1-бөлүм: Окуучу жаштарды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү



бет4/25
Дата17.04.2023
өлшемі118,21 Kb.
#83446
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25
Улуттук иденттүүлүк –инсандын өзүн тигил же бул этноско айкалыштыруу, таандык кылуу сезими, ошондой эле ошол этноско мүнөздүү тилге, маданиятка, тарыхка, географиялык аймакка, мамлекеттүүлүккө байланыштуу түшүнүктөрүнүн, эмоциялык мамилелеринин тутуму.
Социалдаштыруу –инсандын социалдык нормаларды, эрежелерди, этикетти ж.б. өздөштүрүү аркылуу коомдо өз ордун табуусу.
Нарк насил – нарк – баалуулук дегенди билдирет, ал эми насил – тек дегенди чагылдыруу менен инсандын руханий теги дегенди билдирет.
Өзүн-өзү тарбиялоо - бул инсан тарабынан өздүк өнүүгүсүн аң-сезимдүүлүк менен башкаруусу, мында субъективдүү кызыкчылыктарга ылайык процессте инсандын ар кандай сапаттары жана жөндөмдүүлүктөрү өсүп-өнүгөт жана калыптанат.
Педагогикалык көмөк - балдарга физикалык жана психикалык ден-соолук, социалдык жана экономиалык абал, окуу процессиндеги ийгиликтерге жетишүүгө, мектеп эрежелерди кабыл алууда, инсан аралык байланыштарда иштиктүү жана натыйжалуу болууда, турмуштук, кесиптик жана адеп-ахлактык жолду тандоодо жана жекече проблемаларды чечүүдөгү алдан-ала жана оперативдүү жардам.
Руханият (Духовность) – ар кандай доорлордо кайсы бир элди рухтук жактан ички ишеним, аң-сезим деңгээлинде бириктирип турган эң бийик баалуулук жана символ, руханий баалуулулуктардын жыйындысы.
Тарбиялоо - бул адамдын өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн, инсанды коомдо кабыл алынган социалдык маданий жана руханий адептик баалуулуктардын алкагында өзүн-өзү аныктоосу, социалдашуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган ишмердүүлүк.
Тарбиялоо процесси – бул тарбиячылар жана балдар ортосундагы балдарды өзүн-өзү өнүктүрүүгө, өзүн-өзү тарбиялоо жана өзүн-өзү таанытууга үйрөтүүгө багытталган максатуу биргелешкен иш-аракет.
Тарбиялоо системасы – бул тарбиянын ар кандай компоненттери (максат, субьектер жана алардын иш-аракеттери, баарлашуу, карым-катнаштар, материалдык шарттар ж.б.) ортосундагы карым-катнаштардын натыйжасын чагылдырып турган, жамааттык жалпылыкты жана психологиялык ыңгайлуулукту камтыган, интегративдүү мүнөздөмөлөргө ээ болгон бүтүн социалдык организм.
Тарбиялык иш – бул чоң адамдар жана балдар ортосундагы балдарды ар тараптан өнүккөн инсан катары калыптандыруу, өзүн-өзү өнүктүрүү жана таанытуу максатында уюштурулган, биргелешен иш-аракеттери.


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет