КЫРГЫЗ ТИЛИ
228
45
50
55
60
65
70
75
80
85
90
ар бир баладан: «Кана, жети атаңды айт!»
деп катуу талап менен сурашаар эле. Элдин
акыл-эс мурасы да, муундардын
байланышы да мына ушуга негизделген.
«Ата-тегин билбесе, ата-бала бирин-бири
сыйлабай калат», – дешчү карылар.
Бул жөнөкөй элдик философияны мен
бала кезде уккан шекерлик абышкалардын
насаат сөздөрүнөн алгамын. Мен –
шекер-
ликмин, ошон үчүн бул жакшы кааданы
алигиче урматтаймын. Менин атам–
Төрөкул, Төрөкулдун атасы – Айтмат.
Айтматтын атасы – Кимбилди,
Кимбилдинин атасы – Кончужок …
Мындай карасаң – бул жөн гана адам
ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси
чоң. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам
мен алардын ар биринин ысымдарын
жүрөгүмдүн
тереңинде ызааттайм жана
сыймыктанамын. Бул өзүбүздөн мурда
жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын
кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди –
кийинки муундарды милдеттендирет.
Ошону менен бирге биз Манас-Ата деп
аталган улуу тоону терең урматтайбыз.
Эртең менен Манас тоонун көлөкөсү
Шекердин өңүрүнө жетип турат. Мына
ушунун өзү ар бир адамга тириликтин
түбөлүктүүлүгүнүн элесин, дүйнө өз
ордунда экен деген кебелбес канааттануу
сезимин берет.
Талас кырка тоолорунун
мына ушул бийик чокусунан бабабыз
Манас өз жеринин кыйырларына дүрбү
салып, кайсы жактан душман көрүнөт деп,
изин чалып турчу экен. Айымкан чоң
энем менен чоң эжем Карагыз-апа мага
ушинтип айтышар эле. Бул экөө – энеси
жана кызы – бири-бирине абдан окшош,
жүздөрү жылдыздуу жана акылдуу, ыр,
жомок, уламыш жана ылакап сөздөрдү
көп билишкен,
менин эң жакын
насаатчыларым эле.
Чоң атам Айтматты мен көрбөй калдым.
Айылдын чет-жакасында, Күркүрөө дарыя-
сынын бир бурумундагы жантаймада жерге
кыйла бата түшкөн эски тегирмендин
ташы жатат. Мына ушул жерде
чоң атамдын тегирмени болгон экен.
Достарыңызбен бөлісу: