Кыргыз республикасынын


в) Улуттук өзгөчөлүккө ээ ымдоо-жаңсоолор



Pdf көрінісі
бет16/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   25
в) Улуттук өзгөчөлүккө ээ ымдоо-жаңсоолор - бир элдин маданиятына
этикеттик жүрүм-турумуна тиешелүү болгон ымдоо-жаңсоолор. Мисалы, буга «бата 
кылуу», «жүгүнүү», «бетин чымчуу» ж.б. ымдоо-жаңсоолору кирет. 


13
г) Эларалык ымдоо-жаңсоолорго адам жүзүндөгү бардык өзгөрүүлөр, ый, 
күлкү, кубануу, таарынуу, кайгыруу, өкүнүү сезимдерин туюндурган белгилер 
кирет. 
3. Ымдоо-жаңсоо белгилеринин соматикалык өзгөчөлүгүнө карай 
бөлүштүрүү. 
Мындай типтеги классификация ымдоо-жаңсоонун жалпы жана ички 
аткарылыш, колдонулуш мүнөзүнө карата ишке ашат. 
а) Ымдоо-жаңсоолорду жалпы аткарылышына карата бөлүштүрүү. 
Мында сүйлөшүүдө колдонулган кыймыл-жаңсоолор адамдын кайсы дене-
мүчөсүнүн жардамы аркылуу ишке ашышына карата (1) жүздөгү бет 
булчуңдардын өзгөрүшү (баш, көз, каш, беттин жыйрылышы, эрин, тил, тиш), (2) 
кыймыл-жаңсоолор ( кол, ийин, желке, бут) жана (3) тулку-бойдун түрдүү ал-
абалы деп бөлүштүрөбүз. 
б) Ымдоо-жаңсоолорду ички аткарылышына карата бөлүштүрүү. 
Мында сүйлөшүүдөгү ымдоо-жаңсоону аткарууда кайсы дене-мүчө негизги 
кызмат аткаргандыгына карата негизги жана жардамчы дене-мүчөлөр деп экиге 
бөлүнүп каралат. Г.Е.Крейдлин мындай бөлүштүрүүнү морфологиялык бөлүштүрүү 
деп атайт
1
. Ар бир ымдоо-жаңсоону аткаруу учурунда адамдын кайсы бир дене-
мүчөсү негизги, кайсы бири жардамчы кызматты аткарат. Аны төмөнкү жагдай-
шарттардан аныктоого болот. Мисалы, сүйлөшүүдө колдонулган ымдоо-
жаңсоолордун тобун жана алардын сезим туюндурган маанисин колдун түз же 
жантайыңкы абалына, манжалардын ачык же жабык турушуна, алакан, манжа, 
колдун жалпы кыймыл-аракетинин мүнөзүнө, кайда багытталгандыгы, кайсы дене-
мүчө менен биргеликте аткарылгандыгына карата аныктоого болот. Мисалы, 
“сөөмөйү менен чыкыйын нукуу” кыймыл-жаңсоосунда негизги дене-мүчө - 
сөөмөй, жардамчы дене-мүчө - баш. Себеби бул ымдоо-жаңсоону аткаруу 
учурунда колдун жалпы кыймыл-аракети, сөөмөйдүн жогору көтөрүлүшү, калган 
манжалардын түйүлүшү менен негизги кыймыл-аракет сөөмөйгө тиешелүү болду. 
Ал эми баш жөн гана жардамчы кызматты аткарды.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   12   13   14   15   16   17   18   19   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет