95 100 105 110 115 120 125 130 135 Жакырчылыктан кутулуу үчүн аны бир
тууганы Биримкул экөө көп кыйынчылык-
тар менен тургузушуптур. Тилекке каршы,
анысы биринчи эле жылдын
жайында өрттөнүп кетет. Бирок «жаман
болбой, жакшы жок» деген кеп бар
эмеспи. Бул кырсык чоң атамды такыр
алдан тайдырат, ошондо ал темир жол
курулушунда иштөөгө жөнөйт. Өзү менен
кошо менин атам Төрөкулду – ал
кездеги жаш өспүрүмдү ээрчите кетет.
Мына ушул окуя менин атамдын андан
аркы тагдырына себепкер болот. Ушундан
барып ал шаарга, окууга кирет. Азыр мен
тоону кесип өткөн жол менен Маймак
станциясына баратып, аталарыбыздын
өздөрү билбей туруп, ушул аскаларды
уратып жол куруу менен бизди – кийинки
муундарды чоң дүйнөгө алып чыкчу
улуу жолду курушканын толкундануу
менен ойлойм. Мен атам Төрөкулду
көп эстейм. Азыр мен атамдан бир топ
улуумун, жашы боюнча ал азыр уулум
менен барабар.
Атамдын эжеси Карагыздын сокмо
дубалдан тургузулган үйү ушу кезге чейин
сакталып турат. Бул үйдө кыйла мезгилдер-
ден бери эч ким жашабайт. Бирок бир
кезде биз: апам жана анын төрт баласы,
ушул үйдө тирилик кечирчүбүз. Башыбызга
кыйын күндөр түшкөндө апам ошол
жепирейген үйдөн: «Карагылачы, биздин
тоолор кандай керемет! Ушулардын
баары биздин тоолор эмеспи!» деп,
Манас-Ата тарапты жаңсап көрсөтөр
эле… Шекерге жакындаарда ар качан
жүрөк толкуйт. Чиркин, ак мөңгүсү
асмандын көгүнө чагылышып Манас-Ата
алда кайдан көрүнөт! Чокусу кылтыйып
көрүнгөндөн ошол мөңгүлөргө көз чапты-
рам, өзүмчө ойго батам. Тигилип турсаң
мезгилдин агымы токтоп калгансыйт.
Кечеги кайсы, бүгүнкү кайсы – унутулат.
Арада эчтеме деле болбогондой, эчтеме
деле өзгөрбөгөндөй, бу дүйнө мындан он,
жыйырма, а балким жүз, миң жыл илгери
кандай болсо, ошо бойдон эле тургандай
сезилет. Манас-Ата турат калыбынан