Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет7/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   18

48


 
мыкты  кесиптик  даярдык  жана  окуучуларга  карата  зомбулуктук  аракеттерди 
жокко чыгарган,позитивдик тарбиялоо жана тартипти кармап туруу принципте-
рине, агрессивдүү жүрүм-турумду жана зомбулуктун көрүнүштөрүн алдын-алуу 
методдоруна,  инсанды  калыптандыруунун  социалдык-психологиялык  техноло-
гияларына  жана  коопсуз  жүрүм-турумдун  түрдүү  стратегияларына  педагогика-
лык жамаатты жана кызматкерлерди окутуу; 

 
зомбулук маселеси туурасында ата-энелерге маалымдоо жана зомбулукка ка-
былган окуучулардын ата-энелерин колдоо.  
 
6-сүрөт. Билим берүү мекемесинде зомбулук көрсөтүү учурларын жоюу боюнча уюш-
туруучулук-жетекчилик чараларды жана маалыматтык-агартуучулук иштерди ишке кир-
гизүүнүн схемасы 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
бб.м*. – билим берүүчү мекеме
 
Уюштуруучулук-башкаруучулук  
чаралар 
Маалыматтык-агартуучулук 
иштер 
8. Балдарды тарбиялоо, тур-
муштук көндүмдөрдү 
өнүктүрүү жана зомбулуктун 
алдын-алуу маселелери бою-
нча ата-энелерге маалымат 
берүү, окутуу жана кеӊеш 
берүү
 
 
1. Коопсуздукту жана социал-
дык-психологиялык климат-
ты сактоо менен кырдаал-
дыанализдөө
 
 
2. Зомбулукка карата билим 
берүүчү мекеменин саясатын 
иштеп чыгуу
 
4. Зомбулуктун алдын-алуу 
боюнча билим берүү меке-
месинин планын иштеп 
чыгуу жана ишке киргизүү 
 
5. Билим берүү мекемесинде 
психологиялык кызматтын 
ишин жана башка өнөктөштөр 
менен өз ара маилелерин 
уюштуруу 
 
3
. Саясаттын жоболорун 
уставга кошуу, жүрүм-турум 
эрежелери, билим берүү ме-
кемесинин кызматкерлери-
нин кызматтык милдеттери 
жана аракеттердин алгорит-
ми 
 
Жу-
мушчу 
топ 
 
Билим берүү 
мекемесинин 
жетекчилиги, 
кызматкерле-
ри, окуучулар, 
ата-энелер 
 
6. Позитивдүү тарбиялоо, 
тартипти кармап туруу, 
зомбулуктун алдын-алуу жа-
на ага жооп кайтаруу масе-
лелери боюнча билим берүү 
мекемесинин педагогикалык 
кызматкерлерин даярдоо
 
 
9. Зомбулуктун алдын-
алуу максатында маалы-
маттык материалдарды 
түзүү жана жайылтуу, ак-
цияларды жана иш-
чараларды уюштуруу
 
 
7. Натыйжалүү сүйлөшүү, 
сылык мамиле кылуу жана 
конфликттерди зомбулук-
суз чечүү көндүмдөрүнө 
окуучуларды үйрөтүү
 
Билим берүү 
мекемесинде-
ги кырдаал-
ды жана со-
циалдык-
психологи-
ялык климат-
тын учурдагы 
мөниторинги
 
49

Зомбулуктан эркин болгон жана коопсуз билим берүүчүлүк чөйрө  – сапаттуу би-
лим алуунун маанилүү шарты болуп саналат, жана аны ишке ашыруу мектептик өзүн-
өзү башкаруу органдарынын активдүү катышуусу менен көп учурда мектеп директор-
лорунан,  мугалимдерден,  психологдордон,  ата-энелерден  көз  каранды  болот.  Окуу 
чөйрөсү саламат, коопсуз болушу керек, адамдарга карата кайрымдуу мамилеге көмөк 
көрсөтүшү керек. Ошол эле учурда төмөнкүлөр камсыздалышы керек:  
1.  тиешелүү даражада суу менен жана тийиштүү санитардык нормалар менен кам-
сыз болушу керек; 
2.  саламаттыкты сактоо жана тамактануу кызматтарына түз жана кыйыр кирүү; 
3.  мугалимдердин,  окуучулардын  жана  алардын  ата-энелеринин  физикалык,  пси-
хосоциалдык  жана  эмоционалдык  абалын  жакшыртууга  көмөктөшкөн  тийиштүү 
саясат жана жүрүм-турум кодекси;  
4.  сөзүн-өзү сыйлоону, ден-соолукту жана жеке коопсуздукту бекемдөө үчүн зарыл 
билимдерди,  социалдык  көз  караштарды,  баалулуктарды  жана  турмуштук  көн-
дүмдөрдү өздөштүрүүгө көмөктөшкөн билим берүүнүн мазмуну жана практикасы. 
Жагымдуу,  ишенимге  жана  урматтоого  негизделген  билим  берүүчү  чөйрө  билим 
берүү  мекемелериндеги  зомбулуктун  алдын-алуу  үчүн  зарыл  шарт  болуп  саналат.  
Зомбулуктун алдын-алуу жана аны жеңип чыгуу боюнча туруктуу жана узак мөөнөттүү 
жыйынтык көптөгөн факторлор менен камсыз болот.   
 
7-сүрөт. Коопсуз жана жагымдуу билим берүүчүлүк чөйрөнү калыптандырууга 
таасир тийгизген факторлор. 
 
 
 
50

2.1. ЧЕНЕМДИК ЖЉНГЉ САЛУУ 
Борбордук  Азия  жана  Чыгыш  Европа  өлкөлөрүнүн  улуттук  мыйзамдары  билим 
алуунун баардыгына ачыктыгын жана коопсуздугун кепилдейт, анын гуманисттик мүнө-
зүн,  адамдын  өмүрүнүн  жана  саламаттыгынын  приоритеттерин,  инсандын  укуктарын 
жана эркиндиктерин, билим берүү жана балдардын укуктарын коргоо тармагындагы эл 
аралык  документтерге,  анын  ичинде,  Билим  берүү  тармагындагы  дискриминация  ме-
нен  күрөшүү  жөнүндөгү  Конвенцияга
37
,  Аялдарга  карата  дискриминациянын  бардык 
формаларын жоюу жөнүндөгү Конвенцияга
38
, Балдардын укуктары жөнүндөгү Конвен-
цияга
39
,  Балдардын  өмүрүн  сактоону,  коргоону  жана  аларды  өнүктүрүүнү  камсыздоо 
жөнүндөгү Конвенцияга
40
, Саламан декларациясы жана өзгөчө муктаждыктары бар та-
раптардын билим алуусу боюнча аракеттердин чектерине
41
, Дакар «Билим алуу баар-
дыгы үчүн: биздин милдеттемелерди аткаруу» аракеттеринин чектерине
42
, БУУнун Ге-
нералдык  Ассамблеясынын  “Балдарды  кордоодон  коргоо”  Резолюциясына
43
,  Инчхон 
«Билим берүү 2030. Теӊ укуктагы негиздеги инклюзивдүү жана сапаттуу билим берүүгө 
жана  баардыгы  үчүн  өмүр  бою  окутууга  карай  барган  жол  менен” 
на
44
ылайык,  билим  берүү  тармагында  дискриминацияга  жана  зомбулукка  жол  берил-
бестигин жарыялайт.   
Аймактын  өлкөлөрүнүн  мыйзамдары  билим  берүү  мекемелериндеги  окуучулар 
менен сүйлөшүүнүн нормаларын камтышат, алар окуучулардын укуктарын жана адам-
дык кадырын урматтоо, гендердик теӊдикти сактоону жана алардын өмүрүн жана са-
ламаттыгын физикалык, психологиялык жана зомбулуктун башка формаларынын баа-
рынан коргоону караган принциптердин негизине таянышат. Билим берүү мекемесинин 
администрациясы  билим  берүү  процесси  учурунда  окуучулардын  коопсуздугун  кам-
сыздоо жана алардын жашоосун, ден-соолугун коргоо үчүн жоопкерчиликте болот. Пе-
дагогикалык жана башка кызматкерлер укуктук, нравалык жана этикалык нормаларды 
сактоого,  кесиптик  этиканын  талаптарын  аткарууга,  окуучулардын,  алардын  ата-
энелеринин  жана  өз  кесиптештеринин  кадырын  жана  абийирин  сыйлоого  милдеттүү. 
Окуучулар тартипти сактоого, мугалимдерге жана башка окуучуларга сый менен мами-
ле кылууга милдеттүү.  
Адамдын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык жана улуттук мый-
замдык-укуктук актылар тиркеме 1 берилген. 
 
Зомбулукка карата билим берүүчү мекеменин саясаты  
Зомбулукка карата билим берүү мекемесинин саясаты  – мектеп администрация-
сы, педагогикалык жамааты, окуучулар жана алардын ата-энелери тарабынан зомбу-
лукту, анын түрлөрүн жана формаларын жалпы түшүнүүнү бекемдеген жана алардын 
зомбулуктун бардык көрүнүштөрүнө каршы турушунун жалпы колдоосун чагылдырган 
документ. Бул документ билим берүү жөнүндөгү жана балдарды ырайымсыз мамиле-
                                       
37
 ЮНЕСКОнун  Генералдык  Конференциясы  (1960)  Билим  берүү  тармагындагы  дискриминация  мененкүрөшү  жө-
нүндөгү Конвенция. 
38
 БУУнун Генералдык Ассамблеясы (1979) Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу боюнча 
Конвенция. 
39
 БУУнун Генералдык Ассамблеясы (1989) Балдардын укуктары жөнүндөгү Конвенция. 
40
 Балдардын кызыкчылыктары үчүн жогорку деңгээлдеги Бүткүл дүйнөлүк жолугушуу (Нью-Йорк, АКШ, 2000). Бал-
дардын өмүрүн коргоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу жөнүндөгү Бүткүл дүйнөлүк декларация. 
41
 Өзгөчө  керектөөлөрү  бар  тараптар  үчүн  билим  берүү боюнча  Бүткүл дүйнөлүк конференция: мүмкүнчүлүк  жана 
сапат (Саламанка, Испания, 1994). Өзгөчө керектөөлөрү бар тараптар үчүн билим берүү боюнча Саламан деклара-
циясы жана анын аракеттенүү чектери 
42
 Билим берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум (Дакар, Сенегал, 2000). Дакар декларациясынын «Билим алуу баар-
дыгы үчүн: биздин милдеттемелерди аткаруу» аракеттеринин чектери. 
43
 БУУнун Генералдык Ассамблеясы (2014). 69/158 Резолюция. Балдарды кордоодон коргоо. 
44
 Билим берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум (Инчхон, Корея Республикасы, 2015) Инчхон декларациясы «Билим 
берүү 2030. Теӊ укуктагы негиздеги инклюзивдүү жана сапаттуу билим берүүгө жана баардыгы үчүн өмүр бою оку-
тууга карай барган жол менен. 
51

ден коргоо жөнүндөгү улуттук мыйзамдарга негизделет жана алардын жоболорун би-
лим берүү мекемесинин бардык катышуучулары үчүн зомбулуктун көрүнүштөрүнө жана 
аларга чара көрүү боюнча аракеттеринин алгоритмине жана жүрүм-турум эрежелерине 
кошуп көрсөтөт.  “Зомбулукка карата мектептин саясаты” документи мектептин жалпы 
чогулушу  (кеӊеши)тарабынан  бекитилет  жана  билим  берүүчүлүк  мамилелердин  бар-
дык  катышуучуларына  маалымдалат.  “Саясаттын”  жалпы  жоболору  билим  берүү  ме-
кемесинин  уставында,  окуучулары  үчүн  жүрүм-турум  эрежелеринде  жана  кызматкер-
лер үчүн эмгек тартибинде, жетекчинин, педагогдордун (мугалимдердин, класс жетек-
чилеринин,  психологдордун,  социалдык  педагогдордун,  тьюторлордун,  тарбиячылар-
дын)  жана  кызматкерлердин  (көмөкчү  жана  техникалык  кызматкерлердин  кызматтык 
милдеттемелеринде, билим берүү кызматтарын көрсөтүү келишимдеринде, башка до-
кументтерде чагылдырылышы керек.Зомбулукка карата мектептин (окуу жайдын) сая-
сатынын үлгүлүк түзүлүшү тиркеме 3 берилген. 
“Зомбулукка  карата  мектептин  (окуу  жайдын)  саясаты”  документин  иштеп  чыгуу 
үчүн  башат  алуучу  пункт  катары  билим  берүү  мекемесиндеги  социалдык-
психологиялык климатты изилдөө жана анын жыйынтыктарын бүтүндөй жамаат менен 
талкуулоо  болушу  мүмкүн.  Билим  берүү  мекемесиндеги  социалдык-психологиялык 
климаттын анализин жүргүзүү боюнча сунуштар тиркеме 2 берилген.  
Билим  берүү  мекемелериндеги  зомбулуктун  деңгээлин  төмөндөтүү,  окуучулар 
үчүн  коопсуз  чөйрөнү  түзүүдөгү  бардык  кызыктар  тараптардын  аракеттерин  консоли-
дациялоо максатында Кыргызстанда 2011-жылдан бери “Зомбулуксуз мектеп” тарбия-
лык  иштер  программасы  ишке  кийирилип  келүүдө.  Программа  мектептеги  зомбулук 
маселелерин чечүүгө карата принципиалдуу түрдө башка мамилени көрсөтөт – мектеп 
администрациясы  жана  билим  берүү  процессинин  катышуучулары  тарабынан  зомбу-
лук фактыларын милдеттүү түрдө таанууга негизделген билим берүү процессинин түз 
жана кыйыр субъекттеринин аракеттеринин биргелешкен планы, ошондой эле балдар-
ды  жана  алардын  ата-энелерин  окуу  жайдагы  зомбулуксуз  жүрүм-турум  нормаларын 
иштеп  чыгууга,  конфликттик  кырдаалдарды  чечүү  жана  чечимдерди  кабыл  алуу  про-
цессине катышуусу жана тартылып аралашуусу.  
“Зомбулуксуз мектеп” тарбиялык иштер программасынын концепциясы тиркеме 4 
берилген.  
 
Билим берїїчї мекеменин уставы (Жобосу) 
Билим  берүүчү  мекеме  уставдын  негизинде  иштейт,  анда  мекеменин  ишмер-
дүүлүгүн  мыйзамдарга  ылайык  жөнгө  салуучу  негизги  жоболор  камтылат.  Уставдын 
бөлүмдөрүнө билим берүүчүлүк мамилелердин бардык катышуучуларынын ортосунда-
гы мамилелерде зомбулукка жана дискриминацияга жол берилбестиги тууралуу, алар-
дын укуктары, милдеттери жана буга байланыштуу аракеттери тууралуу жоболор кир-
гизилген.  Бул  билим  берүү  мекемесиндеги  зомбулуктун  алдын-алуу  жана  зомбулук 
болгон учурларда ага жооп кайтаруу боюнча чараларды кабыл алуу үчүн юридикалык 
негизди түптөйт. Билим берүү мекемесинин уставы менен анын бардык кызматкерле-
ри, окуучулары жана алардын ата-энелери таанышы керек.  
 
Билим  берїї  мекемесинин  жїрїм-турум  жана  ички  тартип 
эрежелери 
Окуу  жайдын  ишмердүүлүгүн  жөнгө  салган  маанилүү  документ  болуп  окуучулар 
жана кызматкерлер үчүн жүрүм-турум эрежелери (ички эмгек тартиби) саналат.  
Билим  берүүчүлүк  мамилелердин  катышуучуларынын  негизги  укуктары  жана 
милдеттемелери,  мектепте  (окуу  жайда) тыюу  салынган  аракеттер  гана  жазылган  ус-
52

тавдан  айырмаланып, 
окуучулар  үчүн  жүрүм-турум  эрежелеринде  окуучулардын 
жүрүм-турумуна карата талаптардын жана окуучулардын сабак учурууда, танапис учу-
рунда, спорттук, чыгармачыл, эс алуу иш-чараларын өткөрүү учурунда, түрдүү бөлмө-
лөрдө  (кийинүүчү  бөлмөдө,  коридорлордо,  ашканада,  китепканада,  устаканада,  жы-
йындар жана спорт залдарда), спорт аянтчасында, кезек өтө учурунда, экскурсияларда 
жана  башка  иш-чараларда  бекитилген  жеке  коопсуздук  жана  өз  ара  мамилелердин 
нормаларын  жана  эрежелерин  сактоо  кылдат  сүрөттөлөт.  Устав  сыяктуу  эле,  жүрүм-
турум  эрежелери  менен  бардык  окуучулар,  алардын  ата-энелери  жана  окуу  жайдын 
кызматкерлери тааныш болушу керек.  
Окуучулар үчүн жүрүм-турум эрежелери алардын катышуусу менен иштелип чы-
гышы керек. Окутуунун ар түрдүү тепкичтериндеги – баштапкы, орто жана жогорку мек-
тептеги жүрүм-турум эрежелерин аныктоодон баштоо максатка ылайыктуу, ал үчүн ар 
бир класста төмөнкүлөрдү талкуулоо керек:  

 
сабак учурунда, спорттук оюндарда, танапис учурунда жана сабактан тышкаркы 
иш-чараларда  окуучулардын  тартип  жана  жүрүм-турум  менен  байланышкан  
негизги  маселелерди,  анын  ичинде  зомбулуктук  мүнөздөгү  аракеттерди  жана 
дискриминациянын көрүнүштөрүн;  

 
билим  берүү  мекемесинин  мугалимдери,  жетекчилиги  жана  башка 
кызматкерлеринин окуучулар тарабынан зомбулук жана дискриминация сыяктуу 
кабыл  алынган,  алардын  кыжырдануусун  жараткан,  тарбиялык  иш-чаралары 
жана жүрүм-турумдары; 

 
мектептин  окуучулары,  мугалимдери,  психологу,  жетекчилери  жана 
кызматкерлери  тарабынан  көрүлгөн,  конфликттерден  оолак  болууга  жана 
аларды зомбулуксуз ыкма менен чечүүгө жардам берген,  аракеттерди; 

 
жүрүм-турум  эрежелерин  бузгандарга  карата  дисциплинардык  жана  тарбиялык 
чараларды жана зомбулук көрсөтүүнү жана дискриминациялык аракеттерге жол 
берген тараптарды. 
Эрежелер  мектептин  (окуу  жайдын)  уставына,  билим  берүү  системасынын  жана 
балдарды  ырайымсыз  мамиле  кылуудан  коргоо  сферасын  ишмердүүлүгүн  жөнгө  са-
луучу мыйзамдарга төп келиши керек.   
 
Билим  берїї  мекемесинин  кызматкерлери  їчїн  ички  эмгек 
тартип эрежелеринде
  педагогикалык  жана  эмгек  этикасынын  нормалары,  окуу-
чуларга жана өзүнүн кесиптештерине карата сыйлабагандыкка дискриминацияга, кор-
кутууларга  кодулоолорго,  физикалык  жана  психологиялык  зомбулукка  жол  берген, 
кызматкерлерге  карата  билим  берүү  мекемесинин  жетекчилиги  тарабынан  көрүлүүчү 
чаралар,  ошондой  эле  окуучулар  тарабынан  кодулоолорго  же  зомбулукка  кабылган 
кызматкерлерди коргоо боюнча чаралар да көрсөтүлөт.  Эрежелер билим берүү меке-
месинде  болгон  чыныгы  же  божомолдонгон  зомбулук  тууралуу  билип  калганда  же 
анын күбөсү болгон учурлардагы кызматкерлердин аракеттерин аныктайт.  
 
Зордук-зомбулуктун алдын-алуу боюнча иш-чаралардын планы 
Зомбулукту токтотуу жана ага жооп кайтаруу боюнча билим берүүчүлүк мамиле-
лердин  бардык  катышуучуларынын  аракеттерин  жөнгө  салуучу  нормативдик-укуктук 
документтердин  пакети  билим  берүү  мекемесинде  калыптанган  учурда,  администра-
цияга жана педагогикалык жамаатка зомбулуктун натыйжалуу алдын-алуу үчүн шарт-
тарды түзүү боюнча чаралардын тизмесин жана тартибин аныктоо зарыл. Бул максат-
та  зомбулуктун  алдын-алуу  боюнча  иш-чаралар  планы  иштелип  чыгат.  Планда  иш-
53

чаралар,  алардын  аткарылыш  мөөнөттөрү,  жооптуу  тараптар  же  кызматтар  көрсөтү-
лөт.  
Зомбулуктун  алдын-алуу  боюнча  иш-чаралардын  болжолдуу  планынын  үлгүсү 
тиркеме 5. берилген.  
 
2.2.  БИЛИМ БЕРЇЇЧЇ МЕКЕМЕНИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН 
ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЖАНА АРАКЕТТЕРИ 
 
Окуучулардын  билим  берүү  мекемелериндеги  коопсуздугу  бардык  бөлүмдөрдүн 
жана кызматтардын ишинин уюшкандыгынан жана тактыгынан, билим берүүчүлүк ма-
милелердин катышуучуларынын жана тейлөөчү кызматкерлеринин баардыгы тарабы-
нан  мектептеги  нормативдик  документтердин:  уставдын,  жүрүм-турум  эрежелеринин, 
эмгек  тартибинин  эрежелеринин,  кызматтык  жетекчилик  көрсөтмөлөрдүн,  буйруктар-
дын, көрсөтмөлөрдүн талаптарынын аткарылышынан көз каранды. 
Бул максатта ар бир кызматкерге, анын кызматтык жетекчилик көрсөтмөлөрүндө-
гү, же болбосо айрым нормативдик актылардагы (буйрук, көрсөтмө, регламент) компе-
тенциясына  жана  милдеттерине  жарашазомбулукту  токтотуу  боюнча  жана  зомбулук 
болгон окуяларга жооп жасоо боюнча функцияларды жана мүмкүн болгон аракеттерди 
бекитет. 
Билим берүүчү мекеменин 
Жетекчиси (директор) билим берүү процесси учурун-
да окуучулардын жана илим берүү мекемесинин кызматкерлеринин өмүрүнө жана са-
ламаттыгына,  алардын  укуктарынын  жана  эркиндиктеринин  сакталышына,улуттук 
мыйзамдардын тартибинде бекитилген жеке жоопкерчиликте болот.  
 
Директор: 

 
коопсуз жана боорукер билим берүүчүлүк чөйрөнү жана билим берүү мекеме-
синде  позитивдүү  социалдык-психологиялык  климатты  түзүүнү  жана  аны  кар-
мап турууну камсыздайт; 

 
ар  бир  инсандын  индивидуалдуулугун  таанууга  жана  көп  түрдүүлүктү  кабыл-
доого, адам укуктарынын жана кадырын жана гендердик теңдикти сыйлоого не-
гизделген, гумандуу, зомбулуксуз мамилелердин калыптанышына багытталган 
билим берүү программаларынын ишке ашышына жана тарбиялык системалар-
дын өнүгүшүнө көмөктөшөт;   

 
зомбулуктун алдын-алуу жана ага жооп кайтаруу максатында билим берүүчүлүк 
мамилелердин катышуучуларынын баардыгынын аракеттери жана жоопкерчи-
лигин  жөнгө  салуучу  документтерди  (устав,  зомбулукка  карата  саясат,  жүрүм-
турум эрежелери) иштеп чыгууну камсыздоо;  

 
билим берүүчүлүк мамилелердин катышуучуларынын баардыгына билим берүү 
мекемесинин  зомбулукка  карата  саясаты,  жүрүм-турум  эрежелери  жана  ички 
эмгек тартиби тууралуу маалымдайт;  

 
билим  берүү  мекемесинин  зомбулукка  карата  саясатын,  атайын  чараларды 
мектептин жана анын айрым бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын иш планына 
кийирүү аркылуу ишке ашырууну камсыз кылат;  

 
зомбулук  фактыларын  жана  ага  карата  көрүлгөн  чараларды  атайын  докумен-
тацияларды колдонуу менен (каттоо формасы, каттоо журналы ж.б.) жана кон-
фиденциалдуулукту сактоо жана жеке маалыматтарды коргоо аркылуу аныктоо 
жана каттоо тартибин иштеп чыгууну жана ишке кийирүүнү камсыз кылат;  

 
билим  берүүчүлүк  мамилелердин  бардык  катышуучуларына  зомбулук  болгон 
же аны жасоо аракеттери тууралуу билдирүүнүн каражаттарын жана каналда-
рынсунуштайт, бардык билдирүүлөрдүн катталышын жана каралышын, өз уба-
54

гында жана объективдүү иликтенишин жана зомбулук жасалгандыгы аныктал-
ган ар бир окуя боюнча чара көрүүнү камсыз кылат; 

 
зомбулук  жасалгандыгы  же  аны  болушун  шарттаган  окуялар  жөнүндө  окуучу-
лардын  ата-энелерине  (жабырлануучу  окуучунун  да,  ошондой  эле  зомбулук 
көрсөткөн  окуучунун  да)  жана,  зарыл  болгон  учурларда,  жогору  турган  орган-
дарга  жана  атайын  кызматтарга  (милиция,  тез  медициналык  жардам)  өз  уба-
гында маалымдалышын камсыз кылат;  

 
өзүнүн  орун  басарларынын  бирин  зомбулуктун  алдын-алуу  жана  ага  көрүлгөн 
чараларды координациялоо үчүн жооптуу кылып аныктайт;
45
 орун басарын да-
йындоодо анын иш тажрыйбасын, кесиптик даярдыгын, конструктивдүү өз ара 
аракеттешүү  көндүмдөрүн  жана  окуучулар,  ата-энелер  жана  билим  берүү  ме-
кемесинин  башка    кызматкерлери  менен  ишенимдүү  мамилелерди  түзө  би-
лүүсүн жетекчиликке алат;  

 
зомбулуктун алдын-алуу, даттанууларды жана зомбулук окуяларын талдоо, ага 
катышкан тараптарга жардам көрсөтүү максатында айрым адистердин же кыз-
маттардын (психологдун, социалдык педагогдун, баланын укуктары боюнча ый-
гарым укуктуунун) ишин уюштурат;   

 
билим берүү мекемесинин ичинде да (коопсуздук кызматы, медициналык кыз-
маткер), ошондой эле анын аймагынан тышкары жактарда да (ички иштер ор-
гандары,  эрезеге  жете  электер  менен  иштөө  боюнча  инспекция,  Өзгөчө  кыр-
даалдар  министрлиги,  медициналык  мекемелер,  адам  укуктары  боюнча  ыйга-
рым укуктуу ж.б.) коопсуздукту камсыздаган кызматтар менен өз ара аракетте-
шүүнү уюштурат;  

 
окуучулардын  ата-энелери  менен,  анын  ичинде,  ата-энелер  комитети,  класс 
жетекчилер, башка кызматкерлер аркылуу байланышты кармап турат;  

 
окуу жайдын бардык кызматкерлерин зомбулуктун алдын-алуу жана аны анык-
тоо, токтотуу жана конфликттин катышуучуларына жардам көрсөтүү көндүмдө-
рүнө окутуу үчүн шарттарды түзөт;  

 
педагогдор  жана  кызматкерлер  тарабынан  окуучулардын  жана  билим  берүү 
мекемесинин  кызматкерлеринин  укуктарынын,  этикалык  нормалардын  сакта-
лышына системалуу түрдө көзөмөл жүргүзөт;  

 
маал-маалы  менен  билим  берүү  мекемесиндеги  абалга  мониторинг  жүргүзөт 
жана зомбулук менен байланышкан окуяларды дайыма анализдейт; керек бол-
гон  учурда  коопсуздукту  камсыздоо  боюнча  жетектөөчүлүк  чечимдерди  кабыл 
алат,  зомбулуктун  алдын-алуу  жана  көрүлгөн  чаралар  боюнча  иштердин  пла-
нына оңдоп-түзөөлөрдү киргизет;  

 
билим берүү мекемесиндеги коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар тууралуу 
билим берүү башкармалыгынын жогорку органдарынын алдында отчет берет.  
Мектеп директору, ага физикалык же психологиялык зомбулук окуясы тууралуу же 
аны жасоо аракеттери болгон учурлар тууралуу, дароо медициналык жардамды талап 
кылбаган, ырайымсыз мамиле, кодулоо же дискриминациялоо тууралуу маалым болор 
замат, төмөнкүлөрдү аткарышы керек болот:   
 
Зомбулук көрсөткөн тараптын (тараптардын) зомбулуктук аракеттерине,  
агрессивдүү жүрүм-турумуна бөгөт коюу;  
 
Зомбулук болгон окуяны талдоону камсыз кылуу (зарылдыкка жараша – би-
лим берүү мекемесинин кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссияны тар-
туу менен) ; 
                                       
45
 Мындан ары текстте зомбулуктун алдын-алуу жана зомбулук болгон учурларга жооп кайтаруу чараларын коорди-
нациялоо боюнча директордун орун басары, директордун жооптуу орун басары деп аталат. 
2
я


Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет