Кыргыз республикасынын


Диссертациянын негизги мазмуну



Pdf көрінісі
бет7/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   25
Диссертациянын негизги мазмуну 2 монография, 1 сөздүк, 10 илимий макала 
жана 1 тезис катары жарыяланды. Бир макала Москвада («Московский 
лингвистический журнал»), 1 тезис Түндүк Кипрде жарык көрдү. 
Иштин түзүлүшү. Диссертация киришүүдөн, эки бөлүмдөн, корутундудан жана 
пайдаланылган илимий-теориялык адабияттардын тизмесинен турат. Иштин жалпы 
көлөмү - 179 бет, диссертациялык изилдөө - 168 бет, колдонулган адабияттар - 11 
бет. Колдонулган адабияттар 123 эмгекти камтыйт, булардын тогузу англис 
тилинде, калгандары кыргыз, орус, башка түрк тилдеринде жазылган. 
 
 
Диссертациянын негизги мазмуну 
«Киришүүдө» тандалып алынган теманын актуалдуулугу, изилдөөнүн максаты, 
милдеттери, илимий жаңылыгы, теориялык жана практикалык мааниси, иштин 
апробацияланышы ж.б. маселелер каралган. 
Иштин биринчи бөлүмү вербалдык эмес каражаттардын тил илиминде 
изилденишин 
талдоого 
арналган. 
Бул 
бөлүмдүн 
биринчи 
параграфы 
«Паралингвистика илимининин жаралуу жана калыптануусу» деп аталат да, 
мында паралингвистика илимининин тил илиминде изилдениш тарыхынан 
маалымат берилет. 
Сүйлөшүү вербалдык жана вербалдык эмес (тилдик эмес каражаттар: морзе 
тили, дудук-дүлөйлөрдүн жаңсоо тили, жол эрежелери, ымдоо-жаңсоолор, үндүн 
түрдүү угумдары, ар кыл белгилер ж.б.) негизде болот. Вербалдык эмес 
сүйлөшүүнүн башкы өзөгүн түзгөн анын негизги үч бөлүгүн - кинесиканы (ымдоо-
жаңсоолор, тулку-бойдун ар түрдүү ал-абалы), фонацияны (үндөгү түрдүү угумдар, 
басым, тыным, унчукпоо сыяктуу кубулуштар), проксемиканы (пикир 
алышуучулардын аралыкка болгон мамилеси) паралингвистика илими изилдейт. 
Паралингвистика (лат. para - кошумча, жардамчы, жакын) кыргыз тил илиминде 
жаңыдан гана иликтенип келе жаткан тармактардын бири болгондуктан, бул илим 


7
кандай вербалдык эмес каражаттарды изилдейт, деги эле, вербалдык эмес 
каражаттар деген эмне жана алардын курамына кандай белгилер кирет ж.б.у.с. 
маселелер ушул бөлүмдө каралды.
Бул илимдин курамдык түзүлүшүн аныктоо - паралингвистикадагы талаш 
маселелердин бири болуп саналат. Аталган маселе боюнча жалпы тил илиминде эки 
карама-каршы көзкараш өкүм сүрүп келүүдө. Биринчи көзкараштагылар 
(Т.М.Николаева, Б.А.Успенский) паралингвистиканы кең жана тар мааниде 
түшүнүүгө болот деп эсептешет да, анын курамына бүтүндөй вербалдык эмес 
семиотикалык белгилерди киргизишет. Ал эми экинчи көзкараштагылар 
(Г.В.Колшанский, Е.Я.Кедрова, Т.Т.Железанова, Г.Е.Крейдлин, М.Саидханов) 
паралингвистика илиминин изилдөө объектиси катары ар кыл үн угумдарын, басым, 
тыным, унчукпоо кубулуштарын, ымдоо-жаңсоо белгилерин, тулку-бойдун ал-
абалын гана киргизишет. Биз бул маселени териштирүүдө паралингвистиканын 


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет