Кыргыз республикасынын


аткаруу талап кылынат.  Изилдөөнүн объектиси



Pdf көрінісі
бет4/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
аткаруу талап кылынат. 
Изилдөөнүн объектиси катары табияты ар тараптан изилдене элек 
кыргыздардын сүйлөшүүсүндөгү вербалдык эмес каражаттардын башкы өзөгүн 
түзгөн ымдоо-жаңсоолор, тулку-бойдун ал-абалы, адам жүзүндөгү түрдүү 
өзгөрүүлөр, үндүн ар түрдүү угумдары каралды.
Изилдөөдө илимий булак катары вербалдык эмес каражаттардын негизги бөлүктөрү 
болгон кинесикага, проксемикага, фонацияга арналган лингвистикалык илимий адабияттар
макалалар, авторефераттар, диссертациялар, сөздүктөр, энциклопедиялар пайдаланылды. 
Илимий талдоого автор 1997-2006-жылдар ичинде топтогон кыргыз тилиндеги 200дөн ашык 
ымдоо-жаңсоо белгилери, сөз каражаттары, үн угумдары алынды. Мисалдар азыркы кыргыз 
адабиятынын чебер өкүлдөрүнүн прозалык чыгармаларынан, жергиликтүү гезит, 
журналдардан, видеотасмалардан, эл оозунан жыйналган маалыматтардан чогултулуп, далил 
катары колдонулду.
Ымдоо-жаңсоо белгилеринин улуттук бөтөнчөлүктөрүн аныктоо үчүн өзара 
салыштыруулар жүргүзүлдү. Ошол себептен, бул диссертациялык эмгекте тектеш 
түрк жана башка чет элдеринин ымдоо-жаңсоо белгилери да пайдаланылды.
Изилдөөнүн илимий жаңылыгы. Диссертацияда кыргыз тил илиминде 
биринчи жолу табигый тилге кошумча байланыш каражаты катары колдонулган
кыргыздар миңдеген жылдар калыптандырган, алардын сүйлөшүүсүндө өзгөчө 
коммуникативдик маани жарата алган вербалдык эмес каражаттар атайын 
монографиялык изилдөөгө алынды. Натыйжада, кыргыздардын сүйлөшүүсүндө 
дайыма колдонулган ымдоо-жаңсоо белгилери, тулку-бойдун ар кыл ал-абалы, ар 
түрдүү үн ыргактары, алардын сүйлөшүүдө пайдаланылышы, информация 
туюндуруу жолдору, ыктары, табият-маңызы жана колдонулуш жагдай-шарттары 
аныкталды. Ошондой эле ымдоо-жаңсоолор, башка тилдик эмес элементтер кыргыз 
тилинин башка каражаттарындай эле коммуникативдик мааниге ээ экендиги илимий 


5
негизде далилденип, бул каражаттар кыргыз тил илиминде автор тарабынан 
биринчи ирет системага келтирилди.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет