Изилдєєнїн негизги мазмуну



бет1/25
Дата06.01.2022
өлшемі0,95 Mb.
#13272
түріДиссертация
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА

ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК

УНИВЕРСИТЕТИ

КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ
Д 13.11.023 диссертациялык кеңеши
Кол жазма укугунда

УДК: 371.036:378.937:398:894.341
УМАРОВ ТАЛАНТ НУРДИНОВИЧ

БОЛОЧОК МУГАЛИМДЕРДИ ЭЛДИК ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЛАРДЫН НЕГИЗИНДЕ ОКУУЧУЛАРГА АДЕПТИК ТАРБИЯ БЕРҮҮГӨ ДАЯРДОО

13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы



Педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук

даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын

АВТОРЕФЕРАТЫ

Бишкек -2013



ИЗИЛДӨӨНҮН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Изилдөөнүн актуалдуулугу. Изилдөөнүн актуалдуулугу коомду рухий-адептик жактан түптөөдөгү социалдык талапка негизделген. Бүгүнкү күндөгү ааламдашуунун жана интернеттештирүүнүн кезеңинде билим берүү жараянын жаңылоо, кыргыз элинин улуттук көрөңгөлөрүн, рухий-адептик баалуулуктарын көтөрүп чыгуу жана аларды кийинки муундарга жеткирүү милдеттери да алдыга коюлду. Адептик тарбия берүү каражаттарынын ичинен элдик оозеки чыгармалар өзгөчө орунду ээлейт. Элдик оозеки чыгармалар өткөн менен бүгүнкүнүн, улуттук өзгөчөлүк менен азыркы жалпы адамзаттык баалуулуктардын, мектеп менен турмуштун байланышын тереңдетүүгө жана окуучулардын маданий деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Элдик оозеки чыгармаларды кабыл алуунун, анын адептик-этикалык маңызына өз алдынча сынчыл ой жүгүртүүнүн маанилүү мезгили катары “өспүрүм” курак деп белгиленген V-VII класс окуучулары эсептелет. V-VII класс окуучулары көркөм, чыгармачыл ишмердүүлүккө салыштырмалуу эркин жана эмоционалдуу мамиледе болушат.. Бул курак рухий-адептик жактан өзүн-өзү өнүктүрүүнүн өтө ыңгайлуу мезгили. Ошондуктан, элдик оозеки чыгармаларды V-VII класс окуучуларына адептик тарбия берүүнүн каражаты жана булагы катарында колдонуу зарылдыктары бул ишмердикке болочок мугалимдерди атайын даярдоо проблемасын актуалдаштырат. Анткени элибиздин оозеки чыгармаларда кылымдап топтоп келген жалпы адамзаттык мааниге ээ руханий-адептик дөөлөттөрүн сактап соңку муундардын энчисине айландыруу мугалимдин этнопедагогикалык компетенттүүлүгүнө көз каранды.

Бүгүнкү күндөгү тарбиялоодо элдик оозеки чыгармаларды натыйжалуу пайдалануу проблемасы педагогика илиминде жана мектеп турмушунда кеңири практикаланууда.

Тарбиялоонун этникалык аспектилерин өздөштүрүүнүн негизинде улуттук мектептерди түзүү идеяларын алгач көрүнүктүү педагогдордун (Я.А.Коменский, К.Д.Ушинский, А.С.Макаренко, В.А.Сухомлинский ж.б.) эмгектеринде чагылдырылган. Соңку жылдары аталган проблеманын методологиялык, теориялык негиздери А.Алимбеков, Г.Н.Волков, В.А.Николаев, М.Г.Харитоновдун ж.б. эмгектеринде өнүктүрүлгөн.

Мектептеги окуу-тарбия жумуштарын уюштурууда болочок мугалимдерди кыргыз элдик оозеки чыгармаларын колдонууга этнопедагогикалык жактан даярдоо маселесинин айрым конкреттүү аспектилери А.Алимбеков, А.Аттокуров, Н.Дуйшеева, Б.Муратбаев, Ж.Сулайманкулова, Н.Шадиев сыяктуу окумуштуулардын кандидаттык диссертацияларында чагылдырылган: кенже мектеп окуучуларын эстетикалык тарбиялоодо элдик педагогиканын прогрессивдүү традицияларын колдонууга студенттердин даярдыгын калыптандыруу (Алимбеков А.); кенже мектеп окуучуларын тарбиялоодо элдик оюндарды колдонууга студенттерди даярдоо (Аттокуров А.); жалпы билим берүүчү мектептердин окуу-тарбия процессинде элдик педагогиканын прогрессивдүү традицияларын колдонууга студенттерди даярдоо (Дуйшеева Н.К.); кенже мектеп окуучуларын эмгекке тарбиялоодо этнопедагогикалык каражаттарды колдонууга студенттерди даярдоо (Муратбаев Б.Б.); ЖОЖдо башталгыч класстын мугалимдерин окуучуларга адептик тарбия берүүгө этнопедагогикалык даярдыгын калыптандыруунун педагогикалык негиздери (Ж.Сулайманкулова); студенттерди кенже класс окуучуларын кыргыз музыкалык фольклорунун каражаттары аркылуу нравалык-эстетикалык жактан тарбиялоого даярдыгын камсыз кылуучу педагогикалык шарттардын теориялык негиздемеси жана практикалык иш чаралары (Н.Шадиев).

Тилекке каршы, жогоруда аталган авторлордун эмгектеринде болочок мугалимдерди элдик оозеки чыгармалардын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик даярдоо маселеси атайын иликтөөгө алынган эмес. Талдоолор көрсөткөндөй, болочок мугалимдерди бул ишке даярдоого багытталган ЖОЖдордун окутуучуларынын кесиптик даярдыгы да айтарлык деңгээлден алыс. Алар кесиптик-педагогикалык билим берүүнүн мазмунун элдик оозеки чыгармалардын негизинде өркүндөтүүгө жеткилең маани беришпейт. Ошондой эле бул маселени чечүүнүн илимий-педагогикалык негиздери тууралуу илимий билимдердин иштелип чыкпагандыгынан улам проблеманы чечүүгө жасалган аракеттеринен да күтүлгөндөй майнап чыкпай келет.

Ошентип, болочок мугалимдерди элдик оозеки чыгармалардын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик даярдоо процессин өркүндөтүү зарылдыгы жана аны камсыз кылуу үчүн илимий билимдердин жетишсиздиги изилдөөнүн проблемалуулугун аныктап, төмөндөгү маселени чечүүнү шарттады: болочок мугалимдерди элдик оозеки чыгармалардын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик жактан даярдоонун психологиялык-педагогикалык шарттары кандай? Проблеманын илимий-методикалык жактан жетиштүү деңгээлде үйрөнүлүп, иштелип чыкпагандыгы жана аны чечүүнүн практикалык маанилүүлүгү – теманы “Болочок мугалимдерди элдик оозеки чыгармалардын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүүгө даярдоо” деп атоого негиз болду.





Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет