Кыргыз республикасынын


изилдөөлөр» деп аталат. Тил илиминде ымдоо-жаңсоо белгилеринин сүйлөшүүдөгү кызматын иликтеген  багыт «кинесика»



Pdf көрінісі
бет9/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   25
изилдөөлөр» деп аталат.
Тил илиминде ымдоо-жаңсоо белгилеринин сүйлөшүүдөгү кызматын иликтеген 
багыт «кинесика» деген термин менен белгилүү. Кинесика - (англ. kinesis - 
кыймыл-аракет) ымдоо-жаңсоо, тулку-бойдун ар түрдүү ал-абалынын сүйлөшүүдөгү 
маанисин изилдейт.
Ымдоо-жаңсоо белгилерине болгон кызыгуу, эң оболу, окумуштуулардын 
сүйлөшүүнүн семантикалык маанисине, маданий өзгөчөлүгүнө, психологиялык 
табиятына кызыгуудан улам башталган. Аталган багыттагы алгачкы иликтөөлөр 
Андреа де Жорио, Джон Каспер Лаватер, Чарльз Белл, Онере де Бальзак, Ч.Дарвинге 
таандык. Кинесика вербалдык эмес каражаттардын эң башкы ядросун түзүп 
турса да, бул кубулушту изилдегендерде карама-каршы көзкараштардын бар 
экендиги байкалат. Т.Николаев, М.Мосс кинесика илимин кең мааниде карап, анын 
курамына ымдоо-жаңсоо кыймылдарынан сырткары мааниге ээ болбогон, белгисиз 
кыймыл-аракеттерди да кошо киргизет. Кинесика илимин мындай кең мааниде 
кароо туура эмес көзкарашты пайда кылат. Кинесиканын курамына сүйлөшүү 
учурунда мааниге ээ болгон, кандайдыр бир информация туюндура алган 
ымдоо-жаңсоолорду, тулку-бойдун ал-абалын гана киргизүүгө болот. 
Тескерисинче, кинесиканын изилдөө обьектисине төмөндөгү кыймыл-жаңсоолор: 
дудук-дүлөйлөрдүн кыймыл-аракет тили, кээ бир ритуалдык белгилер, айрым 
кесиптик 
кыймыл-жаңсоолор, 
сүйлөшүүдө 
маалымат 
туюндура 
албаган 
физиологиялык дене кыймылдары кирбейт. Ошондуктан, алгач сүйлөшүү учурунда 
колдонулган ымдоо-жаңсоолордун негизги белгилерин, өзгөчөлүктөрүн, табиятын 
аныктап алуу зарыл. 
Ымдоо-жаңсоо белгилеринин эң негизги урунттуу белгилери төмөндөгүлөр: 
1. Кандай гана ымдоо-жаңсоо болбосун, анда, сөзсүз бир информация 
туюндурулат. Себеби ымдоо-жаңсоонун эң негизги жана аны белгисиз 
кыймылдардан айырмалап турган өзгөчөлүгү - анын информация туюндура 
алгандыгында. Андыктан ымдоо-жаңсоо белгилери сүйлөшүү учурунда сезим 
туюндуруу, информация алмашуу жөндөмүнө ээ болуш керек. К.И.Формановская 
белгилегендей, накта физиологиялык, анан коммуникативдик кыймылдар бар
1

Эгерде уюган далысын жазуу максатында кучагын жайса, бул физиологиялык гана 
кыймыл-аракет болуп саналат. Ал эми адам кимдир бирөөнү сагынгандан «кучагын 
жаюу» кыймылын аткарса, бул кыймыл-аракетте ички сезимди туюндурган 
информация берилгендиктен, аны ымдоо-жаңсоо белгилери деп атоого болот. Ошол 
себептен адамдын ар бир табигый, физиологиялык кыймыл-аракети 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет