Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет6/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

 
Жабыр тарткандар їчїн кесепеттер (натыйжалар)  
Зомбулук  көрсөтүүчүгө  каршылык  көрсөтүү  үчүн,  балдар  өзүн  коргонууга  бары-
шат, алар жардам сурап досторуна, улуу агаларына же эжелерине, ата-энелерге жана 
мугалимдерге кайрылышат. 
 
Орто  класстын  окуучулары,  эгер  зомбулук  болгон  болсо,  алардын  21,7%  ата-
энелерине, 19,1% досторуна/классташтарына кайрылышаарын билдиришкен. Жогорку 
класстарда  бул  катыш  анчейин  олуттуу  деле  өзгөрбөйт,  19,1%  ата-энелерине, 20,1% 
досторуна/классташтарынакайрылышат.  Мугалимге  же  мектеп  директоруна  орто 
класстын окуучуларынын 22,4% жана жогорку класстын окуучуларынын 24,9% кайры-
лышмак.
30
 Ошентип,  көптөгөн  балдар  зомбулук  жасалган  учурларда  мектептен  кол-
доону издегенди туура көрүшөт. 
 
Зомбулукка жооп катары айрым балдар зомбулук менен жооп кайтарышат. Эгер 
досу/курбу  кызы  зомбулукка  кабылган  болсо,  жогорку  класстын  окуучуларынын37,3% 
жана  орто  класстын  окуучуларынын  33,6%  биргелешип  зомбулук  көрсөтүүчүдөн  өч 
алууну каалашат. Ошол эле учурда жогорку класстын окуучуларынын 4,1% жана орто 
класстын окуучуларынын 10,9% аны менен мындан ары дос болбой тургандыгын бел-
гилешкен.  Демек,  мектептеги  зомбулуктан  жабыр  тарткан  тарап  андан  да  чоң  зомбу-
лукка кабылышы ыктымал – класста изоляциялануу.
31
 Сөз менен кемсинтүүгө же опу-
                                       
29
 Кыргызстан  мектептеринде  зомбулуктун  жайылуусун  жана  динамикасын  изилдөө  боюнча  жыйынтык  маалымат. 
ЮНИСЕФ, 2011-ж. 
30
 Ошол эле жерде. 
31
 Ошол эле жерде. 
Окуучулар мугалим тарабынан жасалган зомбулук тууралуу айтышкан: жогорку 
класстын окуучулары – 8,6%, ал эми орто класстын окуучулары - 6,4%. 
Мектеп директору да окуучуларга карата зомбулук көрсөтүүчү же агрессор болушу 
ыктымал, мындай ойду жогорку класстын окуучуларынын 3,7% жана орто 
класстын окуучуларынын 2% айтышат.
29
 
40

залоого балдар асимметриялуу жооп бериши мүмкүн – көбүнчө эркек балдарга мүнөз-
дүү болгон физикалык зомбулукту колдонушу мүмкүн.Өзүн коргоо үчүн кыздар кыйыр 
зомбулукка  барышат.Күчтөр  салыштырмалуу  теӊделгенде  (физикалык  жана  морал-
дык), эгер зомбулук көрсөтүп жаткан тарап курмандыгы болгон тарапты коркута алба-
гандыгына жана деморалдаштыра албагандыгына ынанган  учурда, зомбулук токтоту-
лушу мүмкүн. А бирок көпчүлүк учурларда зомбулук ага тиешелүү каршылык көрсөтө 
албагандарга карата жасалышы мүмкүн.   
Зомбулук  жабырлануучуга  психологиялык  зыян  алып  келет,  ал  өзүн  баалоонун, 
өзүн сыйлоонун төмөндөшүндө, тынчсыздануу деңгээлинин (кырдаалдык жана инсан-
дык)  жогорулашында,  депрессиялык  абалдарда  чагылдырылат.  Дайыма  таарын-
тууларга туш болгон балдар, убакыттын өтүшү менен, өзүн коргоо жөндөмдүүлүгүн жо-
готот, айрымдарда аларды таарынтып жаткандыгы үчүн өздөрүн күнөөлүү сезүү  - кү-
нөөлүү болуу комплекси калыптанат.  
Зомбулуктан  жабыр  тарткандар  чоӊ  кишилерге  жардам  сурап  кайрылуудан  кор-
кушат  жана  уялышат  жана  башында  өздөрүн  жооптук  агрессиянын  жардамы  менен 
коргоого аракет жасашат, ал болсо көбүнчө алардын социалдык жана психологиялык 
кыйынчылыктарын андан ары тереңдетип жиберет. Зомбулукту жашыруу бир нече се-
бептерге  ээ:  жабырлануучу  ага  мугалимдер  же  ата-энелер  жардам  бере  алаарына 
ишенбейт, чоӊдор кийлигишкенден кийин кырдаал мурункудан да оорлойт деп коркот, 
зомбулук  көрсөткөндөргө  даттанууну  уят  катары  эсептейт.  Жардам  сурап кайрылууга 
мүмкүн эместиги, жана жардам болот деген ишенимдин жоктугу, жабырлануучуну ого 
бетер травмалайт жана алсыздандырат.  
32
 
 
 
Зомбулуктан  жабыр  тарткан  баланы  төмөнкү  белгилери  боюнча  окшоштуруп 
аныктоого болот:  башка окуучулардан обочолонуп оолактайт, түнт болот, активдүүлү-
гү төмөндөйт, коркок болот, тегерегиндегилер жана достору менен сүйлөшүүдөн качып 
калат, болуп жаткан окуялар тууралуу айтуудан баш тартат, капысынан көз жаш чыга-
рат  жана  эмоционалдык  жактан  туруктуу  эмес  маанайда  болот  (кыжырдануу,  өзүнөн 
чыгуу ж.б.).  
Жабырлануучулар үчүн зомбулуктун эң олуттуу кесепеттеринин бири болуп суи-
цидалдык жүрүм-турумдун жогорку коркунучунун болушу: жалпысынан, өзүнүн өмүрүнө 
кол салуу – анчейин көп кездешпеген көрүнүш, бирок буллингдин, сексуалдык же ген-
дердик зомбулуктун курмандыгы болгондор үчүн, өз өмүрүнө кол салуу, өз жанын кыюу 
коркунучу  жогорулайт.  Дайыма  кайталанып  туруучу  жана  ырайымсыз  буллинг  болгон 
учурда балдар жана өспүрүмдөр өз өмүрүн кыюуну азап тартуулардан кутулуу катары 
карашы ыктымал, себеби убакыттын өтүшү менен жана айланадагылардан колдоонун 
жана жардамдын жоктугунан улам алар бара-бара көйгөйдүн позитивдүү чечилишине 
болгон ишенимин жоготушат. Алардын айласыздыгы иррационалдык ой жүгүртүү ме-
нен  күч  алат,  жана өлүм  дайыма  залал  келтирген  кырдаалдан  жана  айласыздыктын, 
                                       
32
 Казакстандагы мектептерде балдарга карата зомбулукту баалоо. 2013. 
“Мен кимдир-бирөөгө айтуудан коркком, жана эгер ата-энем муну тууралоо 
үчүн мектепке келишсе , мен сөзсүз зыян тартып калмакмын” 
“Мен эч кимге айтпайм, жана менин ата-энеме баары бир,  
а мектепте менин досторум жок” 
“Жок, мен эч кимге айткан эмесмин.  
Эгер айтсам, жаман болоорун айтып коркутушкан.”
32
 
41

“жүрөк оорунун”, жалгыздыктын эмоцияларынан кутулуунун жалгыз ыкмасы болуп ка-
лат.  Алардын  мындай  чечимге,  биринчи  кезекте,  үй-бүлөдөгү  колдоонун  жоктугу  түр-
төт.  
33
 
 
34
 
 
 
 
Зомбулуктан жабыр тарткандардын физикалык (соматикалык) көйгөйлөрүнүн ара-
сында төмөнкүлөр орун алат - баш оорунун жогорку жыштыгы, уйкунун бузулушу,  ич-
тин оорушу, начар табит, тынчсыздануу соматизациясы (ипохондрия), сабак учурунда 
өзүн  жаман  сезгендигине  көр  ирет  арыздануулар,  денеде  жараттардын  жана  көгала 
болгон жерлердин болушу, энурездин пайда болушу.   
Өтө  олуттуу  академиялык  көйгөй  болуп  жабырлануучулардын  окуу  процессинен 
обочолонуусу саналат. Башында алар сабакка кечигип келе башташат, кийин аларда 
мектепке  (окуу  жайга)  баруу  коркунучу  жаралат,  андан  кийин  сабакка  таптакыр  эле 
барбай коюу каалоосу, жуманын белгилүү бир күнүн же сабакка (мисалы, физкультура 
сабагы,  себеби  көбүнчө  окуялар  чечинүүчү  бөлмөдө  болот),  басынтуу  коркунучунан 
улам,  калтыра  башташы  ыктымал.  Жыйынтык  катары,  зомбулуктан  жабыр  тарткан 
окуучулардын, сабакка болгон жетишүүсү төмөндөйт, ал болсо алардын кийинки мек-
тепти аяктагандан кийин билимин улантуу мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коёт.  
Виктимизациянын кесепеттери узак мөөнөттүү жана көп жылдар бою постравма-
тикалык стресстик бузулуулар түрүндө улана бериши мүмкүн. Аскер конфликттеринин 
катышуучулары сыяктуу, жабырлануучуларда социалдык изоляция маселеси жаралат, 
алар  социалдык  тынчсыздануудан,  жалгыздыктан  жана  дайыма  кооптонуп  туруудан 
азап чегишет, аларда көп учурда антисоциалдык жүрүм-турум байкалат. 
Мектеп чөйрөсүндө зомбулуктан жабыр тарткан окуучуларга жардам көрсөтүү бир 
нече  багыттарды  камтышы  керек,  анын  ичинде  укуктарды  коргоо,  коопсуздукту  кам-
сыздоо,  медициналык,  социалдык,  психологиялык  жана  укуктук  жардамдарды  камты-
шы керек. Мына дал ошондуктан мектеп чөйрөсүндө ырайымсыз мамилелерге каршы-
лык көрсөтүү, анын ичинде жабыр тарткан балдарга жардам көрсөтүүнү уюштуруу би-
лим берүү мекемелерин, социалдык өнүктүрүү жана укук коргоо органдарын, ошондой 
                                       
33
 Кыргызстан  мектептеринде  зомбулуктун  жайылуусун  жана  динамикасын  изилдөө  боюнча  жыйынтык  маалымат. 
ЮНИСЕФ, 2011-ж. 
34
 UNESCO-UNGEI-EFA-GMR  (2015)  School-related  gender  based  violence  is  preventing  the  achievements  of  quality 
education for all. 
“7-класстын окуучусу Азиз суицидке барган. Ал асынып алган. Ал аз камсыз болгон 
үй бүлөөнүн баласы эле, атасы жок болчу. Кийин билингендей, баланы “жогорку 
класстагылар” опузалашкан. Ал буга чейин апасына даттанган, бирок ал буга 
маани берген эмес.””
33
 
Зордуктоого же мажбурлаган жыныстык байланышка кабылгандыктан кош бойлуу 
болуп калган кыздар, көп учурда суицид тууралуу ойлонушат жана билим алууну 
токтотуп коюу тобокелине туш болушат. Айрым өлкөлөрдө кош бойлуу окуучу 
кыздарды сабакка киргизбей коюу же мектептен чыгарууга мүмкүндүк берген 
эрежелер бар. Бала төрөгөндөн кийин кайра окуусун улантуу үчүн, мектепке 
кайтып келген учурда алар классташтары же мугалимдер тарабынан буллинг же 
сөз менен кордоо формасындагы гендердик зомбулукка туш болушат.
34
 
42

эле жаштар саясатын, саламаттыкты сактоо, жергиликтүү мамлекеттик жана коммер-
циялык эмес уюмдар кошулган мекемелер аралык натыйжалуу өз ара аракеттешүүнүн 
шартында гана мүмкүн. 
 
 
Кїбљлљр (байкоочулар, катышуучулар) їчїн кесепеттер (на-
тыйжалар)  
Зомбулуктун  күбөлөрү  –  бул  окуучулар,  мугалимдер,  билим  берүү  мекемесинин 
көмөкчү  жана  техникалык  персоналы  жана  кээде  ата-энелер  болушу  мүмкүн.  Зомбу-
луктун (чыныгы мушташтын же одоно кодулоолордун) күбөсү болуу менен, чоӊ киши-
лердин,  балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн  дээрлик  көпчүлүгү  өзүнүн  аракетсиздигинен 
же болуп жаткан окуяны токтотууга жөндөмсүздүктөн жана курмандыктын ролунда бо-
луп калуу коркунучунан улам алсыздыкты, жардамсыз, айласыз абалдагы сезимди се-
зишет.  Зомбулуктун  күбөлөрүнүн  көбү  болгон  окуя  тууралуу  мугалимдерге  жана  ата-
энелерге айтып беришпейт, себеби аракеттүү чаралар көрүлөт жана алардын коопсуз-
дугу  камсыздалат  дегенден  күмөн  санашат.  Мындан  тышкары,  балдардын  көпчүлүгү 
үчүн зомбулук тууралуу билдирүү өзүнүн алсыздыгынын, кыйынчылыктар менен алпу-
руша албагандыгынын, ушакчы, сөз ташуучу катары таануу менен барабар деп эсеп-
тешет,  теңтуштар  арасында  мындай  аракет  колдоого  ээ  эмес  жана  жазалоо  жана 
оолактатууга алып барат. 
35
 
 
 
Зомбулук ошол замат бөгөттөлбөсө жана кайра кайталанса, байкоочулардын ай-
рымдарында,  алсыздык  (жабырлануучу)  менен  эмес,  өзүн  күч  менен  (зомбулук  көсө-
түүчү  менен)  ассоциациялоо  ниети  пайда  болот;  алар  зомбулукка  түрдүү  актоолорду 
издешет, жана жабырлануучунун өзүн күнөөлөшөт. Зомбулуктун кайталанган сценала-
ры  өз  көзү  менен  көрүп  күбө  болгондордун  боорукердик  сезимдерин  басаңдатат,  аг-
рессияга карата толеранттуулукпу калыптандырат. Мындай толгонуулар класстагы жа-
на жалпы эле билим берүү мекемесиндеги социалдык-психологиялык климатты начар-
латат жана окуучулардын ортосундагы, окуучулар менен мугалимдердин ортосундагы 
өз ара мамилелерге да терс таасирин тийгизет. Окуу жайдагы атмосфера өтө оор жана 
каардуу болуп чыгат. Зомбулук болгон окуянын күбөлөрүнө жардам көрсөтпөстөн, зом-
булукту жок кылууга мүмкүн эмес.  
 
 
                                       
35
 Казакстандагы мектептерде балдарга карата зомбулукту баалоо. 2013. 
“Жок, мен чоңдорго айтып берген эмесмин.  
Менин оюмча, мугалимдер бул тууралуу билишет, бирок эч нерсе кыла 
алышпайт” 
“Мен эч кимге айткан эмесмин.  
Мен жашагым келет” “Эгер айтсам, ур-токмокко алышат, сабашат” 
“Мен эч кимге айткан эмесмин, антпесе мени шылдыңдашат жана жек көрүп 
калышат”  
“Мен апама мушташ тууралуу айтып бердим.  
Апам мушташкан балдардан оолак болуп, кийлигишпе деп айтты”
35
 
43

Зомбулук кљрсљткљндљр їчїн кесепеттер (натыйжалар)  
Көп учурда зомбулук көрсөткөндөрдүн билим берүү мекемесиндеги “үстөмдүк кы-
луусунун  ийгилик”  тажрыйбасы  алардын  коомдо  каалап  турган  абалды  ээлөөсүнүн 
мүмкүн  болгон  жалгыз  ыкмасы  болуп  бекилип  калат.  Мындай  учурларда,  зомбулук 
мындай адамдардын чоңойгон курагында да айланадагылар: үй-бүлөдөгүлөр, жумуш-
тагылар,  коомдогулар  менен  коммуникациясынын  ыкмасы  болуп  калат.  Мына  дал 
ошондуктан, зомбулук көрсөтүүчү-окуучулардан келечекте балдарга жана карыяларга 
ырайымсыз,  катуу  мамиле  кылуу,  зомбулук  менен  байланышкан,  анын  ичинде  сек-
суалдык зомбулук менен байланышкан, тартипти бузууларды күтүүгө болот. Зомбулук-
тун көрүнүштөрү көп учурда окуучунун көйгөйлүү жүрүм-турумунун башка түрлөрү ме-
нен коштолот – сабак калтыруу, тамеки чегүү, алкоголь ичүү, түрдү укук бузуулар. Зом-
булук  көрсөткөн  балдардын  көбүнүн  сабакка  жетишүүсү  начар  болот  жана  алардын 
айрымдары өзүнүн агрессивдүү жүрүм-турумунан улам билим берүү мекемесинен чы-
гарылышы  мүмкүн,  башка  мектепке  которулушу  мүмкүн,  ички  иштер  органдарынын 
эрезеге жете элек балдар менен иштөө боюнча инспекциясынын каттоосуна коюлушу 
мүмкүн, ал эми олуттуу укук бузуулар болгон учурда же зомбулуктук аракеттердин жа-
бырлануучунун өмүрү жана саламаттыгы үчүн оор кесепеттерге алып келген учурлар-
да, - административдик же кылмыштык жазаларды көтөрүшү мүмкүн. “Зомбулуктун кү-
нөөкөрлөрү” балдар болушкандыктан, алар да чоңдордун жардамына муктаж экенди-
гин белгилей кетүү керек. А бирок, көбүнчө учурларда чоң кишилер жардам көрсөткөн-
дүн ордуна, аларды жазалашат.  
Эгер билим берүү мекемесиндеги баланын зомбулуктук аракеттери үйдөгү зомбу-
луктун чагылышы болсо, окуу жайдын жетекчилиги ата-энелерге маалымдаган учурда, 
зомбулук  көрсөткөн  бала  үйдө  ур-сокку  менен  жазалоого  кабылышы  мүмкүн.Мындай 
жазалоодон  коркуу  сезими  зомбулук  көрсөткөн  баланын  өз  аракеттеринен  баш  тар-
тууну убактылуу токтотушу мүмкүн, бирок агрессивдүү жүрүм-турумдун себебинин өзүн 
жок кыла албайт. Дисциплинардык чечимдерди кабыл алуу менен мектептин жетекчи-
лиги  зомбулук  көрсөткөн-окуучунун  ата-энелери  тарабынан  ага  карата  зомбулук  же 
зыян келтирилген кырдаалга туш кылбашы керек. 
 
Билим берїїчї мекемелер їчїн кесепеттер (натыйжалар)  
Жалпы эле зомбулуктун, анын ичинде буллингдин болушу билим берүү мекеме-
синдеги көйгөйлөрдүн болушун чагылдырат. Зомбулуктун жогорку көрсөткүчтөрү орун 
алган  мектептерде  жагымсыз  социалдык-психологиялык  климат  байкалат,  ал  өз  учу-
рунда, зомбулуктун жайылышына жана бекемделишине көмөктөшөт.  
Окуучулар арасындагы зомбулукка туш болгон бир катар учурларда, айрым педа-
гогдор жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери конфликттерди баланын мүнө-
зүн, туруктуулугун тарбиялоо, өз көз караштарын карманууга, өзүн коргой алууга үйрө-
нүү жана татаал чоӊ турмушка даяр болуу үчүн зарыл болгон, балалык-өспүрүмдүк ку-
рактагыкадыресе жана качып кутулбас көрүнүш катары эсептеп, кийлигишпөө позиция-
сын ээлеп алышат. “Чакан” зомбулукту этибар албай коюу, эреже катары, анын алсыз 
жана байкалбаган окуучуларга гана эмес, ошондой эле мугалимдерге карата да жаса-
луучу системалык түрдөгү кайталануучу жана катуу буллингке алып барат.  
Ушул  сыяктуу  кырдаал  дагы  бир  учурда,  билим  берүү  мекемесинде  жетекчилик 
кылуунун  авторитардык  стили  калыптанып  калган  учурда,  орун  алат.  Мектеп  адми-
нистрациясы тарабынан мектептин жашоосунун бардык аспектилерине тоталдык жана 
катуу көзөмөл жасашы педагогикалык жана окуучулар жамаатын чымыркантып турат, 
бирок  бул  жагдай  аларды  зомбулуктан  арылтпайт  Тескерисинче,  стресстин  жогорку 
деңгээли,  оолактоо,  мамилелердин  директивдүү  стили  –  мунун  баары  окуучуларда 
44

мажбурлоо жана зомбулук менен байланышкан, теңтуштар менен педагогдорго багыт-
талган, агрессивдүү жүрүм-турумдун моделинин калыптанышына көмөктөшөт. Мындай 
билим берүүчү мекемелерде колдонулган тартипти сактоо чаралары,  - коркутуу жана 
шантаж  –  авторитардык  бийликтин  философиясын  чагылдырат.  А  бирок  педагогдор-
дун  коркутуулары  көп  учурда  зомбулуктун  демилгечилерине  каалаган  таасирди  тий-
гизбейт, алар окуу жайдын жетекчилиги колдонгон манипуляциялоонун техникасын тез 
өздөштүрүп алышат да жана аларды билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин өз-
дөрүнө карата колдоно баштайт. Биринчи жана экинчи учурда тең зомбулук менен кү-
рөшүүгө  алы  келбеген  билим  берүү  мекемесинин  жетекчилиги  жана  мугалимдер  көп 
учурда тартипти кармап турууга жоопкерчиликти, эң башкысы, мектепте болуп жаткан 
окуялар тууралуу жогору турган жетекчилик билбей калышы үчүн, зомбулуктун демил-
гечисинин өзүнө жүктөп коюшат.  
Сындай  кырдаалдарда  окуучулар  мугалимдер  эч  нерсе  кылбагандыгын  курч  се-
зишет,  чоң  кишилерди  кырдаалды  көзөмөлдөй  албаган,  демек  жабырлануучуларды 
коргоо жана колдоо үчүн ресурстары жок адамдар катары кабыл алышат. Чоң кишилер 
тарабынан да, теңтуштар тарабынан да колдоого, жардамга ээ болбогон зомбулуктан 
жабыр  тарткандар  сабактардан  кала  башташат,  башка  окуу  жайга  которулушат,  же 
таптакыр эле окуу жайды аяктоодон баш тартышат. Ошол эле учурда бардык окуучу-
лар мектептеги жагымсыз кырдаалдын кесепеттерин сезишет: алар сабакка көңүлдө-
рүн толук кандуу бөлө алышпайт, себеби өздөрүн коопсуз абалда сезишпейт, алардын 
маанайы  дайыма  пас  болот,  аларга  пессимизм,  инерттүүлүк,  обочолонуу,  антипатия, 
чыдамсыздык жана бири-бирине жана  кас катары кабыл алынган, билим берүү меке-
месинин педагогикалык жамаатына болгон агрессивдүүлүк мүнөздүү болот. 
Билим  берүү  мекемелериндеги  зомбулук  мугалимдерге  жана  башка  кызматкер-
лерге да терс таасирин тийгизет. Авторитардык жетекчилиги бар билим берүү мекеме-
леринде кысым көрсөтүүнүн жана кемсинтүүнүн объектиси катары мугалимдер, көмөк-
чү  жана  техникалык  кызматкерлер  болушат.  Мугалимдер  жамаатындагы  орун  алган 
начар мамилелер окуучулар чөйрөсүнө да өтөт.  
Керектүү билимдерге, көндүмдөргө ээ болбой жана жетекчилик менен ата-энелер 
тарабынан тиешелүү колдоого арзыбаган мугалимдер окуучулардын арасындагы зом-
булуктун айрым окуяларын талдоого көп убакыт жана күч коротууга аргасыз болушат, 
ал болсо дайыма эле кырдаалдын узак мөөнөттүү жана туруктуу жакшырышына алып 
барбайт. Оң жыйынтыктарга жетпей жана өзүн коопсуз абалда сезбестен, алар педаго-
гикалык ишмердүүлүккө карата мотивацияны жоготушат, окуучулар арасындагы жана 
башка педагогдор тарабынан жасалган зомбулуктарды байкабай коюуну каалашат.  
36
 
 
                                       
36
 Кыргызстан  мектептеринде  зомбулуктун  жайылуусун  жана  динамикасын  изилдөө  боюнча  жыйынтык  маалымат. 
ЮНИСЕФ, 2011-ж. 
Сурамжылоого катышкан мугалимдердин (54,6%) жана ата-энелердин (54,5%) 
жарымынан көбү мектепте зомбулукту токтотуу же анын деңгээлин төмөндөтүү 
боюнча иш-чаралар аз натыйжалуу катары таанышкан.  
Профилактикалык иштердин начар натыйжалуулугу мугалимдердин 
билимдеринин жана көндүмдөрүнүн жетишсиздиги, окуучулар үчүн атайын окуу 
программаларынын жетишсиздиги, каржылардын жетишсиздиги – аймактардагы 
мугалимдердин эмгек маянасынын аздыгы жана тарбиялык иштер боюнча 
квалификацияны жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу менен түшүндүрүлөт.. 
36
 
45

Билим  берүү  мекемесинин  зомбулуктун  көрүнүштөрү  менен  күрөшүүгө  жөндөм-
сүздүгү  же  ниеттенбегендиги  ата-энелер  менен  болгон  конфликтке  алып  барат  жана 
алардын окуу жайдан оолакташына алып келет. Ата-энелер билим берүү мекемесинин 
жашоосуна катышпай, ата-энелер чогулушуна келбей калышат, бир мектепте маселе-
ни  чече  албагандан  кийин,  жабыр  тарткан  окуучуну  же  зомбулук  көрсөткөн  окуучуну 
башкасына которушат. Бул контекстинен алганда мектеп ички иштер органдарына кай-
рылбаш үчүн (каттоого алынбашы үчүн) бардык аракеттерди көрөт, же болбосо жаман 
жоруктун күнөөкөрүн жазалоо – мектептен чыгарып таштоо менен гана чектелет.  
Ошентип, зомбулуктун көп сандаган терс кесепеттер, ага аралашкан тараптардын 
баардыгы үчүн зомбулуктун алдын-алуу жан аны жеңип чыгуу боюнча комплекстүү ст-
ратегияны пландоонун жана жүзөгө ашыруунун зарылдыгын аныктайт. 
 
 
 
46

 
 
 
 
 
2-БЉЛЇМ 
 
 
 
 
 
 
Билим берїї мекемелеринде зомбулук 
кљрсљтїї учурларынын алдын-алуу, 
аныктоо жана аларга жооп кайтаруу 
боюнча уюштуруучулук-жетекчилик чаралар 
жана маалыматтык-агартуучулук иштер.
 
 
 

2-БЉЛЇМ 
Билим берїї мекемелеринде зомбулук 
кљрсљтїї учурларынын алдын-алуу,  
аныктоо жана аларга жооп кайтаруу 
боюнча уюштуруучулук-жетекчилик чаралар 
жана маалыматтык-агартуучулук иштер.  
 
 
Окуучулардын  же  мугалимдердин  агрессиясын  жараткан  факторлордун  көптүгү 
уюштуруучулук-жетекчилик  жана  маалыматтык-агартуучулук  чараларды  иштеп  чы-
гуунун жана кийирүүнүн жана бул процесске кызыктар тараптардын баардыгын тартуу 
менен маалыматтык-агартуучулук иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгын буйруктады. 
Уюштуруучулук-жетекчилик  чаралар
  окуу  жайдын  администрациясы, 
педагогикалык  жамааты  тарабынан  окуучулар,  алардын  ата-энелери,  жогору  турган 
жана  өнөктөш  мекемелер  менен  кызматташтыкта  кабыл  алынат  жана  төмөнкүлөрдү 
камтыйт:  

 
билим берүү мекемесинин бөлмөлөрүнүн жана аймагынын коопсуздугун камсыз 
кылуу; 

 
билим берүү мекемесинин социалдык-психологиялык климатын анализдөө жа-
на окуу жайдагы зомбулукка карата жалпы позицияны (саясатты) иштеп чыгуу;  

 
зомбулук болгон фактылардын алдын-алуу, аныктоо жана аларга жооп кайта-
руу максатында нормативдик документтерди, эрежелерди, аракеттердин алго-
ритмин,  кызматтык  жетекчилик  көрсөтмөлөрдү  иштеп  чыгуу  жана  кабыл  алуу, 
жооптуу тараптарды дайындоо; 

 
зомбулуктан  жабыр  тарткандарга,  зомбулук  көрсөткөн  тараптарга  жана  күбө-
лөргө жардам көсөтүү үчүн психологиялык жардам кызматын түзүү; 

 
зомбулуктан  жабыр  тарткандарга,  зомбулук  көрсөткөн  тараптарга  жана  күбө-
лөргө  жардам  көрсөтүү  үчүн  өнөктөш  мекемелердин  жана  өз  ара  аракетте-
шүүнүн механизмдерин аныктоо;  

 
окуу жайдын ишмердүүлүгүнүн, ыңгайлуулук деңгээлинин, инклюзивдүүлүгүнүн 
жана коопсуздугунун мониторинги.  
 
Маалыматтык-агартуучулук иштер
 билим берүүчүлүк мамилелердин 
бардык  катышуучуларынын  зомбулукка  жол  берилебестиги  жана  анын  кесепеттери 
тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга, жана зомбулукка кантип натыйжалуу каршы-
лык  көрсөтүү  керектигине,  анын  ичинде  инсандык  жана  социалдык  (турмуштук)  көн-
дүмдөрдүн  жана  педагогикалык  компетенциялардын  өнүгүшүнө  байланыштуу,  үйрө-
түүгө багытталган: 

 
адам укуктарын, гендердик теңдикти сыйлоо жана сактоо менен, жалпы адам-
заттык  баалулуктарды  жан  көп  түрдүүлүктү  кабыл  алуу  менен  байланышкан 
маселелерди окуу программанын алкагында үйрөтүү;  

 
окуучулардын инсандык жетилүүсүнө жана нравалык калыптануусуна, кызмат-
таштык жана өз ара сый-урмат духунда, натыйжалуу сүйлөшүү, сынчыл ойло-
нуу,  чечим  кабыл  алуу  жана  өзүн  көзөмөлдөө  жөндөмдүүлүк,  конфликттерди 
зомбулуксуз чечүү, өзүн коргоо, басынтууга каршы туруу, эмоцияларды башка-
руу, стресстик кырдаалдары жеңип чыгуу ж.б. көндүмдөрүн өнүктүрүүгө көмөк-
төшкөн, тарбиялык ишмердүүлүктүн программаларын ишке ашыруу

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет