Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


 Көп чекиттин ордуна жатыш же чыгыш жөндөмөнүн мүчөлөрүн улаңыз



Pdf көрінісі
бет4/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19

2. Көп чекиттин ордуна жатыш же чыгыш жөндөмөнүн мүчөлөрүн улаңыз.
Элиза  бул  сувенирди  Египет........  алып  келген.  Жылдыз  эки  жыл....... 
бери Россия........... жашайт. Бул көчөттү Баткен........ алып келип отургуздук. 
Талас......  төө  буурчак  алып  келип,  аны  Түркия.......  алып  кетиптир.  Бул 
жаңы конуш........ бала бакча жок. Тоо...... карышкыр түшүптүр дейт. Биздин 
өлкө......... таланттуу жаштар көп. Кымызды Суусамыр........ алып келди.
3. Берилген сөздөрдөн сүйлөм түзүңүз.
1. Жакпайт, ага, мага, жагат, Батыш Европа.
2.  Дос, болот, менин, Сокулук.
3. Кытай, бери, оку, жыл, уул, үч.
4. Бейрут, жайгашкан, материк, кайсы?
5. Чоң Алайга, өткөн, барып келдим, апта.
6. Менин,  акын, деди, айылда, жүрөгүм.  
4. Берилген энчилүү аттарга жатыш жана чыгыш жөндөмөнүн мүчөлөрүн улаңыз.
Гренада, Перу Республикасы, Бельгия Королдугу, Лихтенштейн князды-
гы, Азербайжан Республикасы, Түркия Республикасы, Соломон аралдары;
Аддис-Абеба, Порт-Луи, Эль-Кувейт, Эр-Рияд, Рекъявик, Будапешт.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Түшүнүк катты угуп, маалым даректерин толук камтып жазыңыз.
2-кѳнүгүү. Жетекиӊизге түшүнүк кат жазыӊыз.

37
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ТИЛ КАТ
Уюм,  мекеме  же  жеке  адамдардан  бир  нерсени  алуу  фактысын  тастыктоочу 
документти тил кат дейбиз. Ал колдо же компьютерде бир нускада даярдалып, анда 
башка бир документти (нускоо, чакыруу, эскертүү), буюм же акчаны (саны цифра 
менен көрсөтүлүп) алгандыгы жазылган болот. Тил катта оңдоо, өчүрүү, үстүнө 
кошуп жазуу болбош керек, мындай болгондо берилген кат күчүн жоготот. Тил 
катты жазган кишинин колун кызмат боюнча жетекчи тастыктай алат. Көрсөтүлгөн 
маалымат ири сумманы, баалуу буюмду билдирип турса, аны мамлекеттик нотари-
алдык конторадан тастыктоодон өткөрүү зарыл. 
1. Тексттеги бөлүнүп жазылган сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бериңиз.
2. Төмөнкү тексттеги боштуктардын ордун толуктап жазыңыз.
Тил кат
Мен,  Жапарова  Айжан,  областтык  борбор...    оорукананын  башкы  доктур...  
Акматова Салкын... убактылуу пайдалануу үчүн оорукана...  кан басымын өлчөөчү 
аспап... , температура ченегич градусник...  , халат...  алгандыгым тууралуу тил кат 
беремин.
  05.01.2010   
Колу/................ 
Жапарова Айжан
 
 
 
 
 
 
 
 
3. Тексттен алынган сөздөргө маанилеш жана карама-каршы маанидеги сөздөрдү табыңыз.
пайдалануу //   
 
 
 
ал- 
өлчөө //  
 
 
 
 
убактылуу  
4. Бош орундарды мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
1. а) акча алдым;  б) бердим;   
в) алдым; 
 
г) сурадым
2. а) төлөймүн;  б) кайтарамын; 
в) жөнөтөмүн; 
г) жиберемин 
3. а) каралган; 
б) белгиленген; 
в) айтылган;   
г) сүйлөнгөн
4. а) ортосунда;  б) арасында;   
в) ичинде; 
 
г) аралыгында
Тил кат
Мен, Таштанова Асылгүл (паспорт №_ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ ), 2009-жылдын 
5-июлунда Жалилова Алтындан 90000 (токсон миң) сом карызга _ _ _ _ _ _ _ _ _(1).

38
Калия Кулалиева
Карызымды ай сайын 3%дык үстөк менен 2010-жылдын  5-январына чейин _ _ 
_  _ _ _ _ _ _ _ _  _ _ (2). 
Эгер карызымды _  _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _ _(3) мөөнөткө чейин төлөй албай калсам, 
ар айына 20% үстөк кошуп, 2010-жылдын 5-апрелине чейин 4 айдын _ _ _ _ _ _ _ _ 
_ _ _ _ (4) төлөөгө макулмун. 
05.06.2009 
 
Колу / ......................   
А. Таштанова
 Угалы
Тил катты угуп, маалым даректерин толук камтып жазыңыз.
 Сүйлөшөлү
Жетекчиңиз чет өлкөдө иш сапары менен жүрөт. Сиз жетекчиңиз менен байла-
ныша албай жатасыз. Бирок анын жоопкерчилигиндеги баалуу аспап сизге абдан 
керек болуп жатат. Сиз аны алып колдоносузбу же жетекчиңиз менен байланыш-
майынча, ага тил кат жазып бермейинче колдонбойсузбу?
1. Жогорудагы кырдаал боюнча пикириңизди билдириңиз.
2. Сиз тил кат жазып көрдүңүз беле? Ал кандай мазмунда болгон? Айтып бериңиз.
 Жазалы
1. Каалагандай мазмундагы тил кат жазыңыз.
2. Жат жазуу 
(Энчилүү аттар, географиялык аталыштардын эрежелерин кайталоо).

39
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
МҮНӨЗДӨМӨ
Мүнөздөмө  жетекчилик  тарабынан  мекеме,  уюм,  ишкананын  кызматкерине 
берилген расмий документ болуп саналат. Анда кызматкердин же адистин кесиптик, 
коомдук,  илимий  ж.б.  ишмердиги,  ошондой  эле  ишмердик  жана  моралдык 
сапаттары  чагылдырылат.  Мүнөздөмө  адистин  суранычы  боюнча  атайы  окууга 
кирүү,  башка  ишке  которулуу,  кызматтык  жогорулоо,  сунуштоо  максатында 
жазылат. 
Мүнөздөмөнүн мазмунунда ишти качан баштаганы, ишиндеги жылышуулары, 
артыкчылыктары,  билимин  өркүндөтүшү  боюнча  маалымат  камтылып, 
сыйлыктарына  (эгер  болсо,  жазаларына)  түшүндүрмө  берилет.  Мүнөздөмөнүн 
жазылыш  максаты,  мүнөздөмө  жөнөтүлө  турган  мекеменин  аты  жазылып, 
мүнөздөмөнү берген жетекчилердин колу коюлуп, мөөрү басылат. 
Мүнөздөмө-сунуш кызматкерге иштеген мекеме тарабынан атайын жазылып, 
мүнөздөмөдөгү маалыматтарды камтыйт жана жалпы чогулушта бекитилет. 
Көп  учурда  чет  мамлекетке  чыгармачыл  өргүүгө  же  башка  себептер  менен 
жөнөтүү үчүн же башка тепкичтеги кызматка которулуу, сунуштоо үчүн жазылат. 
Мүнөздөмөнүн аягында чогулуштун кайда, качан, кимдердин катышуусу менен өт-
көнү, жетекчилердин кызматы, аты-жөнү, колу, даталары менен көрсөтүлөт. Эгер 
фирмалык  бланкта  жазылса,  мөөр  басылбайт.  Жөнөкөй  кагазда  жазылса  мөөр 
басылат.
1.  Тааныш  эмес  сөз  жана  сөз  айкаштарын  дептерге  көчүрүп  жазыңыз.  Коюу  шрифт  менен 
бөлүнүп жазылган сөздөрдүн маанисин түшүндүрүп бериңиз.
2. «Мүнөздөмө» деген сөздүн уңгусун табыңыз, ал кандай маанилерде колдонулат, мисалдарды 
келтириңиз. 
3. Мүнөздөмөнүн текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
кабыл  алын-,  эмгектен-,  иште-,  дайындал-,  которул-,  жиберил-,  сыйлан-, 
катыш-, жөнөтүл-, өзүн көрсөт-, сый-урмат, кадыр-барк, жоопкерчиликтүү, 
такшалган адис, токтоо, сабырдуу, ак көңүл, уюштургуч, алака түз-, жакшы 
мамиледе бол-, так аткар-, ээ бол-, татыктуу бол-.
4. Берилген сүйлөмдөрдү толуктап жазыңыз. 
КРнын УИАсынын Тарых институтунда кенже илимий кызматкер .................
............... .................................. .............................................................................. .
Институттун коомдук-илимий иштерине ............................................................ .
Кесиптештери менен ................................ ........................................................... .
Бул убакытта өзүн мыкты .................................................................................... .

40
Калия Кулалиева
 Окуйлу
1. Текстти окуңуз, айтып бериңиз.
2. Дефис менен жазылган сөздөрдү табыңыз.
Кыргыз мамлекеттик 
юридикалык академиясынын
укук жана башкаруу 
факультетинин методисти,
1979-жылы туулган, улуту
кыргыз, жогорку билимдүү 
Жумабекова Гүлкайырга
Мүнөздөмө
Гүлкайыр  Жумабекова  2005-жылдан  бери  Бишкек  шаарындагы  Кыргыз 
мамлекеттик  юридикалык  академиясынын  Укук  жана  башкаруу  факультетинде 
методист  болуп  эмгектенип  келе  жатат.  Ал  иштеген  учурда  өзүн  ишин  мыкты 
билген, такшалган адис катары көрсөттү.
Г. Жумабекова университеттин коомдук иштерине активдүү катышат. Ал бе-
рилген ар бир тапшырмага жоопкерчилик менен мамиле кылат. 
Кесиптештерине дайыма жардам берүүгө даяр, аларга камкордук менен мамиле 
кылат. Гүлкайыр Жумабекова кесиптештеринин арасында кадыр-баркка ээ.
Ал республикалык илимий-теориялык конференцияларга катышкан. Орус жана 
англис тилдерин мыкты билген адис.
Учурда окутуунун методикасы боюнча кандидаттык диссертациясынын үстүн-
дө иштеп жатат.
Мүнөздөмө талап кылынган жерге берилди.
  Ректор: 
...............................                  
Керезбеков К.
   Декан: 
..............................   
 
Мусалиева А.
   
 
 
 
 
 
 
10.03.2010
 Көнүгүүлөр
1.  Мүнөздөмө  жазууда  кандай  сөз  жана  сөз  айкаштары  колдонулушу  мүмкүн?  Мисалдарды 
улап жазып көрөлү. 
Мисалы: жоопкерчиликтүү, өз милдетин так аткарган, …

41
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2. Боштуктарды туура толуктаңыз.
Кара-Балта шаарынын
 № 12 орто мектебинин 
математика мугалими,
 1980-жылы туулган, жогорку 
билимдүү, улуту казак
Жанкожоева Атимбүгө
Мүнөздөмө-жолдомо
Жанкожоева  Атимбү  2003-жылы  Жусуп  Баласагын  ..................  КУУнун 
математика  факультетин  ...............................,  ошол  эле  жылы  өзүнүн  эмгек  жолун 
Кара-Балта  .................................  №  12  орто  мектепте  математика  мугалими  бо-
луп  баштаган.  2005-жылдан  бери  бул  мектептин  алдында  уюштурулган  «Жаш 
математиктер» клубун .................................. менен өз ишин улантууда.
А. Жанкожоева өз ...................................... жоопкерчилик менен мамиле жасайт, 
окутууга чыгармачылык менен мамиле кылат, сабактарда окутуунун жаңы ............
............................ пайдаланат.
Окуучуларга  терең  билим  ....................................  аракет  кылат  жана  коомдук 
иштерге активдүү ................................. . Атимбү токтоо, сылык жана ак көңүл адам. 
Үй-бүлөсүндө жана ...................................... кадыр-баркка ээ. 
Мектептин жетекчилиги жана № 12 орто мектептин ................................. жамааты 
А.  Жанкожоеваны  Кыргыз  билим  берүү  академиясына  бир  айлык  такшалмадан 
өтүп келүүгө ......................................... .
Мүнөздөмө-жолдомо берүү Кара-Балта шаарынын № 12 орто мектебинин эмгек 
..........................................  жалпы  чогулушунда  (2010-жылдын  19-майында  кабыл 
алынган  № 5 протокол) бекитилди. 
 
Мектептин директору  ............................ 
Мээрим Маматбакы кызы
Катчы 
 
 
............................ 
К.Үсөнбаева
   
 
 
 
 
 
 
20.03.2010
3.  Мүнөздөмөнүн жазылбаган маалым даректерин жазыңыз.
4.  Сөздөргө мүчөлөрдү туура улаңыз.
Мүнөздөмө
Орузбаев Нурдин 2005-2010-жылдар аралы.......... Ош мамлекет... университет... 
физика мугалим... адис... боюнча билим алды. 
2010-жылы аталган университет... артыкчылык диплом... менен аяктады жана  
эң мыкты 5 студент... катарына кир... . 
Ар  кандай  жарыш,  мелдеш...  катышып  алдыңкы  орундар...  ээ  болгон.  2007-
жылы өткөр... Университет... аралык «Акыл таймаш...» конкурс... жеңүүчү... болгон. 

42
Калия Кулалиева
Акыркы 3 жыл университет... Студент... кеңеш... мүчө... болуп иште... Орузбаев 
Нурдин  Россия...  алдыңкы  ЖОЖ...  биринде  практика  өтүү  үчүн  окуу  жайыбыз 
тарабы... жиберилген.  
Мүнөздөмө КТМУ... талабы боюнча берил... .
 Жазуу эрежелери
Дефис менен жазуунун эрежелери
1.  Кайталанып айтылган сырдык сөздөр менен тууранды сөздөрдүн араларына 
дефис коюлат: Пай-пай-пай! Кандай адамдар... Ха-ха-ха!.. Келгиле, мында.  
Тарс-турс деген добуш угулду. 
2.  Эгер иреттик сан цифра аркылуу берилсе, анда - дефис (-ынчы) мүчөсүнүн 
ордуна, цифрадан кийин коюлат: 2011-жыл, 6-апрель, 2-класстын окуучусу, 
3-маселеге өтөлү.
Эскертүү!
А) Рим цифрасынан кийин дефис коюлбай жазылат: XIX кылым, XVI-XVII 
кылымдардагы абал, III чейрек аяктады.
Б)  Иреттик  сан  атоочтордун  ордуна  №  белгиси  коюлса,  андан  кийин  дефис 
белгиси келбейт, анткени № белгисинин өзү иреттик маанини билдирет: № 67 мек-
теп, № 6 бейтапкана ж.б.
3. Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: 7-8 адам, отуз-кырк 
кой, 30-35 жаштарда.
4.  Төмөнкүдөй  кыскартуулар  же  толук  айтылган  сөздөр  менен  цифралардын 
арасына  дефис  коюлат:  ТУ-154,  АН-10,  Мерседес-600,  Ауди-100,  «Восток-1» 
космос корабли, Пентиум-4 компьютери ж.б.
5. Адамдардын илимий даражасын, адистигин, наамын, ченин же башка бел-
гилерин  көрсөтүүчү  татаал  сөздөр  дефис  менен  жазылат:  мүчө-корреспондент, 
акын-драматург, врач-терапевт, генерал-майор, экс-чемпион ж.б. Бирок, башкы кол 
башчы, ага окутуучу, улук лейтенант, медицина кызматынын лейтенанты.
6.  Пресс-конференция,  пресс-борбор,  киловатт-саат  сыяктуу  эки  бөлүктөн 
турган сөздөр дефис аркылуу жазылат.
 Көнүгүүлөр 
1. Боштуктарды мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
2.  Энчилүү  аттардын  жана  дефис  менен  жазылган  сөздөрдүн  жазылуу  өзгөчөлүктөрүнө 
түшүндүрмө бериңиз.

43
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
«NT-1» фирмасынын
кызматкери, улуту кыргыз,
жогорку билимдүү
Бектур Алымовго  
Мүнөздөмө
Бул мүнөздөмө Бектур Алымовдун .............................боюнча жазылды. Каттагы 
.................... жашыруундугуна ......................... таралып кетишине жол бербөөңүздү 
жана мекемеңиздеги кадрлар бөлүмүнө тиешеси болбогон адамдарга .................... 
өтүнөмүн.
Бектур  Алымов  ....................  2002-жылдын  март  айынан  2004-жылдын  сен-
тябрь  ...........................  чейин  «NT-1»  ........................  бирге  иштедим.  «NT-1де» 
соода-сатык  директору  болуп  иштеп  жүргөндө,  биз  менен  бир  командада  соода-
сатык кеңешчиси болуп ...................... Бектур Алымовдун ишке болгон ..................... 
жана көз карашын баамдап билүүгө ............................ болду. Кардарлар чөйрөсүн 
кеңейтүү жана жылдык соода-сатыктын орточо эсеби боюнча Бектур Алымовдун 
........................ өндүрүмдүүлүгү биз күткөн көрсөткүчтөн да .................... болгон.
Ал  адамдар  менен  тез  .............  табышып,  алар  менен  жакшы  алака  ............... 
алат. Ошонун натыйжасында кардарлардын санын көбөйтүп, чөйрөсүн кеңейтүүдө 
..................... ийгиликке жетишти. Иш убактында жана андан .......................... убактагы 
аракеттери менен кардарлардын фирмага ................. ишеничин арттырды. Ошондой 
эле,  команданын бардык мүчөлөрүн бир кишидей иштетүүгө ........................ алды. 
Анын команда менен иштей билүү жана уюштуруучулук ........................... бар.
Бектур  Алымовдун  ...........................  бөлүмүндө  жетишкен  ийгиликтерин  эске 
алуу менен,  бул багыттагы иш талап кылган бардык сапатка ээ болуусунун аркасын-
да, ал өз карьерасында соода-сатыкка байланыштуу ар кандай иште ............................ 
жетише алат деп ойлойм.
Мүнөздөмөгө  .........................  түшүнүксүз  жагдайлар  пайда  болсо,  төмөндөгү 
дарек  .......................... байланышсаңыз болот.
Сизди терең ....................... менен,
Алексеева В. Н.
«NT-1» фирмасынын
соода-сатык ................. директору
Бишкек шаары
Тыныстанов ат. көчө № 35
Тел.: …………………….
3. Дефис менен жазылган сөздөрдү катыштырып сүйлөм түзүңүз.
№ 5 мектеп-гимназия, 30-40 метр, 5-6 жыл, IX-X кылымдар, Ауди-80, 11-класс.

44
Калия Кулалиева
 Грамматика
Айкын өткөн чак
Айкын өткөн чак -ды мүчөсүнүн жардамы менен жасалат. Кыймыл-аракеттин 
айкын, так, ачык түрдө болуп өткөнүн билдирет.
Мисалы:  Курбум  Афганистанга  кетти.  Директор  менден  сурады.  Биз  тоого 
бардык. Жакшы эс алдык.
 
1. Кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдү айкын өткөн чакта жазыңыз.
1.  Айгүл көйнөк …………………………………………… .  (тиктир-)
2.  Иш сапары менен Баткенге ……………………………. .  (жөнө-)
3.  Сен кечээ үйгө келген коноктор менен …………………?  (учураш-)
4.  Мен чет өлкөдө 10 жыл ……………………………… . 
(жаша-)
2. Берилген сөздөрдү туура жайгаштырыңыз. 
(Кабыл  алынды,  көрсөтүштү,  которулду,  дайындалды,  жетектеди,  
бошотулду)
1.  Талант  Жусупбекович  биздин  бөлүмдү  15  жыл  …………………  . 
2.  Биздин  спортчулар  мыкты  натыйжаларды  …………………...  3.  Башка 
мекемеге ……………………….  4. Мөөнөтүнөн мурда ……………………… 5. 
Мүнөздөмө-сунуш аркылуу жумушка ………………………….. 6. Президент 
тарабынан ……………………….. .
3. Айкын өткөн чактын терс формасын жазыңыз.
Үлгү: Иш сапарына жөнөдү.    Иш сапарына жөнөгөн жок.   Иш сапарына 
жөнөбөдү.
Эрежени бузду.   
Эрежени ………………. .  Эрежени ………………. .
Мээнет төктү.   
Мээнет …………………. .  Мээнет …………...…… .
Макулдугун берди.  Макулдугун ……………. .  Макулдугун …………... .
4. Оң формадагы этиш сөздөрдү терс формада жазыңыз.
алды   

алган жок 
 
 
 
/  албады
эскертти
чыгарды
өтүндү
которулду
бекитилди
чакыртылды
сыйланды
башталды
бүттү

45
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазалы 
1. Кечээ эмне кылдыңыз же эмне кылган жоксуз? Жазыңыз.
2. Бирге иштеген кесиптешиңизге мүнөздөмө жазыңыз.
3.  Эмгек  жолуңуздагы  маанилүү  даталарды,  окуяларды,  иштеген  жериңиздин  атын  жазып 
жаныңыздагы кесиптешиңизге (угуучуга) бериңиз. Ошол маалымат боюнча ал мүнөздөмөнүн 
текстин түзүшү керек. Сиз башка кесиптешиңиздин (угуучунун) жазган маалыматына таянып, 
мүнөздөмөнүн башка бир текстин түзүңүз.
 Грамматика
Ат атооч
Затты же алардын белгилерин атабай, аларды жалпылап көрсөтүүчү сөздөр ат 
атооч деп аталат. 
Ат атоочтор берген маанилерине карата алтыга бөлүнөт:
1.  Жактама ат атооч: мен, сен (сиз), ал; биз, силер (сиздер), алар
2.  Шилтеме ат атооч: бу(л), тиги(л), тетиги(л), тээтетиги(л), мына ушул ж.б.
3.  Сурама ат атооч: ким? эмне? кайсы? качан? кайда? канча? кана? ж.б.
4.  Тангыч ат атооч: эч ким, эч нерсе, эч бир, эч качан, эч кандай, эч убакта ж.б.
5.  Аныктама ат атооч: бүткүл, бардык, баары, ар ким, ар бир, ар качан, ар 
кайсы, өз ж.б.
6.  Белгисиз  ат  атооч:  кимдир  бирөө,  алда  кандай,  алда  эмне,  алда  ким,  бир 
нерсе, кээ бир, кандайдыр бир ж.б.
1. Берилген ат атоочторду жөндөмө боюнча өзгөртүп жазыңыз.
Атооч:   бул   
канча   
эч ким  
ар нерсе 
бир канча
Илик:
Барыш:
Табыш:
Жатыш:
Чыгыш:
2. Боштуктарга ат атооч сөздөрдү туура келген формада толуктап жазыңыз.
1. Калия Дыйкановна, …………………. башчы чакырып жатат.
2. ……………. мүнөздөмөсү бар бекен?
3. Керектүү документтердин …………………. тиркелди.
4. Бул кабар иштегендердин ………………….. айтылды.
5. ……………… бар бир кыял, ал кыялды …………. тыяр. 
6. Китептин …………………. архивге алып кетишти.
7. Бул жердегилерден ………………….. тааныбайсыңбы?
8. ……………. эмне болгон?
3. Тексттеги боштуктарды ат атооч сөздөр менен толуктап жазыңыз.
Эмилова  Жамал  Казаковна  1998-жылдан  бери  Бишкек  шаардык  №  3  балдар 
ооруканасынын  травматология  бөлүмүндө  дарыгер  болуп  иштеп  келе  жатат. 

46
Калия Кулалиева
…………. ………….. ишине жоопкерчилик менен мамиле кылат. Кесиптештеринин 
арасында  кадыр-баркка  ээ.  Жамал  Казаковнаны  жаш  дебей,  кары  дебей 
………………….  сыйлашат.  Кесиптештеринен  ………….  өтө  мээримдүүлүгү, 
калыстыгы менен айырмаланат. 
………………. медицина илимине байланыштуу …………………. илимий ма-
калалары жана китептери бар. Жамал Эмилованын Кыргызстанда жана коңшулаш 
мамлекеттерде медицина тармагындагы жаш адистерди даярдоого сиңирген эмгеги 
зор. Кесиптештери Жамал Эмилованын ………… чейинки эмгегин жогору баалап  
………………… Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлүшүн бир добуштан колдойбуз.
4. Сөздөрдүн аягына жак мүчөлөрдү улаңыз.
Мен кызматкер……;    
окумуштуу……..; бийчи……….....; декан…….
Сен кызматкер……;     
окумуштуу……..; бийчи………….; декан…….
Сиз кызматкер……;     
окумуштуу……..; бийчи………….; декан…….
Ал кызматкер……;     
окумуштуу……..; бийчи………….; декан…….
Биз  кызматкер……;     
окумуштуу……..; бийчи………….; декан…….
Силер   кызматкер……;   
окумуштуу……..; бийчи………….; декан…….
Сиздер кызматкер……;   
окумуштуу……..; бийчи………….; декан…….
Алар кызматкер……;    
окумуштуу……..; бийчи………….; декан…….
5. Берилген сөздөргө тиешелүү жактама ат атоочторду тандап жазыңыз.
………………. насаатчы 
 
 
……………….. инженерсиз
………………. башчысыздар  
 
……………….. жолоочусуңар
………………. угуучубуз 
 
 
……………….. студенттер
………………. айдоочусуң   
 
……………….. жумушчу
 Угалы
1-кѳнүгүү. Мүнөздөмөнүн текстин угуп, мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Уккан тексттин мазмунун кагазга түшүрүӊүз.
 Сүйлөшөлү
1-кырдаал.  Айжан  менен  Бактыгүл  сүйлөшөт.  Алар  мамлекеттик  кызматта 
көптөн  бери  бирге  иштешет.  Жакында  алар  иштеген  бөлүмгө  жаңы  башчы 
дайындалды. Жаңы жетекчи Айжанга аябай жакты, бирок Бактыгүлгө анча жаккан 
жок.
Кимиси өз пикирин кандайча далилдей турганына кулак төшөйбүз.
2-кырдаал. Айбек менен Жамийла сүйлөшөт. Аларга жетекчилик тарабынан 
«Нооруз» майрамын өткөрүү жоопкерчилиги жүктөлдү.
Майрамды  кандайча  өткөрүп,  кайсы  милдетти  кимиси  ала  тургандыгы 
тууралуу маектерине күбө болобуз.

47
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
КЕЛИШИМ
Эки  же  андан  көп  тараптын  тигил  же  бул  маселе  (экономикалык,  укуктук 
ж.б)  боюнча  өз  ара  мамилелерин  жөнгө  салуучу  укуктук  документ.  Келишим  
жарандардын ортосунда, жаран менен уюмдардын ортосунда, мекеме, уюм менен 
башка мекеме, уюмдардын ортосунда түзүлүшү мүмкүн.
Келишим түзүүнүн жалпы жоболору КРнын Граждандык, Эмгек жана Админис- 
тративдик  кодекстери,  КРнын  Өкмөтүнүн,  министрликтердин,  уюмдардын  кели-
шимдер боюнча чыгарган жоболору аркылуу жөнгө салынат. 
Укуктук  багыты  боюнча  келишим  болжолдуу  (предварительный)  жана  анык 
(окончательный) болуп бөлүнөт. 
Келишим түзгөн тараптардын укук жана милдеттеринин бөлүнүшүнө карай:
1. Бир тараптуу   
 
 
 
2. Эки тараптуу
(Биринде укук гана болот. 
 
 
(Эки тараптын тең укук жана 
Экинчисинде милдет гана болот.) 
 
милдеттери болот.)
болуп бөлүнөт.
Эмгек  кодексине  ылайык  эмгек  келишим  бир  жолку  аткарылуучу  ишке,  бир 
жылга, беш жылга түзүлүшү мүмкүн.
Иштин мүнөзүнө карай келишим ар түрдүү болушу мүмкүн. Мисалы: ижара 
келишими, кызмат көрсөтүү келишими, жеткирип берүү келишими, эмгек келишими 
ж.б.
Ошондой эле мамлекеттер, дүйнөлүк уюмдар ортосундагы эл аралык келишим-
дер болот. Аларда расмийлүүлүктүн белгилери басымдуулук кылат жана ал канча 
тараптуу болсо, ошончо тилге которулуп, бардыгы бирдей күчкө ээ болот.

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет