17
өзбек, орус, америка улутундагыларга салыштырмалуу ымдоо-жаңсоолорду аз
колдонушу, көз караш өзгөчөлүктөрү, отуруу, туруу
кыймыл-аракет белгилерине
салынган тыюу-чектөөлөрдүн көп болушу, аларга салыштырмалуу кыргыздардын
мүнөзүнүн токтоолугу аныкталды.
Экинчи бөлүмдүн
экинчи параграф «Кыргыздардын сүйлөшүүсүндө ымдоо-
жаңсоо белгилеринин колдонулушу» деп аталат.
Ымдоо-жаңсоо белгилерин изилдөөдө көркөм чыгармалардын, эл оозунан
жыйналган материалдардын негизинде кыргыздардын сүйлөшүү учурунда
колдонгон ымдоо-жаңсоо белгилеринин тобу түзүлдү. Натыйжада,
кыргыз эли
сүйлөшүү учурунда колдонгон ымдоо-жаңсоо белгилеринин курамын түзүп турган
архаизм ымдоо-жаңсоо белгилери жана азыркы күндө да колдонулуп келген, же
башка улуттардан өздөштүрүлгөн ымдоо-жаңсоо белгилери топтоштурулду.
Биздин оюбузча, бир улуттун сүйлөшүүдө колдонгон ымдоо-жаңсоо белгилерин
тактоо үчүн аларды типологиялык жактан бөлүштүрүү ыңгайлуу. Ошол себептен
дисертацияда баш, көз, кол ж.б. дене-мүчөлөрүнүн өзүнө тиешелүү ымдоо-
жаңсоолору өз алдынча берилди.
Изилдөөнүн натыйжасы төмөнкү корутундуларды жаратты:
- оозеки сүйлөшүүдөгү үндүн түрдүү угуму, басым жана тынымдарынын
системасы төмөнкү топторго бөлүнөт
: биринчи топко оозеки сүйлөшүүдөгү үн
ыргагындагы басым, тыным, үндүн ылдамдыгы, тону, сүйлөө темпи, үндүн
бийиктиги, тактыгы, унчукпоо сыяктуу кубулуштар; экинчи топко тилдик
түзүлүшкө баш ийбеген ар кыл үн угумдары: күлкү, ый, улутунуу, жөтөлүү, онтоо,
үшкүрүнүү, таңдайын такылдатуу сыяктуу каражаттар
кирери жана ырааттуу
системага биригиши белгилүү болду;
- ымдоо-жаңсоо белгилеринин сүйлөшүүдөгү кызматы жана тилдик каражаттар
менен ымдоо-жаңсоо, тулку-бойдун ал-абалы сыяктуу тилдик эмес каражаттардын
карым-катышы, жакындыгы, айырмачылыктары аныкталды.
Корутундулап айтканда, кыргыз паралингвистика илими - жаңыдан гана
иликтенип келе жаткан тармак. Кыргыз паралингвистика илиминде иликтене турган
маселелер абдан көп. Мисалы,
эмгекте проксемика, гаптика, хронемика сыяктуу
вербалдык эмес семиотиканын бөлүктөрү толук каралган жок. Ал - келечектин иши.
Вербалдык эмес семиотиканын кыргыз тил илиминде ушул диссертация аркылуу
алгачкы гана кадамы ташталды, бирок эмгектеги бардык эле пикирлер,
жоболор
туура, так аныкталды деген ырастоодон алыспыз. Себеби вербалдык эмес
каражаттар боюнча дагы да тактала элек маселелер арбын. Келечекте вербалдык
эмес семиотиканын толук системасы такталып, кыргыз тил илиминде жаңы бир
багыттын түптөлүшүнө жол ачылат деген ишенимде
экендигибизди белгилеп
коюуну ылайык көрдүк.