Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет8/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   18

55

 
Окуя тууралуу толук маалыматтарды алгандан кийин, комиссиянын сунушта-
маларын карап чыккандан кийин жана окуяны ага тартылган тараптар менен, 
орун басар, зомбулуктун алдын-алуу боюнча жооптуу, мугалимдер жана пси-
хологдор менен талкуулагандан кийин:  

 
кооптуу сигналдарга (зомбулук аракеттери жөнүндөгү маалыматтарды эти-
бар албаган, конфликттик кырдаалдарга көӊүл бурбаган) өз убагында тие-
шелүү чараларды көрбөгөн же зомбулуктук аракеттерди (күбө болушкан же 
алар тууралуу билишкен) токтотпогон окуу жайдын кызматкерлерине кара-
та чара көрүү;  

 
окуучуларга же кесиптештерге карата зомбулуктук аракеттерге жол берген, 
билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине карата дисциплинардык ча-
раларды көрүү; 

 
зомбулук  жасаган  окуучуларга  карата  тарбиялык  жана  дисциплинардык 
чараларды көрүү, анын ичинде төмөнкүлөр болушу мүмкүн: сүйлөшүү, эс-
кертүү, сөгүш, кийинки байкоо салуу үчүн мектеп ичиндеги каттоого тургу-
зуу  жана  психологиялык  жардам  көрсөтүү,  мектептен  чыгаруу  (кайтала-
нуучу жана олуттуу тартип бузуулар болгон учурда); 
 
 
Карама-каршылык  кырдаалдын  бардык  катышуучуларын  керектүү  жардам 
жана колдоо менен камсыз кылуу;
 
 
 Болгон  окуяны  жана  келечекте  мындай  окуялардын  болушун  алдын-алуу 
мүмкүнчүлүктөрүн  талкуулоо  үчүн  педагогдордун  жана  кызматкерлердин  ке-
ңешмесин, ата-энелер жыйналышын, окуучулар үчүн класстык сааттарды өт-
көрүүнү уюштуруу. 
 
Эгер  зомбулук  фактысы,  дароо  тез  медициналык  жардамды  (физикалык  жарат, 
кан кетүү, эс-учунан тануу, психологиялык шок, өзүнөн чыгуу ж.б.) талап кылган кесе-
петтерге туш кылса, директор:  
 
Жабырлануучу үчүн тез медициналык жардамды чакырууну жана медицина-
лык кызматкердин жана алгачкы жардам көрсөтүү көндүмдөрүн окуган башка 
кызматкерлердин күчү менен ага алгачкы жардам көрсөтүүнү камсыз кылат; 
 
Жабырлануучу окуучунун ата-энесине да  ошондой эле зомбулук көрсөтүүчү-
нүн ата-энесине да болгон окуя тууралуу кабарлоону камсыз кылат, алар ме-
нен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, жабырлануучуну коргоо жана ага жардам берүү 
чараларын,  зомбулук  көрсөтүүчү  тарапка  карата  тарбиялык  жана  дисципли-
нардык чараларды, ошондой эле анын жүрүм-турумун өзгөртүшү үчүн зарыл 
психологиялык жардамды талкуулайт. 
 
 
 
Директор дароо 
Билим берүү башкармалыгынын жогорку органынын жетекчили-
гин,  укук  коргоо  органдарын  жана  жабырлануучу  окуучунун  жана  зомбулук  көсөткөн 
окуучунун ата-энелерине оор кырсыктуу окуя тууралуу, физикалык, психологиялык жа-
на  сексуалдык  зомбулук  менен  байланышкан  окуялар  тууралуу,  өлүмгө  алып  барган 
окуялар, курал алып жүрүү жана колдонуу, баӊги заттарды сактоо жана жайылтуу ме-
Ата-энелерге маалымдоо тууралуу чечимди кабыл алып жатып, бул жагдай, 
жабырлануучуну же зомбулук көрсөтүүчү тарапты, аларга карата зомбулукту 
колдонуу же ата-энелер тарабынан башка зыян келтирүү коркунучун жараткан 
кырдаалгаалып барарын эске алуу керек. 





56

нен  байланышкан  окуялар,  физикалык  катаал  жаза,  опузалоо,  тоноочулук,  уруулук 
окуялары тууралуу маалымдашы керек.  
Окуучуларга карата, бир ирет болсо да, билим берүү мекемесинин директору, пе-
дагогдору  же  башка  кызматкерлери  тарабынан,  физикалык  жана  (же)  психологиялык 
зомбулук  менен  байланышкан,  тарбиялоо  ыкмаларын  жана  башка  аракеттерди  кол-
донгондугу  үчүн,  директор  (же  кызматкер)  ээлеген  кызматынан  улуттук  эмгек  мый-
замдарына ылайык бошотулушу мүмкүн.    
Билим  берүү  мекемесинин 
жетекчисинин (директордун) орун баса-
ры 
мектеп директору тарабынан ага жүктөлгөн функциялар  (милдеттер) үчүн жооп-
керчиликте болот.Эгер билим берүү мекемесинин жетекчиси зомбулуктун алдын-алуу 
жана ал болгон учурларда чара көрүүлөрдү координациялоо менен байланышкан ма-
селелерди жетектөө боюнча функцияларды өзүнүн орун басарларынын бирине жүктө-
сө,  анда  ал  орун  басардын  кызматтык  жетекчилик  көрсөтмөсүндө  бардык  тиешелүү 
милдеттер жазылат. Көбүнчө мындай функциялар тарбиялык иштер боюнча орун ба-
сарга жүктөлөт, ал:  

 
кандайдыр  бир  белгилер  боюнча  дискриминацияны,  зомбулукту  же  агрессияны 
жайылтууну  жок  кылуу  максатында  мугалимдердин  окуу  программаларын  жана 
окуу-тематикалык пландарын макулдашат, окууда тышкаркы иш-чаралардын сце-
нарийлери  жана  программалары  менен,  аларды  өткөрүү  технологиялары  менен 
таанышат; 

 
сабак  өткөрүү  учурунда  жагымдуу  психологиялык  абалды  түзүүдө  мугалимдерге 
усулдук жардам көрсөтөт;  

 
окуучулар  жана  педагогдор  тарабынан  тартиптин,  эрежелердин  жана  ченемдер-
дин  сакталышына  көзөмөл  жүргүзүү  максатында,  ошондой  эле  окутуудагы  жана 
тарбиялоодогу көйгөйлүү зоналарды түшүнүү үчүн окуу сабактары жана окуудан 
тышкаркы иш-чараларга катышат;  

 
билим  берүү  мекемесинде  кабыл  алынган  жүрүм-турум  эрежелеринин  жана  че-
немдерин  сакталышы  жөнүндө  окуучулар,  педагогдор,  ата-энелер  менен  сүйлө-
шүүлөрдү өткөрөт;   

 
зомбулук  жана  дискриминациянын  бардык  көрүнүштөрү  жөнүндө  аккумуляция-
лайт,  аны  зомбулук  аракеттер  жана  көрүлгөн  чаралар  тууралуу  бардык  билди-
рүүлөр катталуучу атайын журналга (же электрондук базага) жазат;  

 
зомбулук же аны жасоо аракеттери болгон учурлар боюнча талдоолорду уюшту-
рат, зарыл болгон учурларда педагогдордон жана окуу жайдын кызматкерлеринен 
жетекчинин буйругу боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын курамында;  

 
зомбулук  болгон  учурларда  билим  берүү  мекемесинин  уставына,  жүрүм-турум 
эрежелерине, билим берүү мекемесинин зомбулукка карата саясаты боюнча до-
кументине жана зомбулук болгон окуяны иликтөөнү жүргүзгөн комиссиянын мүчө-
лөрүнүн  сунуштамаларына  ылайык  керектүү  чаралардын  кабыл  алынышын  кам-
сыз кылат;  

 
директорго зомбулук болгон ар бир окуя тууралуу, анын иликтөөнүн жүрүшү жана 
көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдайт; 

 
конфликттерге жана агрессивдүү жүрүм-турумга шыктуу, мурда зомбулуктук ара-
кеттерди  жасаган,  психоактивдик  заттарды  колдонууда  байкалган,  окуучуларга 
көзөмөл жана байкоо жүргүзөт;  

 
жетилүүдөгү  өзгөчөлүктөрү  бар  жана  түрдүү  инсандык,  үй-бүлөлүк,  социалдык 
жана башка факторлордон улам, зомбулукка жана дискриминацияга кабылуу кор-
кунучу өтө жогору болгон окуучулардын окуусуна, жүрүм-турумуна жана социал-
дашуусуна мониторинг жасоону уюштурат;  
57


 
окуу  жайдын  директоруна  этикалык  нормаларды  жана  ички  тартип  эрежелерин 
бузган,  зомбулуктук  жана  дискриминациялык  аракеттерди  жасаган,  окуучуларга 
карата зомбулук менен байланышкан тарбиялоонун ыкмаларын пайдаланган пе-
дагогдорго же кызматкерлерге карата сунуштамаларды даярдайт; 

 
уставды, жүрүм-турум эрежелерин одоно бузган учурда, мындан кийин мектепте 
болуусу  башка окуучуларга терс таасир тийгизген, окуу жайдын кадыресе иште-
шин бузган, зомбулуктук аракеттер жасалган учурда аргасыз дисциплинардык ча-
ра катары окуучуну  мектептен чыгарууга карата  ата-энелер комитетине, эрезеге 
жете элек балдар менен иштөө боюнча инспекцияга, жергиликтүү өзүн-өзү башка-
руу  органдарына  билдирүүлөрдү  жана  мектеп  директоруна  сунуштамаларды 
даярдайт;  

 
директор же анын милдеттерин аткаруу жок болгон учурда билим берүүнү башка-
руунун  жогорку  органдарына  жана  кызматтарга  (тез  жардам,  милиция),  окуучу-
лардын ата-энелерине зомбулук болгон окуя тууралуу маалымдайт; 

 
директордун  орун  басары  зомбулуктун  алдын-алуу  жана  ага  чара  көрүү  боюнча 
иштерге  кезекчи  мугалимди,  класс  жетекчилерди,  психологду,  социалдык  педа-
гогдорду жана билим берүү мекеменин башка кызматкерлерин тартат. 
Окуучулар менен түздөн-түз байланышты
 педагогикалык жамаат 
жүзөгө 
ашырат. Зомбулукка жол бербөө саясаты ишке ашырылып жаткан мектептерде муга-
лимдердин  кызматтык  милдеттемелери  атайын  жоболор  менен  толукталат,  ага  ыла-
йык 
мугалим, класс
 
жетекчиси төмөнкүлөрдү аткарат:
 

 
өзүнүн  ишмердүүлүгүндө  гумандуу  педагогика  методдорун,  окуучулардын  курак-
тык,  гендердик,  психологиялык  жанга  физикалык  өзгөчөлүктөрүнө  ылайык  оку-
туунун жана тарбиялоонун каражаттарын жана формаларын колдонот;  

 
окуучулар,  ата-энелер,  кесиптештер,  жетекчилик  менен  сүйлөшүүдө  ички  эмгек 
тартибинин эрежелерин, этикалык нормаларды сөзсүз сактайт, бардык окуучулар-
га  бирдей  мамиле  жасайт,  окуучулардын,  алардын  ата-энелеринин,  үй-бүлө  мү-
чөлөрүнүн улутуна, диний көз караштарына, социалдык статусуна, экономикалык 
жана  үй-бүлөлүк абалга,  саламаттыгына, жетилүүдөгү  өзгөчөлүктөрүнө,  сексуал-
дык  багытталмасына  жана  гендердик  окшоштуулугуна  карата  сөздөрдү  айтууга 
жана дискриминациялык мүнөздөгү аракеттерге жол бербейт;  

 
окуучуларга  жана  алардын  ата-энелерине  билим  берүү  мекемесиндеги  жүрүм-
турум  эрежелери,  зомбулукка  карата  мектептин  саясаты  тууралуу  маалымдайт, 
зарылдыкка  жараша  окуучулар  менен  биргеликте  класстагы  (топтогу)  жүрүм-
турум эрежелерин иштеп чыгат;  

 
ар бир окуучунун, анын ичинде жетилүүдөгү жана жүрүм-турумундагы өзгөчөлүк-
төрү  бар  окуучулардын,  жана  жалпы  эле  окуучулар  жамаатынын  муктаждыкта-
рын, кызыкчылыктарын жана укуктарын толук даражада эске алган жагымдуу би-
лим  берүүчүлүк  чөйрөнү  класста  калыптандырат  жана  колдоп  турат;  окуучулар 
менен жылуу жага ишенимдүү мамилелерди кармайт;   

 
билим берүү программаларынын мазмунун бардык окуучуларга, анын ичинде же-
тилүүдөгү өзгөчөлүктөрү бар жана жаӊы келген окуучуларга, жеткиликтүү болгон-
дой кылып калыптандырат жана анын ишке ашырылышын камсыздайт; 

 
сабакты жана сабактын башка формаларын зомбулуктун алдын-алуунун каража-
ты катары колдонот – сабакта баланын, адамдын укуктары, урматтоо, гендердик 
теӊдик, көп түрдүүлүк жана толеранттуулук (башка адамды, башка көз карашты, 
башка баалуулуктарды, өзүн көрсөтүүнүн формаларын) жана  зомбулукту кабыл-
дабоо маселелерин окуучулар менен карап чыгат;   
58


 
окуучулардын  жамаатына  инсандар  аралык  конфликттерди,  топтордун  бөлүнүп 
түзүлүшүн, түнт, аз сүйлөгөн, эмоционалдык жактан туруктуу эмес окуучуларды , 
анын ичинде жетилүүдөгү жана жүрүм-турумундагы өзгөчөлүктөрү бар окуучулар-
ды, бөлүп салуу жана кодулоону эрте аныктоо жана аларга өз убагында жардам 
жана колдоо көрсөтүү максатында дайыма көзөмөлдөп байкоо жүргүзөт;  

 
психологду  жана  социалдык  педагогду  класстагы  (топтогу)  социалдык-
психологиялык климатты диагностикалоо жана жакшыртуу үчүн, зомбулук окуяла-
рын  талдоо,  зомбулукка  катышкандар  жана  башка  окуучулар  менен  сүйлө-
шүүлөрдү өткөрүү, ата-энелерге кеӊеш берүү үчүн чакырат;  

 
зомбулук  аракеттерди  жөнүндөгү  маалыматтарды  көӊүл  кош  калтырбайт,  агрес-
сивдүү жүрүм-турумга бөгөт коёт, чатакташкан тараптарды бөлүштүрөт, узак мөө-
нөттүү  натыйжа  берген  жана  кырдаалды  ырбатып  жибербеген  тарбиялык  жана 
дисциплинардык чараларды көрөт;  

 
окуучулардын жүрүм-турумундагы көйгөйлөрдү (агрессиянын же уяӊдыктын, обо-
чолонуунун,  оолактоонун  көрүнүштөрү  ж.б.)  жана  аларды  жеӊип  чыгуу  боюнча 
биргелешкен аракеттерди өз убагында ата-энелер менен талкуулашат ; 

 
окуучу тарабынан же окуучуга карата зомбулуктук аракеттер жасалган учурда би-
лим берүү мекемесинде бекитилген тартипке ылайык аракеттерди жасайт.  
Класста коопсуз жагымдуу чөйрөнү куруу боюнча педагогго сунуштамалар тирке-
ме 6. берилген.  
Зомбулук  болгон  окуялардын  алдын-алууда  бир  кыйла  маанилүү  ролду  көмөкчү 
кызматкерлер:  коопсуздук  кызматынын  кызматкерлери,  медициналык  кызматкер,  ки-
тепканачы, мектеп ашканасынын жумушчулары, гардеробдогу жумушчулар, лаборант-
тар,  катчылар ойнойт.  Алар  өзүнүн  күнүмдүк  ишинде  окуучулардын  формалдык  эмес 
мамилелерине туш болушат, чоӊдордун кичинекейлерге, күчтүүлөрдүн алсыздарга ка-
рата кыйынсынган учурларына байкоо салууга, “разборкалардын”, мушташтардын, ко-
дулоолордун күбөсү болууга туура келет.  Зомбулуктутоктотуу  үчүн бул кызматкерлер 
төмөнкүлөрдү аткара алышат:  

 
билим  берүү  мекемесинин  имаратына  жана  анын  аймагына  бөтөн  адамдардын 
кирип, ал эми окуучулар андан сабактар аяктаганга чейин чыгып кетпешин карайт; 

 
вестибюлда, гердеробдо, мектеп коридорлорунда окуучуларга байкоо салуу жана 
класс  жетекчиге  зомбулук  болгон  окуялар  тууралуу,  ошондой  эле  окуучулардын 
жүрүм-турумундагы  зомбулук  кылуу  же  зомбулукка  кабылуу  боюнча  шек  са-
ноолорду жараткан учурлар туурасында маалымдайт; 

 
чоӊ  кишилердин  –  педагогдордун,  кызматкерлердин,  ата-энелердин  жүрүм-
турумуна  байкоо  салат;  алар  тарабынан  зомбулук  аракеттер  жасалган  учурда, 
дароо ал тууралуу билим берүү мекемесинин жетекчилигине кабарлайт; 

 
мүмкүнчүлүккө  жараша,  чатакташкан  тараптардын  зомбулуктук  аракеттерин  бө-
гөттөйт; алардын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралган учурда алгач-
кы жардам көрсөтөт жана тез медициналык жардамды чакырат.   
Зомбулуктун алдын-алуу жана аны токтотууда техникалык кызматкерлер да – пол 
жуугучтар,  короо  шыпыргычтар,  электрик,  ширетүүчү  жана  башкалар  көмөк  көрсөтү-
шөт.Бул кызматкерлер: 

 
окуучуларды, зомбулуктук аракеттердин жасалышы ыктымал болгон, техникалык 
бөлмөлөргө (жер төлөөлөргө, кампаларда, от жагуучу жайларга, унаа токтотуучу 
жайларга)  жана  көздөн  далдаа  жерлерге  (тепкич  алдындагы  аянтчаларга,  там-
бурларга,  билим  берүү  мекемесинин  аймагынан  алыс  участокторго)  киргизиш-
пейт; 
59


 
мындай  жерлерде  окуучуларды  байкаган  учурда,  алар  бул  жерде  эмне  максат 
менен чогулгандыгын аныкташат, жана окуучулар ал жерлерден кетишине көз са-
лат;  

 
даараткана  бөлмөлөрүн,  душ  жана  спорттук  кийинүүчү  бөлмөлөрдү  жыйноодо 
жана техникалык тейлөөдө окуучулардын жүрүм-турумуна көңүл бурат жана зом-
булуктук аракеттердин болушунан шек санаган учурларда ошол замат кезекчи му-
галимге же администраторго кабарлайт. 
Зомбулук менен коштолгон, мушташтардын же башка конфликттик кырдаал кадр-
дын күбөсү болуу менен, көмөкчү жана техникалык кызматкерлер билим берүү меке-
месиндеги бекитилген тартипке ылайык аракеттенишет.  
Билим берүү мекемесинин жетекчилигинин, бардык кызматкерлеринин, окуучула-
рынын  жана  ата-энелеринин  зомбулук  болгон  окуяларга  карата  жооп  кайтаруусунун 
жана аракеттеринин алгоритминин схемасы тиркеме 7 берилет.  
 
2.3. БИЛИМ БЕРЇЇ ПРОЦЕССИН КОШТООЧУ КЫЗМАТТАРДЫ 
ТАРТУУ   
Билим  берүүчүлүк  кызматтардын  сапатын  жогорулатуу  шартында  көпчүлүк  мек-
тептерде  окутууну  индивидуалдаштырууга  жана  окуучулардын  инсандыгына  жети-
лүүсүнө көмөктөшкөн, адистер – 
психолог,  социалдык  педагог ж.б. иштешет. Алар 
биргелешип  иш  алып  баруу  менен  билим  берүү  процессинде  ар  бир  окуучуну  комп-
лекстүү  коштоо  кызматын  түзүшөт,  окуучуларга  тиешелүү  психологиялык,  социалдык 
жана  педагогикалык  жардамды  көрсөтөт  жана  анын  окутуунун  жеке  маршрутун  кам-
сыздашат.  
Зомбулуктун  алдын-алуу  үчүн  жана  конфликттик  кырдаалдардын  катышуучула-
рына жардам көрсөтүү максатында 
коштоочу кызматтын адистери төмөнкү милдет-
терди аткарышат:   

 
билим  берүү  мекемесиндеги  социалдык-психологиялык  кырдаалды  талдоого 
алышат,  аны  жакшыртуу  боюнча  сунуштарды  беришет  жана  аны  жакшыртууда 
класс  жетекчиге,  окуу  жайдын  башка  кызматкерлерине,  окуучуларга  жана  ата-
энелерге көмөк көрсөтүшөт; 

 
окуучулардагы  жана  кызматкерлердеги  инсандар  аралык  баарлашууларындагы, 
окуу жамаатына адаптациялануусундагы, агрессивдүү жүрүм-турумга же виктим-
дүүлүккө алып барган маселелерди тааныйт жана аларга өз убагындагы социал-
дык-психологиялык жардамды көрсөтөт;  

 
жетилүүдөгү жана жүрүм-турумундагы өзгөчөлүктөрү бар жана зомбулукка, диск-
риминацияга кабылуу коркунучу жогору болгон окуучуларга. Ошондой эле тартип-
ти  бузгандыгы  же  зомбулук  актыларын  жасагандыгы  үчүн  мектептин  ички  кат-
тоосунда турган окуучуларга системалуу түрдө байкоо салып карап турат;  алар-
га,  алардын  ата-энелерине,  ошондой  эле  класс  жетекчилерине  керектүү  кеӊеш 
берүүчүлүк жардамдарды көрсөтүп турат;  

 
агрессивдүү жүрүм-турумдун алдын-алуу, конфликттик кырдаалдарды чечүү жана 
алардын катышуучуларына психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүү ма-
селелери  боюнча  педагогдорго,  мектептин  башка  кызматкерлерине,  окуучуларга 
жана алардын ата-энелерине кеӊеш берет;  

 
сүйлөшүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, чатактарды чечүү, эмоцияларды башкаруу жа-
на  стресстик  кырдаалдарды  жеңип  чыгуу  боюнча  атайын  сабактарды  жана  тре-
нингдери  билим  берүү  мекемесинин  кызматкерлери,  окуучулар,  жана  алардын 
ата-энелери менен өткөрүшөт;  
60


 
зомбулук  жасалган  окуяларды  талдоого  катышат,  жабырлануучунун,  зомбулук 
көрсөтүүчүнүн жана күбөлөрдүн психологиялык абалын баалайт жана аларга ке-
ректүү  социалдык-психологиялык  жардам  көрсөтөт;  көрсөтмөлөр  болгон  учурда 
адискөй  психологиялык  жана  социалдык  жардам  алуу  үчүн  жана  реабилитация-
лоодон өтүү үчүн тиешелүү мекемелерге кайрылууга сунуштайт;   

 
зомбулуктан  жабыр  тарткандарга  жана  тил  табышпас  кырдаалдын  башка  каты-
шуучуларына  жардам  көрсөтүү  үчүн  дарыгерлик-психологиялык-педагогикалык 
комиссиялар, психологиялык кызматтар, үй-бүлө жана балдарга социалдык жар-
дам берүү борборлору, калыбына келтирүү борборлору, медициналык кызматтар 
менен биргелешип өз ара аракеттешет;  

 
Эрезеге жете элек өспүрүм окуучулардын (жана билим берүүчүлүк мамилелердин 
башка катышуучуларынын) укуктарын коргоодо жана алардын билим берүү меке-
месиндеги коопсуздугун камсыздоодо маанилүү ролду баланын укуктары боюнча 
ыйгарым  укуктуу  тарап  (билим  берүү  процессинин  катышуучуларынын  укуктары 
боюнча)  ойнойт,  ал  билим  берүү  мекемесинин  жалпы  чогулушу  менен  мугалим-
дердин,  психологдордун,  социалдык  педагогдордун  же  окуучулардын  ата-
энелеринин арасынан шайланат жана өз милдеттемелерин коомдук башталышта 
аткарат. 
 
Ыйгарым  укуктуунун  негизги  милдети  –  билим  берүү  процессинин  катышуучула-
рынын укуктарынын бузулуусунун алдын-алуу жана бузулган укуктарды кайра калыбы-
на келтирүү. Бул максатта ыйгарым укуктуу төмөнкүлөрдү аткарат:  

 
билим берүү процессинин катышуучуларында укуктук маданияттын жана укуктун 
аӊ-сезимдин  калыптанышына  көмөк  көрсөтөт,  билим  берүү  мекемесинин  жетек-
чилигинин жана кызматкерлеринин, окуучулардын жана алардын ата-энелеринин 
арасында  алардын  укуктарынын  сакталышы,  билим  берүү  мекемесинде  зомбу-
лукка жана  дискриминацияга жол берилбегендик, зомбулуктук аракеттерди жаса-
гандыгы үчүн жоопкерчилик жана аларды токтотуу, аларга бөгөт коюу үчүн чара 
көрбөстүк  маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүзөгө ашырат; 

 
билим  берүүчүлүк  мамилелердин  катышуучуларынын  укуктарынын  жана  кызык-
чылыктарынын  билим  берүү  мекемесинде  сакталышына  көз каранды  эмес  көзө-
мөл жасоону камсыз кылат;  

 
окуучулардын жана алардын ата-энелеринин, билим берүү мекемесинин кызмат-
керлеринин  даттанууларын  жана  арыздарын,  анын  ичинде  зомбулук  жана  диск-
риминациялоо актылары жана конфликттик кырдаалдар менен байланышкандар-
ды да, кабыл алат жана карап чыгат;  

 
зомбулук жасалгандыгы тууралуу даттануулар жана аныкталган окуялар боюнча 
билим берүү мекемесинин жетекчилиги алдында окуу жайдын, укук коргоо орган-
дарынын жана башка органдардын жана кызматтардын түрдүү адистерин тартуу 
менен иликтөө жүргүзүү жөнүндө сунуш берет (же аны өз алдынча жүргүзөт);   

 
иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча билим берүү мекемесинин жетекчилигине, пе-
дагогикалык кеӊешине, өзүн-өзү башкаруу органына тиешелүү чараларды көрүүнү 
сунуштайт;  иликтөөнүн  жүрүшүндө  жана  тарбиялык  жана  дисциплинардык  чара-
ларды кабыл алууда тартылган тараптардын укуктарынын сакталышын карайт; 

 
зомбулук болгон окуяны, конфликттик кырдаалды талдоого катышат, алардын ка-
тышуучулары  менен  сүйлөшүүлөрдү  өткөрөт,  конфликтти  чечүү  боюнча  аларга 
сунуштарды берет, тараптардын жарашуусуна жана укуктардын калыбына келти-
рилишине көмөктөшөт; керек болгон учурда көйгөйлүү кырдаалды чечүүгө билим 
берүү мекемесинин администрациясын, билим берүү башкармалыгынын жогорку 
органдарын, кам көрүү жана камкордук органдарын, укук коргоо органдарын, укук 
коргоо уюмдарын тартат. 
61

 
Психолог,  социалдык  педагог  зомбулук  болгон  учурда  аракеттердин  тартибине 
жана  алгоритмине  ылайык  аракеттенишет  (тиркеме  7).  Окуяларды  талдоого  катышуу 
менен  жана  конфликттин  катышуучуларына  психологиялык,  социалдык  жана  башка 
жардамдарды берүү менен коштоо кызматынын кызматкерлери конфиденциалдуулук-
ту сакташат жана конфликттин катышуучулары тууралуу жеке мүнөздөгү бардык маа-
лыматтарды сыр бойдон сакташат.   
 
2.4. БИЛИМ БЕРЇЇЧЇ МЕКЕМЕНИН БАШКА МЕКЕМЕЛЕР 
МЕНЕН ЉЗ АРА АРАКЕТИ 
 
Зомбулукту натыйжалуу токтотуу жана ага жооп кайтаруу билим берүү мекемеси-
нен  система  ичиндеги  да,  ошондой  эле  мекемелер  аралык  да  өз  ара  аракеттешүүнү 
талар  кылат.  Мындай  өз  ара  аракеттешүүнүн  негизинде  –  улуттук  мыйзамдык  жана 
нормативдик база, ошондой эле практика жүзүндө калыптанып калган биргелешип иш-
тешүүнүн мамилелери жана механизмдери жатат. Шарттуу түрдө мындай өз ара ара-
кеттешүүнү бир нече деңгээлге бөлүүгө болот:  
 
Мекемелер ичиндеги өз ара аракеттешүү - билим берүүнү башкаруунун жо-
гору  турган  органдары  менен  (райондук/шаардык/областтык),  балдар  кото-
рулуп  келген  же  которулуп  барган  башка  билим  берүү  мекемелери  менен, 
медико-психологиялык  комиссиялар  менен,  психолого-медико-социалдык 
коштоо, психологиялык кеңеш берүү борборлору менен  ж.б.  
 
Мекемелер аралык өз ара аракеттешүү  –ички иштер органдары менен (ми-
лициянын  ыйгарым  укуктуу  өкүлү,  эрезеге  жете  электер  менен  иштөө  инс-
пекциясы), башкаруу органдары жана социалдык коргоо жана саламаттыкты 
сактоо  мекемелери менен  (үй-бүлө  жана  балдарга  социалдык  жардам  бор-
борлору  менен,  жаштарга    дос  бейтапканалар  менен  клиникалар  (борбор-
лор) менен ж.б.).  
 
Аймактык-административдик өз ара аракеттешүү –бул жергиликтүү өзүн-өзү 
башкаруу  органдары  (аймактык  администрация,  балдар  укуктары  боюнча 
ыйгарым укуктуу тарап) менен өз ара аракеттешүү.   
 
 
Коомдук  (социалдык)  өз  ара  аракеттешүү  –  балдардын  укуктарын  коргоо, 
зомбулукка каршылык көрсөтүү, жабырлануучуларды колдоо, психологиялык 
жардам  көрсөтүү  жана  башка  маселелер  боюнча  иш  алып  барган  коомдук 
уюмдар менен өз ара аракеттешүү.  
Зомбулукту жоюу жана зомбулук болгон учурларда ага жооп кайтаруу максатында 
билим берүү мекемелеринин өз ара аракеттешүү субъекттери 8-сүрөттө берилген. 
 
 
 
 





Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   4   5   6   7   8   9   10   11   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет