Кыргыз республикасынын


буттарын тийиштирип көрүшүү»



Pdf көрінісі
бет18/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   25
буттарын тийиштирип көрүшүү», «бир колун чөнтөгүнө салып көрүшүү»
эркектердин өбүшүп учурашуу салты, «сөөмөй менен чыпалакты өйдө көтөрүп 
жаңсап сүйлөө» адаты кеңири колдонулуп келүүдө. Ошондой эле сөөмөй менен 
баш бармак биригип, калган манжалар ачык абалда турган «о, кей» белгиси, 
«жеңиш» (сөөмөй менен ортон манжаларынын өйдө көтөрүлүшү), «мойнуна 
бармагын жануу» (ичкилик ичүүнү билдирүү), «бутун кайчылаштырып отуруу», 
«баш бармагын манжаларынын түйүнүнөн көрсөтүү» ж.б. Сүйлөшүүдө 
колдонулган мындай жаңы ымдоо-жаңсоо белгилерин неологизм ымдоо-жаңсоо 
белгилери деп атоого болот. 
6. Ымдоо-жаңсоолор жаш өзгөчөлүгүнө карата да төмөнкүдөй 
бөлүштүрүлөт: 
а) Чоң адамдарга мүнөздүү ымдоо-жаңсоолор: «үстөлдү муштагылоо», 
«сакалын сылоо», «алакан жаюу», «алакан ушалоо», «кол шилтөө», «мойнуна баш 
бармагы менен жануу», «сөөмөйү менен бармагын жануу» сыяктуу кээ бир отуруу, 
туруу өзгөчөлүктөрүн мисал катары келтирүүгө болот. 
б) Жаш балдарга тиешелүү ымдоо-жаңсоолор: «тилин чыгаруу», «мурдун 
көрсөтүү», «муштумдарын бири-бирине ургулоо», «кол чапкылоо», «жерди 
тепкилөө» ж.б.
7. Ымдоо-жаңсоолор пикир алышуучулардын жынысына карата да 
бөлүштүрүлөт: 
а) Аялдарга мүнөздүү кыймыл-жаңсоолорго «эрдин түйрүү», «сөөмөйү менен 
бетин жануу», «бетин чымчуу», «алаканын шак чабуу», «чачын сылоо», «бутун 
кайчылаштыруу», «бетин сылоо» (уялуу), «белин чайкап басуу», «кашын керүү» 
(каш кагуу), «көзүн сүзүү», «кирпигин ирмегилөө» сыяктуу белгилер кирет. 
б) Эркектерге мүнөздүү кыймыл-жаңсоолорго «төшүн ургулоо», «этегин 
кагынуу», «үстөлдү муштагылоо», «сакалын сылоо», «ээгин сылоо», «желкесин 


15
кашуу» жана «эки бутун эки жакка эркин таштап туруу», «чалкалап отуруу», 
«малдаш токунуп отуруу», «далыдан таптоо», «жамбаштап жатуу» (жантаюу), 
«аялдардын келбетин сүрөттөп көрсөтүү», «аялдардын кашын чийип көрсөтүү» 
сыяктуу кыймыл-жаңсоолор кирет. Маселен, элестүү ымдоо-жаңсоолордон болгон 
«аялдардын кашын сүрөттөп көрсөтүү» кыймыл-жаңсоосу «кара каш», «сулуу 
кыз-келин» деген мааниде берилет. Бул белги түштүк жергесинде колдонулат.
Бери карачы, Туташев, тияктан тосуп чыгышабы? Лейтенант чыпалагы менен 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   14   15   16   17   18   19   20   21   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет