2012
- 101 -
Жакшы болсо катының, табыла берет акылың,
Куусаң да кетпейт жакының,
Жаман болсо катының, кете берет акылың,
Чакырсаң келбейт жакының.
Аялзат сөзүнүн синонимдик катарлары булар: аял, зайып, катын, жубан, ургаачы. Булардын
ичинен аял зат атооч сөзү кыргыз адабий тилинин функционалдык стилдеринин баарына таандык
болсо, зайып, катын, жубан, ургаачы аталыштары көбүнчө сүйлөшүү, көркөм стилдерине таандык
болуп эсептелет.
Ошондой эле, лексикалык (жакшы-жаман, дөөлөт-мээнет, ырыс-уруш, кор-зор, бир-миң
ж.б.), көбүнчө контексттик, логикалык (жакшы катын жаман эрди зор кылат, жаман катын
жакшы эрди кор кылат) антонимдер колдонулат. Мындагы лексикалык антонимдер
салыштырмалуу жана кыйыр антонимдер болуп эсептелет.
Сөз түркүмдөрүнөн аял сапатын мүнөздөгөн жакшы, жаман, мыкты, сергек ж.б. сапаттык
сын атоочтор жана аялсыз, зайыпсыз, эптүү, эпсиз ж.б. катыштык сын атоочтор колдонулат
5
.
Эл арасында ооздон-оозго өтүп, түбөлүктүү жашап калган жомоктордун арасында аялзатынын
акылмандыгын даңазалап келген жомоктордун саны арбын.
Кыргыз эл жомокторунан «Жээренче чечен менен Акыл Карачач», «Акыл Карачач жана
Каракан», «Акылдуу кыз», «Зар менен Мээр», «Жалкоо аял», «Жапалактын зайыбы» «Обозгердин
кызы», «Дыйкандын аялы», «Чечен келин» жана башкалардын негизги каармандары ─ аялдар
6
. Аял
каармандар баштарынан көп нерселерди өткөрүп, ар кандай кыйынчылыктарга чыдап, акыр аягында
баамчылдыгы, кеменгер акылы менен көздөгөн максатына жетип, бактылуу турмушта жашап
калышат. Жомоктордо аялдардын акылы, ойлоп тапкычтыгы менен кара күчтөрдү жеңип чыгуу,
аягында аларды сызга отургузуу, адилеттүү бийликке жетишүү сыяктуу элдин илгери үмүтү, учкул
кыялдары чагылдырылат. Андагы элдик идея - өздөрүнүн аял каармандарынын образы аркылуу
келин-кыздарды чыдамдуу болууга, алдына койгон максатына акыл-парасат менен жетүүгө үндөө.
Мисалы, кыргыз эл жомокторундагы башкы каарман аялдардын бири – Акыл Карачач.
Акыл Карачач жөнүндөгү жомоктор, негизинен, турмуштук жомокторго кирет да, көбүнчө
турмушта болгон гана окуялар көркөм жана апыртылып сүрөттөлөт. Анын негизги каармандары
Акыл Карачач жана жашоодо, элдик уламыштарда кезиккен акылман-ойчулдар, чечен, насаатчылар
– Жээренче чечен, Асан кайгы, Толубай сынчы, Алдар көсөө жана эл башкарган Жаныбек хан
сыяктуулар. Элдик уламыштар боюнча булар ХIV- ХV кылымдарда жашап өткөндөр. Бул жомокто
турмуштук жагдайдагы бай менен кедейдин ортосундагы социалдык карама-каршылыктар, Акыл
Карачачтын акылмандыгы даңазаланып, кем акылдар шылдыңга алынат. Келин издеп жүргөн
Жээренче чечендин топ кыздардын ичинен музоосун жетелеп, отун терип жүргөн Акыл Карачачтын
айлакерлигин, тапкычтыгын баамдоосу; Акыл Карачач келин болуп келгенден баштап Жээренче
чечендин ишинин оңолуусу; Акыл Карачачтын Жаныбек ханды сөзгө жыгуусу; эл менен Жаныбек
хандын ортосундагы күрөш; аягында Акыл Карачачтын акылы, тапкычтыгы менен элдин жеңишке
ээ болуусу сыяктуу окуялар баяндалат.
Ошондой эле, жомокто Акыл Карачачтын таамай жооптору, табышмактарды чечмелөөлөрү
аркылуу улуттук мүнөздөгү салыштыруулар, улуттук баамдоого байланышкан өтмө маанилердин
ченем-эталону, кыргыз элинин тарыхый-социалдык жашоо абалы, турмуш тиричилиги, көз карашы
ж.б.лар берилет.
Мисалы, Акыл Карачач: «Күч бербеген тулпардан сүтүн берген уй жакшы, чабал аттан
чарчабаган эшек жакшы, жаш жыгач отундан жаркырап күйгөн тезек жакшы, канаты жок туйгундан
канаттуу карга жакшы», - деп Жаныбек хандын табышмагынын жандырмагын чечет. Ал эми
Жээренче чечендин алыстан жөнөткөн табышмак кабарынын маанисин эл ичинен Акыл Карачач
гана төмөнкүдөй деп чечмелей алат: «Сокур кара текем бар эле, сакалынан байлап, көзүн оюп көлгө
салыңар дегени, Жаныбек ханды өлтүрүп, сакалын кыркып, көзүн оюп көлгө салгыла дегени. Тик
мүйүз кара эркечим бар, муну кой баштатып ала келгиле дегени, Жаныбектин бир тууган иниси
Бердибекти колго алып, калкка хан көтөрүп койгула дегени. Болор-болбос бычагым деп
5
«Кыргыз макал-ылакап, учкул сөздөрү» жыйнаган Мухамед Ибрагимов. –Кара-Балта, 2005, -500б.
Төлөмбай Жайнаков «Кыска жана нуска сөздөр» (Учкул сөздөрдүн жыйнагы), -Бишкек, 2001, -225б.
Койчуманов Жумаш Ыбырай уулу «Элдик педагогиканын берметтери» (Кыргыз макал-лакаптары
педагогикалык аспекте), -Бишкек, 1996, -130б.
6
«Кыргыз эл жомоктору» түзгөн Токтобек Болчуров, «Шам» басмасы, -Бишкек, 1997, 56-197-б.
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 102 -
Төлөмырзаны айтыптыр, мизи курч кестигим дегени, Акыл Карачач мени айтыптыр». Мында
адамдарды айбанаттарга, буюмдарга салыштырып, образдуу, экспрессивдүү өтмө маани
туюндурулган. Ушул сыяктуу нерсе, буюм, айбанат, жаратылыш, мезгил көрүнүштөрүн адамга
окшотуу – метафора, метонимия, синекдоха, салыштыруулар кыргыз тилиндеги типтүү көрүнүш.
Адам баласынын улуулугун даңазалаган «Манас» эпосунда, өзгөчө, аялзаты жөнүндөгү
маңыздуу ойлор өтө арбын. Эпосто эрдин бакытка, бийликке, атак-даңкка жетүүсүнүн бирден-бир
жолу анын акылман аялга үйлөнүүсү болуп эсептелет. Эгерде элдик баатырдын аялы өзүнүн үй-
бүлөсүнүн камы үчүн гана эмес, эли-журту жөнүндө кам көрсө, эли-журтунун да жакшы жашаары,
ал эми элинин оокаты тың, бейпил болсо, анда элдик баатырдын мүдөөсүнүн орундалары
жөнүндөгү ойду эл туу тутат
7
.
Кылымдар бою адилеттик, теңдик үчүн күрөшүп келген кыргыз эли аялзатынын коомдо, үй-
бүлөдө алган ордун «Манас» эпосундагы Каныкей, Чыйырды Айчүрөк, Кыз Сайкал, Карабөрк,
Арууке, Карлыгач, Акеркеч, Бурулчалардын, о.э. алардын карама-каршысындагы Ороңгу, Акылай,
Канышайлардын образдары аркылуу чагылдырылат.
«Манас» эпосунда кыргыз элинин аялзаты жөнүндөгү түшүнүгү башка образдарга
салыштырмалуу Каныкейдин образы аркылуу эң жогорку деңгээлде чагылдырылат. Каныкей – кара
сурдун сулуусу, ала жипти аттабаган аруу, жакшылык менен жамандыкты алдын ала биле турган
даанышман, көрөгөч, акылман, сарамжалдуу, эл башына күн түшүп, карайлап турганда айлакер, куу.
Ал Ата-Журтту тышкы жана ички душмандардан коргоодо кашык каны калганча күрөшкөн, эл
керегине жарай турган уулду төрөп, тарбиялап өстүргөн – камкор эне.
Эпосто Каныкейдин акылман-даанышмандык сапаттары өзгөчө «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң
казат» эпизоддорунда, о.э. Манастын сөөгүн коюу, Манаска күмбөз салдыруу сыяктуу көрүнүктүү
окуяларда көрүнөт. Мисалы, Манас кыраакы Каныкейди укпай, Коңурбайдын азгырыгына алданган
Көкчөкөздүн колунан жарадар болгондо:
Эрдигиң бар энөөсүң, төрөм,
Ак олпок кийбей аттанып, төрөм,
Кандай болуп жөнөдүң, төрөм,
Балбандыгың ашкансың, төрөм,
Бастырып үйдөн чыккансың, төрөм,
Акылыңан шашкансың, төрөм ... деп Каныкей Манасты жемелейт
8
.
Бул мисалдан Каныкейдин ой-парасатынын бийиктигин, сөз колдонуу өнөрүнүн бийиктигин,
таасирлүү жана жүйөлүү кеби менен көп нерсени чече билүүсүн байкоого болот. Балбандыгы ашкан
алакөөдөн беренине урмат менен «төрөм» деп кайрылып, аны «балбан» деген сөздөр менен
мактоого алып, ага жан күйгүзгөндүгүн, аны аягандыгын билдирүү менен «энөө», «шашма» деген
сөздөр менен дөө Манасты катуу жемелеп салат. Анда эр Манас эч нерсе дебей тим болот.
Ушундай эле көрүнүштү төмөнкү окуядан да байкоого болот: Көкөтөйдүн ашына
Бокмурундун көпкөндүгүнөн чакырылбай калып, катуу ыза бологон Манас кабарга келген Жаш
Айдарга ачуусу келип, анын башын кылыч менен кыя чабарда Каныкей:
Жалгызга тийген болобу,
Жалгызга тийген оңобу.
Сен аша албай жаткандай,
Кара адырмак тоо эмес,
Калмактан келген жоо эмес, - деп айкөлүнүн кылычын кармап, жүйөлүү сөзүн айтып, жаш
Айдарды ажалдан алып калат
9
.
Көкөтөйдүн ашында Коңурбайлар тополоң чыгарып, ашты баш-аламан кылууга аракет
жасашат. Каныкей Манаска абал ичти тынчытып, анан сыртты тынчыт деген кеңешин айтат. Манас
Каныкейдин кеңешин угуп, келише окшош кийинген кырк чоросунун сүрү менен Коңурбайларды
сестендирет, ашты башкарган хан Үрбүнү, кара жаак Булдурсунду айра чаап, душмандарды
чочутуп, ашты көңүлдөгүдөй өткөрөт.
Кыраакы Каныкей ашта Кошой менен Жолойдун күрөшөрүн алдын ала билет. Жөө күрөш
7
Курманбек Жумалиев «Манас эпосундагы жалпы адамзаттык идеялар», -Бишкек, 1999, 130-б.
8
««Манас» эпосу жөнүндө» (Илимий иликтөөлөр жана макалалар), «Шаи» басмасы, -Бишкек, 1994, 36-б.
9
Курманбек Жумалиев «Манас эпосундагы жалпы адамзаттык идеялар», -Бишкек, 1999, 130-б.
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 103 -
башталганда Кошойдун күрөшкө кие турган шымы жок майданга чыга албай калат. Каныкейдин
мурда эле дайындап койгон
«Жамырата тиктирген,
Жылан боор бүктүргөн,
Кош кобулдап тиштеген,
Ичине булум иштеген» кандагай шымын кийип чыгып Кошой жеңишке ээ болот да, Каныкейге
«эркек төрөп ал!» - деп ак батасын берет.
Мындагы «кандагай» сөзү К.К.Юдахиндин сөздүгүндө: «Тоо теке, багыш сыяктуу териси
калыңжаныбарлардын терисинен эр сайышта күрөштө кийүүгө ылайыкталып жасалган чалбар
шым», - деп берилген
10
Эпосто Каныкей акылдуулугу, кыраакылыгы, чебердиги жана кайраттуулугу менен тагдыр
менен кармашып, саясий иштерге аралашып, кээде кабылан Манастан да ашып түшөт.
Элдин учкул кыялы, үмүт-тилегинен, фантазиясынан жаралган эпосто аялдын өй-бүлөлүк
мамилелери аркылуу жалпы адамзатка тиешелүү: адамгерчилик, акыл-эстүүлүк, чынчылдык,
адилеттүүлүк, чеберлик, сарамжалдуулук, меймандостук, тазалык өңдүү элдик жалпы жоболор
негизделген. Эпосто аялзатынын акыл-эси үй-бүлөнү, турмуш жайды гана эмес, коомдук турмуштун
өнүгүшүнө да түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир берүүчү фактор экендиги талашсыз деген ой
айтылат.
Аялзатынын даңкын бийик көтөргөн элдик чыгармалардын катарында кыргыздын кенже
эпосторунан «Жаңыл мырза» өзгөчө орунду ээлейт. Өзгөчө деп айтканыбыздын себеби ал
адаттагыдай эркектин эрдигин даңазалоого арналбастан, кыргыздын легендарлуу кызы Жаңыл
Мырзанын эрдигин даңктоого арналган
11
.
Бул дастан окуясынын мазмуну, адам аттары, жер аттары, тарыхый чындыкты чагылдыруусу
менен да айырмаланат. Окумуштуулар дастандагы окуянын болуп өткөн мезгилин болжол менен
ХVII кылымдар деп көрсөтүшөт. Дастандын башкы каарманы Жаңыл Мырза – тарыхта жашап өткөн
жоокер кыз. Кытайга караган Аксуу шаарынын чөлкөмүндө турган нойгут кыргызынын даңазалуу
кызы Жаңыл душмандардын кагылышууларында колуна курал алып, эр уландарча кийинип, элин
коргогон кыз баатырдын бири. Ал далай менменсинген эр азаматтар менен беттешип, көбүн
таймашта жеңип чыгып атагы чыккан.
«Жаңыл Мырза» дастанынын бардык варианттарында Жаңылдын эр азаматтар менен
беттешип, көбүн таймашта жеңип чыгып, далай элге угулган атагы, Сарбагыш элинин эр жүрөк
баатыры Түлкүнүн анын элин чаап алуусу, Жаңыл артынан кууй келип, жаа менен атып өлтүрүүсу,
намыстанган сарбагыш, саяк, черик, асыктар биригип, Жаңылды туткунга алуусу, Жаңылдын
качуусу сыяктуу окуялар баяндалат
12
.
Жаңылдын аңызга айланган баатырлыгы «аялдан чыккан бул бир шок», «аялда мындай
баатыр жок», «аялдан чыккан арстан», «жоо бөрүсү баатыр кыз» деген сөз айкаштары аркылуу
берилет.
Аял да болсо Жаңыл кыз.
Ойго албаган өлөрүн.
Асманга калпак ыргытып,
Түшүрбөй жерге жүз атат,
Калбыр кылат калпакты,
Эрегишкен эрлерден,
Канчаны Жаңыл чарчатты.
Жааны чоюп асманга,
Колоктун бирин атканда,
Кайрылып колок түшкөнчө,
Аркасынан жана атып,
Асманга окту тургузуп,
Майдалап салган колокуту.
10
К.К.Юдахин «Кыргызча-орусча сөздүк», I китеп, -Фрунзе, 1985, 182, 325, 330, 334-б.
11
Лайли Үкүбаева «Азыркы кыргыз адабиятынын арымы», -Бишкек, 1995, 67-б.
12
Калкан Керималы уулу «Жаңыл Мырза», -Нарын, 1996, 6-15-б.
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 104 -
Ким көргөн мындай домокту?
13
деген саптардагы сыпаттамалар Жаңыл Мырзанын жоокердик
өнөрү – «жаа атуу» кыймыл-аракетиндеги шамдагайлык, чапчаңдык сапаттарынан элес берет.
Кыргыз элинин менталитетинде, өзгөчө, айтылган кепке терең маани берилери дастандагы
Жаңыл менен Түлкүнүн окуясынан байкалат. Жылкыга тийген жигиттерди артынан кууй келген кыз
Жаңыл Түлкүнү көрүп: «Ыгы келсе тийип алчу эр экен»,- деп, сынап сынга толтуруп, жактырып
карап турат.
«Жаңылдын көрүп тайганын,
Үчүкө, Түлкү чамынып,
«Канчыктын келди канчыгы»,-
Деп сөзүнөн жаңылып.
Арына тийген бул сөзгө,
Ачуусу келип Жаңылдын,
Түлкүнү мээге атканда ...
14
Мына ошентип, Жаңыл мырза «канчык» деген кордоо сөзүнө катуу арданып, ачуусу келип
жаалданып алты эрди четтен атып өлтүрүп салат.
«Жаңыл мырза» эпосунун адабий вариантын – поэма жанрын алгачкы жолу жазган Касым
Тыныстанов: «Жаңылдай ири жандуу кыз урунган»,- деген баяндоо менен кыргыз элинин тарыхтагы
жашоосуна тамшануу менен мамиле жасайт
15
.
Душмандын туткунунан кара башын качып куткаруу баатырдык салтта жок иш. Элдик
каада-салтты терең түшүнгөн С.Эралиев Жаңылдын намыскөйлүгүн, баатырдык мүнөзүн, сүрүн,
түздөн-түз иш-аракети, кыймылы менен бекемдейт:
Жок болбойт «качты» деген жаман атты,
«Кармашам!» - аттын башын кайра тартты.
Алдыда күтүп турган кызды көрүп,
Селт этип токтой калды куугун арткы...
Жаңылдын даңкын, анын сырын билген баатырлар сүрдүгүшүп, куугун токтойт
16
.
Эгерде «Манас» эпосунда жаратылган Каныкейдин образы эл эңсеген аялзатынын образы
болсо, «Жаңыл Мырзадагы» Жаңылдын образы тарыхый чындыктан алынган, катылгандардын
катыгын берген, ар-намысын тебелеткиси келбеген аялзатынын образы болуп эсептелет.
Тарыхта жашап өткөн кыргыздын бир баатыр кызынын аты өчүп калбасын, кийинки
урпактарга жетсин деген ниетин дастанды айтуучулардын бири Тоголок Молдо мындай деп
билдирет:
Кагазга Жаңыл жазылбай,
Калбасын деп бул дагы.
Акын молдо Байымбет,
Айткым келди азыраак.
Жаңылдын кылган өнөрү
Жайылсын калкка чачырап
17
.
Ал эми ХIХ кылымда элге кеңири таанылган кыргыз кыздарынан Кудаяр хандын энеси
Жаркын айым, таежеси Зыйнат датка, Мала хандын энеси Соно айым, Ормон хандын байбичеси,
Таластагы Ажыбек датканын байбичеси Ак Суусар, Байтик баатырдын байбичеси Апар, Көлдө
таланты менен таанылган Бурулчаларды көрсөтүүгө болот. Алардын ичинен ХIХ кылымда тарыхта
өчпөс из калтырып кеткен айтылуу Курманжан датканы өзгөчө белгилеп кетүүгө болот.
13
Кыргыз поэзиясынын антологиясы «Жаңыл Мырза» поэмасынан үзүндү. Тоголок Молдонун айтуусу
боюнча, -Бишкек, 1999, 428-б.
14
Калкан Керималы уулу «Жаңыл Мырза», -Нарын, 1996, 17-б.
15
Лайли Үкүбаева «Азыркы кыргыз адабиятынын арымы», -Бишкек, 1995, 72-б.
16
Лайли Үкүбаева «Азыркы кыргыз адабиятынын арымы», -Бишкек, 1995, 74-б.
17
Кыргыз поэзиясынын антологиясы «Жаңыл Мырза» поэмасынан үзүндү. Тоголок Молдонун айтуусу
боюнча, -Бишкек, 1999, 426-434-б.
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 105 -
«Алай ханышасы», «Кара кыргыздардын каникеси» атактары менен белгилүү болгон
Курманжандын кабары эң алгач анын чыгыш-мусулман кыздарына түк мүнөздүү эмес жоруктары
аркылуу алыска угулуп, элге таанылат. Кичинесинен эле эрктүү, мүнөзү бекем болуп өскөн
Курманжан кыз ата-энеси кудалап берген адамын жактырбай, чанып, атасынын үйүнө кетип калат.
Ал кезде мындай ишти аял затынан эч ким жасай алган эмес. Анткени мындай жорук элдин үрп-
адатына да, мусулман дининин талаптарына да туура келген эмес. Мунун өзү ошол мезгилдин
шарты боюнча чоң эрдик эле. Курманжандын кабары даткалык даража алып, зор бийликке жетип,
атак-даңкка жаңыдан бөлөнө баштаган Алымбек даткага да угулат. Ошол доордун чыгаан эки
инсанынын мамилеси бирин-бири толуктап, маанилүү маселелердин бирге чечишип, бири-бирине
арка-жөлөк болуп калуусу менен аяктайт. Алымбек даткага турмушка чыккандан тартып
Курманжандын коомдук ишмердиги, эл арасындагы кадыр-баркы жаңы баскычка көтөрүлгөн.
Табигый акылмандыгы бар Курманжан Алымбек даткага мамлекеттик иштерди аткарууда туура
кеңеш берген акыл-кеңешчиси, айрым маселелерди адилет чечкен жардамчысы болуп элге тааныла
берген. Алымбек датка Ош шаарындагы курулуш иштери менен алек болгон жана хандыктагы баш
увазирлик кызматты ээлеген учурларында Алай тараптагы башкарууну өз колуна алып, элинин
арыз-муңдарын Курманжан өзү адилет чечип турган. Аны менен гана чектелбей, ордодогу эң эстүү
аял – Шералыкандын аялы, Кудаярдын апасы – Жаркын айым жана Соно айым, Зыйнат даткалар
менен тызыз байланышта болуп, алар аркылуу ордо сырлары, жашыруун окуялар менен жакшы
кабардар болуп, Коконго барып, өз көзү менен көрүп турган. Ордодон алынган кабар боюнча
Алымбек датканы өлүмдөн алып калган учурлары тарыхый даректерде айтылат
18
.
Бухара, Хоразм, Кашкар ордолорунда, казак ичинде, а түгүл кытай, орус, ооган тарапта эмне
оош-кыйыш, эмне талаш-тартын болуп жатканы Курманжанга белгилүү болуп турган
19
.
1907-жылкы И.П.Ювачевдин «Курманжан датка Алайлык кара-кыргыздардын канышасы»
деген тарыхый очеркинде: «Кара-кыргыздар, коңшулаш элдер акылдуу, иштерман Датканы
даңкташып, өзүлөрүнүн арасында болгон талаш-тартыштарды чечүү үчүн анын боз үйүнө келип
турушат. Кокон хандыгыыдырап турган ушундай беймаал мезгилде эркиндикке көнгөн
көчмөндөрдү башкарып туруш үчүн өзгөчө бир жөндөм керек эле», - деп баалайт Алай
ханышасын
20
.
Күйөөсү Алымбек датка курман болгондон кийин анын бийлигин өзү улантып кеткен.
Алымбек датка өлгөнгө чейин эле бүт элге, кандыктарга чейин зор ишмер катары таанымал болуп
калган Курманжанга Бухара эмири Сеид Музаффар-эддин Бухара эмирчилигинин «Датка»
даражасын ыйгарат. Курманжанга датка даражасынын ыйгарылышы динге чүмбөттөлгөн Азия элин
таң калтырса, Алай элин сыймыкка бөлөгөн.
Датка – Бухара жана Хива хандыктарындагы мансап даражасы болгон. Ал карамагындагы
элден түшкөн арыз-муңдарды, даттанууларды ханга билдирип, хандын жообун оозеки же жазуу
түрүндө кайта элге жеткирип турган. Сөздүн түпкүлүгү фарсыча «дадхох» - кыргыз тилинде
«адилетти сүйүүчү», «адилетчил» дегенди түшүндүргөн
21
.
Курманжан датка экинчи жолу Кокон хандыгынын датка даражасын алган. Курманжан датка
ал мезгилде Бухара менен Кокондун датка даражасына эркектердин, аялдардын арасынан татыктуу
болгон жалгыз кыргыз айымы болгон. Анын таасири Алай, Ош, Анжыян, Аксы аймагындагы элдин
арасында гана эмес, ордонун өзүндө да жогорулай берген.
Россия падышачылыгынын падышалары да өз генерал-губернаторлору аркылуу Курманжан
датка менен эсептешүүгө, аны менен закондуу мамилелерди түзүүгө аргасыз болушкан. Орус
бийлиги Курманжан датканын кийлигишүүсү аркылуу өздөрүнө каршы турган элдик кыймылды
баса алган. Россиянын императору Николай II кымбат таш чөгөрүлгөн шакек, кийин орустун эң
чыгаан зергер усталары жасаган бриллиант менен кооздолгон айымдардын алтын саатын белекке
берген. Падышалык бийлик тарабынан «полковник» чинин алууга татыктуу болгон.
Курманжан датка Зыйнат деген псевдоним менен ыр жазган деген маалыматтар да бар.
Балким ошол мезгилдин кырдаал-шартына карай өз аты менен ачык чыга албагандыр. Ошол
18
Кыяс Молдокасымов «Курманжан Датка», 67-б.
Ш.Абдыраманов «Тарыхтагы ак тактар», -Бишкек, 2007, 18-б.
19
Т.Касымбеков «Келкел», -Фрунзе. «Кыргызстан», 1986, 110-б.
20
Туркестанские ведомости, 1898, № 71
21
Кыяс Молдокасымов «Курманжан Датка», 68-69-б.
ОшМУ жарчысы №1
2012
- 106 -
себептен улам бул маалыматтын чын-төгүнү бизге жеткен эместир. Бирок элдин айтымы боюнча
бизге жеткен Курманжандын кошогунан анын көркөм сөз устаты экендиги байкалып турат. Уулу
Камчыбекти өзүнүн көз алдында дарга асканда, душманга сыр алдырбай, үйүнө жеткен соң төрүнө
отуруп, кандуу көз жаш менен, чексиз ич күйүтүн төмөндөгү кошогу менен чыгарган дешет:
Он бешиңде токтондуң,
Жыйырма жашта жык толдуң,
Эл мүдөөсүн ойлонуп,
Жыйырма беште токтондуң.
Капырга тике мелженип,
Отуз жаш чакта ок болдуң.
Отуз беш жашта минетип,
Кулунум, топурак болуп жок болдуң...
Пайгамбар Сааба, ыйыкта,
Өлбөстөн тирүү ким калды?
Акыйкат самап элине,
Атаңар кандуу жол салды...
Атпай кыргыз жолунда,
Артыңар толо из калды.
Көөдөнүндө энеңдин,
Күйүттөн бүткөн сел калды.
Кабагын түйүп душманга,
Кулунум, кекенген кыргыз эл калды...
22
Бул кошоктун мазмунунда: уулдарынын журт башкарган билерман, тайманбаган эр жүрөк,
атасын тартып намыскөй жана элинин эркиндиги, келечеги үчүн керт баштарын да аябаган баатыр
болгондугу, көкүрөгүндөгү оор күйүтү, кыргыз элинин туңгуюкка камалган чарасыз калган тагдыры
айтылат.
Жашап өткөн өмүр жолу өрнөккө айланып, урпактар үчүн узун сабак болгон Алай ханышасы
Курманжан датка кылымга тете жашап, 1907-жылы 1-февралда 96 жашында дүйнөдөн кайткан.
Совет бийлигинин алгачкы жылдарынан баштап эле өнөр жайларында жана айыл
чарбасында жана маданияттын бардык тармактарында аялдар жалпы өндүрүмдүү эмгекке тартыла
баштады. Бул жылдары илим менен техниканын жетишкендиктери эң бийик болду.
Кыргызстандагы эмгек каармандары катары таанылган аялдардын жана илим-изилдөө жана
маданий-агартуу системаларында иштеген аялдардын саны жылдан-жылга өсүп отурду.
Жазуучу-акындар советтик аялдардын ишмердигин, жашоо образын, коомдогу ордун
чагылдырган чыгармаларын жаратышты. Алардын ичинен тарыхый-революциялык, тарыхый
автобиографиялык планда жазылган чыгармалардын ичинен Н.Байтемировдун «Тарых эстелиги»
романын айтууга болот. Бул чыгармада 30-жылдардын турмуш чындыгынын фонунда советтик
түзүлүшкө чын дилден берилген кыргыз кызы Уркуя Салиеванын өмүр жолу, совет бийлигин
чыңдоо үчүн жүргүзгөн активдүү күрөшү, Түштүк Кыргызстанда өзгөчө курч мүнөздө өткөн жаңы
советтик чарбаны коллективдештирүүдө душман колунан мыкаачылык менен курман болуусу
сыктуу тарыхый чындык көркөм баяндалат. Уркуянын саясий аң-сезими, социалисттик
психологиясы акырындык менен, өзү тикеден-тике аралашкан социалисттик курулуш үчүн болгон
күрөш процессинде өсүп жетилет. Ал социализмдин бактылуу келечеги үчүн жанын кыюуга да даяр.
Эгиндин бышып турган убагын өткөрбөй, жыйнап алуудагы элди уюштуруусу, ашар уюштуруп,
эмгектин алдыңкыларына байге койдуруп эмгекке кызыктыруусу, ушундан кийин ортосар турган
бир топ жеке чарбалардын колхозго өтүүгө арыз берүүсү Уркуянын эмгектик жетекчилигинин зор
жеңиши болду. Күн өткөн сайын Уркуянын таасири күчөп баратканы душмандарынын тынчын
кетирет. Уркуяны жоготууга ачык да, жабык да аракеттенишип, аягында өз максаттарына жетишет.
Мына ошентип, келечектеги жакшы жашоодон үмүт үзбөй, оор кырдаалда элинин алдыңкы
катарында туруп, коркпостон күрөшкө чыккан кыргыздын кызы Уркуянын даңктуу жолу тарых
22
Ш.Абдыраманов «Тарыхтагы ак тактар», -Бишкек, 2007, 46-б.
ОшМУ жарчысы №1
Достарыңызбен бөлісу: |