Байланысты: botobekova at kyrgyzdardyn suiloshuusundogu verbaldyk emes b
Адеп, этикетэрежелерине туура келбеген ымдоо-жаңсоолорго төмөндөгүлөр
кирет: сүйлөшүү учурунда оозуңду керип эстебе; бутуңду өйдө көтөрбө (душманыңдын даражасы көтөрүлөт); башыңды шылкыйтпа, башыңды чайкаба, таңдайыңды такылдатпа (жамандык болот); чайды оң кол менен узат; телмирип тиктебе (көзүң тиет); камчыңды үйгө сүйрөп кирбе, улуу адамдын жолун кеспе;
жерди таянбай олтур (колуң сынат); жер таянып олтуруп тамак ичпе (ичкен
тамагың боюңа сиңбей калат); далыңды салба (душман гана далысын салат);
колуңду силкилдетпе; түкүрүнбө, тишиңди кычыратпа; камчы менен малды башка чабууга болбойт, малды теппе (малдын кусуру урат, кедей болосуң); түнү ышкырба (жылан келет); таякка сүйөнбө (жакының өлөт); бешикти кур терметпе (баласыз болосуң); эки кишинин ортосунан өтпө; баланы таманынан өппө (балаң жалкоо болот); ат жалына бутуңду артпа, аркан чыйратып жатканда түбүнөн өтпө, керилген арканды, жипти аттаба (боюң өспөй калат); эшикти тээп ачпа (үйдөн кут кетет), желбегей жамынба (жамандык болот, колуң сынат); үйдү айланып чуркаба; үйгө, айылга чуркап же ат чаап келбе (өлүм-житим болуусу
күтүлөт); күйгөн отко түкүрбө, тузду төкпө (үйдөн ырыс-дөөлөт кетет); нанды баспа (каргышка каласың); идиш-аякты калдыратпа (үйдөн бак качат); колду, бутту, моюнду жип менен байлап ойнобо (туткун болуп калышың мүмкүн); кийип жүргөн баш кийимиңди бирөөгө бербе (башынан бак кетет); баш кийимди жерге таштаба (башың ооруйт); чачыңды жулба; босогого турба (кедей болосуң);
босогого туруп бой кербе (боюң өспөй калат); керегеге бутту артпа (үйдөн кут
кетет); боюнда бар аял капка олтурбайт (төрөтү кыйын болот); аял киши ата-