1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү


-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү



бет3/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү

1.1. Түйүндүү түшүнүктѳр
Адептүүлүк - адамдын адамча жашоо өрнөгү, бири-бирине адамча мамиле кылуу адебине негизденген адамдардын ортосундагы мамиле.
Адеп тарбиясы – коомдук идеалдарды, анын өрнөктүү нормалары менен принциптерин терең өздөштүрүүнүн жана аны жүзөгө ашырууга жигердүү катышуунун негизинде туруктуу моралдык сапаттарды, адептик-ыймандык керектөөлөрдү, бекем ынаным-түшүнүктөрдү жана изги сезимдерди, туруктуу көндүмгө жана билгичтикке айланган жүрүм-турум адебин калыптандыруу максатын аркалаган социалдык институттар менен инсандардын ишмердиги.
Атуул - бир эле мезгилде жаран түшүнүгүн чагылдыруу менен кайсы бир мамлекеттин атуулу (гражданини) дегенди билдирет.
Атуулдук коом - коомдун жашоо ишмердүүлүгүнүн экономикалык, саясий, социалдык жана руханий чөйрөсүндө ыктыярдуу түрдө түзүлгөн мамлекеттик эмес структураларды камтыган, өнүгүүнүн белгилүү бир тепкичиндеги адамдардын жалпылыгы
Мекенчилдик - Ата-Мекенди сүйүү, анын тарыхы жана азыркы мезгили менен сыймыктануу, ɵзүнүн жеке кызыкчылыктарын ɵлкɵнүн кызыкчылыктарына багындырууга даяр болуу.
Маданий көп түрдүүлүк – ар кайсы улуттурдын менталдык деңгээлдеги маданий өзгөчөлүктөрүн, каада-салттарын, жүрүм-турум ж.б. белгилерди, эрежелерди чагылдырган түшүнүк.
Улуттук тарбиянын негизги баалуулуктары - бул белгилүү географиялык жана тарыхый шарттардын, элдин керектөөлөрүнүн негизинде пайда болуп, элдин эл, улуттун улут, мамлекеттин мамлекет катарында сакталып, башка элдер менен ымала катышта туруктуу өнүгүп, өркүндөшү үчүн коом мүчөлөрүн руханий-адептик жактан өнүктүрүү, тарбиялоонун пайдубалын, багытын аныктоого кызмат кылып келген баалуулуктардын, идеялардын, ишенимдердин системасы.
Улуттук тарбиянын идеалы - кыргыз коомунун руханий эс тутумуна, улуттук нарктарына эгедер жалпы адамзаттык маданияттын баалуулуктарын аздектеген Кыргызстандын эгемен, укуктук, демократиялык мамлекет катары ѳнүгүшү үчүн ѳзүнүн атуулдук милдеттерин, жоопкерчиликтерин аңдаган жана татыктуу аткара алган, дени сак, жаӊы ааламдашуу доорунун шарттарына шайкеш компетенттүүлүктөргө, өнөргө, кесипке ээ, комуникативдүү, демилгелүү, жаратман активдүү адамдын образы.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет