Кыргыз республикасынын



Pdf көрінісі
бет12/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   25
өзгөчөлүктөргө да ээ. Мисалы, ымдоо-жаңсоо белгилеринде улуттук каада-салт
үрп-адаттык көрүнүштөрдүн, улуттук психологиянын, улуттук аң-сезимдин, улуттук 
дүйнө таанымдын, көзкараштын чагылышы, ымдоо-жаңсоону колдонгон адамдын 
курактык, жыныстык, социалдык, физиологиялык ал-абалы, темпераменти, айтуучу 
менен угуучунун жеке адамдык факторлору (мамилеси, антипатия, симпатиясы) 
болот. Демек, биз колдонгон ымдоо-жаңсоолор жогоруда саналып өткөн 
өзгөчөлүктөрдү камтып турат. Ошентип, сүйлөшүү учурунда колдонулган ымдоо-
жаңсоолордун табиятын, анын эң бир негизги, урунттуу белгилерин аныктоодо 
жогорудагы белгилерди эске алуу зарыл деп эсептейбиз.  
Кинесиканын курамына: 
1) адам жүзүндөгү түрдүү өзгөрүүлөр;
2) денедеги кыймыл-жаңсоолор;
3) тулку-бойдун ал-абалын билдирген кыймыл-аракеттер кирет. 
Адам жүзүндөгү түрдүү өзгөрүүлөргө төмөндөгүдөй кыймыл-аракеттер кирет.
Көз: «көзүн кысуу», «көзүн алаңдатуу», «көзүн жумуу», «көзүнүн төбөсү менен 
кароо», «көзүнүн кыйыгы менен кароо», «көзүн чакырайтуу», «көзүн ирмегилөө», 
«көзүн сүзүү», «көзүн кылгыртуу» ж.б. 
Каш: «кашын көтөрүү», «каш кагуу» ж.б. 
Эрин: «эрин түйрүү», «эрин чормойтуу», «эрдин тиштөө» ж.б. 
Мурун: «мурдун чүйрүү», «мурдун көтөрүү» ж.б. 
Тил: «тилин тиштөө», «тилин чыгаруу», ж.б.
Тиш: «тишин кычыратуу», «тиштенүү» ж.б.
Денедеги кыймыл-жаңсоолорго «колун жаңсоо», «муштумун көрсөтүү», 
«колун булгалоо», «баш ийкөө», «баш чайкоо», «кол шилтөө», «сөөмөй кезөө» ж.б. 
тулку-бойдун ар түрдүү ал-абалы, кыймыл-жаңсоолору кирет. 
Өзара сүйлөшүү мезгилинде пикир алышуучулардын бири-бирине жакын же 
алыс турушунун да мааниси зор. Э.Холл ар бир адамга сүйлөшүү учурунда 
аралыктарды алыс же жакын колдонуу муктаждыгы пайда болот жана алар адамга 
өз таасирин тийгизбей койбойт дейт. Адамдардын түрдүү аралыктарда сүйлөшүшүн 
жана сүйлөшүүдөгү орун аралыкты проксемика (лат. ближайший, т.е. дистанция 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет