13
г) Эларалык ымдоо-жаңсоолорго адам жүзүндөгү бардык өзгөрүүлөр, ый,
күлкү, кубануу, таарынуу, кайгыруу, өкүнүү сезимдерин туюндурган белгилер
кирет.
3. Ымдоо-жаңсоо белгилеринин соматикалык өзгөчөлүгүнө карай
бөлүштүрүү.
Мындай типтеги классификация ымдоо-жаңсоонун
жалпы жана
ички
аткарылыш, колдонулуш мүнөзүнө карата ишке ашат.
а) Ымдоо-жаңсоолорду жалпы аткарылышына карата бөлүштүрүү.
Мында сүйлөшүүдө колдонулган кыймыл-жаңсоолор адамдын кайсы дене-
мүчөсүнүн жардамы аркылуу ишке ашышына карата (1)
жүздөгү бет
булчуңдардын өзгөрүшү (баш, көз, каш, беттин жыйрылышы, эрин, тил, тиш), (2)
кыймыл-жаңсоолор ( кол, ийин, желке, бут) жана (3)
тулку-бойдун түрдүү ал-
абалы деп бөлүштүрөбүз.
б) Ымдоо-жаңсоолорду ички аткарылышына карата бөлүштүрүү.
Мында сүйлөшүүдөгү ымдоо-жаңсоону аткарууда кайсы дене-мүчө негизги
кызмат аткаргандыгына карата
негизги жана
жардамчы дене-мүчөлөр деп экиге
бөлүнүп каралат. Г.Е.Крейдлин мындай бөлүштүрүүнү морфологиялык бөлүштүрүү
деп атайт
1
. Ар бир ымдоо-жаңсоону аткаруу учурунда адамдын кайсы бир дене-
мүчөсү негизги, кайсы бири жардамчы кызматты аткарат. Аны төмөнкү жагдай-
шарттардан аныктоого болот. Мисалы, сүйлөшүүдө колдонулган ымдоо-
жаңсоолордун тобун жана алардын сезим туюндурган маанисин колдун түз же
жантайыңкы абалына, манжалардын ачык же жабык турушуна, алакан, манжа,
колдун жалпы кыймыл-аракетинин мүнөзүнө, кайда багытталгандыгы, кайсы дене-
мүчө менен биргеликте аткарылгандыгына карата аныктоого болот. Мисалы,
“сөөмөйү менен чыкыйын нукуу” кыймыл-жаңсоосунда
негизги дене-мүчө -
сөөмөй,
жардамчы дене-мүчө - баш. Себеби бул ымдоо-жаңсоону аткаруу
учурунда колдун жалпы кыймыл-аракети, сөөмөйдүн жогору көтөрүлүшү, калган
манжалардын түйүлүшү менен негизги кыймыл-аракет сөөмөйгө тиешелүү болду.
Ал эми баш жөн гана жардамчы кызматты аткарды.
Достарыңызбен бөлісу: