Бишкек 2019 кыргыз тили


КЫРГЫЗ ТИЛИ 252 ƒ „ Аргументтерди маанисине карап кантип келтирет



Pdf көрінісі
бет219/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   215   216   217   218   219   220   221   222   ...   233
КЫРГЫЗ ТИЛИ
252
ƒ
„
Аргументтерди маанисине карап кантип келтирет: 
Негизгиси – … 
Баарынан мурун, …
Эң алдын, …
Биринчиден, …
Андан кийин … 
Экинчиден, …
Үчүнчүдөн, …
Төртүнчүдөн, …
Аягында, …
ƒ
„
Жашоодон (кайсы бир булактардан) мисалды кантип келтирет: 
Мисалы, (газетада жазылгандай / …)
Мисалга алсак, (менин досум/ …)
… жакшы мисал болуп бере алат.
ƒ
„
Жыйынтыкты кантип чыгарат: 
Ушинтип, …
Мындан улам, … келип чыгат. 
Демек, … 
Мунун баары тең … жөнүндө кабарлайт / далилдейт / көрсөтөт / 
билдирет. 
Кыскасы, …
Жыйынтыктаганда, … 
Сөзүмдүн аягында, … 
ƒ
„
Дискуссияда кенен-кесири жоопту кантип берет: 
1. Маселе боюнча өз оюн билдирет: 
Менимче, менин көз карашымда, менин пикирим боюнча …
A. Макул болот: 
Бул ушундай
Кеп так ушунда болуп жатат. 
Сиз эң туура айтып жатасыз. 
Б. Макул болбойт: 
Бул мындай эмес. 
айтып жаткандай эмес, такыр башкача. 
… деп, сиз адашып жатасыз.
B. Бирөөнүн оюна кошулат:
Мен сиздин айтканыңызга кошулам.
Мен сиздин айткан оюңузга толук макулмун / кошулам. 
Сиздин айткандарыңызды колдойм.
2. Өз позициясын аргументтейт:
А. Окуянын / кубулуштун себебин жана натыйжасын көрсөтөт: 
Компьютерим иштебей калып, өз убагында жумушту аткара 
алган жокмун. 
Б. Божомол жүргүзөт: 
Телефон чалсам, жооп бербей жатат, эми чогулуштун убакты-
сын билбей калды го. 


КЕПТИК ҮЛГҮЛӨР
253
3. Тыянак чыгарат:
Демек, алдын ала кабар берип туруш керек. 
ƒ
„
Кантип божомол жүргүзөт: 
Мен … деп, божомолдоп жатам. 
Балким, … болгондур, деп ойлоп жатам. 
Эгерде …, анда …
Эгерде канаттуулар бул аймакка учуп келбесе, анда зыяндуу курт-кумур-
скалар өсүмдүктөрдү жеп жок кылат. 
Ушул саздак жерлерди кургатса, анда бул жерлер эгин талаага айланмак.
… болот, деп божомолдосо / элестетсе, анда …, деп айтса болот. 
Бул дарактарды кыйып, ордуна көп үйлөрдү курат, деп элестетсе, бул 
жердеги экологиялык абал бир топ начарлайт, деп айтса болот. 
ƒ
„


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   215   216   217   218   219   220   221   222   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет