Кыргыз республикасынын


Диссертациянын жалпы мүнөздөмөсү



Pdf көрінісі
бет2/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
Диссертациянын жалпы мүнөздөмөсү 
 
Теманын актуалдуулугу. Кыргыз тил илиминде вербалдык эмес (лат. verbal - 
сөз, тил; non-verbal - тилдик эмес) каражаттар жана анын курамына кирген 
бирдиктер, алардын байланыш-катыш мезгилиндеги уюшулуш, колдонулуш чен-
өлчөмдөрү, тил менен болгон карым-катышы, сүйлөшүүдөгү мааниси жөнүндөгү 
маселелер бүгүнкү күнгө чейин атайын илимий изилдөөгө алына элек. Ал эми орус 
тил илиминде, чет элдик лингвистикада, айрым тектеш түрк тилдеринде вербалдык 
эмес каражаттардын тил менен болгон карым-катышы, сүйлөшүүдөгү орду, маани-
маңызы, улуттук өзгөчөлүктөрү, жалпы лингвистикалык табияты, ымдоо-жаңсоо 
белгилеринин көркөм чыгармада каармандардын образын түзүүдөгү ролу жана 
жүрүм-турум эрежелеринин маданият, өлкө таануу багытындагы мааниси көптөгөн 
окумуштуулар тарабынан изилдөөгө алынып, сүйлөшүүнүн коммуникативдик 
бирдиги болгон ымдоо-жаңсоо белгилерин иликтөөнүн илимий-теориялык жана 
практикалык зарылчылыгы бар экендиги аныкталган. 
Өзара пикир алышууда айтуучунун угуучуга билдирген маанилүү 
маалыматтарын жеткирүүчү кошумча каражаттарды камтыган үндүн түрдүү 
угумдарынын, 
сүйлөшкөндөрдүн 
кыймыл-аракеттеринин, 
ымдоо-жаңсоо 
белгилеринин сүйлөшүүдөгү кызматына кыргыз тил илиминде, жогоруда 
белгиленгендей, алигиче олуттуу көңүл бурулбай келет. Айрым окумуштуулардын 
эмгектеринде сөз болуп жаткан маселенин кээ бир жактары гана изилдөөчүлөрдүн 
максаттарына ылайык учкай каралгандыгын белгилөөгө болот. Демек, азыркы 
кыргыз тил илиминде сүйлөшүүдөгү ымдоо-жаңсоо белгилерин, үндүн түрдүү 
угумдарын уюштуруучу каражаттарды, алардын сүйлөшүүдөгү кызматын аныктоо 
илимий-теориялык тактоолорго муктаж көп өңүттүү маселелерден болуп саналат. 
Кыргыз тил илиминде ымдоо-жаңсоо белгилеринин атайын илимий изилдөөнүн 
объектиси боло электиги, сүйлөшүүдөгү бул каражаттардын жалпы системасынын 
кандай болгондугу, курамы эмнелерден турары такталбагандыгы жана 
коммуникативдик бирдик катары жалпы табияты, уюшулушу, колдонулуш жагдай-
шарттары лингвистикалык багытта изилденбегендиги теманын актуалдуулугун 
айкындап турат. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет