Кыргыз республикасынын


Изилдөөнүн методологиялык негиздери жана методдору



Pdf көрінісі
бет5/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
Изилдөөнүн методологиялык негиздери жана методдоруИлимий изилдөөдө 
вербалдык эмес семиотика жана паралингвистика илиминин түптөлүшүнө негиз 
салган орус, батыш, тектеш түрк элдеринин жана кыргыз тилчи-окумуштууларынын 
паралингвистикага тике жана кыйыр түрдө арналган эмгектериндеги теориялык 
жоболор, илимий тыянактар методологиялык негиз катары пайдаланылды. 
Кыргыз элинин улуттук жүрүм-турум эрежелерин аныктоо үчүн орус, батыш 
жана тектеш түрк элдеринин ымдоо-жаңсоо белгилери менен өзара салыштырууда, 
архаизм, неологизм ымдоо-жаңсоо белгилерин талдоодо тарыхый-салыштырма, 
сыпаттама, типологиялык методдор колдонулду. Ымдоо-жаңсоо белгилеринин ар 
түрдүү өзгөчөлүктөрүн чечмелөөдө функционалдык анализ, бул белгилердин 
көркөм чыгармада колдонулуш өзгөчөлүктөрүн тактоодо семантикалык, 
стилистикалык, статистикалык анализ ыкмалары колдонулду. 
Иштин практикалык жана теориялык мааниси. Диссертациянын 
материалдарын жогорку окуу жайларынын филология, тарых, этнография
этнология, социология, психология, саясат таануу, маданият таануу адистиктеринде 
окуган студенттерге өтүлчү «Текст таануу», «Вербалдык эмес семиотика», 
«Чечендик өнөр», «Политология», «Этнография», «Этнолингвистика», «Сүйлөшүү 
маданияты» сыяктуу ж.б. сабактарда пайдаланууга, кыргыз тилин чет элдиктерге, 
жалпы эле, кыргызчаны үйрөнүүнү каалагандарга окутууда колдонууга болот. 
Кыргыз тилинин ымдоо-жаңсоо каражаттарын мамлекеттик кызматкерлер
саясатчылар, элчилик кызматты аркалагандар, ишкерлердин окуп, үйрөнүүсү да 
зарылдык. Булардан тышкары жогорку окуу жайларында, мектептин жогорку класс 
окуучуларына да атайын курс, факультативдик сабак катары окутууга болот. 
Ошондой эле кыргыз элинин улуттук жүрүм-турум өзгөчөлүгүн, каада-салтын эл 
колдонгон ымдоо-жаңсоо белгилери аркылуу аныктоодо бул диссертациялык иштин 
материалдары чоң көмөк көрсөтө алат. Эмгек сүйлөшүүнү лингвистикалык, 
коммуникативдик жана жалпы филологиялык аспектиде иликтөөгө алуучулар үчүн 
таяныч материал да боло алат. Диссертациянын материалдарын кыргыз тилинин 
теориялык жоболорун жаңы тармактардын табылгалары менен толуктоодо, кыргыз 
тилинин байланыш, коммуникативдик системасын тереңирээк түшүнүүдө жана 
кыргыз тили боюнча жазылган окуу китептерин, окуу куралдарын, ар түрдүү 
максаттагы сөздүктөрдү түзүүдө да кеңири колдонууга жарайт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет