11
чечмелөөдө төмөндөгү жагдай-шарттар, эрежелер эске алынууга тийиш деп
эсептейбиз. Аларга: 1) сүйлөшүүнүн жагдай-шартына, контекстине карата; 2)
ымдоо-жаңсоонун аткарылыш ылдамдыгына; 3) кадимки дене-кыймылдан ымдоо-
жаңсоону айырмалоо жагдайына; 4) ымдоо-жаңсоону аткарган адамдын
психологиялык; 5) улуттук жана 6) биофизиологиялык өзгөчөлүктөрүнө
байланыштуу жагдайлар кирет.
Себеби айрым ымдоо-жаңсоо белгилери сүйлөшүүнүн кырдаал-шартына,
жагдайына, максатына карата ар түрдүү мааниде колдонула берет. Маселен,
«баш
ийкөө» кыймыл-жаңсоосу төмөндөгүдөй мааниде колдонулат: а) макул болуу; б)
колдоп-кубаттоо; в) кунт коюп угуу; г) шылдыңдоо; ал эми «көзүн жерден албоо»
белгиси: а) тартынуу; б) уялуу; в) коркуу. Андыктан ымдоо-жаңсоо белгилеринин
мааниси эң биринчи текст тутумуна, сүйлөшүүдөгү контекстке карата чечмеленет.
Сүйлөшүү учурунда ымдоо-жаңсоону туура эмес чечмелөө кыймыл-аракеттин
аткарылыш ылдамдыгына, мүнөзүнө да байланыштуу болот. Мисалы,
сөөмөй тике,
кыйгач, жантайыңкы жана ары-бери кыймылдашына карата да түрдүү маанини
туюндура алат. Эгерде, сөөмөй адамга тике багытталса - бул агрессия; өйдө көтөрсө
- акыл айтуу, эскертүү; ары-бери кыймылдаса - кек сактоо, коркутуу, ачуулануу
сезимдерин туюндурат.
Өзара сүйлөшүү учурунда туура эмес чечмелөө ымдоо-жаңсоо белгилерин
физиологиялык кыймыл-аракеттер менен чаташтыруудан келип чыгат. Алсак,
Достарыңызбен бөлісу: