Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет2/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

 
 
Зордук-зомбулук тууралуу фактылар 

 
Балдарга  карата  зомбулук  тууралуу  Бүткүл  дүйнөлүк  дарста  (докладда)  дүйнө-
дөгү ар бир онунчу окуучу мектептеги зомбулукка кабылгандыгы, жана бул көр-
сөткүч жыл сайын өсүп жаткандыгын белгиленет.  

 
Зомбулук болгон окуяларды аныктоо татаал. Эреже катары, зомбулуктун демил-
гечи (зомбулук көрсөткөндөр) - окуучулар – чоң адамдар жакын жерде жок бол-
гон учурларда зомбулук көрсөтүшөт. Мына дал ошондуктан көп учурда чоңдор-
дун көз алдына зомбулук көрсөткөн баланын жоруктары эмес, жабырлануучунун 
коргонуучу реакциясы кабылат (ал тартип бузуу катары көрүнөт).   

 
Жабырлануучулар көп учурда мугалимдерге же ата-энелерге аларга карата жа-
салып жаткан агрессия тууралуу, анын күчөшүнөн коркуп же айланадагылардын 
көз алдында “ушакчы” же “сөз ташыгыч” катары көрүнүп калуудан качып, ал эми 
көбүнчө алар жөн гана кырдаалдын адилет чечилишине ишенбегендиктен, айт-
пай коюшат.  

 
Өзгөчө коркунуч системалуу кайталануучу зомбулук – кодулоо же буллинг жара-
тат. Окуучуну кодулоого бир адам (окуучу же мугалим), ошондой  эле адамдар-
дын тобу катышышы ыктымал. Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жогорулаганды-
гынан улам  кыр көрсөтүү, жемелөө-виртуалдуу мейкиндикте да ишке аша баш-
тады:  ызалоочу  билдирүүлөрдү  жана  коркутууларды  жайылтуу,  ошондой  эле 
уюлдук  байланыш аркылуу, электрондук почта жана социалдык тармактар (ки-
бербуллинг) боюнча да сүрөттөр таркатылат.  

 
Мектептеги физикалык зомбулук, көбүнчө, медициналык кийлигишүүнү жана узак 
дарыланууну  талап  кылган  жараттарга  алып  барган,  мушташтарда  ачылат. 
Мушташтар кичине жана орто курактагы (11-15) өспүрүмдөр арасында көбүрөөк 
жайылган. Чоңураак өспүрүмдөр көбүнчө зомбулуктун анчейин байкалбаган, би-
рок өтө курчуган, сөз менен кордоо сыяктуу, формасына кабылышат.   

 
Психологиялык зомбулук ызалоо, коркутуу,  балдардын кыжырын келтирген  “ат-
тарды” коюу, оюндарга же иш-чараларга катышууга тыюу салуу формасында кө-
рүнөт. 

 
Зомбулук окуучулардын окуу жайга болгон тартылуусун начарлатат, аларда кор-
куу сезимин жана коопсуздуктан кооптонууну жаратат, ал болсо өз учурунда өзү-
                                       
2
 Global Initiative to End All Corporal Punishment of Children, Ending legalized violence against children.Globalreport 2013. 
11

нөн-өзү  эле  тарбиялоонун  милдеттерине  каршы  келет,  коопсуз  жана  жагымдуу 
чөйрөдө окуу укугуна каршы келет.  

 
Билим берүү мекемелериндеги зомбулук болгон учурлар көп учурда катталбайт 
жана көбүнчө көз жаздымда калышат.  

 
Айрым кырдаалдарда окуучулардын же мугалимдердин агрессиялык аракеттери 
сындалат,  бирок  билим  берүү  мекемесинин  жетекчилиги  алардын  алдын-алуу 
жана токтотуу үчүн тиешелүү чараларды кабыл албайт. 

 
Билим  берүү  мекемелеринде  зомбулуктан  жабыр  тарткан  балдар  тууралуу  так 
статистика жок. Бул жабыр тарткан балдарды аныктоонун жеткиликтүү механиз-
минин жоктугу менен, ошондой эле мектептеги зомбулук окуяларын каттоо жана 
кайра багыттоо системасынын анчейин өнүкпөгөндүгү менен байланышкан.  
 
Билим берүү мекемелериндеги зомбулук менен байланышкан кырдаалдар боюн-
ча түрдүү изилдөөлөр акыркы жылдары Арменияда, Беларуссияда. Казакстанда, Мол-
дова  Республикасында,  Россия  Федерациясында  жана  Украинада  өткөрүлүп  келген, 
алар бул көрүнүштүн жалпы өлкөдөгү жана анын айрым аймактарындагы масштабын 
жана мүнөзүн элестетүүгө мүмкүндү берди.   
Изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, билим берүү мекемелериндеги зомбулук-
ка  кабылгандар: 
Арменияда
3
 –  сурамжылоого  катышкан  9-12-класстардын  окуучула-
рынын жана жождордун биринчи курстарынын студенттеринин 19,7%, ал эми мугалим-
дер  тарабынан  зомбулукка  кабылгандар  -  6,3%; 
Белорусияда
4
 –  мектептердин,  ли-
цейлердин, гимназиялардын 5-11-класстарынын сурамжылоого катышкан окуучулары-
нын
  –  2,4%;Казахстанда
5
 –  билим  берүү  мекемелериндеги  зомбулукка  жана  дискри-
минацияга  5-10-класстын  сурамжылоого  катышкан  окуучуларынын  66,2%  кабылган. 
Россия Федерациясында
6
 – балдарга жана өспүрүмдөргө карата жасалган зомбулук-
тардын жалпы санынын 19,7%, башкача айтканда, анын бешинчи бөлүгү, мектепте жа-
салган  зомбулукка  туура  келет:  окуялардын  27,2%  –  окуучуларга  карата  мугалимдер 
тарабынан жасалган зомбулук, 72,8% окуялар – окуучулар тарабынан өз классташта-
рына карата жасалган зомбулук.   
Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептердин 5-11-класстарында 
зомбулуктун  жайылуусу  жана  динамикасы  боюнча  жүргүзүлгөн  изилдөө
7
төмөнкүнү 
аныктады: сурамжылоого катышкан жогорку класстын окуучуларынын 30% жана орто 
звенодогу  класстын  окуучуларынын  23%  түрдүү  формадагы  зомбулук  көрүнүштөрүнө 
күбө, жабырлануучу же өздөрү зомбулук көрсөтүүчү катары катышышкан. Орто класс-
тардын окуучулары жогорку класстын окуучуларына караганда акча жана буюмдарды 
опузалоо (21,7% жана 19,5% тиешелүү түрдө), ур-соккуга алуу, күч колдонуу менен ко-
дулоо (15,3% жана11,0% тиешелүү түрдө), сексуалдык мүнөздөгү аракеттер (2,1% жа-
на 0,5% тиешелүү түрдө) тууралуу көбүрөөк маалымдашкан.  
 
 
 
                                       
3
 Армения  Республикасында  балдарга  карата  зомбулуктун  көрүнүштөрү.  Изилдөөнүн  жыйынтыктарын  анализдөө 
жөнүндө жыйынтык маалыматтар. Авторлордун тобу. - Ереван, 2014. (армян тилинде). 
4
 Беларусь  Республикасында  балдарга  карата  зомбулук  жасалган  кырдаалдарды  баалоо  боюнча  жалпы  улуттук 
изилдөөнүн жыйынтык маалыматтары. /И.А.Фурманов [ж.б.]. - Минск: В.И. З.А.ГРУПП, 2010. - 156 б. 
5
 Казакстандын мектептеринде балдарга карата зомбулукту баалоо. 2013 
6
 Ф.Э. Шереги. Мектепте балдарга жана 14 жашка чейинки өспүрүмдөргө карата зомбулук. - 2011. .   
7
 Кыргызстандын  мектептеринде  зомбулуктун  жайылуусун  жана  динамикасын  изилдөө  боюнча  жыйынтык  маалы-
маттар. - ЮНИСЕФ, 2011-ж. 
Биздин мектепте Бишкек аскер мектебинин студенти У. Далай жолу 9-10-11-
класстын окуучуларынан жол киреге жана өздүк керектөөлөрүнө акча чогулткан. 
12

Теңтуштар менен оор жана кастык мамилелер тууралуу ортоңку муундагы класс-
тын окуучуларынын 5,7% жана жогорку муундагы класстын окуучуларынын 4,2% маа-
лымдашкан. Мугалимдер менен катуу жана кастык мамилелер болгондугун сурамжы-
лоого катышкан жогорку класстын (сынаптын) окуучуларынын 11% жана орто класстын 
окуучуларынын 5,7% маалымдашкан. Мугалимдердин 6% аларга карата окуучулар та-
рабынан басым жасалгандыгын билдиришкен. 
 
 
 
Бул  изилдөө  аныктагандай,  мектептеги  зомбулуктун  себеби  төмөнкүлөр  болушу 
мүмкүн:  ден-соолуктун  абалы,  материалдык  абал,  улут,  баарлашуу  тили  жана  башка 
айырмачылыктар. 
 
 
 
Билим  берүү  мекемесинде  балдар  арасындагы  мамилелер,  балдар  менен  чоң 
кишилердин ортосундагы мамилелер окуучулардын инсандыгын калыптануусуна жана 
алардын кийинки социалдашуусуна өтө чоң таасир тийгизет. Зомбулуктун натыйжала-
ры адам баласынын эмоционалдык жана когнитивдик жетилүүсүндө, физикалык жана 
психикалык саламаттыгында жана жүрүм-турумунда чагылуу менен, анын кийинки жа-
шоосуна таасир тийгизет. HBSC ар кайсыл жылдардагы изилдөөлөрүнүн маалыматта-
ры боюнча, мектепте агрессивдүү жүрүм-турумун көрсөткөн жана мушташтарга катыш-
кан балдар, тамеки чегүү, алкоголду өтө көп ичүү жана жараттарга кабылуудан улам, 
башкаларга  караганда  өзүнүн  ден-соолугуна  көбүрөөк  коркунуч  жаратышат;  алар  жа-
шоого канааттануусунун төмөндүгү менен айырмаланышат
8
. Мектеп чөйрөсүндө адам-
дын  агрессивдүүлүгүнүн  көрсөтүлүшү  боюнча  анын  болочок  жоруктарын:  сексуалдык 
асылуу,  үй-бүлөлүк  турмуштагы  агрессивдүү  жүрүм-турум,  балдарга  жана  карыларга 
карата ырайымсыз мамиле ж.б. божомолдоого болот
9

Мамлекеттик  жана  коомдук  ишмерлер,  массалык-маалымат  каражаттары  билим 
берүү мекемелериндеги зомбулук темасына тиешелүү көңүл бурушпайт. Мектептерде-
ги, куралды колдонуу, мушташ, бирөөлөрдү барымтага алуу менен байланышкан зом-
булуктун формалары, үй-бүлөдөгү физикалык жана сексуалдык зомбулук окуялары эл 
арасына кеңири тарап жана коомдук резонансты жаратышат.  
Мектептеги зомбулук – өтө татаал көйгөй, жана аны чечүүдө өтө ар түрдүү фак-
торлорду эске алуу керек.  
Билим берүү системасы зомбулуктун алдын-алуу үчүн ири мүмкүнчүлүктөргө ээ. 
Анын кесиптик жана уюштуруучулук ресурстары, анын социалдык таасир этүү тармагы 
бири-бирин  урматтоого  жана  инсандар  аралык  мамилелерде  жана  биргелешкен  иш-
мердүүлүктөрдө  зомбулукка  жол  бербөөгө  негизделген  жүрүм-турум  моделин  калып-
тандыруу максатында билим берүү процессинин бардык катышуучуларына комплекс-
түү жана системалуу таасир этүүгө мүмкүндүк берет.  
 
                                       
8
 HBSC изилдөөсү - 2010 
9
 Ошол эле жерде 
Изилдөөгө өлкөнүн бардык аймактарынан 55 мектеп тартылган, 1333 орто жана 
жогорку звенодогу окуучулар, ата-энелер, мугалимдер жана мектеп директорлору 
сурамжылоого катышкан. 
 бизде 8-класста түрдүү улуттагы балдар окушат. Ошондуктан класста  
(сынапта) мушташтар гана болбостон, акча өндүрүү, опузалоо да бар.... 
13

1.2. БИЛИМ БЕРЇЇ МЕКЕМЕСИНДЕГИ ЗОМБУЛУКТУН 
ТЇРЛЉРЇ ЖАНА ФОРМАЛАРЫ  
Зомбулук - бул өзүнө же башка адамга же адамдардын тобуна багытталган, чы-
ныгы же коркутуу түрүндөгү, атайылап физикалык күчтү же бийликти колдонуу, ал де-
неге  зыян  келтирүүнү,  психологиялык  травманы,  өлүмдү,  жетилүүдөгү  бузулууларды 
же башка зыяндарды алып келет же алып келиши толук ыктымал (Бүткүл дүйнөлүк са-
ламаттыкты сактоо уюму)
10
. Зомбулук башка аракеттерден өзүнүн атайылаган мүнөзү 
менен  айырмаланат.  Кокусунан  жыгылып  кеткенде,  жолдогу  транспорттук  окуядан 
улам алган дене жаракаттары же психологиялык травма зомбулукка жатпайт. Мушташ 
учурунда коргонуу максатында жасалган сокку да, капысынан болгондуктан, коргонуп 
жаткан адам атайылап физикалык жана/ же башка зыян келтирүүнү каалабаган учурда, 
зомбулук катары карала албайт.  
Зомбулуктук аракеттерге физикалык күч колдонулбастан, адамды бийлөө, башка-
руу  аракеттери  көрүлгөн,  башкача  айтканда  коркутуулар,  мажбурлоолор,  шантаж-
доолор жана кодулоолор да кирет. Башка адамды башкарып туруу бийлигине ээ адам, 
андай адамдарга көңүл кош мамиле жасап, ага кам көрүүдөн жана жардам берүүдөн 
баш тартса, мындай аракеттер зомбулук катары каралат.  
Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелериндеги зомбулуктан окуучулар-
ды коргоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттешүү жөнүндөгү Атайын токтомдун 
8-беренесине  ылайык
11
 билим  берүүчү  мекемедеги  зомбулук  -  бул  окуучулар  жана 
башка билим берүү процессинин катышуучулары тарабынан билим берүүчү  мекеме-
нин  окуучусуна  карата  билим  берүүчү  мекемеде  жана  анын  сыртында  жасалган  эмо-
ционалдык (психологиялык), физикалык жана сексуалдык зомбулук, ошондой эле жы-
йынтыгында баланын ден-соолугуна зыян алып келген баланын негизги муктаждыкта-
рына кайдыгер мамиле жасоо жана эксплуатациялоо зомбулук деп айтылат. 
 
ЗОМБУЛУКТУН ТААСИР ЭТЇЇ ООРДУГУНА КАРАТА БЉЛЇШТЇРЇЇ
12
 
 
9.1.  IV  деңгээлдеги  таасир  этүүгө  берилген  протоколдун  9.4.пунктунда  көрсөтүл-
гөн кесепеттерге алып келбеген учурда окуучунун муктаждыктарына кайдыгер мамиле 
жасоо, баланы кара жумушка пайдалануу кирет.  
9.2.  III  деңгээлдеги  таасир  этүүгө,  коркутуу  үркүтүү,  шантаж  болбогон  жана  узак 
убакыт аң сезимге зыян келтирүүчү кырдаалды жаратпаган, психологиялык залака жа-
ратпаган жана анын өнүгүшүнө, өз жанын кыюуга жана башка бала үчүн оор психоло-
гиялык кесепеттерге алып келбеген эмоционалдык зомбулук кирет. 
9.3.  II  деңгээлдеги  таасир  этүүгө,  ден  соолукка  залака  тийгизбеген  физикалык 
таасир этүү түрүндөгү физикалык зомбулук кирет.
 
9.4. I деңгээлдеги таасир этүү, коркутуп-үркүтүү, опузалап, окуучунун өздүк буюм-
дарына жана акчасына кол салуу, ден соолукка зыян келтирүү, жыйынтыгында окуучу-
нун денесинде (дененин сырты) сыйрылып көрүнүп турган  канталаган, көгөргөн, кесик 
ж.б. тактарды калтырган жана ошол эле учурда дененин сыртында көрүнбөгөн ички ор-
гандардын иштешине зыян келтирүүчү физикалык жана эмоционалдык зомбулук, жана 
дагы I деңгээлдеги таасир этүүгө сексуалдык зомбулуктун бардык түрлөрү кирет. 
Билим  берүү  мекемелериндеги  зомбулук  түрдүү  табиятка  жана  мүнөзгө    ээ,  ал 
бир жолку зомбулук  аракеттер формасында да, ошондой эле дайыма кемсинтүү,  ма-
                                       
10
 Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (2003). Зомбулук жана анын саламаттыкка тийгизген таасири.  Дүй-
нөдөгү кырдаал тууралуу доклад. 
11
 Кыргыз  Республикасынын  билим  берүү  мекемелериндеги  зомбулуктан  окуучуларды  коргоо  боюнча  мекемелер 
аралык өз ара аракеттешүү жөнүндөгү Атайын токтом. 
12
 Ошол эле жерде 
14

 
зактоо,  шылдыңдоо,  кордоо  жана  системалык  түрдө  кайталанып  туруучутийишип-
кодулоо (буллинг) формасында да болот. Зомбулук физикалык жана сөз менен кордоо 
формасында  болушу  мүмкүн,  зомбулук  аракеттерде  жана  сексуалдык  мүнөздөгү  сөз-
дөрдө чагылдырылышы мүмкүн, ачык же ачык эмес гендердик негизге ээ болушу ык-
тымал,  материалдык  пайданы  (опузалоо  жана  буюм  менен  акчаларды  тартып  алуу) 
көздөшү  ыктымал  жана  дээрлик  бардык  учурда  ал  баланын  жетилүүсү,  саламаттыгы 
жана жашоосу үчүнжаман, терс гана таасирин тийгизет, балдарды көзөмөлдөөнүн жок-
тугу балдардын укук бузууларын жаратат, агрессияны, жек көрүүнү, суициддик жорук-
тарга ыктуулукту калыптандырат жана баланын социалдашуусуна тоскоолдук жаратат.    
1-  Сүрөттө зомбулуктун түрлөрү жана жаралуу мүнөзү (жыштыгы) боюнча анын 
классификациясы берилген.  
Эмоционалдык (психологиялык) зомбулук,
 бул физикалык күч колдо-
нулбаган, бирок баланын беделин түшүрүүгө багытталган бардык мазактоо, кемсинтүү, 
намысына шек келтирүү, жаман аттарды коюу, адилетсиз мамиле жасоо, шылдыңдоо, 
бир  тараптуу  мамиле  жасоо,  коркутуу,  коомдон  сыртка  бөлүү,  кодулоо  жана окуучуга 
карата  нормативдик  лексикага  жооп  бербеген  тилди  колдонуулар  кирет.  Зомбулук 
окуучудан  мугалимге  же  теңтуштарга,  ошондой  эле  мугалимден  окуучуларга  карата 
болушу мүмкүн.  
Көп учурда педагогдор бул баланын инсандыгына психологиялык зомбулук кылуу 
экендиги  тууралуу  эч  ойлонбостон,  окуучуну  башкалар  менен  салыштырышат,  анын 
тышкы келбети тууралуу одоно сын айтышат, шылдыңдашат, бурчка коюшат, демилге-
ни басышат. 
 
13
 
                                       
13
 Кыргызстан  мектептеринде  зомбулуктун  жайылуусун  жана  динамикасын  изилдөө  боюнча  жыйынтык  маалымат. 
ЮНИСЕФ, 2011-ж. 
15
 
Физикалык 
жазалар 
Гендердик (гендердик негиздеги зомбулуктун түрлөрү) 
Каалаган белгилер боюнча дискриминациялоо 
Зомбулуктун
 бир жол
ку 
 кө
р
үнүштө
р
ү 
Си
стема
тика
лык  з
омбу
лу
к -
 б
улл
инг
 
К
иб
ербулл
ин
г
 
 
 
Психологиялык зомбулук 
Сексуалдык 
зомбулук 
Физикалык 
зомбулук 

 
 
Физикалык зомбулук
  –  бул  атайылап  адамга  залака  тийгизүү,  аны  менен 
бирге окуучуга денесине залака тийгизүү жана денесин жаралоо, денесинин бир жерин 
оорутуу, соккулар, тепкилер, желкеге чабуулар, уруп-сабоо, түртүү, жолун тозуу, буюм 
менен согуу, байлоо, эркиндигин чектөө, буюмун сындыруу же тартып алуулар физи-
калык зомбулуктун катарына кирет. 
14
 
 
 
Эксперттердин  көз  караштары  боюнча,  балдарга  карата  физикалык  жана  сек-
суалдык зомбулук көрсөтүү учурлары, психологиялык зомбулукка жана опузалоого ка-
раганда көбүрөөк аныкталышат.   
Сексуалдык зомбулук
 – бул күчкө салып жыныстык катнашка мажбурлоо же 
окуучуну бузуктук иштерге багыттоо, окуучунун уруксааты менен же анын жашы жете 
электигине  байланыштуу  анын  түшүнбөстүгүнөн  пайдаланып  же  ушул  сыяктуу  дагы 
башка себептер менен окуучуну жыныстык катнашка тартуу, чечинүүгө мажбурлоо, сү-
рөткө тартуу, окуучуну сексуалдык талаптарын канааттандырууга мажбурлоо же мате-
риалдык же ушул сыяктуу башка пайда көрүү амалында окуучуну колдонуу, сексуалдык 
мүнөздөгү кыймыл-аракеттерди, жөнү жок бирөөнүн денесине кол тийгизүү же жыныс-
тык катнашка зордоо. 
Баланын негизги муктаждыктарына кайдыгер мамиле жасоо
 
–  педагогдор  (же  болбосо  билим  берүү  мекемесинин  башка  кызматкерлери),  ата-
энелер, кам көргөн жана/же баланы тарбиялоого жооптуу болгон башка чоң кишилер 
тарабынан бала тууралуу кадыресе кам көрүүнүн жоктугу, анын натыйжасында бала-
нын эмоционалдык абалы бузулат жана анын саламаттыгына же жетилүүсүнө коркунуч 
пайда болот.   
Эзїїчї (Эксплуатация)
 
– окуучуну кара жумушка пайдалануу же башка кан-
дайдыр бир ишкананын же адамдардын пайдасына иштетүү, жана дагы мектеп адми-
нистрациясынын жана мектептин кызматкерлеринин билим берүү процессинин максат-
тарына  жана  принциптерине  жана  белгиленген  эрежелерге  жана  нормаларга  каршы 
балдардын эмгегин колдонуусу.  
Мындай кадамдардын жыйынтыгы, окуучунун билимине, психикасына жана дене-
сине  жана  дагы  анын  моралдык,  социалдык,  эмоционалдык  өсүп  жетилишине  зыян 
алып келиши мүмкүн. 
 
 
                                       
14
 Ошол эле жерде. 
… башталгыч класстын (сынаптын) мугалимдери балдарды кемсинтет,  
аларды “койлор...” деп айтып кордойт
13
 
– биздин мектепте өткөн жылы 10-класстын окуучусу башка окуучуну кыз 
талашып бычак менен сайган 
14
 
16

15
 
 
 
Билим берїї мекемесиндеги зыян келтирїї
  окуучулардын  же  кыз-
маткерлердинмүлкүн,  буюмдарын  (кийим-кечек,  мектептик  буюмдар,  жеке  буюмдар, 
телефон ж.б.) талкалоо, бузуу жана/же алардын акчаларын, буюмдарын зомбулук ме-
нен  тартып  алуу.  Көбүнчө  зомбулуктун  бул  түрү
  опузалоо  аркылуу  жүрөт  –  акчаны, 
буюмдарды  күч  менен  жана  мажбурлоо  менен,  физикалык  күчтү  колдонуу  менен  ур-
соккуга  алуу,  кандайдыр-бир  маалыматтарды  жарыялоо,  ушак-айыңдарды  таратуу 
коркунучу  менен,  бир  жолку  же  маал-маалы  менен  кайталанып  туруучу  зомбулук. 
Мындай аракеттердин материалдык гана эмес, ошондой эле, физикалык жана нрава-
лык азап тартуулардан улам келтирилген моралдык зыяндары (азап тартуу, кор болуу) 
да болот.  
16
 
 
 
Экономикалык зомбулуктун мектептеги түрлөрүнүн бири – опузалоо (рэкет) – өзү-
нүн олуттуулугу боюнча экологиялык жана энергетикалык коопсуздук менен бир катар-
га  туруп,  2006-жылы  Кыргыз  Республикасынын  Коопсуздук  Кеңешинин  талкуусунда 
болгон.  
17
 
 
 
Дискриминация
 – адамга анын улутуна же этникалык тиешелүүлүгүнө, жыны-
сына,  гендердик  окшоштуулугуна  жана  сексуалдык  багытталмасына,  социалдык-
экономикалык  абалына,  диний  ишенимине,  инвалиддигине,  жетилүүдөгү  же  жүрүм-
турумдагы  өзгөчөлүктөргө,  оорунун  же  башка  бир  белгилердин  болушуна  жараша 
кооптонуп тартынган же айырмалоочу мамилелерди билдирет.  
 
 
                                       
15
 
Кыргызстан  мектептеринде  зомбулуктун  жайылуусун  жана  динамикасын  изилдөө  боюнча  жыйынтык  маалымат. 
ЮНИСЕФ, 2011-ж.
 
16
 Ошол эле жерде 
17
 Ошол эле жерде. 
Балдардын эмгегин эксплуатациялоо фактыларынын болушу, мугалим/ 
директор окуучуларды өздөрүнүн жеке жер тилкелеринде же үйдө иштөө үчүн 
тартышат: жогорку класстын окуучуларынын 2.1% жана орто класстардын 
окуучуларынын 4.1% бул “көп учурда” болуп тургандыгын белгилешет. Алардын 
мектебинде “сейрек” болот деп жогорку класстын окуучуларынын 10.9% жана 
орто класстардын окуучуларынын 26.2% белгилешти.
15
 
Балыкчы шаарындагы бир өспүрүм курактагы кыз өтө көп убакыт бою бир канча 
мектепти коркутуп келген. Акчаны кыздардан гана эмес, ошондой эле 
балдардан да чогултуп келген. Андан баары коркуп турушчу. 
16
 
Зомбулуктун мектепте көп учураган түрлөрү боюнча орто звенодогу класстын 
окуучулары акча жана бумдарды рэкет/опузалоону (21,7%) – биринчи орунга, ал 
эми жогорку класстын окуучулары – экинчи орунга (19,5%) коюшкан. 
17
 
17

18
 
 
 
Дискриминация  ар  түрдүүчө  болушу  мүмкүн:ачык  жана  анык  түрдө  адамды  кор-
доочу жана кемсинтүүчү сөздөр, комментарийлер, тамашалар, атоолор жана тилдөө-
лөр,  оюндардан  жана  иш-чаралардан  чыгарып  таштоо  аркылуу,  ошондой  эле  жашы-
руун  түрдөэтибар  албоо,  тең  эмес  мамиле  аркылуу.  Сурамжылоого  катышкандардын 
50%  дээрлик  ар  бир  класста  мектеп  коомчулугу  оолактаган,  изоляциялагандар  бар 
экендигин көрсөтүшкөн. Физикалык кемчиликтери бар балдарды жана аз камсыз бол-
гон үй-бүлөлөрдөн чыккан окуучуларды, жаңы келген окуучуларды баардыгы – класс-
таштар да, жогорку класстын окуучулары да, мугалимдер да кемсинтиши мүмкүн.  
19
 
 
 
АИВ  (ВИЧ)  менен  жашаган  адамдар,  көп  учурда  билим  берүү  мекемелеринде 
дискриминацияга кабылышат. АИВтин (ВИЧ) жугуу жолдору тууралуу жаңылышуулар, 
билим берүү мекемесинде АИВ менен жашаган адамдын болушу башка окуучулардын 
жана кызматкерлердин саламаттыгына коркунуч жаратат  деген ойлор педагогдордун, 
окуучулардын  жана  айрыкча  ата-энелердин  кооптонуусун  жаратышы  ыктымал.  Мына 
ушуга байланыштуу АИВ менен жашаган балдар, өспүрүмдөр жана чоң кишилер, окуу-
га же билим берүү мекемесине жумушка кирүүдө кыйынчылыктарга туш болушат жана 
жада калса алардын АВИ-статусу билинген учурда окуу жайды таштоого аргасыз бо-
лушат
20
.   
Гендердик дискриминацияга кыздар да, ошондой эле балдар да кабылышат. Ген-
дердик  негизде  дискриминациялоо  көбүнчө  байкалбастан  жана  аны  көрсөткөн  тарап-
тар  үчүн  рефлекстелбестен  өтөт.  Ошентип,  мугалим-эркектер  окуучу-эркек  балдарга 
карата өз бийлигин жана мырзанын авторитетин көрсөтүү жана бекемдөө менен, дис-
циплинардык  максаттарда  физикалык  жазалоолорду  көбүрөөк  колдонушу  мүмкүн.  Ал 
эми мугалим-аялдар болсо эркек балдарды жазалоонун мындай формаларынан, бал-
дардын  каршылык  көрсөтүүсүнөн,  агрессиясынан  жана  аялдардын  басымдуулук  кы-
лышын кабылдабоосунан кооптонуп, качышат. Улуттук-маданий стереотиптерге жара-
ша мугалимдер сабакта эркек балдарга же кыздарга, алардын биринин академиялык 
жетишкендигин башкаларга караганда маанилүү деп эсептегендиктен, көбүрөөк көңүл 
бурушу мүмкүн. Балдардын-өспүрүмдөрдүн чөйрөсүндө эркек балдар кыздардан бийик 
турат деген укук таанылышы ыктымал. 

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет