б) Символикалык ымдоо-жаңсоолор сүйлөшүүдө айтуучунун ой-кыялын, көзкарашын
чагылдырып турат. Мисалы, «терс бурулуу», «далысын салуу» сыяктуу кыймыл-жаңсоолор
аркылуу айтуучунун мамилеси, көзкарашы купуя туюндурулат.
в) Көрсөтүүчү ымдоо-жаңсоолорго кандайдыр бир окуяны, көрүнүштү,
буюмду, адамды көрсөтүүдө колдонулган кыймыл-аракеттер кирет. Көрсөтүүчү
кыймыл-жаңсоолорду аткарууда көз, баш, кол дене-мүчөлөрү активдүү роль ойнойт.
Алар - «көзүнүн кыйыгы менен көрсөтүү», «башы менен жаңсап көрсөтүү»,
«сөөмөйү менен сая көрсөтүү» ж.б. ымдоо-жаңсоолор.
г) Эмоционалдуу ымдоо-жаңсоолор - «тишин кычыратуу», «эрдин тиштөө»,
«жүзүн үйрүү», «кабагын түйүү», «өңү кубаруу», «өңү кызаруу», өңү бозоруу»,
«денеси калтыроо» ж.б. өңдүү кыймыл-аракеттер.
д) Толуктоочу-тактоочу ымдоо-жаңсоолордун түрү сүйлөшүүдө ойдун
маңызын ар тараптан толуктап, тактап турат. Мындай белгилер, негизинен, макул
болуу, колдоп-кубаттоо, сурануу, чакыруу, каршылык кылуу сыяктуу маанилерди
туюндуруп, ойду толуктап, тактап туруу кызматын аткарат. Мисалы, «баш ийкөө» -
макул болуу, колдоо, «баш бармагын көтөрүү» - жакшы, мыкты, эң сонун,
«желкесин кашуу» - унутуу, аргасыз ал-абалды, «сөөмөйүн кезөө» - эскертүү, акыл
айтуу сыяктуу маанилерди туюндурат.
2. Ымдоо-жаңсоолор колдонулган чөйрөсүнө карай төмөндөгүдөй топторго
бөлүнөт:
а) Индивидуалдык ымдоо-жаңсоолор бир гана адамга тиешелүү болуп,
мааниси пикирлеши тарабынан гана чечмеленет. Мисалы, буларга «кол шилтөө»,
«көз кысуу», «кашын керүү», «каш кагуу», «мурдун чүйрүү», «бөйрөгүн таянуу»
ж.б. кыймыл-аракеттерин кошууга болот.
б) Кесиптик, топтук ымдоо-жаңсоолор чектелген бир гана чөйрөгө тиешелүү
болуп, ошол чөйрөдө гана информация туюндура алат. Мисалы, буга
телекызматкерлердин, спорт калыстарынын, айдоочулардын кыймыл-жаңсоолору
кирет.
Достарыңызбен бөлісу: |