Кыргыз республикасынын


б) Символикалык ымдоо-жаңсоолор



Pdf көрінісі
бет15/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   25
б) Символикалык ымдоо-жаңсоолор сүйлөшүүдө айтуучунун ой-кыялын, көзкарашын 
чагылдырып турат. Мисалы, «терс бурулуу», «далысын салуу» сыяктуу кыймыл-жаңсоолор 
аркылуу айтуучунун мамилеси, көзкарашы купуя туюндурулат. 
в) Көрсөтүүчү ымдоо-жаңсоолорго кандайдыр бир окуяны, көрүнүштү, 
буюмду, адамды көрсөтүүдө колдонулган кыймыл-аракеттер кирет. Көрсөтүүчү 
кыймыл-жаңсоолорду аткарууда көз, баш, кол дене-мүчөлөрү активдүү роль ойнойт. 
Алар - «көзүнүн кыйыгы менен көрсөтүү», «башы менен жаңсап көрсөтүү», 
«сөөмөйү менен сая көрсөтүү» ж.б. ымдоо-жаңсоолор. 
г) Эмоционалдуу ымдоо-жаңсоолор - «тишин кычыратуу», «эрдин тиштөө», 
«жүзүн үйрүү», «кабагын түйүү», «өңү кубаруу», «өңү кызаруу», өңү бозоруу», 
«денеси калтыроо» ж.б. өңдүү кыймыл-аракеттер. 
д) Толуктоочу-тактоочу ымдоо-жаңсоолордун түрү сүйлөшүүдө ойдун 
маңызын ар тараптан толуктап, тактап турат. Мындай белгилер, негизинен, макул 
болуу, колдоп-кубаттоо, сурануу, чакыруу, каршылык кылуу сыяктуу маанилерди 
туюндуруп, ойду толуктап, тактап туруу кызматын аткарат. Мисалы, «баш ийкөө» - 
макул болуу, колдоо, «баш бармагын көтөрүү» - жакшы, мыкты, эң сонун, 
«желкесин кашуу» - унутуу, аргасыз ал-абалды, «сөөмөйүн кезөө» - эскертүү, акыл 
айтуу сыяктуу маанилерди туюндурат. 
2. Ымдоо-жаңсоолор колдонулган чөйрөсүнө карай төмөндөгүдөй топторго 
бөлүнөт:
а) Индивидуалдык ымдоо-жаңсоолор бир гана адамга тиешелүү болуп, 
мааниси пикирлеши тарабынан гана чечмеленет. Мисалы, буларга «кол шилтөө», 
«көз кысуу», «кашын керүү», «каш кагуу», «мурдун чүйрүү», «бөйрөгүн таянуу» 
ж.б. кыймыл-аракеттерин кошууга болот.
б) Кесиптик, топтук ымдоо-жаңсоолор чектелген бир гана чөйрөгө тиешелүү 
болуп, ошол чөйрөдө гана информация туюндура алат. Мисалы, буга 
телекызматкерлердин, спорт калыстарынын, айдоочулардын кыймыл-жаңсоолору 
кирет. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет