Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет3/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

 
Көпчүлүк учурларда сексуалдык мүнөздөгү сөздөр жана кодулоолор эрезеге жете 
электерди  коркутат,  кемсинтет  жана  алардын  өзүн-өзү  сыйлоо  сезимин  начарлатат 
жана  мектептен  же  окуу  жайдан  мөөнөтүнөн  эрте  чыгышын  шартташы  ыкты-
                                       
18
 Ошол эле жерде. 
19
 Кыргызстан  мектептеринде  зомбулуктун  жайылуусун  жана  динамикасын  изилдөө  боюнча  жыйынтык  маалымат. 
ЮНИСЕФ, 2011-ж. 
20
 ЮНЕСКО,  МОТ  (2011)АИВ  менен  жашаган  же  АИВ-инфекциясына  (ВИЧ-инфекциясына)  кабылган  окуучуларды 
жана билим берүү кызматкерлерин окутуу, колдоо жана коргоо. Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн 
билим берүү системасында АИВ-инфекцияга карата мамиле кылуунун саясатын ишке ашыруу боюнча практикалык 
сунуштамалар. 
Биздин мектепте мушташ болгон, бешинчи класстын окуучулары 
улутчулдуктун негизинде согуша кетишкен, андан кийин алардын улу агалары 
келишип, “дубалга дубал” мушташы башталган.
18
 
– Мен башка мектептен которулуп келгем, бул жерде мен жаӊы окуучумун,  
бул жерде баары мени кодулашат, танапис учурунда түрткүлөшөт.  
Мен мектепке баргым келбейт.
19
 
18

мал.Мындай окуяларга айрыкча көп учурда кыздар жана гендердик ылайык эмес эркек 
балдар жана кыздар туш болушат.   
21
 
 
 
Гендердик  зомбулук
  психологиялык,  физикалык  же  сексуалдык  зомбулук 
формасында болушу ыктымал, анын негизинде күчтөрдүн дисбалансы жана гендердик 
стереотиптер  жатат.  Гендердик  негизде,  анын  ичинде  гендердик  окшоштукту  жана 
адамдын сексуалдык багытталмасын кабылдабоо боюнча, жүзөгө ашырылган бардык 
формадагы  зомбулуктук  жана  дискриминациялык  аракеттер  гендердик  зомбулуктун 
көрсөтүлүшү болуп саналат.  
Гендердик жана сексуалдык зомбулук көп учурда кыздарга жана аялдарга карата, 
айрыкча  аялдар  салттуу  түрдө  баш  ийген  абалдагы  коомдо,  болот.  Эркектер  бийик 
абалын бекемдеген жана бруталдуулукту бийик карманган, социалдык нормалар бал-
дардын агрессивдүү жүрүм-турумун шартташы мүмкүн. Кыздар тарабынан баш ийүүнү 
жана багынууну күтүү менен, эркек балдар аларды басынтып, күч жана мажбурлоону 
көрсөтүшү  мүмкүн.  Өзүнүн  кайраттуулугун  көрсөтүү  менен,  алар  өздөрүнөн  алсызы-
раак болгондорду, гендердик нормаларга төп келбегендерди, айрыкча гомосексуалдык 
багытталмадагы  катары  кабыл алынган  балдарды,  кодулап,  кордоп  жана  физикалык, 
жада  калса  сексуалдык  зомбулукка  кабылтышы  мүмкүн.  Гендердик  жана  сексуалдык 
зомбулук АИВ (ВИЧ) инфекцияга кабылуу коркунучу менен байланышкан.  
Өзүнүн түрлөрүнө жана формаларына карабастан, зомбулук аракеттер бир жолку 
же дайыма бир эле адамга карата кайталануучу болушу мүмкүн. Качан зомбулук сис-
темалык кайталануучу мүнөзгө ээ болгондо жана жабырлануучуну өзүнүн алдында жа-
на башкалардын алдында кемсинтип, кордоонун эсебинен бийликти жана авторитетти 
бекемдөөнү өз максаты катары көздөгөндө, аны атоо үчүн “буллинг” же “кодулоо” тер-
минине колдонушат.  
Буллинг
  –  бул  өзүн  коргой  албаган  инсанга  карата,  зомбулуктун  жана  коду-
лоонун  жогоруда  сүрөттөлгөн  түрлөрүнүн  бир  адам  же  адамдардын  тобу  тарабынан 
кайталанып  туруучу  актысы.  Буллинг  бирдей  физикалык  мүмкүнчүлүктөгү  эки  окуучу 
талашып-тартышып же күрөшүп жатканда, бири-бирине тийишип ойноп кодулап жаткан 
учурда  болбойт.  Буллинг  дайыма  жабырлануучуну  коркутуу,  анын  жүрөгүнүн  үшүн 
алуу, моралдык жактан басынтуу, кордоо, баш ийдирүү максатын көздөйт. Билим берүү 
мекемелеринде буллинг теңтуштар арасында жолугат жана көп учурда кенже класста-
гы окуучуларга карата алардан улуу окуучулар тарабына болот. Буллинге билим берүү 
мекемесинин кызматкерлери да кабылышы ыктымал.  
Көп учурда буллинг – бул аң-сезимдүү түрдө пландалган убакыт ичинде улануучу 
физикалык  жана  (же)  психологиялык  зомбулук,  аны  токтотуу  үчүнчү  тараптардын  –
мектептин  (окуу  жайдын)  директорунун,  мугалимдеринин,  башка  кызматкерлеринин, 
окуучулардын,  ата-энелердин,  ал  эми  айрым  учурларда  укук  коргоо  органдарынын 
өкүлдөрүнүн катышуусун талап кылат.  
 
 
                                       
21
 Кыргызстан  мектептеринде  зомбулуктун  жайылуусун  жана  динамикасын  изилдөө  боюнча  жыйынтык  маалымат. 
ЮНИСЕФ, 2011-ж. 
“Жогорку класстын окуучуларынын 9,5% тартып ортонку класстардын 
окуучуларынын 14,4% чейинкилери мугалим-эркектер жана мектептин коопсуздук 
кызматынын кызматкерлери көп учурда же кээде жогорку класстын окуучуларына 
орой тамашалары менен тийише тургандыгын билдиришет”
21

19

Буллингдин айрым төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот, алар: 

 
ассиметриялуулук - физикалык жана/же психологиялык күч түрүндөгү бийлик-
ке ээ болгон, зомбулук көрсөткөн тарап, ал эми экинчи жагынан – мындай күч-
кө  ээ  болбогон  жана  үчүнчү  тараптардын  колдоосуна  жана  жардамына  өтө 
муктаж болгон жабырлануучу турат; 

 
алдын-ала ниеттенүүчүлүк – бута - максат катары тандалган адамга физика-
лык жана жан дүйнө азаптарын тарттырууга багытталган;  

 
жабырлануучулардын өзүнө болгон ишенимин, өзүнө болгон урматтоосун жа-
на адамдык кадырын төмөндөтөт;  

 
жабырлануучуну  гана  камтыбастан,  ошондой  эле  зомбулуктун  күбөлөрүн  да, 
зомбулук болгон жер - бүтүндөй классты (топту) да камтыган топтук процесс;  

 
эч  качан  өзүнөн-өзү  токтоп  калбайт,  жана  дайыма  жабырлануучуларга  да, 
буллингдин демилгечилерине  да (зомбулук көрсөткөн тарап) жана күбөлөргө 
да коргоо жана жардам талап кылынат 
Буллинг  ар  түрдүү  формада  болот.  Бир  учурда  ал  системалуу  түрдө  сөз  менен 
кордоо,  инсандын  айрым  өзгөчөлүктөрүн:  сүйлөө  манерасын,  кийимин,  анын  ичинде, 
оорулар  же  инвалиддик  менен  шартталган  басыгын,  жесттерин  (кекечтенип  сүйлөө, 
аксап  басуу),  этникалык  тиешелүүлүгүн  сындап  шылдыңдоо  болушу  мүмкүн.  Ал  эми 
экинчи учурда кодулоолор буюмдарды тартып алуу же талкалоодо, адамдык кадырын 
басмырлоодо, мисалы, кандайдыр-бир ызалоочу аракеттерди аткарууга же үчүнчү та-
раптарга карата зомбулук актыларын жасоого мажбурлоодо жатат. Бул сыяктуу физи-
калык жана сөз менен айтуу аракеттери түз буллингди мүнөздөшөт. Кыйыр буллинг – 
манипуляциялоо – жалган маалыматтарды, сөздөрдү жана ушактарды таратуу, адам-
ды  аралашып  жүргөн  чөйрөсүнөн,  биргелешкен  иштерден,  оюндардан  чыгарып  таш-
тоо, куугунтуктоо, этибар албоо, бойкот. Буллинг өзүнүн турушунда бир  нече стадия-
ларды басып өтөт.  
Биринчи  баскыч  –  бул  буллинг-топтордун  жаралышы.Балалык-өспүрүмдүк  жа-
маатта өзүнүн физикалык күчүн же бийлигин көрсөтүү аркылуу өзүнүн ордун бекемдөө-
гө  умтулган,  “лидердин”  айланасында  ошондой  эле  үстөмдүк  кылууга  же  анын  кор-
гоосуна  жана  карамагында  болууга  умтулган  “жактоочулардын”  тобу  түзүлөт.  Эгер 
зомбулуктун биринчи эле белгилери байкалганда, алар курч жана чечкиндүү түрдө бө-
гөттөлбөсө, анда алардын башкы демилгечиси – “лидер” өзүнүн жазаланбай турганды-
гына ынанат, бул болсо анын жактоочуларынын арасындагы аброюн жогорулатат жана 
топту бекемдейт.   
Экинчи  баскыч  – конфликттин өнүгүүсү. Мугалимдердин кийлигишпөөсү, класс-
таштардын көңүл коштугу зомбулук аракеттердин кайталанышына жол берет, ал эми 
ага  кабылган  окуучу  акырындап  отуруп  каршылык  көрсөтүүгө  болгон  жөндөмүн  жана 
эркин  жоготот.  Ал  зомбулукту  өтө  сезимталдык  менен  кабыл  алгандыктан,  кийинки 
зомбулуктар үчүн шылтоо жаратат.   
Үчүнчү баскыч – деструктивдик жүрүм-турум. Дайыма зомбулукка кабылган окуу-
чуга курмандык статусу бекилип калат. Айланасындагылар бул адамды дайыма коду-
лоого көнүп калышып, анын өзүн келип чыккан кырдаал үчүн күнөөлөшөт. Ал адам өзү 
бул кодулоолорго өзү күнөөлү экендигине ишене баштайт. Ал өзүнүн күчү менен эми 
бул кырдаалды жеңип чыга албайт, ал басмырланган, ал катуу коркутулган жана мо-
ралдык жактан басынган абалда болот.  
Төртүнчү  баскыч  –  куугунтуктоо.  Айласы  түгөнгөн  жана  жалгыздыктын  акыркы 
чегине  жеткен,    жабыр  тарткан  окуучулар,  зомбулук  көрсөткөндөр  менен  жолугушуп 
калуудан жана кошумча жаракат алуудан коркуп, маал-маалы менен сабактарды кал-
тыра башташат же таптакыр эле билим берүү мекемесине барбай калышат.  Бул көрү-
нүш  “буллингдин  академиялык  зыяны”  деген  аталышка  ээ  болгон.  Буллингдик  кыр-
20

даалга чоңдордун (ата-энелер жана/же мугалимдер, билим берүү мекемесинин адми-
нистрациясы)  аралашуусунан  улам,  жабыр  тарткан  окуучуларды,  көп  учурда  аларга 
зарыл социалдык-психологиялык жардам көрсөтпөстөн, башка класска же мектепке ко-
торушат. Узак убакыт бою зомбулукка кабылуунун натыйжасында келип чыккан психо-
логиялык травма жабырлануучунун жаңы окуу жамаатында кийинки ийгиликтүү интег-
рацияланышына жана социалдашашуусуна тоскоолдук жаратышы ыктымал жана “жа-
ңы  жерде”  буллингдин  кайталануусун  себеби  болушу  мүмкүн.  Колдоону  сезбей  жана 
зомбулук кырдаалынан чыгуу жолун таппай, буллингден жабыр тарткан балдар, өздө-
рүнө зыян келтире башташы мүмкүн, суицид тууралуу ойлоно башташы жана аны ишке 
ашыра башташы мүмкүн.  
Буллингдин  түрлөрүнүн  бири  - 
хейзинг (мектеп “дедовщинасы”)
  –  де-
милгелөөнүн  формалдуу  эмес  зомбулуктук  ырым-жырымы  сыяктуу  көрүнүш  менен 
байланышкан.  Мындай  ырым-жырымдар  көбүнчө  жабык  мекемелер  (аскерий,  интер-
 
 
 
21
 
 
 
Буллиндин
 өөрчүшү: 
Буллингден
  жабыр  тарткан  ар  бир  адам,  эреже  катары,  өзүнүн  абалын  кабыл 
алуунун
 үч негизги  фазасын башынан кечирет.  Виктимизациянын –  курмандыкка 
айлануу
  жана  бул  ролго  көнүп  калуунун  натыйжасында  –  жабырлануучунун  ула-
нып
  жаткан  зомбулук  кырдаалында  бир  нерсени  өзгөртүү  мүмкүнчүлүктөрү  жана 
ресурстарыкыйла
 азаят.   
Биринчи  топ–  жүрүм-турумдук  башкарып  алуу  –  жабырлануучу  зомбулук 
көрсөтүп
  жаткан  тарапка  активдүү  каршылык  көрсөтүшү  же  ал  тарабынан  боору  
ооруйт
 деген ишенимге ишениши, зомбулук көрсөткөн адамды ынандыруу, корку-
туу
,  ынандыруу, сатып алуу аракеттерин көрүшү мүмкүн. Эреже катары, мындай 
аракеттер
  зомбулук  болгон  кырдаалды  андан  ары  гана  ырбатат.  Жабырлануучу 
ошондой
 эле үчүнчү тараптардын колдоосун жана жардамын активдүү издей баш-
ташы
 мүмкүн. Бирок жардам өз убагында келбесе жана зомбулук токтобосо,  жа-
бырлануучу
 коргонуучу жүрүм-турумдук реакцияга – мурда, балким, ага тиешелүү 
эмес
, кандайдыр-бир ишмердүүлүктүн түрүнө кызыгуу аркылуу көйгөйдөн чыгууга 
өтүшү
  мүмкүн.  Бул  виртуалдык  компьютердик  дүйнөгө  максималдуу  түрдө  кирип 
кетиши
 же жаштардын субмаданиятына ыктап кетиши, ал эми өтө коркунучтуусу – 
алкоголь
 жана баңги заттарды пайдаланууга тартылып кетиши мүмкүн.   
Экинчи  топ–  эмоционалдык  башкарып  алуу  –  дайыма  тынчсыздануудан, 
коркуудан
,  кайгыруудан  келип  чыккан,  күчү  жана  сапаты  боюнча  ар  түрдүү 
эмоционалдык
  толгонууларда  көрүнө.  Бул  толгонуулар  ызакор  болуудан, 
агрессивдүүлүктөн
,  кыжырдануудан,  жинденүүдөн  жана  таарынчактыктан,  же, 
тескерисинче
,  -  эмоционалдык  оолактоодон,  муздактыктан  жана  түнтүүлүктөн 
көрүнүшү
 мүмкүн.Алар организмдин психосоматикалык коргонуучу реакциясынын 
себеби
  да  болушу  мүмкүн  –  кекечтенүү,  түнкүсүн  заараны  кармана  албай  калуу 
(энурез).  Акырындап  отуруп  мындайча  айтканда  “катастрофалык  ой  жүгүртүү” 
өнүгүшү
 мүмкүн, ал тоталдык үмүтсүздүккө жана айласыздыкка алып барат.  
Үчүнчү  топ–  интеллектуалдык  башкарып  алуу  –  жабырлануучуда,  күнүмдүк 
тиричиликтин
  атрибуту  болуп  калган,  буллинг  кырдаалынын  аргасыздыгын  жана 
басып
  өтүүгө  мүмкүн  эместигин  сезүү  сезими,  калыптанат.  Жабырлануучу  аны 
менен
  болуп  жаткандар  үчүн  өзүн  күнөөлөшү  (“мен  баарына  өзүм  күнөөлүмүн”) 
жана
  тегерегиндегилерди  душман  катары  кабыл  алышы  мүмкүн.  Кырдаалды 
өзгөртүү
 мүмкүнчүлүгүн көрбөй, жабырлануучу жашоонун маңызынан күмөн санай 
баштайт
 жана суицид аракетин көрүшү мүмкүн.

наттык, пенитенциардык) үчүн мүмкүн, бирок ошондой эле кадыресе мектептерде, ин-
тернаттарда,  балдар  үйлөрүндө  да  жолугушу  ыктымал.  Жаңы  келгендерге  алардын 
классташтары же алардан жогорку класстын (курстардын) окуучулары адамдык кадыр-
ды кемсинткен (эл алдынан жылаңач басып өтүү, жугундуларды өзүнө куйдуруу,  даа-
раткананын полун тиш щетка менен жууп чыгуу ж.б.) аракеттерди таңуулашат, аларга 
карата катуу физикалык жана жада калса сексуалдык зомбулук актылар көрүлүшү мүм-
күн. Хейзинг, буллинг сыяктуу эле, көп учурда жашыруун же ачык гендердик жана сек-
суалдык подтекстке ээ болот. 
Заманбап  маалыматтык  технологиялардын  өнүгүшү  менен  буллингдин  дагы  бир 
түрү – 
кибербуллинг
 – адамдын артынан түшүү үчүн, ал тууралуу конфиденциал-
дык  маалыматтарды,  сөздөрдү,  ушактарды,  кордоочу  жана  ызалоочу  билдирүүлөрдү 
жайылтуу үчүн мобилдик телефондорду, электрондук почтаны, Интернетти, социалдык 
тармактарды,  блогдорду,  чаттарды  колдонуу  жайылды.  Кибербуллинг  курч,  одоно  же 
каардуу тексттик билдирүүлөрдү көрсөтүү жана жөнөтүү, он-лайн режиминде курман-
дык болуп тандалган адамды шылдыңдоо, ага зыян келтирүү же уяткаруу максатында 
жеке  маалыматтарды,  фото  же  видеолорду  ачык  кирүү  мүмкүндүгү  болгон  режимде 
жайгаштыруу  аркылуу  болушу  мүмкүн,  ошондой  эле  социалдык  тармактарда,  элект-
рондук почтада, веб-баракчада, курмандык болуп тандалган адамдын атынан башка-
ларды  шылдыңдоо  жана  кордоо  үчүн,  жалган  каттоочу  жазууларды  түзүшү  ыктымал. 
Кибербуллингдин  зомбулуктун  башка  түрлөрүнөн  айырмасы,  ал  зомбулук  көрсөтүп 
жаткан тарапка анонимдүүлүктү сактоого мүмкүндүк берет.  Агрессор өзүнүн курманды-
гы  менен  түздөн-түз,  бетме-бет  кагылышпагандыктан,  каны  кармоо  мүмкүндүгү  да 
азаят, а демек, өзүнүн жоругу үчүн жоопкерчиликти сезүү сезими да жоголот.   
 
1.3. ЗОМБУЛУКТУН ФАКТОРЛОРУ    
Зомбулук болгон окуялардын жаралышына көптөгөн факторлор таасир тийгизет.  
Ошондуктан  алардын  алдын-алуу  үчүн  индивидуалдык,  топтук,  социалдык,  маданий 
факторлордун өз ара аракеттешүүсүн, ошондой эле айлана-чөйрөнү да эске алуу ке-
рек.  
2-сүрөт. Зомбулуктун факторлорунун экологиялык модели

 
 
 
 
 
 
22
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Инсандык факторлор  
 
Үй-бүлөлүк факторлор 
Чөйрө факторлору жана 
кырдаалдык факторлор 
Социалдык факторлор: 
маданий нормалар жана 
мыйзамдар, гендердик 
стереотиптер, социалдык-
экономикалык те
ӊсиздик 

Инсандык факторлор 
Эреже катары, зомбулуктук аракеттерди жасап жаткан, өздөрүн агрессивдүү алып 
жүргөн балдар жана өспүрүмдөр, айрым индивидуалдык, психологиялык өзгөчөлүктөр: 
гиперактивдүүлүгү,  импульсивдүүлүгү,  өзүнүн  жүрүм-турумун  жана  эмоциясын  көзө-
мөлдөөнүн төмөнкү деңгээли, элеңдегендиги, мектептеги сабакка жетишүүсүнүн төмөн 
деңгээли, тез ачууга алдырып жиберүүсү менен айырмаланышат. Окуучулар система-
луу түрдө дайыма теңтуштарын кемсинтишет, ал эми кээде мугалимдерди да шылдың-
га алышат, алар муну, эреже катары, өзүнүн кыйындыгын, бийлигин көсөтүү үчүн, өзүн 
кыйын сезүү үчүн, өзүн көрсөтүү үчүн аң-сезимдүү түрдө жасашат. Алардын агрессия-
сы  өздөрүнүн  жинин  башкара  албай  калуудан  эмес,  жазалоо  коркунучу  жок  болгон 
шарттарда  башкаларды  коркутуу,  запкы  көрсөтүү  жана  азапка  салуу  каалоосу  менен 
жаралат.  Айрым  зомбулук  көрсөтүүчүлөрдө  түрдүү  психологиялык  бузулуулар  байка-
лышы мүмкүн. 
Виктимизациянын  себеби  “айырмачылык,  окшошпогондук  фактору”  болушу  мүм-
күн – көпчүлүк курдаштарынан кандайдыр-бир айырмачылыктардын болушу, мисалы, 
жетилүүдөгү  же  тышкы  келбеттеги,  мүнөздөгү,  жүрүм-турумдагы  өзгөчөлүктөр  (бузу-
луулар). Көп учурда мындай балдардын достору жок болот жана алар курдаштарынын 
коргоосуна ээ болушпайт, ошондуктан алар зомбулук көсөтүүчү тарап үчүн оңой бутага 
айланышат. А бирок зомбулуктан жана кодулоодон мамилечил, достору бар балдар да 
азап чегип келишет. Мисалы, буллингке кээде жөндөмдүү балдар (мыкты баага окуган 
же  мыкты  интеллектуалдык  жөндөмдүүлүктөргө  ээ  болгон  балдар)  кабылышат,  алар 
өздөрүнүн шыктуулугу менен корреляцияланган, өтө сезимталдуу болушкандыктан ко-
дулоону  өтө  оор  кабылдашат.  Көпчүлүк  учурларда  зомбулукка  жана  кемсинтүүгө  ка-
былгандар  өздөрүн  физикалык  жактан  коргой  алышпаган,  жан  дүйнөсүндө  каршылык 
көрсөтүүгө  күч  таба  албаган  жана  теңтуштар,  чоңдор  (ата-энелер,  мугалимдер)  ара-
сында колдоо балдар туш болушат.  
 
Їй-бїлљлїк факторлор   
Билим  берүү  мекемесинде  зомбулуктун  көрсөтүлүшүн  жогорулатуучу,  маанилүү 
фактор болуп окуучунун үй-бүлөсүндөгү кырдаал саналат:  

 
Социалдык-психологиялык абалдын оң эместиги,  

 
Ата-эне тарабынан баланы көзөмөлдөөнүн жоктугу, 

 
Үй-бүлөдөгү зомбулук, 

 
Ата-эне  менен  жылуу  ишенимдүү  мамилелердин  жоктугу,  эмоционалдык  муз-
дактык жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн биримдүүлүгүнүн төмөнкү даражасы, өз ара 
колдоо көсөтүүнүн жоктугу.  
Үй-бүлөдөгү зомбулук: ата-энелер ортосундагы жана ата-энелер тарабынан бал-
дарга карата зомбулук мектептеги балдардын инсандар аралык өз ара мамилелеринин 
парадигмасын  тапшырыкташы  мүмкүн.  Көбүнчө  ата-энелери  тарабынан,  өзүн  башка-
лардан бийик, башкаларды басынтуу жана өз кызыкчылыктарын бардык аракеттер ме-
нен  коргоого  үйрөтүлгөн  балдар  зомбулук  көрсөтүүчүлөр  болуп  чыга  келишет.  ЮНИ-
СЕФтин  2009-жылы  жүргүзгөн  изилдөөлөрү  көрсөткөндөй,  зомбулуктун  тигил  же  бул 
формадагы түрү Кыргызстанда ар бир үчүнчү үй-бүлөдө орун алып келет. Балдардын 
72  %  зомбулуктун  формаларынын  бирине  кабылганын  айтышкан.  50  %  үй-бүлөнүн 
башка  мүчөлөрү  тарабынан  оозеки  кордоолорго  туш  болушканын,  39  %  психикалык 
зомбулукка, 37 % - физикалык, ал эми 1,6 % - сексуалдык зомбулукка кабылышканын 
айтышкан.  
23

Балдардын көйгөйлөрүнө карата ата-энелердин анчейин көңүл бурбагандыгы жа-
на  үй-бүлөлүк-тиричиликтик  мамилелер,  бойго  жете  элек  баланын  психикасына  терс 
таасирин тийгизет, жана суициддерге алып барат.  
2015-жылдын  5  айында  Кыргызстанда  бойго  жете  элек  өспүрүмдөрдүн  суициди-
нин 58 фактысы катталган (2014 - 47), мурунку жылга салыштырмалуу 23,4% жогору, 
анын ичинде 45и жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары, ал суициддердин 
жалпы санынын 77%  түзөт. 
Катталган  суициддердин  78%  фактысы  –  бул  толук  (биринчи  караганда)  жана 
жакшы камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. Суициддерге баруунун  негизги себеп-
тери болуп үй-бүлөдөгү чыр-чатактар (ата-энелердин ажырашуусу, балдар алыскы туу-
гандардын же башка эле адамдардын кароосунда калышкан, ички жана тышкы мигра-
ция)  саналат.  
 
Чљйрљ факторлору   
Билим  берүү  мекемесиндеги  жагымсыз  социалдык-психологиялык  климат,  окуу 
жана теңтуштар жана мугалимдер менен болгон мамилелерден улам келип чыккан ст-
ресс, мугалимдер тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу, алардын зомбулуктун ай-
рым көрүнүштөрү менен күрөшүүгө каалоосунун жоктугу жана зомбулуктун катышуучу-
ларына  адекваттуу  жана  өз  убагында  жардам  көрсөтө  албоосу,  ошондой  эле  болуп 
жаткан  көрүнүштөргө  карата  окуучулардын  жана  алардын  ата-энелеринин  көӊүл  кош 
мамилеси зомбулуктун жаралышына жана кайталанышына жана алардын системалуу 
түрдөгү кодулоого айланышына ыңгайлуу чөйрөнү түзүшөт.  
Окутуучулар, билим берүү мекемесинин башка кызматкерлери окуучулардын ара-
сындагы  зомбулуктук  жүрүм-турумду,  аларга  карата  зомбулук  жасоо  менен:  ур-сокку 
менен жазалоону колдонуу менен, абройго шек келтирген одоно, кемсинтүүчү сөздөр, 
кыйкырыктар жана кордоочу сөздөрдү айтуу менен, дискриминацияга кабылтуу менен, 
окуучулардын жашоо-тиричилигинин бардык аспекттерин катуу жөнгө салууга аракет-
тенүү  менен,  окуу  жана  тартип  боюнча  жогорулатылган  талаптарды  талап  кылуу  ме-
нен,  жагымсыз  жүрүм-туруму  үчүн  жазалоо  катарында  бааларды  төмөндөтүү  менен, 
көкүтүшү мүмкүн. Окуучу тарабынан билим берүү мекемесин терс кабылдоо анын аг-
рессивдүү жүрүм-турумун ого бетер күчтөндүрөт. Окуучулардын агрессивдүү реакция-
сын педагог тарабынан алардын биринин өтө эле көп ирет оң же терс мисал катары 
бөлүп көрсөтүлүшү, ошондой эле алардын ортосунда кызматташтыкка зыян келтирүү 
менен, атаандаштыкка демилгелөө шартташы мүмкүн. 
Билим берүү мамилелеринин катышуучуларынын баардыгы үчүн өтө татаал жана 
оор  кырдаал,  мектеп  жетекчилиги  жана  педагогикалык  жамаат  зомбулук  болгон  фак-
тыларды таануудан баш тартып, болгон окуя үчүн күнөөнү жабырлануунун өзүнө кой-
гон  учурда,  ата-энелерди  укук  коргоо  органдарына  кайрылуудан  таш  тартууга  ынан-
дырган  учурда  жаралат.  Мындай  аракеттер  зомбулук  көрсөтүүчүнүн  жазаланбастык 
сезимин  курчутат,  ал  эми  жабырлануучуну  айласыздыкка  жана  ишенимсиздикке  туш 
кылат, зомбулуктун эскалациясына жана көбүнчө трагедиялык натыйжаларга алып ба-
рат.   
 
Кырдаалдык факторлор  
Зомбулук  аракеттерди  жасоого  белгилүү  бир,  мындайча  айтканда,  кырдаалдык 
факторлор  шартташы  же  тоскоолдук  жаратышы  мүмкүн,  алардын  катарына  төмөнкү-
лөр кирет:  

 
Орун  жана  убакыт:  көп  учурда  зомбулук  танапис  учурунда  коридорлордо, 
дааратканаларда, оюн аянтчаларында, физкультура сабагынын алдында жа-
24

на  андан  кийин  кийинүүчү  бөлмөдө,  ошондой  эле  чоңдор  жок  далдоо  жер-
лерде жүзөгө ашырылат; 

 
Байкоочулардын  катышуусу: зомбулук көрсөтүүчү үчүн башкы мотив өзүн 
көрсөтүү жана бийлигин көрсөтүү, зомбулуктук аракеттерди күбөлөрү жок жа-
соо маанисин жоготот; ошол эле учурда күбөлөр болгон учурда зомбулук ак-
тылары  көбүрөөк  жана  жабырлануучу  үчүн  өтө  катуу  травматизациялуулук 
менен жүрөт; чоңдордун катышуусу зомбулуктун алдын-алышы же токтотушу 
мүмкүн;   

 

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет