Уй жаныбарларын


Тема  15,  Мал  и н ф р астр ук тур ам



Pdf көрінісі
бет6/9
Дата20.02.2017
өлшемі7,34 Mb.
#4525
1   2   3   4   5   6   7   8   9
Тема  15,  Мал  и н ф р астр ук тур ам .
Мугалимге  эскертмелер 
Ыкмалар;
-  лекция;
-  визуализация;
-  практикалык  метод;
-  дискуссия;
-  жыйынтыктоо  ж .6.
Кошумча  материалдар;
-  ф ерм ерд и к  ч ар б ал ар д ы   ую ш турууга,  а л а р га   к ем ек  
керсетууг©  багытталган  буклеттер,  китептер.
-  А .Ж етигенов. 
“Ч .Н ургазиев.  “Кой  чарбачылыгынын 
негиздери”.  Окуу  куралы.
Башка  темалар  жана  предметтер  менен 
байланышы;
-  “Малды багуу”  темасы менен;
-  “Зоогигиена  ж ана  ветеринариялык  проф илактиканы н 
негиздери”  темасы менен.

88
Мал  инф раструктурам
Тема  15.  Мал  инфраструктурасьт.
Максаты:
-  М алды   ж ы лды н   ар  бир  м езгилинде  багуу  ш арты н, 
короолорунун  даярдыгын  аиыктоо  иш-чараларын  уйренет.
15.1.  Кой  кашарлары  жана  алардын  жабдууларьт 
женунде  кыскача  тушунук
Зоогигиеналык  эреже  боюнча  кой  багылуучу  кашарлар 
шамалдан  ыктоо,  кунестуу,  сууну  бат  сицирип,  тез  кургай 
тургап  боз  же  кара  топурактуу  децсее  жерге  салынат.  Мал 
жайылуучу  жайыттар  кашардын  тегерегинде  болу и,  кашар 
айыл-кыштактан  200-3000  м  ден,  чоц  жолдордон  500-1000  м 
ден  кем  эмес  аралыкта  болуу  керек.  Кой  кашарлары  атайын 
д о л б о о р   м енен  к у р у л у н ,  ичи  к у р г а к ,  ж а р ы к   ж ан а  
вентиляциясы  колдонууга  жецил  жана  одой  болууга  тийиш. 
Кышкысын жайытта багылган ириктер жана субай сооолуктар 
учуй ар бир баш койго  0,5-0,7 м2  аянт туура келгендей кылып, 
атайын  бастырмалуу  короолор  салынат.
Зоогигиеналык  эреже  боюнча  кой  багылган  кашарлар 
дайыма  таза  кармалып,  алардын  туура  есушун©  жагымдуу 
микроклимат менен камсыз болушу ©те зарыл.  Кашарлардын 
ички  температурасы  0  итан  темен  болбой,  орто  эсеп  менен 
алганда 3-16 °тун тегерегинде болушу керек.  Козулар жаткан 
белмелердегу абанын температурасы  12-14 °тан темен болушу 
мумкун эмес.
Ж айытка  чыкпай  колдо  багылган  койлор  учун  атайы 
жасалган  акырлар  жана  аштоолор  болот.  Кой  чарбасында 
колдонулуучу  акыр  менен  аштоонун  кеп  турлеру  бар.
Кой  кашарлар  бир  отор  кой  кенен  баткьтдай  белгилуу 
елчемде  курулууга  тийиш.  Зоогигиеналык  норматив  боюнча 
койлордун  тукумуна,  жашына,  жынысына  жараша  ар  бир 
баш койго кашардын жер таманынан темендегудей аянт туура 
келгендей белгиленген:  жазгы туутка коюлган бооз соолуктар 
учун  -   1,2-1,5  м2  ,  кышкы  тууттагылар  учун  2-2/2  м2,  чогуу 
багылган  кочкорлор  учун  3-4  м2,  токту,  боруктар  учун  -   0,5
-   0,7  м  2  ,  ириктер  жана  соолуктар  учун  -   0,8-0,9  м2  . 
Кашарларды  жылына  бир  жолу  тазалап,  жугушсуздандырат 
(дезинфекция).  Кузунде  кашардын  ичи-сырты  эки  сыйра 
акталат.  Туут убагында койдун астьша тешелген  саманды 4-5 
кунде  бир  жацылап  жана  кургактап  туруу  керек.
15.2.  Койлорду  жайкы  мезгилде  жайытта  багуунун 
талаптары.
Койду  жайытта  багуунун  колдо  багууга  Караганда 
кеп  артыкчылыхы  бар.  Кой  жайытта  багыла  баштаганда 
малдын  башка  туру  жетпей  турган  аска-зоонун  арасындагы, 
тоонун  чокусундагы  пайдаланылбай  жаткан  эц  бир  сонун 
жайыттар пайдаланылат.  Койдун кунуге жайылып,  керээлден

Мал  инфраструктурасы
89
кечке  басыл  журушу  организмдеги  буткул  физиологиялык 
кы йм ы л-аракеттердин  активдуулугун  кучетуп,  ж алпы  
организмдин тонусун кетерет.  Малдын ичтейи ачылып,  жеген 
тоютун жакшы синирет.  Мал дайыма таза аба менен дем альт
езун  эркин  сезет.  Кой  жайылуучу  жайыт  таза,  кур гак  жана 
децсее  жерлерде  болууга 
т и й и ш

Малды  бир  жайыттан 
экинчисине  которгон  убакта  жайытты  ж ана  суу  ичуучу 
сууларды   ар  турдуу  акыр-чикирлерден  тазалоо  тийиш, 
Ж айытта  жана  сугатта  койдун  туяктарын  жаралантчу  зым, 
мык,  сыяктуу  учтуу,  курч  нерселер  болбошу  керек.
Кой  жайытка  эртец  менен  чыкканда  2
-3
  сааттан  кийин 
жана  кечки  тунекке  кайтаарына  К 2  саат  калганда  эки  маал 
сугаруу  абзел.  Койду  жайытта  бакканда  тунек  жайлар 
(короолору)  таза,  кургак болуп,  бул короолор жайыттан алые 
болбоо  керек.  Чыла болуп булганган  кой  короолор дун  ордун 
тез-тез  которуп  туруу  да  эсте  болушу  зарыл.
Кой  чарбасында  табигьтй  жайыттарды  пайдаланбастан, 
айдоо  жерлерди  да  жайыт  катары  пайдаланышат.  Мындай 
шартта  аны  чакан  корук  тилкелерге  белуп,  анын  ичинде  5-6 
кун  болгондон  кийин  башка  тилкеге  которуп  туруу  ылайык.
15.3.  Айлана-чейре  жана  климаттын  койдун  ден 
соолугуна  келтирген  таасирлери.
Атмосфералык  аба  езунун  составындагы  турдуу  газдар, 
химиялык кошундулар,  микроорганизмдер,  ар турдуу кыпын- 
чацдар  аркылуу,  ошондой  эле  езунун  физикалык касиеттери 
(температурасы,  иымдуулугу,  басымы,  кыймылыж.б.)  менен 
малдын  организмине  таасирин  тийгизет. .  Зоогигиеналык 
норм атив  боюнча  каш арлардагы   абанын  салыигтырма 
ны м дуулугу  80%,  жацы  туулган  жаш  козулар  турган 
клеткаларда 
75%  болуп,  температурасы  8-12  градустун 
тегерегинде  болуу  керек.  Абада  дайы ма  м еханикалы к 
кошундулар  -   чандар  бар.  Алар  учке  белунет.  Минералдык, 
органика лык  жана  кошунду  чацдар  болуп,  езгече  алардын 
арасында  жугуштуу  ыладдаткыч  микроорганизмдер  болсо 
ете коркунучтуу.  Малдын соолугу учун кундун жарыгы абдаи 
п а й д ал у у .  К ун дун   ж ар ы гы   о р ган и зм д еги   заттар д ы н  
ал м а ш у у с у н   к у ч е т у п ,  д ен еге  б ел о к   м ен ен  м ай ды н 
жыйналышын камсыз  кылат,  б.а,  малдын салмагын кебейтуп, 
семиртет.  Кундун  ж арыгынын  таасири  менен  кептеген 
ыландаткычтар  елумге  дуушар  болот.  Кун  жарыгы  кээде 
организмге терс таасирин да тийгизбей койбойт.  Кундун инфра 
кызгылт нурунун таасири менен мээге кан арбын келип,  кээде 
ага  кан  кую луп  кетуу  коркунучу  да  бар.  Малдын  денесине 
ысык  етуп  кетпес  учун  дарагы  жок  ээн  талаадагы  жайкы 
жайыттарга бастырма куруп,  жайкысын малды  чак туш ченде 
бастырмаларга  же  келекелуу  жерлерге  келекелетуп  алый, 
салкын  тушкенде  кайра  чыгаруу  керек.
Рахит   ы лады па 
ч а лд ы кка н  к о п   ж ат  
м узоо

90
Мал  инфраструктурасы
Багы лган  м алга  жер  кыртыш ьгндагы  топуракты н 
химиялык  составынын  зоогигиеналык  мааниси  зор.  Себеби 
анда  кандай  химиялык  элементтер  болсо,  ушу л  жерде  ескен 
есумдуктердун  составында  ошол  эле  элементтер  болот. 
Тояуракта  микроэлементтер  канчалык  мол  болсо  малга 
жагьтмдуу  келет.  Мис,,  топуракта  иод  аз  болгондо  калкан 
сымал  безиндеги  гормондордун  пайда  болушу  темендейт, 
малдын  есушу  начарлай т,  алар  ар  турдуу  ы лад д арга 
чалдыгып,  кунардуулугун  жоготот.
15.4.  Малды жайытта кароо жургузуу жана керектуу 
жабдуулар,  шаймандар  менен  толуктоо.
Малды  багууда  чабандын  эд  негизги  милдеттери:  кун 
сайын  койлорду  жакшы  ж айы ттарга  жайып,  курсагын 
тойгузуп,  талаада  калтырбай,  аман-эсен  багуу.  Кунде  туз 
берип  жана  сугарып  туруу.  Начар,  кой-козуларды  езунче 
белуп,  аларды жакшы тоюттандырып туруу керек.
Койлорду чылалуу, баткактуу жерлерге жана тосмолорго 
камап коюу таптакыр жарамсыз нерсе.  Кундуз койлор жуушап 
жатканда  текшеруу  жургузуп,  аксак-тексектерин  карап, 
туяктары есуп  кетсе жонуп таштап,  курттан  кеткен жерлерин 
дарылап  коюшат.  Койлорду  шамалдап  туруучу  бийигирээк 
дедсеелерге  жуушаткан  од.  Эдесин  таба  албай  оттобогод 
козуларды  энесиде  кошуп,  эмизууге  жардам  бериш  керек. 
Арасыддагы  аксак-тексектерин,  ыладдагандары д  белуп, 
езунче  тоюттандырып  дарылаш  керек.
Ч абан  бригадасы   тем ен д егу д ей   ж абд уулар  ж ан а 
шаймандар  менен  камсыз  болууга  тийиш:
1.  Тактайдан  жасалган  чабандын  бир  женил  уйу,  боз  уй  же 
чатыр;
2.  Кой  кайтарууга  эки  мингич  ат,  жылкысы  жетиштуу 
чарбаларда даты  бир  жаиы  уйретулген  бышты;
3.  Эки  корооочу  ит;
4.  Койлорго  суу  ташуучу  чарбаларда  ар  бир  чабанга  КЗ 
тонналык  бирден  суу  сактагыч  жана  жетиштуу  санда  аштоо;
5.  Койго тоют даярдалуучу  1  чод казан,  иттин жуундусу учун 
1  кичине  казан;
6.  Жем,  туз  сакталгыч  укек.
7.  Туз  салынуучу  аштоолор;
8.  Экиден  балта,  курек,  чака;
9.  Аркан жип,  балка,  кол  араа,  мык,  аттиш,  аттын такалары, 
жуушац  кайчы.
10.  Ат  жабдыктары,  (экиден);
11.  Ветеринариялык дары кутучасы,  керектуу дары-дармектер 
ж ан а  в е т е р и н а р и я л ы к   асп ап тар   к ай н а ту у ч у   идиш и 
(стерилизатор)  менен.
12.  Чабандын  таягы  (1*2  ).

Мал  инфраструктурасы
91
Чабандын таягынын узундугу  2-2,5 м келип,  бекем  жыгачтан 
жасалат.  Анын  бир  жак  башында жыгачтан  жасалган  иймеги 
болот.
2 0   "  
с s - t 

 

. >
*
----------------------------------——
------  
1
 
.............  

1
 

1
 
1
 
щ£
<

£ 0 0   -   2 6 0   C * f
-
 
-----------------------------------------------------------— —
Суроолор:
1.  Дезинфекция кашарларга эмне учун жургузулет жана эмне 
пайда  бар?
2.  Акыр,  аштоолордун  кандай  турлеру  бар?
3.  Жайыттын  кандай  турлеру  бар?
4.  Жайытта  уулуу  чептерге  к ар ты   кандай  иш-чараларды 
жургузуу  керек?
5.  Топурактын,  есумдуктун  жана  малдын  кандай  химиялык 
байланыштары бар?
6.  Абанын  температурасы  те мен  болгондо  малга  кандай 
таасирин  тийгизет?
7.  Жайытта ылацдаган малды кантип  аныктап  билсе болот?
8.  Ат  жабдыктарына  кайсылар  кирет?
Тапшырмалар:
-  Начар,  жетим  козуларга  мал  чарбасында  кебуреек  кецул 
буруу,  аман  алып  калуу  ыкмаларын  уйренуу.
-  Ж е р г и л и к т у у   м ал  ч ар б а сы н д а   ж ер   кы р ты ш ы н ы н  
геобиопровинциясын  аныктоо,
-  Чарбада  жайытты  туура  колдонуу  шарттарын,  эрежелерин 
так  билуу
-  Чарбада  багылган  малдын  короолорунун  зоогигиена лык 
нормативдерге  туура  келишин  аныктоо  жана  салыштыруу.

92
Мал  жаюу  техникасы
Тема  16.  Мал  жаюу  техникасы 
Мугалимге  эскертмелер
Ыкмалар:
-  лекция;
-  суроо-жооп;
-  экскурсия;
-  ирблемалык  метод;
-  таншырма  ж.б.
Кошумча  материалдар:
-  училитцадагы  окуу  куралдары;
-  Овцеводство.  Москва,  1987.  (А.И.Николаев,  А.И.Ерохин);
-  Зоогигиена  с  основами  ветеринарии.  Москва,  1965.
-  Кормление  с \ х   животных.  Богданов.  1990.
-  п л а к а т т а р ,  с у р о т т е р ,  таб ли ц а л ар ,  к и н о ф и л ц м д ер , 
инструкциялар,  методикалык  керсетмелер.
Баш ка  тем алар  ж ана  предм еттер 
менен 
байланышы:
-  ботаника
-  жайыт  таануу
-  кой  чарбасы
-  уй чарбасы
-  жылкы  чарбасы  сабактары

Мал  жаюу  техникасы
93
ин);
iep,
i e r i
Тема  16. 
Мал  жаюу  техникасы 
Максаты:
Окуучулар  кой  менен  уй  баласын  кандай  жаюу,  багуу 
керек  эксндигин  уйрепет.
16.1.  Койду  жана  уйду  жайытта  жаюунун 
техникасы.
Кой баласы жайытты негизинен жакшы пайдалана турганы 
еткен  темада  айтылган.  Кой  баласы  тоо,  талаа,  жарым  чел, 
чел  жайыттарын  жакшы  пайдаланышат.  Ал  эми  саздак 
жерлерге кеп жайьтшка болбойт. Анткени койдун туягы чирип, 
курт оорулары менен кеп ооруйт.  Талаа жайыты Казакстанда, 
Р о с с и я д а   к е п ,  ал  эми  тоо  ж ай ы ттар ы   болсо  би зде, 
Кыргызстанда жана Закавказье елкелерунде кецири тараган. 
Республика боюнча жайыттын аянты  8509,  8 га  ,  анын ичинен 
жайкы  жайыт  1435,4  га.  Эгерде  бир  койго  бир  жылда  5,2  ц 
тоют  бирдиги  талап  кылынса,  анын  2,86  ц  тоют  бирдигин 
жайыттан алат.  Койду кышкы колдо багуудан жайкы жайытка 
акырындык  менен  еткеруу  керек.
Ж айыт темендегудей бедунет:  табигый жайыт,  табигый 
м ад ан и ятту у   ж ай ы т.  Т аби гы й  м ад ан и ятту у   ж айы тта 
(кепчулугу  талаа  жайыты)  жайытттарды  загондорго  белуп 
коёт.  Койду жаярдын алдында жайытты иликтеп чыгуу керек. 
Биринчиден,  ботаникалык составын,  уу  чептердун бар-жогун, 
эки н чи ден ,  ж ай ы ттагы   суунуи  бар-ж огун ,  ж айы тты н 
ж ети луусун,  мындан  ты ш кары   ж айы тты   алмаш тырып 
пайдалануу.  Населен,  быйылкы жыльг лайдаланылган жерге 
бир-эки жылга тыныгуу беруу керек.  Жайытты пайдаланууда 
Кыргызстанда адегенде тоо этектеп,  анан  акырындап ейделее 
менен  пайдалануу  талапка  ылайътктуу.  Себеби  тоонун  этек 
жагындагы  чеитер  эрте  жетилет.  Эрте  жаз  жана  кеч  кузден 
тышкары,  койду  дайыма  эртен  менен  жайытка  алып  чыгуу 
керек.  Кой  ысъткты  начар  кетергендуктен  саат  1100ден  саат 
1600ге чсйин  жайбоо керек.  Жайытта койду  жай айдоо  керек. 
Эртен менен  жана кечинде  койду  шамалдын багытына карай, 
ал  эми туште  шамалга  каршы жаюу керек.  Эки  жолу  сугаруу 
талапка  ылайык,  ошондой  эле  туз  менен  камсыз  кылышат.
Уй баласы кышында колдон,  ал эми жайында  жайыттан 
тоюттандырылат.  Уйду  жайытта  жаюунун  уч  жолу  бар. 
Биринчиси -  табигый жайыт,  экинчиси -  маданияттуу табигый 
жайыт,  учунчусу  -   айдап  себилген  маданий  табигый  жайыт. 
К ы р гы зстан д а  1  ж ана  3  жолу  колд он улат,  Уйга  тоо 
этектеринен  жакшы  жайыттар  бел у нет.  Жайытка  чыкканда 
жайлоодо  саанчылар  учун  уй,  музоо  клеткалары,  сутту 
муздатуучу  жерлер  болуу  керек.  Туз,  жем  менен  камсыз 
кылуу  да  негизги  милдет.  Уйлар  кундузу  да,  тундесу  да 
жайылат.  Ошондуктан  саанчылар дан  тышкары  уйчулар  да 
болот.

94
Мал  жаюу  техникасы
16.2.  Жылкыны жана топозду жаюу техникасы.
Ж ылкы  6аласы  жапыз  жана  бексе  тоолордо  жакшы 
жайылат.  Анткени  ете  бийик  тоолордо  учуп  кетип  ©лум- 
житимге  учуроо  коркунучу  бар.  Ж ы лкы ны   негизинен 
уйурлеру менен жайы дышат.  Жаюу да суунун жээги,  ереендун 
туз  жерлери тандап  алынат.  Ж ылкыны  кундур-тундур  жаюу 
керек.  Ошондуктан  жаандуу  кундерде  тегиз  жерлерге,  ал 
эми  кун  ачыкта  жалпак  беттерге  жаюу  керек.  Жайытта  туз 
менен  камсы з  кы луу  ш артка  ы лайы к.  Ж ай л о о л о р д у  
пайдаланганда 2000 м ге чейин бийиктикте жайса болот.  Андан 
жогорулаганда тутек болуи,  жылкы жакшы чыдабайт.  Кыштын 
куну  кар  баспаган  куцгейлерге  жайышат.  Куцгейлерду  кар 
басып  калса  деле  жылкы  тээп  оттой  берет.  Кулун-тайлар 
жайьшда  жайлоодо  жайылганы  менен,  кышкысын  колдо 
багылганы  дурус.  Анткени  карды  тээп  оттой  албагандыктан 
кулундар  иачарлап  кетет.  Ж ылкыны  жай  айдап  уркутпее 
керек,  себеби катуу  айдоодон жана аларды  уркутууден кулун 
салмай кеп болот.
Топоз  -   жарым  жапайы  мал,  ошондуктан  ал ар  дайыма 
жайытта журушет.  Жайында да 3000 м бийиктикте,  ызгаардуу 
суукта  жайылышат.  Топоздорду  такай  кеземелдеп  турбаса, 
алар бир жайытты  экинчи бир жайытка тез-тез  алмаштырып, 
бир ереенден экинчи вреенге ооп кетет.  Жайытты пайдалануу 
боюнча топоз менен  койлордун  жайытынын  ортосунда талаш 
болуп  калышы  ьгктымал.  Анткени  малдын  бул  эки  туру  тед 
жайытты  бирдей  даражада  жакшы  дайдаланат.  Демек,  экее 
бир  жайылганда  жайыттын  чебу  бат  суюлуп,  азайып  кетет.
Суроолор:
1.  Койду  жайытта  кандай  жайышат?
2.  Уйларды  жаюунун  канча  туру  бар?
3.  Жылкыны жаюуну  кандайча уюштуруу керек?
4.  Тоиоздун  жайытты  пайдалануу  взгечелугу  кандай?
Тапшырмалар:

Ж ылкы  менен  топозду  жаюуну  кандайча  уюштураарын 
айтып бергиле.
Кой  жана  уйларды  кандайча  жаюу  керектигин  айтып 
бергиле.

Малдын  журуш  -  турушу
95
Тема  17. 
Малдын  журуш  "
Мугалимге  эскертмелер
Ыкмалар:
- лекция;
- суроо-жоои;
- экскурсия;
проблемалык  метод;
- тапшырма  ж,б.
Кошу мча  материалдар:
турупгу
-  лицеидеги  окуу  куралдары
-  Зоогигиена  с  основами  ветеринарии.  Москва,  1965. 
-Внутренниенезаразные болезни животных. Ленинград,  1972.
-  Разведение  с \ х   животных.  В.  Ф.Красота,  В.Т.  Лобанов. 
1976.
-плакаттар,  муляждар,  суреттер,  методикалык корсетмвлер.
Башка  темалар  жана  предметтер  менен 
байланышы:
- естуруу;
- тоюттандыруу  темалары;
- ветеринария

96
Малдын  журуш  -  ггурушу
Тема  17. 
Малдын  журуш  -  турушу
Максаты:
-  Окуучулар  кой  баласынын  нормалдуу  журуш  -  турушун 
баалайт
17.1.  Кой  баласынын  нормалдуу  журуш-турушу.
Оору-сыркоосу  жок  туулган  козу  энеси  аны  жалап 
телчикенден  кийин,  энесинин  эмчегин  езу  таап  эмет.  Анан 
ээрчип,  басуунун аракетин  жасайт.  10-15  кун энесинин  эмчек 
суту  менен  тамактанат.  Андан  кийин  бара-бара  жерден  чеп- 
чарды  истеп  жегенге  аракеттенет.  Ошол  мезгилде  аларга 
жашыл  чептен  боолап,  илип  коёт.  Анан  акырындык  менен 
жемге  етуп,  ага  кенгенден  кийин  аны  да  жакшылап  жегенге 
кен е  баштайт.  Н орм алдуу  есуп  ж аткан  козулар  ушу л 
мезгилде 80-100 граммга чейин салмак коигот.  Ж етел болбойт. 
Ж аны дан  есуп  ж атканда  зады  кумалак  турунде  чыгат. 
Кездерунен  жаш  агып,  мурдунан  чимкирик  акпайт.  Дайыма 
оюн  салып,  езун  сергек  алып  журет.
Чон койлордун  нормалдуу есушунде ар дайым езулерун 
сергек сезип,  жайылганда койлордон артта калбайт.  Ар дайым 
жуушаганда кепшее процесси  башталат.  Дайыма кумалак  же 
жакшы  тойгондо  зады  жампа  турунде  болот.  Сууну,  тузду 
талабынча пайдаланат.  Дем алуу процесси бир калыпта болуп, 
епкесун  какпайт.
Жайытта  езун  башка  койлор  менен  теи  алып  журет. 
Кездерунен жаш  акпай,  жакшы керуу касиетине  ээ.  Туяктары 
бутун,  такай таза.  Ж уну тушпей,  есуу  процесси  бир калыпта. 
Эгер  капилеттен  ит  же  башка  жаиыбар  чыга  калса  уркуу 
реакциясы  кучтуу  болот.  Соолук  койлор  кууге  убактысында 
келип,  кочкорлорду  кабы л  алы п,  кууттан  тез  чы гат. 
Кочкорлордун  уругунун  квлему,  кыймылы,  жетиштуу  жана 
сапаттуу  болот.
17.2.  Уй  баласынын  нормалдуу  журуш-турушу
Музоо туулгацдан кийин энеси жалап телчиктирет.  Андан 
кийин  нормалдуу  туулган  музоо  энесинин  эмчегин  таап,  езу 
эмгенге аракет кылат.  Энесинин суту менен  15-20 кунге чейин 
тамактанып,  андан  кийин  чепту  искеп  жегенге  аракет  кыла 
баштайт.  Ошол  мезгилде  чепту  боолап,  илип  коюу  керек. 
Нормалдуу  музоонун  мурдунан  суу  акпайт,  ж етелбейт, 
кезунен  жаш  акпайт.  Зады  суюк  эмес,  тоголок  же  жампа 
турунде  болот,  ©сушунун  негизги  белгиси  -   суткасына  600- 
700  г  кощу мча  салмак  кошот.  Ал  эми  тумшугунун  устундегу 
жалтырак  жери  дайыма  нымдалышып  турат.  Тоюттануусу, 
суу  ичуусу  кадимкидей.
Чоц  уйлардыкы  биринчиден,  сут  бериши  дайыма  бир 
калыпта  болуп  же  кошулуп  турат.  Жетелбейт,  зады  жампа 
турунде.  Эмчектин  упчулары   кесиги  ж ок,  кол  менен

Малдын  журущ  -  турушу
кармагаида  температура  сезилбейг.  Тумшуктагы  жалтырак 
жери дайыма нымдуу болуп турат. Жайылганда жана байлоодо 
турганда  эч  кандай  тынчсызданбайт.  Жуушаганда  кепшее 
продесси башталат.  Туяктары  кыйшайып  ийрилбестен  тунук 
болот.  0 з у н  дайыма сергек сезет.  Ж айытта  жай  кыймылдап, 
отгоосу  бир  калыпта  болот.  Сууну  жана  тузду  каалаганча 
пайдаланат.  Мезгил  мезгили  менен  жуушайт.
Букалардын нормалдуу есушу негизинен урук беришинен 
байкалат, алардын уруктары кеде му, сапаты боюнча ар дайым 
н орм алд уу  болот.  У йдун  куусу  уб акты сы н д а  келип, 
убактысында  букадан  чыгат,
Ж аш   кунааж ындар  нормалдуу  внугууде  болсо  бир 
жашынан  баштап  куугв  келе  баштайт.
17.3.  Жылкы баласынын нормалдуу 
ж уруш ~ тУРУш У* 
Бээ  кулундагандан  киийн  кулунун  жалап  телчиктирет. 
Телчиген  кулун  энесинин  эмчегин  езу  таап  эмет.  Энесинин 
суту менен  15-20 кунге чейин тамактаныл,  андан кийин челке 
аралаша  баштайт.  500-600  г  кошумча  салмак  кошот,  Энесин 
унунен  тааныйт.  Кундузу  да,  тундесу  да  жетелбейт,  езун 
дайыма  сергек  сезет,  буттары  туз  болот.  Сууну  жана  тузду 
каалаганча  пайдаланат.
Чод  ж ы лкы ларды н  журуш-турушу:  дайыма  сергек, 
туяктары жарылбастан, бутунан аксабайт.  Зады такай тоголок 
болуп,  ичи  етпейт.  Катуу  бастырганда  же  жумуш  иштегенде 
дем  алуусу  бир  калыпта  болуп,  бат  чарчабайт.
Бээлер  кууге  келген учурунда  айгырдан  ез  убактысында 
чыгат.  Айгырлардын  у ругу ну н  келему,  кыймылы  дайыма 
нормалдуу  болот.  Жумушчу  жана  мингич  аттардын  иштеши 
жана басканы  тын.,  дайыма  сергек  болушат.
Д ен  соолугу  таза  жылкынын  сурету

98
Малдын  журуш  ~  турушу
17.4.  Чочконун  жана  тооктун  нормалдуу  журуш- 
турушу.
Чочко  бир  жылда  эки  жолу  тел  берет.  Ар  бир  телдегенде 
8-12  ге  чейин  торопой  тууйт.  Торопойдун  келечектеги 
есушунде  акын  салмагы  чоц  роль  ойнойт.  Торопойлордун 
туулгандагы орточо  салмагы  1,2  кг болуу  керек,  эгер  500-700 
болсо,  анда  торопойлордун  25%  и  елуи  калат.  Нормалдуу 
туулган  торопой  энесинин  эмчегин  езу  ээмп,  тез  эле  тороло 
баштайт,  Эки айлык торопой 20 кг га чейин жетет.  Ошондуктан 
торопойлордун  нормалдуу  есушу  анын  салмак  кошушуна 
кебуреек  байланыштуу.  Нормалдуу  торопойлордун  журуш- 
турушу  сергек,  оюн  салып,  тоютту  жакшы  жешет.  Тунде  да, 
куидуз да жетелбестен,  кыймылы тьщ болот.  Арыктап,  салмак 
кош уусун  ж оготпойт.  Тоют  берээр  убакта  коркулдап  
тынчсызд анышат.
Чочконун чоцдорунун тамак жеши жакшы  болуп,  ездерун 
сергек  сезишет.  Мегелжин  чочко лор  убактысында  кууге 
келип,  камандан убактысында чьггышат.  Камандардын болсо 
кыймылы сергек,  уругу жетиштуу турде  болот.  Камандардын 
уругу  0,5  л  ге  чейин  жетет.
Ал эми балаиандар болсо  жумурткадан чыккандан кийин 
бир  суткага  чейин  ачкалыкка  чыдайт,  андан  ары  алардын 
тийиштуу  тоютун  берип  туруу  керек.  вздерун  жакшы сезген 
балапандар 5 айдан баштап жумурткалай баштайт.  Нормалдуу 
ескен  тооктордун  журуш-турушу  сергек,  кыймылы  жандуу 
бо,луп тоютту жакшы жешет, жумурткасы дайыма кабыгы менен 
болот.  Бир  жылда  бир  жолу  жунун  тушуруп,  балапан  басуу 
учун  курп  болуу  процесси  кайталаиат,  Жакшы  есуп  жаткан 
тооктор  биринин  таажысын  бири  чокубайт.
17.5.  Ылавдаган  чочконун  жана  тооктун  журуш- 
турушу.
Туулган  торопойдун  салмагы  аз  болуп,  энесин  езу  эме 
албайт.  Ж аны  туулган  торопойлор  елумге  кеп  учурайт. 
Энесин  эмбей,  бергеи тоютту  жебей салмагы  кошулбайт.  Ичи 
етуп,  температура  болот,  Чочколордун  чону  тоютту  карабай 
калат,  арыктайт.  Денесине  Кызыл  ж аралар  чыгат.  Эне 
чочколор  торопойлорун  тээп,  каардуу  боло  баштайт.  Сут 
белунбейт.
Камандардын уругу азайып,  сапаты начарлайт,  арыктап, 
тоюттан  банг  тартат.
Балапандар  болсо  жем  жебей,  суу  ичпей,  ургулеп 
канатьш таштап салат.  Жумуртка туушу азаят,  ал тугул туубай 
да  калат.  Биринин  таажысын  бири  чокушуп,  кызыл  ала  кан 
болушат.  Тууган  жумурткасынын  сыртын  чел  кабык  каптап 
калат.  Кыймылы  азайып,  жем  жебейт,  кээде  бир  эле  орунда 
тура  берет.  Ж ундеру  тушуп  жыланачтанат.  Адамдан  качпай 
калат.

Малдын  журущ  -  турушу
99
Ушундай  белгилердин  болушу  биринчиден,  тотохтун 
жетишпегендиги,  езгече малдын организми талап кылган азык 
заттардын жетишпегендигинен болсо,  экинчиден ветеринардык 
иштердин  жургузулбегендугунен  болот.
17.6.  Ылацдаган  койлордун  журуш-турушу
Козу  туул ганда  начар  болуп,  езу  телчий  албайт  жана 
энесинин эмчегин  эме албайт.  Энесишш сутун  ээмп жургенде 
ак  чычкак  болуп  же  такыр  эле  сую к  заддайт.  Тун  ичинде  да, 
кундуз  да  жетелет.  Мурдунан  чимкирик,  кезунен  жаш  агат. 
Оюн  салбай,  кепчулук  убакта  жатып  алат.  Тоютка  кецул 
бурбай,  суу  ичиши  токтойт.  Буттарынан  аксап,  кыймылы 
нормалдуу  турде  болбойт.  Энесин  эмууден  баш  тартат.  Ар 
кандай тышкы сигналдарга жооп бербейт.
Чод  койлордун  журуш-турушу  болсо,  жайытта  артта 
калып,  алые  ж айы ла  албайт.  К ундур-тундур  ж етолуп, 
мурдунан  чим кирик  агат.  Кошумча  салм ак  кош улбай 
арыктайт.  Ит-куштан  уркпвй,  реакциясы  жокко  эсе  болот. 
Ичи ©туп,  кыймыл-аракети активдуу болбой,  жундеру тушуй, 
табити жоголот.  Бутунан аксап, эмчегинен сут чыкпайт, эмчеги 
ысыйт.  Бир турган жерннде айланып жыгылып калат.  Козусун- 
карабай,  эмиздирбей  туйлайт.  Жарга,  дубалга  ээги  менен 
денесин  кашыйт  же  буту  менен  денесин  тепкилейт.  Кээде 
ордунан жылбай калат. Туяктары есуп,  баса албай кыйналат, 
козу  салышат.
Кочкорлордун  уругу  аз болуп,  кыймылсыз  болот.  Соолук 
койлор  кууге  келбей,  кочкордон  чыкпай  калат.  Кепчулук 
убакта епкесун кагып,  дем алуусу оорлошот.  Мындай журум- 
турум кепчулук убакта жеткиликтуу турде тоюттандырылбаса 
жана  алдын-ала  ар  турдуу  ооруларга  к а р т ы   эмделбесе, 
дарыланбаса  жана  мал  учун  ойдогудай  зары л  шарттар 
тузулбесе  келип  чыгат.
17.7.  Ылавдаган  жылкынын  журуш-турушу.
Кулун  жацы  туулганда  езу  телчий  албайт.  Чычкактап, 
энесин  эмбейт,  тоютка  кенулу  чаппайт.  Арыктап,  кунумдук 
кошумча салмагы азаят.  Энесин жакшы ээрчибей,  жаталактап, 
алыска  баспай  калат.  Кундур-тундур  кезу  чылпактап,  суу 
ичпей,  турбай  калат.  Денесинде  температура  кетерулуп,  эки 
жаактын  ортосу  шишийт.
Чоц  жылкылардын  шайдоот  журушу  жоголул,  тоютка 
кедулу чаппай,  суу ичпей калат.  Бээлер сут беруусун азайтат, 
кезунен  жаш  азаят,  туяктары  жарылып  аксайт.  Жумушчу 
аттар жук тарта  албай,  тоюттан жебей,  дем алуусу оорлошот. 
Арыктайт,  жаталактап  тынчы  кетет.  Ташыркайт,  жакшы 
жайыла  албай,  башка  жылкылардан  артта  калат.  Бээлердин 
кууге  келиши  начарлап,  айгырдан  токтобой  калат.  Уркуу 
реакци ясы н  ж оготот.  Б ээлер  кулун  салы ш ат.  Айрым 
тоюггарды жегенде тишин камап, башка тоюттарга табы тартпай
калат.

100
Малдын  журуш  "  турушу
Айгырлардын  ендургуч  жендемдуулугу  начарлап,  уругу 
кыймылдабай же белунбей,  белунсе да аз  санда болуп  калат.
17.8.  Ылацдаган  ири  муйуздуу  малдын  журуш- 
турушу
Ж аны  туулган музоо начар туулуп,  езунчв телчиге  албай, 
ез  алдынча  эме  албайт,  чычкак  басат,  Тоютту  пайдаланышы 
сейректейт,  арыктайт.  Жетелет,  кезунен жаш куюлат.  Жаткан 
ордунан кыйынчылык  менен жылып,  оюн салбай калат.  Тоют 
жегени  начарлап,  суу  ичпейт.
Чоноюп калган торпоктор  жана чоц уйларда сут темеидейт, 
кундур-тундур  ж етелет,  салмагын  жоготот.  Тумптуктун 
ж алты рак  ж ери  кургак  болуп,  малды н  температурасы  
кетерулет.  Желиндери  кесилип,  жергиликтуу  температура 
пайда  болот.  Бутунан  аксап,  шилекейи  агат.
Тоютта витаминдер жетишпесе,  сеектеру жумшап,  дененин 
©сушу  токтойт,  Уй  баласы  тоютту  кеп  ылгабай  жегендиктен 
тоют  менен  кошо  темир,  мык,  зымдарды  жутуп  алыптат, 
натыйжада  тоют  жеши  начарлап,  уйлар  арыктап  кетет.
Ал  эми  у б акты сы н д а  ветер и н ар д ы к  и ш -ч ар ал ар д ы  
жургузбесе  кеп ыдацдарга чалдыгат.  Демек,  малдын журуш- 
турушу  езгерулет.  Ж айытка  жайылганда уйлардын  артында 
калып,  дем  алуусу  жана  басыгы  начарлайт.  Ал  эми  таштак 
жайытта 
же  ж олдо  айдаса  ташыркап,  аксап  калыш ат. 
Букаларды н  ендургучтук  активдуулугу  начарлап,  урук 
беруусу  темендеп,  уруктун  кыймылдуулугу  жоголот.  Уйлар 
музоо  салышат.
Суроолор:
1.  Козулардын  иормалдуу  журуш-турушу  кандай?
2.  Чоц  койлордун  нормалдуу  журуш-турушу  кандай?
3.  Чоц  уйлардын  журуш-турушу  кандай  болот?
4.
  Кулундардьтн  нормалдуу  журуш-турушун  мунезден  бер.
5.  Чоц  жылкылардын  журуш-турушу  кандай?
6.  Чочконун  нормалдуу  есушун  айтып  бергиле.
7.  Тооктун  нормалдуу  журуш-турушун  баяндап  бергиле.
8.  Чочконун журуш-турушуиан анын ылацдап калганып кантип 
билсе  болот?
Тапшырмалар
-  Ири  муйуздуу  малдын  нормалдуу  эмес  журуш-турушун 
айтып бергиле.
-  Ы лацдаган  ж ы лкы ларды н  журуш -туруш ун  м унезден 
бергиле.
-  Койдун  ылацдаган  мезгилдеги  журуш-турушун  айтып  бер.
-  Чочконун  жана  тооктун  журуш-турушу  аркылуу  алардын 
ылацдаганын  айтып  бер.
-  Чочко  менен  тооктун  нормалдуу  есушун  айтып  бергиле.

1
п
н
п
Малга  болгон  мамиленин  этикасы
101


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет