кызматты 
куруучуларды 
жыйналыштарды
5. Жатыш  ишкерде 
кызматта 
куруучуларда   
жыйналыштарда
6. Чыгыш  ишкерден 
кызматтан  куруучулардан 
жыйналыштардан

30
Калия Кулалиева
 Көнүгүүлөр
1. Жөндөмө мүчөлөрдү улап жазыңыз.
1. Үй-бүлөлүк шарт...... байланыштуу мен...... күндүзгү бөлүм....... сырттан 
окуу бөлүмү....... которуп коюуңузду өтүнөмүн.
2. Чет өлкө..... кетип баратканыма байланыштуу 6 айлык мөөнөт.... акы 
төлөнбөөчү  өргүүгө чыгуу...... уруксат берүүңүздү суранамын. 
3.  Кечээ  иш  сапары........  кайткандыгым.....    жана  бүгүн  жумуш......  
чыккандыгымды билдиремин. 
4. Токтогул..... келе жатамын, оңдоо жумуштары жүрүп жатканбы, айтор, 
билбейм, туннель........ 3 саат.... жаап салышыптыр. 
2. Берилген сөздөрдүн жөндөлүш өзгөчөлүгүнө карап, сөздөрдү жөндөңүз.
Сен, ал, биз, арызы, арызым.
1. Атооч  
мен   
 
атаң   
 
апасы
2. Илик   
менин  
 
атаң(д)ын 
 
апасынын
3. Барыш 
мага   
 
атаңа   
 
апасына
4. Табыш 
мени   
 
атаң(д)ы 
 
апасын
5. Жатыш 
менде   
 
атаңда  
 
апасында
6. Чыгыш 
менден 
 
ата(ң)дан 
 
апасынан
3. Диалогдорду толуктап жазыңыз.
– Таанышып _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _, менин _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ Зейнеп.
– Таанышалы, _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ _ _ _ _ _  болсо Жамал.
– Жамал, сиз бул _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ иштейсизби? 
– Ооба, _ _ _ _ _ _ __ _ _ ким керек эле?
– Мага кадрлар бөлүмүнүн _ _ _ _ __ _ _ _ __ _ _ _ керек.
– Коридор менен түз _ _ _ _  _ _ _ _ _,  _ _ _ _ _ _ _ _ _   бурулсаңыз, табасыз.
– Рахмат.
– Эч нерсе эмес.
_ _ _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  _ , Сайра.
– Саламатчылык, Мирлан, _ _ _ _ _ _ _ _ _кайдан?
– Мен быйыл _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ бүтүрдүм. Жумушка орношуу үчүн  _ _ _ _ _ _ 
_ _ _  топтоп жүрөм.
– Мен да жумуш издеп _ _ _  _ _ _ _ _ _ _. Эки-үч жерге  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ 
резюмемди таштадым. Бардык жерде _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  колдонуу жана англис 
_ _ _  _ _ _ _ _ _   билүү талабы бар экен. Мен англисчени жакшы билбейм.
– Мен болсо, айылга _ _ _ _  _ _ _ __ _  иштейм го. Мектептин директору: 
«Болгон документтериңди  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ кел, мектепте жумуш бар», 
– деп жатат.
– Макул, анда _ _ _ _ _ _ _ _ _ _  бар. Ийгилик каалайм.
– Көрүшкөнчө, жакшы кал.

31
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Угалы
1-кѳнүгүү. Арыздын текстин угуп, суроолорго жооп бериңиз.
Арызды ким жазды?
Арыз кимге жазылды?
Арыз эмне үчүн жазылды?
2-кѳнүгүү. Арыздын толук текстин маалым даректери менен кошо жазыңыз.
 Сүйлөшөлү
Нурдин: Бирөөнүн артынан арыз жазып, ар кайсы жакка чуркап жүргөндөрдү 
жек көрөм.
Айзада:  Эгер  чындык  бурмаланып,  биринин  ордуна  башкасы  күнөөлөнүп 
жатса, кантип карап жатасың, арыз жазгандарды мен түшүнөм. Эгер ошондой 
окуя болсо, мен да жазмакмын.
Нурдин: ...
Айзада: ...
3. Сиз кимисин колдойсуз? Ролдорго бөлүнүп сүйлөшүүнү улантыңыздар.
 Жазалы
1.  Сиз  окуу  жайга өттүңүз.  Окуу  жайга  расмий кабыл  алынуу  үчүн  арыз  жазышыңыз  керек. 
Арыздын толук үлгүсүн жазыңыз.
2. Макалдын маанисин чечмелеңиз.
Билбеген – уят эмес, билгиси келбеген – уят.

32
Калия Кулалиева
ТҮШҮНҮК КАТ
Ишке тиешелүү ар кандай окуя, көрүнүш, фактынын себептерин түшүндүрүп 
жазып берүү менен байланышкан иш кагазы түшүнүк кат болот. Түшүнүк каттын 
дагы бир түрү негизги документтин (план, отчёт, долбоор ж.б.) кээ бир жоболорунун 
мазмунун  түшүндүрүп берүү максатында жазылышы мүмкүн. 
Ички түшүнүк кат жаран, кызматкер, тийиштүү бөлүм башчысы ж.б. тарабынан 
түздөн-түз  жетекчиге  жазылат.  Анда  иш  же  окуу,  кызмат  тартибинин  бузулушу, 
анын натыйжасынан иш, тапшырма аткарылбай калган себеби көрсөтүлөт. Далил-
дер ишенимдүү болуп, тийиштүү документтер кошо тиркелиши керек. Түшүнүк кат 
кол менен бир эле нускада жазылып жүрөт. 
Тышкы  түшүнүк  кат  жогорку  инстанцияга  төмөнкү  инстанциядан  берилет 
жана  алардын  ортосундагы  ведомстволук,  өндүрүштүк,  тартиптик,  аткаруучулук 
мамилеге байланышат. Бул учурда түшүнүк кат уюмдун расмий бланкасында басма 
түрүндө жазылып берилет.
1. Сөздөрдүн карама-каршы маанисин табыңыз. Ар бирине түшүндүрмө бериңиз.
жогорку инстанция   
 
юридикалык жак 
жеке жаран 
 
 
 
тышкы
расмий бланк   
 
 
төмөнкү инстанция:
ички    
 
 
 
бейрасмий кагаз
2. Тышкы түшүнүк каттын ички түшүнүк каттан кандай айырмачылыгы болот?
3. Түшүнүк катка мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын катыштырып сүйлөм түзүңүз.
Келе  албай  кал-,  катыша  албай  кал-,  бара  албай  кал-,  каттала  албай 
кал-,  жетишпей  кал-,  кармалып  кал-,  көрүнүш    кайталанбайт,  убада бер-, 
түшүнүк катка тиркелет, себеби, ошондуктан, кечирим сурайм ж.б.
4. Төмөндөгү түзүлүштү эстеп калыңыз. 3 сүйлөм түзүңүз.
-гандыктан / -(г)а байланыштуу ........................ -а(-е) албай кал-
Үлгү:  Иш  сапарынан  кайтып  келе  жатканда  автоунаанын  бузулуп 
калганына байланыштуу жумушка өз убагында чыга албай калдым.
Аэропортто  кармалып  калгандыктан,  жыйналышка  катыша  албай 
калдык / кечигип келдим.

33
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Окуйлу
1. Түшүнүк катты окуп, мазмунун оозеки айтып бериңиз.
Бишкек шаарынын
№ 76 орто мектебинин
директору
Болот Касымовго
биология мугалими
Гүлбахыт Исакуловадан
Түшүнүк кат
Мен шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн (2011-жыл-
дын 27-сентябры) семинар-тренингге катыша албай калдым. Себеби кызым Жылдыз 
Асированын  окуган  мектебине  шашылыш  чакыртышып,  ошол  жерде  кармалып 
калдым.
Мындай  көрүнүш  экинчи  кайталанбайт,  семинардын  бардык  материалдарын 
кесиптештеримден алам жана таанышып чыгам. 
 
   
01.09.2010   
 
 
Колу   /..........................
2. Тексттеги сөз жана сөз айкаштарын эстеп калыңыз. 
катыш-   
 
 
чакыр(т)-
катыша алба-   
 
кармалуу
шашылыш 
 
 
көрүнүш
3. Жогоруда берилген сөз жана сөз айкаштарын пайдаланып, сүйлөм түзүңүз.
4. Суроолорго жооп жазыңыз.
Асирова Жылдыз ким? Бул суроого үч жооп болушу керек.
1.
2.
3.
5. «Шашылыш чакыртуу» дегенди кандайча түшүнсөк болот? Түшүндүрүп бериңиз.
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарды кайсы сөздөр менен толуктоо керек?
1. а) барбай калганына; 
б) ооруп калганына;   
в) кетип калганына
2. а) сабакка;   
 
б) балдарга;   
 
в) ишке
3. а) тууралуу;   
 
б) боюнча;   
 
в) жөнүндө
4. а) бирге; 
 
 
б) кошо 
 
 
в) төмөндө 

34
Калия Кулалиева
№ 68 орто мектептин директору
Н. А. Молдокановго
биология мугалими
Н. Балбаевадан
Түшүнүк кат
Балам  ............................. ......................(1) байланыштуу, төрт күн: 2011-жылдын 
14-17-февраль аралыгында ....................................... (2) келе албай калдым. Балам-
дын ооругандыгы .................................(3) маалымат ......................... (4) тиркелет.
   
18.02.2011   
Колу / .................. 
 
Н. Балбаева
 
 
 
 
 
 
 
 
 
2. Түшүнүк каттын түрүн аныктаңыз.
а) ички   
 
б) тышкы
3.  Төмөндө  берилген  түшүнүк  каттын  текстин  улап  жазыңыз  (түшүнүк  каттын  мазмуну  өз 
убагында банкка кредитти төлөбөгөн кардарлар тууралуу болсун).
«Аман банктын» башкаруучулар 
кеңешинин төрагасы
Жапаров Аскатка
банктын кредит бөлүмүнүн
башкы адиси
Абдрасулов Ричарддан
4. Каалагандай мазмундагы түшүнүк кат жазыңыз.
 Жазуу эрежелери
Географиялык аттардын жазылыш өзгөчөлүгү
1.  Георгафиялык жөнөкөй аттар баш тамга менен жазылат: Африка, Антарктида, 
Европа, Алай, Чүй, Баткен, Нарын, Гүлчө, Чырпыкты ж.б.
2.  Кошмок  сөз  тибиндеги  төмөнкүдөй  татаал  географиялык  аттар  (лексикалык  
маанисин жоготпой, тилде колдонулуп жүргөн болсо) арасына дефис белги ко-
юлуп, баш тамга менен айрым-айрым жазылат: Чоң-Сары-Ой, Соң-Көл, Ала-
Тоо, Төө-Ашуу, Жалал-Абад, Кум-Төр ж.б.
3.  Географиялык  татаал  энчилүү  аттардын  бардык  же  айрым  түгөйлөрү  лекси-
калык мааниге ээ болбогон сөздөрдөн турса, бириктирилип жазылат: Көгарт, 
Мырзаке, Чалдыбар, Алайкуу, Көкөмерен, Улакол ж.б.
4.  Орус  тилинен  которулуп  алынган  географиялык  аттардын  ар  бир  сөзү  баш 
тамга менен жазылып, бирок араларына дефис белгиси коюлбайт (орус орфо-
графиясынын эрежелерине негизделет): Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, 
Ыраакы Чыгыш, Орто Азия, Борбордук Азия ж.б. Чет тилде кандай жазыл-

35
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
са,  ошондой жазылгандары да бар: Кривой Рог, Ростов-на-Дону, Рио-де-Жа-
нейро, Нью-Йорк ж.б.
5.  Географиялык аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу -лык мүчөсү уланса, 
ал  сөз  кичине  тамга  менен  жазылат:  Алай/алайлык,  Ысык-Көл/ысык-
көлдүк ж.б.
6.  Айтылышы  жана  жазылышы  ар  түрдүү  болуп  жүргөн  географиялык  аттар 
кыргыз  тилиндеги  айтылышына  ылайык  жазылат:  Алматы,  Анжыян, 
Түркстан, Казан, Семей, Дүйшөмбү ж.б.
7.  Арал, жарым арал, жер, деңиз, кысык ж.б.у.с. сөздөр географиялык энчилүү 
аттарга айкаша келсе, кичине тамга менен бөлөк жазылат: Арал деңизи, Курил 
аралдары, Чоң-Муз-Төр жайлоосу, Алай тоо кыркасы ж.б.
8.  Түндүк, батыш, чыгыш деген сөздөр географиялык татаал энчилүү аттардын 
тутумунда  баш  тамга  менен  башталып,  бөлөк  жазылат:  Түндүк  Батыш, 
Түндүк Чыгыш, Батыш Европа, Чыгыш Казакстан ж.б.
9.  Бул сөздөр жалпы ат катары колдонулса, кичине тамга менен жазылат:  Оштун 
түштүгү, Кытайдын батышы, Кыргызстандын чыгыш тарабы ж.б.
10. Географиялык аттар белгилүү бир жол каттамынын чегин билдирип турса:  Ош 
– Эркечтам – Кашкар жолу, Бишкек – Москва каттамы ж.б.
 
1. Көнүгүү жана иш кагаздарынын тексттериндеги географиялык аталыштардын жазылышына 
көңүл буруңуз.
2.  Тесттик  тапшырмаларды  аткарыңыз.  Кайсы  катардагы  сөздөрдүн  бардыгы  туура 
жазылганын аныктаңыз?
1

А) Жергетал, Кумтөр
    Б) Алабел, Кичи-Кемин
    В) Кой-Сары, Ой-Тал
    Г) Сары булак, Чоң-Корумду
2. А) Кореянын түштүгү, Кук аралдары
    Б) батыш Казакстан, Тынч океаны
    В) Ыраакы чыгыш, Курил аралдары
    Г) түндүк Вьетнам, Нарын дарыясы
3. А) Бахрейн Мамлекети, Бельгия Королдугу
    Б) Катар мамлекети, Болгар республикасы
    В) Ирак Республикасы, Израиль мамлекети
    Г) Бириккен Араб Эмирликтери, Швеция королдугу
 Грамматика
Жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрү
Жатыш жана чыгыш жөндөмөлөрү орундук маанини билдирип, жатыш жөндөмө 
кайда? чыгыш жөндөмө кайдан? деген суроого жооп берет.

36
Калия Кулалиева
Мисалы: Бектур он жылдан бери Пакистанда жашайт. Сиңдим кечээ Индиядан 
келди. Эжем үйдө отурат. Курбум университеттен чыгып кетти. 
1. Берилген сөздөрдү боштуктарга туура жайгаштырыңыз.
Баткен, талаа, алыс, биринчи кабат, Лондон, текче, үй.
 
Бактыгүлдүн документтери .................................. калыптыр. 
Агроном Кубат бүгүн .................................... кеч келет.
Ал кечээ ..................................  учуп кетти.
............................................. келген делегаттар кайда?
Жаңы түшкөн арыздар ..................................... турат.
Кызмат сейфимдин ачкычын ..................................... алып келип бериңизчи.
Коноктор .......................................... келишиптирби?

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет