Казахский национальный


АНГЛИС ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛДЕРИНДЕГИ ИШ-АРАКЕТ МААНИСИН



Pdf көрінісі
бет52/52
Дата03.03.2017
өлшемі4,17 Mb.
#5592
1   ...   44   45   46   47   48   49   50   51   52

 
АНГЛИС ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛДЕРИНДЕГИ ИШ-АРАКЕТ МААНИСИН 
БИЛДИРҮҮЧҮ ЭТИШТИК ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР 
 
 
Этиштер  заттардын  кыймыл-аракетин,  ал-
абалын,  процессин  билдирип,  тилдеги  сөздүк 
кордун  салыштырмалуу  көпчүлүк  бөлүгүн  түзөт. 
Буга  байланыштуу  тигил  же  бул  тилде  болбосун, 
анын  фразеологиялык  корунун  да  көпчүлүк  бөлү- 
гүн  этиштик  фразеологизмдер  түзүп  тургандыгын  
 
 
окумуштуулар  адилет  белгилеп  келишүүдө. 
Дегеле,  фразеологизмдердин  семантикасы  алар- 
дын  ички  формасы  менен  тыгыз  байланышта.  
Ички  форма-эркин  сөз  айкаштары  менен  алар- 
дын  негизинде  жасалган  фразеологизмдердин 
эки жактуу өз ара катышынын натыйжасы. Фра- 

ҚазҰУ хабаршысы. Филология сериясы, №6(130). 2010
 
 
342
зеологизмдердин туташ мааниси анын курамын- 
дагы  сөздөрдүн  жеке  маанисинен  эмес,  ички 
формасынын  негизинде  ачыла  тургандыгын  да 
ачык белгилеп кетүүгө болот. Ошону менен бирге  
фразеологиялык  маанини  эркин  сөз  айкаштары- 
нын метафораланышынын натыйжасы деп  кароого 
болот. 
Этиштик  фразеологизмдер  салыштырмалуу 
түрдө, тактап айтканда, сын атоочтук, зат атоочтук, 
сырдык  сөздүк  фразеологизмдерден  сан  жагы- 
нан үстөмдүүлүк кылган маанилик топ экендиги 
салыштырылып жаткан эки тилдеги материалда- 
рынан  ачык байкалып турат. 
Герман  тил  илиминде  жалпы  эле  этиштер- 
дин  маанилик  топторуна    В.М.  Кумакова,  
А.  Л.  Королева,  А.В.  Кунин,  Н.М.  Лукавченко, 
Л.В.  Новикова,  Е.В.  Пашкова,  И.В.  Фадеева 
жана башка окумуштуулар көңүл бурушса, түрк 
тилдеринде  Н.К.  Дмитриев,  Н.А.  Баскаков,  
Б.А. Серебрянников, А.А. Юлдашев, Л.Н. Хари- 
танов, Д.Г. Гумашева, Б.М. Юнусалиев,  С.Кудай- 
бергенов,  А. Турсунов, Е.Р. Темишев, Ж.А. Се- 
менова, А.С. Аманжолов, Н. Оралбаева, А. Хасе- 
нова,  А.  Ыскаков,  М.  Орозов  сыяктуу  оку- 
муштуулар  этиштин  семантикалык  өзгөчөлүк- 
төрүн  ар  тараптуу  изилдешип,  алардын  кол- 
донуу  чөйрөсүнүн  өтө  кеңдигин  далилдеш- 
кен.  Н.К.  Дмитриев  өз  мезгилинде  этиштерди 
маанилик  жагынан  төмөнкү  топторго  бөлгөн: 
кыймыл этиштер, аракет этиштер, кептик этиш- 
тер, сезимдик этиштер, абал этиштер (Дмитриев 
1962,170) 
Якут  изилдөөчүсү  Л.Н.  Хаританов  этиш- 
терди  семантикалык  табиятына  карай  үч  топту 
бөлүштүрөт:  аракет-ал-абалды  билдирүүчү  этиш- 
тер,  үндү  тууроочу  этиштер,  образдык  этиштер 
(Хаританов, 1954, 15). 
Этиш  сөздөрдүн  маанилик  өзгөчөлүктөрү 
казак тилинде ар тараптуу изилденгендигин бел- 
гилөөгө  болот.  Н.С.  Сауранбаев  казак  тили 
боюнча окуу китебинде этиштин жети маанилик 
тобун  бөлүп  көрсөтөт:  дене  аракетине  байла- 
ныштуу  этиштер,  объектисиз  кымылды  бил- 
дирүүчү  этиштер,  абалды  билдирүүчү  этиштер, 
мааниси  алыстаган  этиштер,  тууранды  сөздүк 
этиштер, калыптануу маанисин билдирген этиш- 
тер,  функционалдык  маанини  билдирген  этиш- 
тер  (Сауранбаев,1993, 118). Ал  эми  А.С.  Аман- 
жолов  эски  түрк  эстеликтериндеги  этиштерди 
изилдеп,  аларды  уңгу  жана  туунду  этиштерге 
ажыратат  да,  табыш  жөндөмөсү  аркылуу  бай- 
ланышкан толуктоочтук катыштагы этиштик сөз 
айкаштарын  төмөнкү  лексика-семантикалык 
топторго  бөлөт:  объектиге  физикалык  жактан 
таасир  кылуучу  этиштер,  кептик  этиштер, 
динамикалык таасир этүүчү этиштер, жаратуучу 
аракет маанисиндеги  этиштер, ойлоо, сезимдик 
этиштер (Аманжолов, 1969, 97-98).  
Ж.  Осмонова  өз  эмгегинде  жалпы  эле  фра- 
зеологизмдерди  үч  семантикалык  топко  ажы- 
ратып,  ал  этиштик  фразеологизмдерге  да  толук 
тиешелүүлүгүн байкайбыз:  
1.  Адамдардын  сапаттарын,  мүнөзүн  бил- 
гизүүчү  фразеологизмдер  ала  жипти  аттабаган, 
кой оозунан чөп албаган; 
 2.  Адамдардын  өз  ара  мамилесин    көр- 
сөтүүчү  фразеологизмдер; боору эзилүү, үзүлүп 
түшүү, бөйрөктөн шыйрак чыгаруу;    
3.   Адамдардын  ички  сезимин,  көңүл  күүсүн 
билгизген  фразеологизмдер:  бит-битине  батпоо, 
жүрөгүнө майдай тийүү (Осмонова, 2007,67-74). 
Англис  жана  кыргыз  тилдеринен  жыйнаган 
материалдарды  талдоодо  биз  салыштырылган 
тилдердеги  этиштик  фразеологизмдердин  беш 
тематикалык  топко  бөлүп,  алар  адам  турму- 
шунун  күндөлүк  тиричилигине  байланыштуу 
калыптанган  этиштик  фразеологизмдер  экенди- 
гин ырастай кетмекчибиз: 
1.  Иш-аракетке байланыштуу этиштик фра- 
зеологизмдер; 
2.  Сезүү-туюу  маанисин  билдирген  этиш- 
тик фразеологизмдер; 
3.  Эмоция,  көңүл  күүсүн  билдирген  фра- 
зеологизмдер; 
4.  Адамдардын  өз  ара  мамилесин  көр- 
сөтүүчү фразеологизмдер; 
5.  Адамдардын  өз  ара  сапат-белги  маани- 
син билдирген этиштик фразеологизмдер; 
Бул  топтор  өз  ичинде  да  бир  нече  майда 
семантикалык  топторго  ажырайт.  Биз  ошонун 
ичинен  изилдөөгө  иш-аракет  маанисин  билдир- 
ген  этиштик  фразеологизмдердин  маанилик 
түрлөрүн алмакчыбыз. 
Иш-аракет маанисин билдирген этиштик 
фразеологизмдердин  маанилик  түрлөрү  өтө 
бай,  ошол  касиетине  байланыштуу  алар  тилде 
активдүү  колдонулат.  Эки  тилдеги  этиштик 
фразеологизмдерди  маанилик  топторго  жиктөө 
аркылуу  биз  иш-аракет  маанисин  билдирген 
этиштик  фразеологизмдердин  курамына  жеке 
компоненттери  баштапкы  маанисинен  алыс 
кетпеген  фразеологиялык  тизмектердин  жана 
курамына  кирген  компоненттери  жалпы  фра- 
зеологиялык маани менен жакындабаган фразео- 
логиялык  ширешмелердин  кездешкендигине 
күбө  болдук.  Мисалы: Bring smb to his milк 
(бирөөнү сүтүнө алып келүү)\\ эс-учун жыйноо, 
эсине  келүү-«өзүнө  келүү»  маанисиндеги  фра- 
зеологиялык  тизмек  иретинде  колдонулду. Be 
deeply occupied doing smth (бир нерсени аткаруу 

Вестник КазНУ. Серия филологическая, №6 (130). 2010 
 
343
менен  терең  үшкүрүү)\\  баш  оту  менен  ки- 
ришүү-«көңүлү  менен  бериле  киришүү»  маани- 
 
синде    фразеологиялык  ширешме  түрүндө  кол- 
донулду.  Эки  тилдеги  иш-аракет  маанисиндеги 
фразеологизмдерди  ич  ара  эки  семантикалык 
топко  бөлүп  кароого  болот.  Өтмө  мааниде  кол- 
донулган  фразеологизмдерди    дагы  да  майда 
топторго  бөлүштүрүү  алардын  табиятын  толук 
түшүнүүгө  мүмкүндүк  берери  ачык.  Салышты- 
рылган  тилдердеги  иш-аракет  маанисин  бил- 
дирген  этиштик  фразеологизмдер  өз  ичинен 
төмөнкү топторго бөлүнөт: 
1.  Сүйлөө  маанисиндеги  этиштик  фразео- 
логизмдер; 
2.  Ойлоо маанисиндеги этиштик фразеоло- 
гизмдер; 
 
Сүйлөө маанисиндеги этиштик фразеоло- 
гизмдер:  
Адамдардын  тилди  пайдалануусу,  пикир 
алышуусу, түрдүү жагдайлардагы карым-катыш, 
өз  ара  мамилелер  тил  аркылуу  жүзөгө  ашы- 
рылгандыгы  баарыбызга  белгилүү.  Ал  эми 
сүйлөө  тилдин  функциясынын  бир  формасы 
болуп  эсептелет.  Сүйлөө  маанисин  билдирген 
фразеологизмдердин оозеки тилде активдүү кол- 
донулушу-тилдин  өнүгүшүнүн  айкын  белгиси. 
Сүйлөө маанисиндеги этиштик фразеологизмдер 
түрдүү  функцияларды  аткарат.  Алар  белгилүү 
бир  кабарды  бирөөгө  жеткирүү,  адамдын  ой- 
логон,  эстеген,  көргөн-билгенин  айтууда  кол- 
донулат.  Сүйлөө  маанисин  билдирген  этиштик 
фразеологизмдер сан жагынан да өтө мол, алардын 
басымдуу  көпчүлүгү  адамдын  дене  мүчөлөрүнүн 
аталыштары (ооз, тиш, тил, эрин, таңдай) менен 
ар түрдүү маанидеги этиштердин айкашуусунан 
жасалат.  Мисалы: Have a quick tongue\\ тили 
буудай  кууруу- «сөзгө  чечен  болуу»; Wag one’s 
tongue (тилин  чайкоо)\\  оозу  менен  орок  оруу – 
«курулай сүйлөй берүү» маанилерин берет. 
Сүйлөө  маанисиндеги  этиштик  фразеоло- 
гизмдер  сүйлөөнүн  мазмунун  гана  сыпаттабас- 
тан,  ошону  менен  катар  баяндоону,  кабарлоону 
да  өз  ичине  камтып  турат.  Мисалы,  жогоруда 
берилген  мисалдардын  биринчисинде  кептеги 
чеберчиликти  билдирсе,  экинчисинде  сапатсыз 
сүйлөгөн адамды ашкерелейт. 
Англис  жана  кыргыз  тилдериндеги  жогору- 
дагы  мисалдардан  сүйлөө  маанисиндеги  этиш- 
тик  фразеологизмдердин  маанилик  түрлөрүн 
жиктөө керектигин сезебиз. 
Эки  тилдеги  материалдарга  таянып,  этиш- 
тик  фразеологизмдердин  бул  маанилик  түрүн 
төрт топчого бөлүп кароону чечтик.  
1.  Сүйлөө  сыпатын  билдирген  этиштик  фра- 
зеологизмдер;  
2.  Сүйлөбөө  (унчукпоо)  маанисин  билдир- 
ген этиштик фразеологизмдер; 
3.  Жалпы  кеп  кылуу  маанисиндеги  этиш- 
тик фразеологизмдер;  
4.  Баалоо  маанисин  билдирген  этиштик  фра- 
зеологизмдер;  
 
1.  Сүйлөө  сыпатын  билдирген  этиштик 
фразеологизмдер: 
Бул  мааниде  колдонулган  фразеологизмдер 
сүйлөөчүнүн тыңдоочуга карата жагымдуу жана 
жагымсыз  сапаттарын  билдирет.  Төмөндө  эки 
тилде  катар  кездешкен  курушу  жана  мааниси 
жагынан  шайкеш  келген  сүйлөө  маанисиндеги 
этиштик  фразеологизмдердин  айрымдарына 
токтоло  кетели: Keep one’s mouth closed (оозун 
жабык кармоо) \\ ооздон чыгарбоо, оозуна кулпу 
салынуу,  оозунан  жел  чыкпоо- «сырды  сактай 
билүү»  маанисин  билдирсе,  төмөндөгү  этиштик 
фразеологизмдер  ага  карама-каршы,  «оозуна 
алы жетпөө» маанисинде колдонулат: Talk to no 
purpose (максатсыз сүйлөө), Talk nonsense (туура 
эмес  сөздү  сүйлөө); Say too much (бекерге  көп 
сүйлөө)\\  оозуна  келгенди  оттоо,  оозуна  алы 
жетпөө,  оозунан  ак  ит  кирип,  кара  ит  чыгуу, 
оозуна  ээ  боло  албоо,  оозунан  чалынуу.  Бул 
мисалдардан  сүйлөө  маанисиндеги  этиштик 
фразеологизмдердин  жагымдуу,  жагымсыз  са- 
паттарын көрөбүз. 
Эки  тилде  синонимдеги  болуп  келген  тө- 
мөнкү  этиштик  фразеологизмдер, «бири-бирин 
түшүнүштү,  жакын  мамиледе  болуп  кетишти» 
деген  маанини  берип  тургандыгын  байкайбыз: 
Find common language with smb (бирөө  менен 
орток тил табуу)\\ тил табышуу. Тек гана англис 
тилинде  кездешкен  фразеологизмдер: Cut up 
(old) touches (сөзүн кесип таштоо) «сөзүн бөлүү
оозун жабуу»;  
Raise one’s hand to the of one;s cap (колун 
бирөөнүн  баш  кийимине  тийгизүү)- «бирөөнү 
жактап сүйлөө» 
Swallow one’s words (cөзүн жутуу)- «түшүнүк- 
сүз сүйлөө»; 
Use words lightly (сөздөрдү  жеңил-желпи 
колдонуу)- «сөзү куру бекер кетүү»; 
Waste one’s words (сөзүн  жоготуу) –«кур 
бекер сүйлөө»; 
Тек  гана  кыргыз  тилинде  колдонулуп,  англис 
тилинде кездешпеген этиштик фразеологизмдер: 
тил  кайтаруу-«каршы  сөз  айтуу»,  тили  менен 
орок  оруу-«колунан  эч  нерсе  келбесе  да, 
бүтүрөм, кыйратам деп курулай опурула берүү», 
тилге  кирүү-«бирөөнүн  сөзүн  сүйлөө»,  тили 

ҚазҰУ хабаршысы. Филология сериясы, №6(130). 2010
 
 
344
күрмөөгө  келбөө-«сүйлөй  албоо»,  тили  кыска-
«сүйлөөгө  мүмкүнчүлүгү  жок»,  тилинен  бал 
тамуу-«жагымдуу  сүйлөө»,  тилиңе  тибиртке 
чыккыр-«орунсуз,  олдоксон  айтылган  сөзгө 
карата  каргоо  маанисинде»,  тили  кере  кулач-
«ушакчы», тил-оозунан ажыроо- «сүйлөй албай 
калуу», тили тийүү-«бирөөгө жаман сөз айтуу» 
 
2. Сүйлөбөө (унчукпоо) маанисин билдир- 
ген этиштик фразеологизмдер:  
Бул топтогу этиштик фразеологизмдер жал- 
пы  эле  сүлөбөө,  үндөбөө,  тил  катпоо  маани- 
леринде  колдонулат.  Сүйлөбөө  маанисиндеги 
этиштик  фразеологизмдерди  адамдын  сүйлөбө- 
гөндүгүнүн  түрдүү  себептерине  байланыштуу 
ич ара үч маанилик топко бөлүүгө болот:  
а)  адамдын  көңүл  күүсүнө  байланыштуу 
эрктүү түрдө сүйлөбөө; 
б)  адамдын  түрдүү  себеп-жагдайларына 
(оору,  кысылуу,  шашкалактоо  ж.б.)  байланыш- 
туу үн катпоосу; 
в) адамдын эркинен тышкары, бир себептүү 
сүйлөбөшү 
Адамдын  көңүл  күүсүнө  байланыштуу 
эрктүү  түрдө  сүйлөбөшүнө  төмөнкү  мисалдар 
далил боло алат: англис тилинде: Pass one’s lips 
(бирөөгө  эрдин  берип  жиберүү);  кыргыз  ти- 
линде: тил катпоо
Адамдардын  түрдүү  себеп-жагдайларына 
(ооруу,  кысылуу,  шашкалактоо)  байланыштуу 
үн  катпагандыгына  төмөнкү  мисалдар  далил 
боло  алат:  англис  тилинде: Have seen a wolf 
(карышкыр  көрдү);  Кыргыз  тилинде:  тили  бай- 
лануу,  тилден  калуу,  жаагы  карышуу,  тилин 
байлоо,  тил-оозунан  ажыроо,  тил-оозу  жок 
жатып калуу; 
Адамдардын  эркинен  тышкары,  бир  се- 
бептүү  сүйлөбөй  калууга  мисал  катары  эки 
тилден  төмөнкү  этиштик  фразеологизмдерди 
көрсөтүүгө  болот:  англис  тилинде: Stop smb’s  
mouth (бирөөнүн  оозун  токтотуу);  кыргыз  ти- 
линде: оозуна капкак болуу-эки тилде тең «эркин 
сүйлөтпөө,  сүйлөөгө  тыюу  салуу»  маанилерин 
билдирип турат. 
Бул  топтогу  тек  гана  англис  тилинде  кол- 
донулган  этиштик  фразеологизмдер,  биздин 
байкашыбызча  төмөнкүлөр: Lose the power of 
speech (сүйлөөгө  мүмкүнчүлүгү  келбөө); hold 
one’s tongue (бирөөнүн тилин кармоо) «бирөөнү 
сүйлөтпөө»;  Keep one’s tongue between one’s 
teeth (тилин  тилинин  арасында  кармоо) – «тил 
катпоо».  
Тек  гана  кыргыз  тилинде  кездешип,  англис 
тилинде  эквиваленти  колдонулбаган  сүйлөбөө 
маанисиндеги  этиштик  фразеологизмдерге  тө- 
мөнкүлөрдү  киргизүүгө  болот:  тили  күрмөөгө 
келбөө-«коркконунан,  эрксизден  сүйлөбөө», 
оозунан  чыгарбоо  «жашырып  сүйлөбөө»,  оозун 
басуу- «сүйлөтпөй тыйып коюу». 
 
3.  Жалпы  сүйлөө  маанисиндеги  этиштик 
фразеологизмдер:  
Жалпы  сүйлөө  маанисиндеги  этиштик  фра- 
зеологизмдер эч жүйөсүз эле сүйлөй берүү жана 
чебер сүйлөөгө байланыштуу калыптанган. а) эч 
жүйөсүз  эле  сүйлөй  берүү-  маани-мазмуну  жок  
көп  сүйлөө,  сөздү  кор  тутуп,  бекер  сүйлөө 
маанисиндеги  этиштик  фразеологизмдер  эки 
тилде  бирдей колдонулгандыгын көрөбүз: Wag 
one’s tongue (тилин  чайкоо)\\  оозу  менен  (тили 
менен)  орок  оруу-«колунан  эч  нерсе  келбесе  да, 
«бүтүрөм», «кыйратам»  деп  курулай  опурула 
берүү»;  Tell  fibs  (калп  сүйлөө)\\  калпты  койгу- 
латуу,  калпты  шыпыртуу-«чындыкка  туура 
келбеген  жүйөсүз  сөздөрдү  сүйлөө»;  Сut up 
touchis (cөзүн  бөлүп-жаруу)\\  мээсин  чагуу, 
мээсин эзүү-«көп сүйлөп тажатуу». 
б)  Чебер  сүйлөөгө  байланыштуу  этиштик 
фразеологизмдер-сөздүн  майын  чыгаруу,  өзүнө 
элдин  көңүлүн  буруу,  эки  сөздүн  башын  кошо 
албоо  маанисинде  колдонулат.  Мисалы: Have a 
sharp tongue (тили  өткүр  болуу)\\  тилинен  май 
тамган, тилинен чаң чыгуу, тилинде сөөлү бар;   
Have a ready tongue (тили  дайым  болуу) \\ тил 
кайруу,  оозунда  жели  болуу; Lose one’s tongue 
(тилин  жоготуу) \\ тили  байлануу,  оозунан  сөзү 
түшүү
 
4.  Баалоо  маанисиндеги  этиштик  фра- 
зеологизмдер:  
Баалоо  маанисиндеги  этиштик  фразеоло- 
гизмдер  маскаралоо,  мыскылдоо,  шылдыңдоо, 
мактоо,  айыптоо,  кыйналуу  маанилерин  билди- 
рет.  Салышытырылган  тилдерде  катар  кол- 
донулуп бири-бирине тең эквивалент боло алган 
этиштик  фразеологизмдер  катары  төмөнкү  ми- 
салдарды берсек болот:  
cast smth full in smb’s teeth (бирөөнүн тилине 
бир  нерсе  тыгуу) \\ бетине  басуу,  бетин  ай- 
мандай  кылуу,  күнөөсүн  бетине  коюу,  катуу 
уялтуу, маскара кылуу, жер каратуу;  
call smb. everythig one can lay one’s tongue to 
(мүмкүнчүлүгүнө жараша тилде жатканы менен, 
баарын  түгөл  атоо)\\  акесин  таанытуу  «теске 
салуу», ит терисин башына каптоо «аябай мас- 
каралоо»;  
Exalt smb. to the skies (бирөөнү  асманга 
көтөрүү)\\ төбөсү көккө жетүү «жетине албоо» 
Sing smb’s prices (бирөөнүн  сыйлыгына 
карата  ыр  ырдоо) \\ жерге  сууга  тийгизбөө-

Вестник КазНУ. Серия филологическая, №6 (130). 2010 
 
345
«абдан күчөтүп, көтөрө чалып мактоо, ашыра 
мактоо»; 
Be a bull for decision \\сөзгө жыгылуу, сөзгө 
сөлтүк  кылуу,  сөзгө  сындыруу-«орундуу  айтыл- 
ган сөзгө жеңилүү, абдан уят кылуу,» 
 
Ойлоо  маанисиндеги  этиштик  фразеоло- 
гизмдер.  Ойлоо  иш-аракеттин  бир  түрү.  Адам- 
дын  аткарган  иш-аракети  активдүү  жана  пас- 
сивдүү  аракеттер  экендиги    баарыбызга  бел- 
гилүү.  Биз  талдоого  алган  ойлоо  маанисиндеги 
этиштик  фразеологизмдердин  көпчүлүгү  адам- 
дардын  пассивдүү  иш-аракетине  байланышкан. 
Дегеле,  ойлоо  процесстерин  ойлоо  маанисин- 
деги  фразеологиялык  айкаштар  аркылуу  бери- 
лиши тилде өзүнчө каражат катары кабылданат. 
Бул  мааниде  колдонулган  этиштик  фразеоло- 
гизмдер  саны  жагынан  сейрек  болсо  да,  ойлоо, 
эсте сактоо маанилерин билдирип, эки тилде тең 
сакталгандыгын  байкайбыз.  Мисалы: Come into 
one’s head (mind) (башына,  оюна  келүү)\\  ою 
онго бөлүнүү «кайра-кайра ойлоно берүү»; 
Slipp one’s memory (ою  бир  калыпта  бол- 
боо)\\ эсинен  чыгып кетүү, «унутуу». 
Бул  мааниде  англис  тилинде  гана  колдону- 
луп,  кыргыз  тилинде  эквиваленти  жок  этиштик 
фразеологизмдерге  төмөнкү  мисалдарды  кел- 
тирсек болот: 
Grow wise-(ою өсүү); 
Learn sense- (ой үйрөнүү); 
Make sense-(ой жасоо); 
Кыргыз  тилиндеги  төмөнкү  этиштик  фра- 
зеологизмдердин  англис  тилиндеги  эквивалент- 
терин  табууга  мүмкүнчүлүк  болгон  жок:  Жүз 
толгонуу  (катуу  ойлонуу,  бир  чечимге  келе 
албай  убаралана  берүү),  мээси  ачуу  «башы  ай- 
лануу», мээси жетпөө «бир нерсени түшүнбөө, 
баамдай  албоо»,  мээсин  чагуу-«көп  сүйлөп  
 
 
 
 
 
 
 
кыйноо», эсине жара чыгуу-«бир нерсени эсине  
келтире  албай  убаралануу»,  ичтен  тынуу-
«сабыр кылуу». 
_________________ 
1.  Атаева Г.М. Междометная фразеология в словаре 
(на материале английского немецкого языков). КД., Самар- 
канд, 1989. 
2.  Аманжолов  А.С.  Глагольное  управление  в  языке 
древне-тюркских памятников.-М: Наука, 1969,-105 б 
3.  Артемова  А.Ф.  Значение  фразеологических  еди- 
ниц и их прагматический потенциал. ДД. Пятигорок, 1991. 
-349 с.  
4.  Андрейчук Н.И. Соотношение семантики фразео- 
логических  и  свободных  словосочетаний  в  современном 
английском языке. КД. Одесса, 1986. -192 с.  
5.  Бинович  Л.Э.  О  многозначности  идиом \\ Иностран- 
ные языки в школе. 1952, №5. 29-36с. 
6.  Дмитриев Н.К. Строй тюркских языков.-М., 1962. 
-165 б 
7.  Кунин А.В. Англо-русский фразеологический сло- 
варь. Лит-я редакция М.Д. Литвинова 4 изд., переработан- 
ное и дополненное. М.: Русский язык, 1984. 944 б. 
8.  Кенесбаев С.К. Казак тiлiнiң фразеологиялык сөз- 
дiгi. –Алматы:  Ғылым. 1977, 712 б.  Карпов,  В.М.  Простое 
распространенное предложение в английском и киргизском 
языках [Текст] : дисс...канд.фил.наук / В.М. Карпов. - Фрунзе
1965. - 281 с. 
9.  Карымшаков  А.  Соматические  фразеологизмы  в 
русском и кыргызском языках. АКД, Бишкек 1992.-163с. 
10.  Кунин  А.В.  Фразеология  современного  англий- 
ского языка. М.: Высшая школа. 1972.-322с. 
11.  Кунин  А.В.  Курс  фразеологии  современного  ан- 
глийского языка .-М.: Высшая школа, 1986.-336с.  
12.  Сауранбаев  Н.С.  Казак  тiлi.-Алматы, «Мектеп» 
1959.-130 
13.  Хаританов  Л.Н.  Типы  глагольной  основы  в 
якутском языке.-М.,1951. 
* * * 
Бул макалада кыргыз жана англис тилдериндеги иш-ара- 
кет  маанисин  билдирген  этиштик  фразеологизмдер  чагылды- 
рып жана алар бир нече өз ара маанилик топторго жиктелген. 
* * * 
This article is devoted to the researching character, 
peculiarities, sources, grammatical structure and translation of 
English and Kyrgyz verbal phraseologies which give the 
indication of the action. 
 
 
  
 
 
 
 
Sddfb 
 
fdmgkhgk 
 
 
Врово 
 
пбплбо 
 
       
 
 
 
 
 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   44   45   46   47   48   49   50   51   52




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет