Кыргыз республикасынын


Диссертациянын коргоого коюлуучу негизги жоболору



Pdf көрінісі
бет6/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
Диссертациянын коргоого коюлуучу негизги жоболору: 
- кыргыздардын сүйлөшүүсүндө колдонулган вербалдык эмес каражаттар тилдик 
каражаттар сыяктуу эле сүйлөшүүнүн, коммуникациянын негизги куралы болуп
сүйлөшүүдө информация туюндуруу, эмоцияны билдирүү өзгөчөлүктөрүнө ээ; 
- кыргыздардын сүйлөшүүсүндө колдонулган вербалдык эмес каражаттар бир 
нече (фонация, кинесика, проксемика) түрлөргө бөлүнөт; 
- ымдоо-жаңсоо белгилери жалпы, улуттук, жеке өзгөчөлүктөрүнө, б.а., ымдоо-
жаңсоону 
колдонгон 
адамдын 
жынысына, 
жаш-курагына, 
социалдык, 
физиологиялык ал-абалына, мүнөзүнө, маданиятына, айтуучу менен угуучунун жеке 
адамдык факторлоруна байланышта болот; 
- ымдоо-жаңсоо белгилери сүйлөшүү учурунда маалымат туюндуруу 
өзгөчөлүгүнө, колдонулган чөйрөсүнө, соматикалык белгисине, тарыхый-


6
семантикалык жана пикир алышуучулардын жынысына, жаш-курагына карата 
бөлүштүрүлөт.
Изденүүчүнүн жеке салымы. Бул диссертация автордун топтогон мате-
риалдарынын негизинде жеке өзү гана жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасы болуп 
саналат. 
Иштин апробацияланышы. Иштин негизги жоболору Ош мамлекеттик 
университетинде «Мамлекеттик тилдин окутулушу жана изилдениши» (2001), 
Робиндранат Тагордун 140 жылдыгына арналган «Индия и Кыргызстан: 
Взаимодействие цивилизаций» (2001), Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук 
университетинде Б.Алымовдун 70 жылдыгына арналган «Кыргыз мамлекеттүүлүгү 
жана улуттук филологиянын проблемалары» (2003) аттуу илимий, илимий-
практикалык конференцияларда, Түндүк Кипрдеги Гирне-Америка университетинде 
байыркы түрк тили жана маданиятына арналган “Türk Dil ve Kültürünün en Eski 
Dönemleri – Tarihi Gelişme Çizgisi - Kıbrısa Ulaşması – Bugünkü Durumu Uluslar Arası 
Bilgi Şoleni’ (2005) деген темадагы эларалык симпозиумда докладдар жасалган. 
Диссертация 2005 - жылдын 19 - октябрында Тил илими институтунда 
талкууланган. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет