100 105 110 115 120 125 130 140 145 буюмга жарактуу материалды көргөндө
ышкысы тынчытпагандар да ара-чолодо,
колу бошто, ошол буюм-кече керек
болуп калганда гана кармоолору адатка
айланууда. Мындай тийди-качтылыктын
акыры элдик өнөрдүн беделине шек
келтирери анык.
Көркөм кол өнөрчүлүктүн сырларын
таасын билген уздар менен усталардын
катары барган сайын суюлууда.
Кезегинде калың элдин дүңүндө турган
кереметтүү усталардын көпчүлүгүнүн
бүгүн өздөрүнө тең келер, оозго алар,
көзгө толумдуу шакирттеринин жоктугу
өкүндүрбөй койбойт. Ал түгүл айрым уз-
усталардын аты-жөнү, aлap кармаган
буюмдар орду-түбү менен жоголуп,
кээлери таптакыр унутулуп кетти.
Анан калса акыркы жылдары кол
өнөрчүлөрдүн буюмдары бүткөн көркөм
чыгарма катары каралбастан, улуттук
маданий дөөлөт катары бааланбастан,
көбүнчө тек гана кооз товар катары
бааланууда. Мына ушундай улуттук
уңгулуу өнөр ээлерин издеп табууда,
улуттук
маданиятыбыздын асыл мурастарын
жыйноодо жана изилдөөдө Акматалиев
Амантур Сейтаалы уулу атан төөдөй
эмгек сиңирген. Мурдагы изилдөөчүлөр
илимий таанып-билүүчүлүккө көбүрөөк
басым жасашса, А. Акматалиев негизинен
ар өнөрдүн практикалык жагына
ык койгон. Ал кыргыз кол өнөрүн
түркүмдөргө бөлүп, ар бир түрүнүн
айырмачылыктарын, ич ара катыштарын,
уз-усталардын буюм-тайымдарды
кармоодогу бири-биринен айырмаланган
бөтөнчөлүктөрүн биринчи ирет ырааттуу
изилдеген. Жүздөгөн кол өнөрчүлөрдүн
ар биринин жекече узануу, уздануу
ыкмаларын иликтеген. Салттуу
буюмдарды жасоо ыкмаларын майда
баратына чейин тактаган, бүгүнкү шартка
жараша аларды колдонуу, жасалгалоо
жагдайына айрыкча назар таштаган. Ал
кол өнөрчүлүктөгү ар өнөрдү
салаалантып чечмелөө менен гана