62
8-сүрөт. Зомбулукту жоюу жана зомбулук болгон учурларда ага жооп кайтаруу макса-
тында билим берүү мекемелеринин өз ара аракеттешүү субъекттери
Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелериндеги зомбулуктан окуучулар-
ды коргоо боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттешүү жөнүндөгү Атайын токтомдон
алынган үзүндүдө зомбулуктун алдын-алуу жана зомбулукка тартылган тараптарга
жардам көрсөтүү маселеси боюнча мекемелер аралык өз ара аракеттешүүнүн систе-
масы берилген. (тиркеме 8).
2.5. ОКУТУУ ЖАНА МААЛЫМАТТЫК-АГАРТУУЧУЛУК ИШТЕР
Түрдүү өлкөлөрдүн билим берүү чөйрөсүндө зомбулуктун жайылуу масштабы,
билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана педагогдорун сурамжылоолор билим
берүү мекемелериндеги зомбулуктун алдын-алуу маселелери боюнча билим берүүчү-
лүк мамилелердин катышуучуларын маалымдоонун жана окутуунун жогорку маани-
лүүлүгүн тастыктайт.
Жетекчилерди жана педагогдорду окутуу
Билим берүү мекемесинин жетекчилери, педагогикалык кызматкерлери жана
башка кызматкерлери билим берүү чөйрөсүндөгү зомбулук жөнүндө маалыматтарга ээ
болушу керек, алар кандай себептердин негизинде пайда боло тургандыгын, кандай
формада жана кандай кесепеттерге алып бара тургандыгын билиши керек. Алар
ошондой эле мектептеги зомбулук көйгөйлөрүн чечүүдө өзүнүн жеке катышуусунун жа-
на жоопкерчилигинин маанилүүлүгүн түшүнүшү керек жана ал үчүн керектүү аспаптар-
63
гаээ болушу керек – кызматтык милдеттемелер, регламенттер жана зомбулуктун ал-
дын-алуу жана токтотуу, ал окуяларды аныктоо, каттоо жана иликтөө, катышкан тарап-
тарга жардам көрсөтүү, тарбиялык жана дисциплинардык чараларды көрүү, зомбулук
окуяларын каттоо жана анализдөө жана чараларды көрүү боюнча аракеттердин алго-
ритмдери.
Жетекчилиги башында болгон педагогикалык жамааттын зомбулуксуз жүрүм-
турумга жана окуучулар, кесиптештер менен конструктивдүү сүйлөшүүгө карата инсан-
дык көз караштарынын актуалдашкандыгы, зомбулуктун көрүнүштөрүн кароосуз кал-
тырбоого, аны токтотуу үчүн дароо кийлигишүүгө жана катышкан тараптарга жардам
берүүгө болгон мотивация калыптангандыгы маанилүү. Мындай ишмердүүлүккө карата
кесиптик даярдоону калыптандыруу педагогикалык колледждерде жан жождордо жана
билим берүү кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу сис-
темасы аркылуу болочок мугалимдерди атайын даярдоо менен камсыздалат. Бул
учурда мугалимдерге жана мектептин, окуу жайдын жетекчилерине зомбулуктун жана
дискриминациянын алдын-алуу боюнча атайын курстар (эреже катары, 72 академия-
лык саатка эсептелген) сунушталышы мүмкүн, же ушул эле суроолорду башка курс-
тардын алкагында өзүнчө тематикалык модулдар түрүндө окутулушу мүмкүн.
Билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана педагогикалык кызматкерлери
(мугалимдер, психологдор жана социалдык педагогдор) менен катар техникалык кыз-
маткерлерди жана көмөкчү кызматкерлерди да зомбулуктун алдын-алуу маселелери
боюнча даярдоону камсыз кылуу керек.
Билим берүү процессинин үзгүлтүксүздүк шартында билим берүү мекемесинин
бардык кызматкерлери үчүн үч-төрт күндүк (24 сааттык) же кыска бир күндүк (4-6 саат-
тык) семинар-практикумдарды өткөрүү максатка ылайыктуу, алардын жүрүшүндө же-
текчилер, педагогикалык жана башка кызматкерлер төмөнкүлөргө укуктуу:
билим берүү чөйрөсүндөгү зомбулук, анын масштабдары, түрлөрү жана форма-
лары тууралуу жалпы көз караштарды билүү;
зомбулуктун себептери жана факторлору, зомбулуктун катышуучуларынын (жа-
бырлануучулардын, зомбулук көрсөткөндөрдүн, күбөлөрдүн) инсандык мүнөздө-
мөлөрү жөнүндө билүү;
зомбулуктун катышуучулары, окуу жамааты жана жалпы билим берүү мекемеси
үчүн анын кесепеттери жөнүндө билүү;
зомбулуктун алдын-алуу чаралары жана аны токтотуу боюнча аракеттер менен,
ал тууралуу билим берүү мекемесинин жетекчилигине маалымдоо менен жана
тартылган тараптарга жардам көрсөтүүлөр менен таанышуу;
зомбулук болгон окуяларынын алдын-алуу жана аларга жооп кайтаруу боюнча
уюштуруучулук-башкаруучулук чаралардын иштелме практикасын өздөштүрүү,
анын ичинде билим берүү мекемесиндеги кырдаалдын анализин жүргүзүү, зомбу-
лукка карата окуу жайдын саясатын, жүрүм-турум эрежелерин, кызматтык жетек-
чилик көрсөтмөлөрдүн жана билим берүү процессинин бардык катышуучулары-
нын аракеттеринин алгоритмин иштеп чыгуу.
Окутуунун башталышына чейин сурамжылоо жолу менен анын катышуучулары-
нын зомбулук маселеси жөнүндөгү маалымдуулугунун деңгээлин аныктап алуу талапка
ылайык келет, жана окутуу аяктагандан кийин жүргүзгөн окутуунун жыйынтыктарын
(натыйжалуулугун) аныктоо жана баалоо, ошондой эле бул багыттагы кийинки аракет-
терди божомолдоо үчүн керектелет.
Тиркеме 9да Кыргыз республикасынын билим берүүмекемелеринде зомбулукту
азайтуу боюнча Модуль берилет. Бул программа үлгүлүк болуп саналат. Анын түзүлү-
шү жана мазмуну билим берүү мекемесинин жана окутуу объекттеринин өзгөчөлүктө-
рүн эске алуу менен өзгөрүшү же кошумчаланышы мүмкүн.
64
Окутуучу иш-чаранын натыйжалуулугун камсыздоо үчүн анын уюштуруучулары
төмөнкүгө көӊүл бурушу керек:
бул багытта иштөө тажрыйбасы бар атайын даярдалган тренерлерди семинар-
ларды өткөрүүгө тартуу;
семинардын катышуучуларын, сабак учурунда бири-бири менен билимдерди жа-
на көндүмдөрдү бөлүшүүгө даяр эксперттер катары кароо;
окутуунун интерактивдүү методдорун колдонуу;
маалыматтарды бекемдөө үчүн семинардын катышуучуларына көмөк маалымат-
тарды, ошондой эле окутуунун көрсөтмөлүү каражаттарын (электрондук презен-
тациялар, видеороликтер) таратуу, аларды топтук сабактар учурунда да, ошондой
эле алардан кийинки өз алдынча иш алып барууларда да колдонууга болот.
Зомбулук маселеси боюнча жетекчилерди жана педагогдорду окутуу бир семинар
же тренинг өткөрүү менен эле чектелип калбайт. Бул билим берүү мекемесиндеги кыр-
даалды эске алуу менен системалуу түрдө иш алып баруу. Кызматкерлердин зомбу-
луктун алдын-алуу маселелеринде компетенциясын жогорулатуу жана аларды бул ма-
селени талкуулоого аралаштыруу атайын уюштурулган окутуучу сабактардын алка-
гында эле эмес, ошондой эле жумушчу кеңешмелерди, педагогикалык жамааттын ке-
ңештерин, алдын-алуу кеңештеринде, белгилүү окуяларды талдоо жана көрүлгөн ча-
ралардын натыйжалуулугун анализдөө учурунда да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Окуучуларды окутуу
Билим берүү чөйрөсүндөгү зомбулуктун алдын-алуунун маанилүү чараларынын
бири окуучуларда саламат инсандар аралык мамилелерди өнүктүрүү жана колдоо үчүн
көндүмдөрдү жана билгичтиктерди калыптандыруу болуп саналат. Бул үчүн билим бе-
рүү мекемесинин окуу планы маалыматтарды берүү үчүн гана окутуу программаларын
камтыбастан, ошондой эле зомбулукту кабылдабоо мамилесинин калыптандыруу үчүн,
жана ошондой эле балдардын өз эмоцияларын башкаруу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү,
конфликттерди конструктивдүү чечүү, манипуляцияларды таануу жана негативдүү таа-
сирлерге каршы туруу көндүмдөрүн, чечимдерди кабыл алуу ж.б. көндүмдөрүнөнүктү-
рүү үчүн камтышы керек.
Мындай программалардын алкагында сексуалдык жана репродуктивдик саламат-
тык жана жүрүм-турум менен байланышкан маселелер талкуулангандыгы маанилүү.
Мындай программалар окуучуларга жалпы адамзаттык баалулуктарды өздөштүрүүгө,
адам укуктарын жана кадырын, гендердик теӊдик жана көп түрдүүлүктү урматтоого, ин-
сан катары калыптанууга, өзүнө болгон урматты жогорулатуу жана өзүнө-өзү болгон
бааны жогорулатууга көмөк көрсөтөт.
Бул программаларда төмөнкүлөрдү аткаруу керек:
аны балдар психологиясы, педагогика, укук ж.б. тармактардагы түрдүү адистер-
дин катышуусу менен иштеп чыгуу;
аны окуучуларды маалыматтарга болгон чыныгы муктаждыктарын, алардын ку-
рактык өзгөчөлүктөрүн жана когнитивдик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен тү-
зүү;
жүрүм-турумдун өзгөрүшүнүн өзөктүү таанып билүүчүлүк, социалдык-
психологиялык жана индивидуалдык-инсандык факторлорун эске алган, жүрүм-
турумдук көз караштардын максаттуу түрдөгү калыптанышынын принцибине не-
гиздөө.
65
Бул программаларда төмөнкүлөрдү эске алуу керек:
зомбулуксуз жана дискриминациясыз инсандар аралык саламат мамилелердин
баалуулугун окуучуларга актуалдаштыруу үчүн баалуулук-мотивациялык мамиле-
ни колдонуу;
эркек окуучу балдарды, кыздарга (аялдарга), ошондой эле балдарга (эркектерге)
карата гендердик зомбулукту азыктандырып турган, гендердик стереотиптердин
жана нормалардын өзгөрүшүн талкуулоого активдүү тартуу;
окуучуларды билим берүү процессине активдүү тартуу үчүн окутуунун интерак-
тивдүү ыкмаларын пайдалануу;
курчаган социалдык чөйрөнүн, коомдо кеӊири жайылган стереотиптердин (анын
ичинде гендердик), социомаданий өзгөчөлүктөрдүн жана улуттук каада-
салттардын, чоңдордун, балдардын жана өспүрүмдөрдүн жүрүм-турум моделинин
таасирин эске алуу;
зомбулук менен байланышкан кырдаалдардын мисалдарын, мындай окуялардын
алдын-алуунун жана андан чыгуунун ыкмаларын карап чыгуу;
педагогдордун кесиптик даярдык деңгээлин жана билим берүү мекемесинин ре-
сурстук мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу.
Окуучуларды зомбулукка каршы турууга, натыйжалуу коммуникация көндүмдөрү-
нө ээ болгон жана окуучулар менен түрдүү темаларда, анын ичинде, инсан аралык,
гендердик жана сексуалдык мамилелер менен байланышкан, сыпайы темаларда сүй-
лөшүүгө даяр болгон, атайын даярдалган педагогдор же психологдор окута алышат.
Бул адистерди тиешелүү методикалык, окуу жана маалыматтык материалдар менен
камсыз кылуу керек.
Окутуучу сабактарды өткөрүү учурунда талкуулардын, айтылган ойлордун мазму-
ну ар бир катышуучу үчүн жеке кабылданган, баалуу болушу үчүн психологиялык жа-
гымдуу жана коопсуз абалды түзүү зарыл. Бул абалга жетишүү үчүн мугалим төмөнкү-
дөй методдорду колдонушу керек: даяр чечимдерди жана бааларды сунуштабастан,
окуучуларды жашоонун түрдүү кырдаалдарына өзүнүн мамилесин өз алдынча анык-
тоого жана өзүнүн жүрүм-турумунун моделин түзүүгө демилгелеп, педагог модератор-
дун ролунда болот.
Ата-энелерге маалымдоо (билдирїї)
Ата-эне – балдарга эӊ жакын адамдар. Ата-энелердин жүрүм-турумунан, алардын
тарбиялоо стилинен, балага жана айлана-чөйрөгө кылган мамилесинен окуучунун ин-
сандыгынын жана социалдык көндүмдөрүнүн, анын ичинде билим берүү мекемесинде-
гитеңтуштардын жамаатына жана андагы жүрүм-турумга адаптациялануу көндүмдөрү-
нүн калыптанышындагы көп нерселер көз каранды. Балдарды тарбиялоо жөнүндөгү
көп сандаган булактарга (китептер, тематикалык журналдар, өзүнчө басылмалар жана
Интернеттеги атайын сайттар ж.б.) карабастан, көптөгөн ата-энелердин өз балдарын
кантип теӊтуштар жана чоӊ кишилер менен натыйжалуу сүйлөшүүгө, конфликттүү кыр-
даалдарды чечүүгө, кыйынчылыктарды жеӊип чыгууга, өз күчүнө жана максаттарга же-
тишүүдө ийгиликтүүлүккө ишенимдүү болууга кантип үйрөтүү керектиги тууралуу так
көз караштары жок.
Мындай шарттарда педагогикалык жамаат ата-энелерге зомбулукту колдонбостон
балдарды тарбиялоо маселеси боюнча жана зомбулуктук же виктимдик жүрүм-
турумдун алдын-алуу максатында жеке жана социалдык (турмуштук) көндүмдөрдүн
жетилүүсү маселелери боюнча ата-энелерге маалыматтык колдоо көрсөтүп, окутуп
жана кеӊеш бериши керек.
66
Билим берүү мекемеси менен ата-энелердин өз ара аракеттешүүсүнүн эӊ эле ке-
ӊири тараган жана жеткиликтүү формасы болуп төмөнкү суроолорду талкуулоо сунуш-
талган ата-энелер чогулушу саналат:
Зомбулук жљнїндљ жалпы маалыматтар, анын мїмкїн бол-
гон тїрлљрї
Физикалык жана психологиялык зомбулук, дискриминация: алар кандай формада
болот жана аларды кантип токтотуу керек.
Опузалоо, буллинг жана кибербуллинг: алар кандай формада болушат жана
аларды кантип токтотуу керек.
Гендердик жана сексуалдык зомбулук: алар кандай формада болушат жана алар-
ды кантип токтотуу керек.
Баланын (өспүрүмдүн) негизги муктаждыктарына маани бербөө жана ага кантип
жол бербөө керек.
Үйдөгү жана билим берүү мекемесиндеги зомбулук.
Зомбулуктун натыйжалары, анын баланын (өспүрүмдүн) психикалык жана физи-
калык саламаттыгына, социалдашуусуна жана окуусуна тийгизген таасири.
Зомбулуктун себептери жана факторлору. Зомбулукка алып барган кырдаалдар-
ды моделдештирүү.
Билим берїї мекемесиндеги зомбулукка каршы аракеттер
Зомбулукка карата мектептин (окуу жайдын) саясаты, аны ишке ашырууда ата-
эненин ролу.
Окуучулардын жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жүрүм-турум
эрежелери
.
Билим берүү мекемесинде коопсуз жана психологиялык ыңгайлуу чөйрөнү түзүү
жана сактоо
.
Баланы (љспїрїмдї) тарбиялоо
Үй-бүлөлүк тарбиялоонун стилдери жана алардын баланын (өспүрүмдүн) жети-
лүүсүнө, мүнөзүнүн калыптанышына, социалдашуусуна жана окуудагы ийгиликте-
рине тийгизген таасири.
Баланы (өспүрүмдү) кантип жакшы көрүү керек?
Баланы (өспүрүмдү) кантип сындоо керек жана кантип себепсиз жалааны жабыш-
тырбаш керек?
Баланы кантип сүйлөшүү жана мамиле түзүүнүн тартибине үйрөтүү керек?
Баланы (өспүрүмдү) сезимдерди жана эмоцияларды кантип башкарууга үйрөтүү
керек?
Бала (өспүрүм) менен мектеп турмушу тууралуу (окуу жайдагы турмуш) кантип
сүйлөшүү керек?
Балага (өспүрүмгө) дос тандоодо кантип жардам берүү керек?
Теңтуштар менен мамиле түзүү жана аны колдоо..
Зомбулукка кандайча сүр көрсөтүү керек жана пикир келишпес учурда өзүн кан-
дай алып жүрүү керек?
Ыкчам тарбиялык аракеттер жана баланы колдоо ыкмалары .
Балага (өспүрүмгө) өзүнө ишенимдүү болуш үчүн кантип жардамберсе болот?.
Гендердик тарбия: гендер жана жыныс, гендердик ролдор, стереотиптер, гердер-
дик теңчилик. Гендердик мамилелер маданиятын калыптандыруу.
67
Сексуалдык тарбия: сексуалдык жана репродуктивдик укуктар, саламат мамиле-
лерди өнүктүрүү жана колдоо.
Жашоо љз жайында болбогондугун аныктоо жана балага
(љспїрїмгљ) пикир келишпес кырдаалдарда жардам берїї
Балага (өспүрүмгө) карата зомбулуктун жана ачуулануу-жүрүм-турумдун белгиле-
ри.
Конфликттик кырдаалга туш болгон, зомбулукка кабылган, зомбулук көрсөткөн
балага (өспүрүмгө) кантип жардам берүү керек.
Балага (өспүрүмгө) карата зомбулук жасалган учурда же анын укуктары билим
берүү мекемесинде бузулган учурда ата-энелердин аракети.
Зомбулукка кабылган же анын укуктары тебеленген учурда бала (өспүрүм) жар-
дам сурап кайда карыла алат.
Зомбулуктун алдын-алуу жана зомбулукка кабылган балдарга (өспүрүмдөргө)
жардам көрсөтүү боюнча ата-энелик тажрыйба.
Ата-энелер менен талкуулоо темалары окуучулардын жаш курагына ылайык тан-
далат. Буга байланыштуу бирдей эле суроолор ар түрдүү көлөмдө жана контекстте ка-
ралышы мүмкүн. Мүмкүн жана зарыл болгон учурларда класс жетекчи ата-энелер чо-
гулушуна психологду, социалдык педагогду, баланын укуктары боюнча ыйгарым укук-
тууну, билим берүү мекемесинин администрациясынын өкүлдөрүн жана жетекчисин
чакыра алат.
Зомбулуктун алдын-алуу максатында ата-энелер жыйналышынан башка да, ата-
энелер менен иш алып баруунун башка формаларын колдонууга болот. Алардын ара-
сында – ата-эне-мугалимдер конференциясы, үй-бүлөлүк клуб, аталар (энелер) кон-
ференциясы, балдарды тарбиялоо маселелери боюнча тренингдер, мыкты ата-эне же
үй-бүлө конкурсу, биргелешкен чыгармачыл жана спорттук иш-чаралар (майрамдар,
фестивалдар, жүрүштөр, спорттук мелдештер).
Ата-энелер менен сүйлөшүүнүн топтук формасы менен катар, ошондой эле, ке-
ӊеш берүү, баарлашуу, телефон менен сүйлөшүү, үй-бүлөнү кыдыруу, ата-энелер жана
адистер (психолог, социалдык педагог, медициналык кызматкер, балдардын укуктары
боюнча ыйгарым укуктуу тарап) менен биргелешкен жолугушу сыяктуу жеке формасы
да колдонулат.
Ата-энелерге жардам катары маалыматтык материалдарды даярдоого болот,
мисалы:
зомбулуктун алдын-алуу маселелери боюнча китептердин, колдонмолордун, ви-
деофильмдердин, билим берүү мекемесинин нормативдик документтеринин те-
матикалык китепканасын түзүү;
балдар менен чыр-чатаксыз сүйлөшүү боюнча, балага карата колдонулган зомбу-
луктун жана кодулоонун жана анын агрессивдүү жүрүм-турумунун белгилерин
аныктоо боюнча эскертме даярдоо;
баланын укуктары бузулган же окуу жайда ага карата зомбулук жасалган учур-
лардагы аракеттердин алгоритмин, жардам алуу үчүн кайрылууга мүмкүн болгон
уюмдардын байланыш маалыматтарын чагылдырган буклеттерди түзүү.
68
2.6. ЗОМБУЛУК КЉРСЉТЇЇ КЫРДААЛДАРЫНЫН АЛДЫН-
АЛУУ, АНЫКТОО ЖАНА АЛАРГА ЖООП КАЙТАРУУ,
ПИКИР КЕЛИШПЕС КЫРДААЛДАРДЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫНА
ЖАРДАМ КЉРСЉТЇЇ БОЮНЧА ЧАРАЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ
Билим берїї мекемесинин аймагында коопсуздукту камсыз-
доо
Мектептин (гимназиянын, колледждин, лицейдин) аймагына тосмолоо жана ай-
макка, имаратка кирген эшиктерди көзөмөлдөөнү уюштуруу бөтөн адамдардын арала-
шуусунан окуучуларды, ошондой эле мугалимдерди да коргоого мүмкүндүк берет. Кор-
гоо постунун, кооптуу жагдайды маалымдаган баскычтын жана аймакта, спорттук аянт-
чада, спорт залда, коридорлордо, тепкичтерде, ашканада жана гардеробдо, “көздөн
далдаа” жерлерде видео байкоо салгычтын болушу тартипти кармап турууга жана би-
лим берүү процессинин катышуучуларынын арасында зомбулуктун алдын-алууга кө-
мөктөшөт. Мектепте кароосуз, көзөмөлсүз калган жерлер болбошу керек. Өзгөчө көзө-
мөл зомбулук окуялары көп болгон жайларга: чечинүүчү жайларга, дааратканага, тех-
никалык бөлмөлөргө бурулушу керек. Даараткана бөлмөлөрү коопсуз жана ыңгайлуу
жеке мейкиндикти камсыздоо үчүн өз-өзүнчө индивидуалдуу кабиналар менен жабды-
лышы керек.
Окуу жайдын бөлмөлөрүндөгү жана аймагындагы кырдаалга коопсуздук кызматы-
нын кызматкерлери да жана ошондой эле жалпы кызматкерлер да байкоо жүргүзүшү
керек. Жогорку класстын окуучулары кезек өтөөгө мугалим жана администратордун
жетекчилиги астында гана
мектеп боюнча кезек өтөөгө тартылышы мүмкүн жана
аны аткаруунун башталышында конфликттик кырдаалдар чыккан учурда аракеттердин
жана жеке коопсуздукту сактоонун тартиби жөнүндө жетекчилик көрсөтмөдөн өтүшү
керек.
Кезек өтөгөн окуучулар конфликттик кырдаалдын катышуучуларынын зомбулуктук
аракеттерин бөгөттөшү жана, эгер ал аракеттер алардын жеке өмүрүнө жана саламат-
тыгына коркунуч жаратпаса (теӊме-теӊ күч, конфликтте курал колдонулбаган учурда),
зомбулукту токтотуу боюнча чараларды көрүшү мүмкүн, жана болгон окуя тууралуу ке-
зе өтөгөн мугалимге же администраторго маалымдашы керек. Катуу конфликт болгон
учурда кезек өтөгөндөр дароо кезек өтөгөн мугалимге, администраторго, коопсуздук
кызматына, билим берүү мекемесинин кызматкерлерине маалымдашы жана жардамга
чакырышы керек. Зомбулук көрсөтүүчүлөр, алардын жактоочулары жана башка окуу-
чулар зомбулук жасалган окуялар тууралуу билим берүү мекемесинин кызматкерлери-
не маалымдаган кезек өтөгөн окуучуларга карата негативдүү мамиле кылышаарын да
эске алуу керек. Кезек өтөгөндөр коркутулушу жана аларга карата зомбулуктук аракет-
тер жасалышы мүмкүн. Ошондуктан, зомбулукту токтотуу, өмүрдү жана ден-соолукту
сактоо жана административдик, кылмыш жазаларына алып барган, укук бузуулардын
алдын-алуу үчүн зомбулук окуялары тууралуу маалымдоо, биринчи кезекте, конфликт-
тик кырдаалдын катышуучуларынын, зомбулук көрсөткөн тараптын да, кызыкчылыгын-
да экендигин бардык окуучуларга түшүндүрүү керек. Мындан тышкары, зомбулук окуя-
ларын талдоодо жана аны окуучулар менен талкуулоодо билим берүү мекемесинин
кызматкери мүмкүн болгон негативдүү кесепеттерден улам, болгон окуя тууралуу бил-
дирүү булагы катары, кезек өтөгөндөрдү (башкаларды да) көрсөтпөшү керек.
Класста (тайпада) позитивдик абалды кармап туруу
Класстагы позитивдүү социалдык-психологиялык климат – көбүнчө класс жетек-
чисинин эмгеги жана ошол эле учурда – педагог менен окуучунун ортосундагы жана
69
окуучулардын ортосундагы ишенимдүү жана сыйлуу мамилелердин кепилдиги.Ар бир
педагог өзүнүн жеке мисалында зомбулуктун түрдүү формаларына карата негативдүү
мамилесин көрсөтө алат, класста ишенимдүү мамилелерди колдогондугун көрсөтө
алат.
46
Төмөнкү басылмалардын материалдары боюнча түзүлгөн: ЮНЕСКО (2011). Мектепте зомбулукту кантип токтотуу
керек: мугалимдер үчүн колдонмо. // Кравцова М.М. Куулган-балдар. Көйгөй менен психологиялык иш. – (Мектептеги
психолог). - Москва, 2005. // Кривцова С.В. Мектептеги буллинг VS көӊүл кош эместердин биригүүсү. - Москва.
- 2011. //
70
46
Класста (тайпада) позитивдик абалды түзүү жана кармап туруу боюнча
мугалимге кеӊештер
46
•
Тартипти
сактап туруу жана билим берүү процессин башкаруу үчүн позитив-
дик
гана мамилени колдонуңуз: мүмкүнчүлүккө жараша жүрүм-турум эреже-
лерин
жана окуучуларга болгон талаптарды “кандай кылбаш керек” дебес-
тен
, “кандай кылуу керек” формасындатүзүңүзОкуучулардын конструктивдүү
жүрүм
-турумун көз караш байланышы, макул деп баш ийкөө же жылмаюу ар-
кылуу
бекемдеңиз.
•
Жалпы
милдеттерди аткарууда ар бир окуучу өзүнүн катышуусун сезиш үчүн
окуучуларды
түрдүү биргелешкен иштерге тартыңыз: иш-чара даярдоо, ке-
зекке
туруу, экскурсияны уюштуруу, гүлдөрдү сугаруу, майрамга карата
классты
жасалгалоо ж.б. Уяӊ жана тартынчаак балдардын катышуусун кол-
доңуз
Аларга өздөрүн толук көрсөтө алган жана уяңдыгынжеңип чыга алган
тапшырмаларды
бериңизОкуучулардын үй тапшырмасын даярдоодо, мек-
тептик
текшерүү ишке даярданууда, физкультура боюнча нормативдерди
тапшыруу
ж.б. үчүн машыгууларда бири-бирине жардам берүү каалоосун
колдоңуз
.
•
Көп
түрдүүлүктүн (маданий, улуттук, диний ж.б.), ошондой эле түрдүү жөн-
дөмдөр
менен көндүмдөрдүӊ, табиттер менен артыкчылыктардын, физика-
лык
жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрдүн маанилүүлүгүн жана баа-
луулугун
баса белгилеӊиз. Керек болгонго жараша, окуучуларга эмне себеп-
тен
айрым балдар өздөрүн башкаларга караганда башкача алып жүрүшөө-
рүн
айтып бериӊиз. Алар өздөрүнүн акыл-эстик же физикалык жетилүүсүн-
дөгү
өзгөчөлүктөрдөн улам окууда кыйынчылыктарга туш болуп жатышкан-
дыктарын
, оюндарда жана спорт менен машыгууда чектөөлөргө ээ болгонду-
гун
түшүндүрүңүз. Жалпы эле адамдар жана бул класстагы балдар да бири-
биринен
кандайдыр-бир белгилер боюнча айырмаланаарын жана дал ушул
сапат
алардын кайталанбастык тартуулаарын баса белгилеңиз.
•
Физикалык
же акыл-эстик жетилүүдөгү, тышкы келбетиндеги, жүрүм-
турумундагы
өзгөчөлүктөргө ээ болгон окуучулардын, ошондой эле гендер-
дик
төп келбеген, окуудагы жетишкендиктери анчейин ийгиликтүү эмес же
физикалык
жактан начар жетилген, мигранттардын, улуттук жана диний аз-
чылыктардан
чыккан, үй-бүлөлөрү төмөнкү социалдык жана материалдык
статустагы
окуучулардын дарегине карата шылдыңдаган, жемелеген ком-
ментарийлерге
өзүңүз жол бербеңиз жана башкаларга да бөгөт коюуңуз.
•
Окуучуну
жамаатка он да, жана терс да жагынан карама-каршы койбоңуз.
Окуучуну
эӊ жөндөмдүү, акылдуу, жоопкерчиликтүү катары, башкалардын
ичи
тардыгын жаратпаш үчүн, катуу мактабаңыз.
|