каражатына өзара сүйлөшүү учурунда мааниге ээ болгон, информация туюндура алган кыймыл-жаңсоолорду, үндүн түрдүү угумдарын, жүрүм-турум өзгөчөлүктөрүн гана киргизген көзкарашты колдогондор тарабында ушул
изилдөөнү жүргүздүк. Демек, паралингвистика илими сүйлөшүүдөгү ымдоо-
жаңсоо, тулку-бойдун ал-абалы, үн угумдары сыяктуу вербалдык эмес
каражаттарды изилдейт.
Паралингвистика илиминин өз алдынча илим катары изилдениш зарылдыгын
алгачкылардан болуп Ш.Балли, Е.Д.Поливанов, А.В.Накашидзе, Г.Колшанский сыяктуу
окумуштуулар далилдешкен. Бул окумуштуулар вербалдык негиздеги сүйлөшүүнү коштоп, ага
кошумча көрк берүүдө сезим туюндуруу жөндөмүнө ээ болгон ымдоо-жаңсоолорду, тулку-
бойдун ал-абалын, жүрүм-турум бөтөнчөлүктөрүн, үндөгү басым, тыным, ар кыл үн
угумдарын, алардын сүйлөшүүдөгү маанисин, түзүлүшүн изилдөөнүн актуалдуулугун баса
белгилешет.
Биринчи бөлүмдүн экинчи параграфыфонация жана анын бирдиктерин
иликтөөгө арналат. Өзара сүйлөшүү учурунда үндүн түрдүү угумдары, үн
ыргактары, басымы, тынымы сүйлөшүүнүн маани-маңызын күчөтөт, сезим-туюм
жандуулугун арттырат. Үндөгү мындай кубулуштар адамдын жаш-курагына,
жынысына, мүнөзүнө, маанайына, социалдык абалына, тарбиясына, кесибине,
психологиялык өзгөчөлүгүнө карата өзгөрүүгө дуушар болот. Ошол себептен, үн
угумдарынын сүйлөшүүдөгү маанисин, кызматын жана колдонулушун жогорудагы
өзгөчөлүктөрдүн негизинде чечмелөө зарыл. Е.Г.Крейдлин үндүн түрдүү угумдары
тууралуу сөз болгондо, фонациянын курамына үндүн ыргагы, тынымы, басымы жана адамдын өң-түсүнүн кызаруу, кубаруу, бозоруу, көгөрүү кубулуштарын киргизет. Диссертациялык изилдөөнүн натыйжалары да жогорку
пикирдин тууралыгын ырастоодо. Себеби сүйлөшүү учурунда адамдын өң-түсүнүн
өзгөрүшү бул бир гана физиологиялык кубулуш эмес, ал белгилүү бир маалымат
берүүчү кошумча паралингвистикалык, психологиялык каражат катары эсептелиши
максатка ылайык. Бирок, адамдын өң-түсүнүн ар түрдүү өзгөрүшү адамдын дене-
мүчөсү менен байланышкан белгилерден болгондуктан, бул кубулуштар
кинесиканын да изилдөө обьектиси катары каралды.
Фонациянын курамы төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
1) сүйлөшүү учурундагы басым, тыным, үндүн ылдамдыгы, бийиктиги, тактыгы,
унчукпоо сыяктуу кубулуштар;
8
2) сүйлөшүүдөгү «күлкү», «ый», «улутунуу», «жөтөлүү», «онтоо», «үшкүрүнүү»,
«шыпшынуу», «таңдайын такылдатуу», «түкүрүнүү» сыяктуу үн угумдары.
Биринчи бөлүмдүн үчүнчү параграфы «Кинесика жана кинеcикалык