Кыргыз республикасынын


көрсөтүү», «сөөмөйүн көтөрүү», «көзүн чакырайтуу»



Pdf көрінісі
бет11/25
Дата06.04.2023
өлшемі361,36 Kb.
#80031
түріДиссертация
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   25
көрсөтүү», «сөөмөйүн көтөрүү», «көзүн чакырайтуу» - коркутуу, эскертүү 
маанисинде; ал эми «жылмаюу», «кучагын ачуу», «алакан чабуу», «далысына 
колун коюу» белгилери - колдоп-кубаттоо максатында аткарылат.
4. Сүйлөшүү учурунда колдонулган кандай гана ымдоо-жаңсоо болбосун, анын 
белгилүү бир чөйрөсү болот. Башкача айтканда информацияны кимдир бирөөгө
угуучуга туюндурууда өзүнө тиешелүү колдоно турган чөйрөсү болот. 
Т.Маразыковдун пикири боюнча, сүйлөшүүнүн ар түрдүү чөйрөлөрүнүн түзүлүшү, 
андагы стилдик өзгөчөлүктөрдүн болушу- табигый көрүнүш. Ошол себептен да бул 
сыяктуу жагдай-шарттар биздин сүйлөшүү учурунда колдонгон ымдоо-
жаңсоолорубуздун ар түрдүү болушунун бирден-бир себеби болуп саналат. Ар бир 
ымдоо-жаңсоолор, тулку-бойдун ал-абалы, каш, кабак, көз караш ар бир 
чөйрөдө ар кыл болот. Турмуш-тиричиликте сүйлөө чөйрөсүндө ымдоо-жаңсоолор 
эркин, арбын колдонулат. Ал эми иш чөйрөгө айрым кесиптик ымдоо-жаңсоолор 
кирет. Мындай ымдоо-жаңсоолордун колдонулган чөйрөсү чектелүү болгондуктан, 
ал ошол чөйрөдө гана түшүнүктүү болот. Бул чөйрөдө колдонулган ымдоо-
жаңсоолордун өзүнө гана тиешелүү угурманы бар. Аларга айдоочулардын
телекызматкерлеринин, спорт калыстарынын (судьяларынын) ж.б. кесиптеги 
адамдардын ымдоо-жаңсоолору кирет. Ал эми публицистикалык чөйрөгө 
(көпчүлүккө сүйлөө чөйрөсү
2
) чечендердин сүйлөө учурунда колдонгон ымдоо-
жаңсоолорун киргизүүгө болот. Турмуш-тиричиликте колдонгон ымдоо-
жаңсоолорду публицистикалык чөйрөдө колдонуу ошол чөйрөдөгү сүйлөшүүнүн 
жагдай-шарттарына, салт-жөрөлгөлөрүнө, этикет эрежесине туура келе бербейт. 
Себеби публицистикалык чөйрөдө колдонулган ымдоо-жаңсоолор ошол чөйрөнүн 
стилдик өзгөчөлүктөрүнө, максат-талаптарына, чен-өлчөмүнө, нормаларына баш 

1
Байбурин А.К., Топорков А.Л. У истоков этикета: Этнографические очерки. - Л.: Наука, 1990. - С. 23. 


2
Маразыков Т.С. Вербалдык сүйлөшүүнүн табияты.//Кыргыз тили жана адабияты. - Бишкек, 2004, №7. - 12-б. 


10
ийет. Албетте, мындай жагдайлар биздин сүйлөшүүбүздүн жана ымдоо-
жаңсоолорубуздун ар түрдүү болушун шарттап турат. 
5. Сүйлөшүү учурунда колдонулган ымдоо-жаңсоолор универсалдуу, бардык 
элдерге бирдей тиешелүү көрүнүштөргө жана спецификалык, жеке, улуттук 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет