Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет12/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   18

 
АВТОРИТАРДЫК:  (өкүмчүл,  директивдүү)  өзүнүн  бийлигин,  өзүнүн  таасирин  бекем-
дөөгө умтулган адам.  
 
АГРЕССИВДҮҮЛҮК: инсандын туруктуу сапаты – кастык, зомбулук көрсөтүүчү аракет-
терге даяр болуу. 
 
АДМИНИСТРАТОР:  (билим  берүүчү  мекеменин  администрациясы):  директор,  дирек-
тордун  орун  басары  же  окуу  жайдагы  жетекчинин  милдетин  аткарган  башка  кызмат-
керлер. 
 
АКСЕЛЕРАЦИЯ: мурунку муундарга салыштырмалуу балдардын жана өспүрүмдөрдүн 
өсүшүнүн жана жыныстык жетилүүсүнүн тездеши. 
 
БРУТАЛДУУЛУК: адамдын тышкы кебетесиндеги кайраттуулук жана эр жүрөктүүлүктүн 
көрүнүктүү белгилеринин  өзү ... 
 
БУЛЛИНГ: англис тилинен которгондо буллинг (bullying) кодулоо, коркутуу, кемсинтүү 
дегенди билдирет). Буллинг – бул өзүн коргой албаган индивидге карата башка адам 
тарабынан же адамдардын тобу тарабынан зомбулук кылуунун жана кодулоонун түр-
дүү түрлөрүнүн кайталанып туруучу актылары. 
 
ВИКТИМДҮҮЛҮК (латын тилинен которгондо victima - курмандык): адам баласынын 
бир катар руханий жана физикалык сапаттарынын белгилүү бир объективдүү шарттар-
да кылмыштык зыян келтирүү үчүн объект болушу үчүн күчөтүлгөн жөндөмдүүлүгү. 
 
ГЕНДЕР:  аял  жана  эркектин  жүрүм-турумунун,  көз  карашынын,  нормаларынын,  каа-
лоолорунун,  турмуштук  умтулууларынын  ж.б.у.с.  белгилеринин  жана  мүнөздөмөлөрү-
нүн комплексин түшүндүргөн социалдык жыныс. Адам баласына төрөлгөн тартып бе-
рилген,  биологиялык  жыныстан  айырмаланып,  гендер  конкреттүү  социомаданий  кон-
текстте, белгилүү бир тарыхый мөөнөттөрдө, убакыт жана мейкиндикте айырмаланып 
куралат.   
 
ГЕНДЕРДИК ОКШОШТУК: өз жынысын жана адамдын жеке тажрыйбасын тереӊ ички 
сезим менен сезүү, ал сезимдер төрөлгөндө аныкталган, жынысы менен, өз дене түзү-
лүшүн жеке кабылдоо менен (тышкы келбетин же органдарынын функциясын медици-
налык,  хирургиялык  же  башка  кийлигишүүнүн  жардамы  менен  өзгөртүүнү  эркин  тан-
доону), ошондой эле өзүнүн гендердик тиешелүүлүгүнүн кийим, кеп жана жүрүм-турум 
манерасы аркылуу башка түрдө чагылдыруу менен төп келиши же төп келбеши ыкты-
мал.   
 
ГЕНДЕРДИК ТӨП КЕЛИШПӨӨ: анын жынысына тиешелүү болгон өкүлдөрдүн социал-
дык  кабыл  алынган  гендердик  (жыныстык  ролдук)  жүрүм-турум    мүнөздөмөлөрүнө 
адам баласынын жүрүм-турумунун төп келбеши.  
 
ГЕНДЕРДИК МАМИЛЕЛЕР: аял менен эркектин, гендердик стереотиптердин негизин-
де тарыхый жактан калыптанган, үй-бүлөдөгү, коомдогу өз ара мамилелери. Гендердик 
мамилелердин калыптанышында жыныстык айырмачылыктар эркек менен аялдын ин-
85

сандыгынын  жеке,  сапаттуу  айырмачылыктарынын  үстүнөн  басымдуулук  кылып  ке-
лишкен. 
 
ГЕНДЕРДИК РОЛДОР:  аял менен эркектин жынысы менен байланышкан, салттуу кү-
түүлөргө  негизделген  жүрүм-турумунун  үлгүсү;  конкреттүү  социалдык-маданий  кыр-
даалда  адамдарга  таандыкталган,  маданияттын,  жүрүм-турум  нормаларынын  жана 
эрежелеринин  көз  карашынан  алганда  жалпы  кабыл  алынган  көз  караштардын  жы-
йындысы. 
 
ГЕНДЕРДИК  СТЕРЕОТИПТЕР:  чынында  аял  менен  эркек  өздөрүн  кандай  алып  жү-
рүүсү керектиги тууралуу коомдо калыптанып калган көз караштар (ишенимдер).  
 
ЖҮКТӨӨ:  милдеттерди  жүктөө  – бул мекеменин конкреттүү максаттарына жетишүү 
үчүн  башка  жетекчилерге  же  кызматкерлерге  жетекчинин  функцияларынын  бөлүгүн 
берүү процесси. 
 
ДЕКЛАРАЦИЯ:  милдеттендирбеген  эл  аралык  документ.  Декларацияга  кол  коюп  жа-
тып  мамлекет анда баяндалган  принциптер  менен  өзүнүн  макулдугун  билдирет.  Дек-
ларация, анын аткарылышын көзөмөлдөөгө мүмкүн болгон механизмди карабайт.   
 
ДЕПРЕССИЯ:  терс  эмоционалдык  фон  менен,  мотивациянын  жана  жүрүм-турумдун 
жалпы пассивдүүлүгү менен мүнөздөлгөн убайымдуу, муӊайымдуу психикалык абал. 
 
БАЛДАР: жаӊы төрөлгөн тартып 18 жашка чейинки адамдар (балдардын укуктары жө-
нүндөгү Конвенциядагы аныктамага ылайык (1989-ж.). 
 
ДИСКРИМИНАЦИЯ: укуктарды тебелөө, ролду басмырлоо, теӊ укуктуулукту жоюу. 
 
ДЕВИАНТТЫК  ЖҮРҮМ-ТУРУМ  (оолактатуучу  жүрүм-турум):  коомдо  кабыл  алынган 
укуктук  же  нравалык  нормаларга  каршы  келген  жоруктардын  системасы  же  жеке  жо-
руктар.  
 
ДЕЛИНКВЕНТТИК  ЖҮРҮМ-ТУРУМ:  криминалдан,  күнөө  кылуудан,  чакан  укук  бу-
зуулардан айырмаланган жоруктардын комплекси, башкача айтканда Кылмыш Кодекси 
боюнча жазалоого жатпаган жоруктар. 
 
ТУРМУШТУК  КӨНДҮМДӨР  –  буладамдарга  аӊ-сезимдүү  чечимдерди  кабыл  алууга, 
сынчыл  жана  чыгармачылык  ойлонууга,  натыйжалуу  сүйлөшүүгө,  саламат өз ара  ма-
милелерди курууга, өз турмушун саламат жана продуктивдүү түрдө уюштурууга көмөк 
көрсөткөн, психосоциалдык компетенциялар жана инсандар аралык сүйлөшүү көндүм-
дөрү.  
 
САЛАМАТТЫК: адамдын ооруларынын же физикалык дефекттеринин жоктугун, анык-
талууга ыктуу ооруларынын же көңүл чөгүүлөрүнүн жоктугун  гана эмес, ошондой эле 
толук физикалык, акыл-эстик жана социалдык ыңгайлуулук абалы. 
 
КИБЕРУЛЛИНГ: адамдын артынан түшүү үчүн, ал тууралуу конфиденциалдык маалы-
маттарды, ушактарды, кордогон жана ызалаган билдирүүлөрдү жайылтуу үчүн мобил-
дик  телефондорду,  электрондук  почталарды,  Интернетти,  социалдык  тармактарды, 
блогдорду, чаттарды колдонуу.  
86

 
БАЛДАРДЫН  УКУКТАРЫ  ЖӨНҮНДӨ  КОНВЕНЦИЯ:  Конвенция  БУУнун  Генералдык 
Ассамблеясынын  1989-жылдын  25-ноябрындагы  44/25  Резолюциясы  менен  кабыл 
алынган жана 1990-жылы 2-сентябрда 49-беренеге ылайык күчүнө кирген. Конвенцияга 
дүйнөнүн бардык мамлекеттери кошулган. Конвенциянын башаттары баланын өзгөчө 
камкордукка жана жардамга карата укугун жарыялаган, Адамдын укуктарынын Жалпы 
декларациясынан байкалат: “бала өзүнүн физикалык жана акыл-эстик жетиле электи-
гине байланыштуу, тиешелүү укуктук коргоону кошуу менен, атайын камкорлукка жана 
коргоого муктаж”. 
 
КОММУНИКАТИВДИК КӨНДҮМДӨР: баарлашуу көндүмдөрү. 
 
КОНФИДЕНЦИАЛДУУЛУК: принцип, ага ылайык ар бир адам жеке жашоосунун, анын 
ичинде  өзүнүн  саламаттыгы  тууралуу  маалыматтарды  камтуу  менен,  сырларын  сак-
тоого укугу бар. Конфиденциалдуулук маалыматтар өздүк кесиптик милдеттерди атка-
рууда  белгилүү  болгон  адам  тарабынан  жеке  маалыматтардын  жайылуусун  токто-
туунун  зарылдыгын;  мындай  маалыматтарды  үчүнчү  тараптарга  маалымат  ээсинин 
макулдугусуз бербөөнү шарттайт.   
 
Карама-каршылык
адамдын  аӊ-сезиминде,  инсандар  аралык  өз  ара  аракетте-
шүүлөрдө,  мамилелерде  бири-бирине  карама-каршы  багытталган  жана  төп  келишпе-
ген тенденциялардын кагылышуу абалы.  
 
МАСКУЛИНДҮҮЛҮК ЖАНА ФЕМИНИНДҮҮЛҮК  (латын тилинен которгондо masculinus 
— эркектик жана femininus — аялдык) – эркектер үчүн жана аялдар үчүн мүнөздүү бол-
гон, соматикалык, психикалык жана жүрүм-турумдук сапаттар жөнүндөгү нормативдик 
көз караштар. 
 
МОТИВАЦИЯ:  түрдүү  ниеттердин:  мотивдердин,  муктаждыктардын,  кызыкчылыктар-
дын, умтулуулардын, максаттардын, артылуулардын, мотивациялык көз караштардын, 
идеалдардын  жыйындысы,  ал  кеңири  маанисинде  жалпы  эле  жүрүм-турум  дегенди 
билдирет.  
 
КӨНДҮМДӨР:  өздөштүрүүнүн  жогорку  даражасы  менен  жана  аӊ-сезимдүү  жөнгө  са-
луунун жана көзөмөлдөөнүн жоктугу менен мүнөздөлгөн, кайталоо жолу менен калып-
танган, аракет. Көндүмдөр – бул белгилүү бир жүрүм-турумду практикалоого адамдар-
га мүмкүнчүлүк берген жөндөмдөр. 
 
БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ КЫЗМАТТАР (ТЕЙЛӨӨЛӨР): белгилүү бир билимдерге, билгичтик-
терге жана көндүмдөргө ээ болуу үчүн жана тигил же бул билим алуучулук муктаждык-
тарды канааттандыруу үчүн максаттуу түрдө түзүлгөн жана адамга сунушталган мүм-
күнчүлүктөрдүн комплекси. Билим берүүчү кызматтар мамлекеттик, ошондой эле жеке 
же башка билим берүүчү мекемелер жана уюмдар тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн.  
 
БИРИНЧИ  ЖАРДАМ:  кокустан  кырсык  болгон  учурларда  жана  капысынан  кабылган 
ооруларда  өмүрдү  сактоо  жана  саламаттыктын  абалынын  начарлашын  токтотуу  үчүн 
зарыл болгон иш-чаралардын комплексин тез аткаруу; жарат алган же ооруган адам-
дарга, врач келгенге чейин же ооруканага жайгаштырганга чейин тез жардам көрсөтүү 
чаралары.  
 
87

ӨСПҮРҮМ:  БУУнун аныктамасына ылайык өспүрүм деп 10 жаштан 19 жаш куракка че-
йинки балдар түшүнүшөт.  
 
БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МЕКЕМЕ: Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мый-
замына  ылайык  (2006-ж.)  билим  берүүчү  мекемелерге  мектепке  чейинки  билим  бе-
рүүчү  мекемелер,  жалпы  билим  берүүчү мекемелер  (мектептер,  лицейлер,  гимназия-
лар), мектептен тышкаркы билим берүүчү мекемелер, атайын билим берүүчү мекеме-
лер, балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү мекемелери, баш-
тапкы (кесиптик лицей, кесиптик окуу жай ж.б.у.с.) орто (училище, колледж, техникум 
ж.б.у.с.), жогорку (институт, академия, университет, консерватория ж.б.у.с.) жана жож-
дон кийинки кесиптик билим берүү мекемелери, кошумча кесиптик билим берүү меке-
мелери кирет.
 
 
ЖООПКЕРЧИЛИК:  (жоопкерчиликтүү  жүрүм-турум)  коомдо  кабыл  алынган  нравалык 
жана укуктук нормаларга жана эрежелерге, милдет сезимине ылайык инсандын өз иш-
мердүүлүгүн көзөмөлдөө жөндөмдүүлүгү.  
 
ЖҮРҮМ-ТУРУМ:  тирүү  жандыктарга  тиешелүү  болгон,  алардын  тышкы  (кыймылдык) 
жана  ички  (психикалык)  активдүүлүгү  менен  шартталган,  чөйрө  менен  болгон  өз  ара 
аракеттешүүсү.  Термин  жеке  особдорго  жана  индивиддерге  карата  да,  ошондой  эле 
жандыктардын топтомуна (биологиялык түрдүн, социалдык топтун жүрүм-туруму). 
 
ПРОФИЛАКТИКА  (АЛДЫН-АЛУУ):  кандайдыр-бир  көрүнүштүн  алдын-алууга  багыт-
талган түрдүү иш-чаралардын комплекси.   
 
РАТИФИЦИКАЦИЯЛОО: эл аралык макулдашууларды кабыл алуу, аны сактоо боюнча 
милдеттерди өзүнө алуу, улуттук мыйзамдарга кийрүү, анык сактоо үчүн мүмкүн болгон 
каражаттарды белгилөө.   
 
АТА-ЭНЕ: ата жана эне (балдарга карата). Бул колдонмодо ата-эне деп багып алган-
дар жана бойго жете электердин башка мыйзамдуу өкүлдөрү каралат.   
 
РОЛДУК ОЮНДАР: (психодраманын элементтеринин бири), катышуучулар тарабынан, 
алар үчүн чыныгы турмушта маанилүү болгон, түрдүү ролдорду аткаруу. 
 
БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ: билим берүү мекемесинин же-
текчиси, окутуучусу же окутуучулук курамдагы эмес кызматкер (башкача айтканда окуу 
процессин колдоо боюнча, билим берүүнүн каалаган типтеги, түрдөгү же деңгээлдеги 
же  билим  берүү  системасынын  мекемелеринде  башкаруу  жана  окутуудан  тышкары, 
түрдүү башка иштерди аткарган адам). 
 
СЕКСУАЛДЫК  БАГЫТТАЛМАЛАР:  адам  баласынын  тереӊ  эмоционалдык  жана  жы-
ныстык тартылууну сезүү жөндөмдүүлүгү, ошондой эле өзүнүн жынысындагы жн башка 
жыныстагы,  же  түрдүү  жыныстардагы  индивиддер  менен  жыныстык  мамилелерге  ки-
рүү жөндөмдүүлүгү.  
 
БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ: билим берүүнү башкаруу органдары, бардык  түрдөгү, 
типтеги жана деңгээлдердеги билим берүү мекемелери.  
 
88

БОЙГО  ЖЕТКЕН КУРАК (Эрезеге жеткен курак):  бул куракка жеткенде индивид чоӊ 
адам деп эсептелинет жана мыйзам алдында өзүнүн жоруктары жана чечимдери  үчүн 
расмий жооп берет. Кыргыз Республикасында эрезеге жеткен курак 18 жаш деп анык-
талган.  
СОЦИАЛДЫК КОРГОО: жарандарга татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуу макса-
тында  мамлекет  тарабынан  пайдаланылган  методдордун,  саясаттардын  жана  ыкма-
лардын тобу.  
 
СТИГМА: негативдүү боёктуулукка ээ жана адамды жектөөгө же жаман көрүүгө алып 
барган,  социалдык  ярлык.  Стигматизация  –  бул  адам  баласында  кандайдыр-бир 
айырмалоочу сапаттардын, белгилердин болушу менен байланышкан, адамга карата 
сындаган мамиле. 
 
ТОЛЕРАНТУУЛУК:  социологиялык  термин,  “башкага”  –  жашоонун  башка  образына, 
абалына, жүрүм-турумга, каада-салттарга, сезимдерге, көз караштарга, идеяларга, ди-
ний ишенимдерге ж.б. карата чыдамдуулук, сабырдуулук дегенди билдирет.  
 
ТЬЮТОР: (Англис тилинин. Tutor деген сөзүнөн алынган) тарыхый жактан калыптанып 
калган өзгөчө педагогикалык кызмат. Тьютор окуучулар жана студенттер үчүн жеке би-
лим берүүчү программаларды иштеп чыгууну камсыз кылат жана мектептеги, жождогу, 
кошумча жана үзгүлтүксүз билим берүү системаларындагы индивидуалдаштыруу жана 
индивидуалдуу билим берүү процессин коштойт.  
 
БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИНИН (БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ МАМИЛЕЛЕРДИН) КАТЫШУУЧУ-
ЛАРЫ: окуучулар, окуучулардын ата-энелери, билим берүү мекемесинин жетекчилери, 
педагогдору жана башка кызматкерлери. 
 
ОКУУЧУ: бардык типтеги жана деңгээлдердеги (мектепке чейинкиден тартып диплом-
дон  кийинки  ж.б.у.с.)  билим  берүү  системасынын  кызматтарынын  керектөөчүсү;  мек-
тептеги, колледждеги, университеттеги же билим берүү мекемесиндеги милдеттүү же 
кошумча сабактарга барган же дистанттык же үйдөгү билим алууда болгон адам.  
 
ФРУСТРАЦИЯ: (латын тилинен которгондо  frustratio – калп, бузулуу, пландардын бу-
зулушу): тигил же бул керектөөлөрдү канааттандыруу мүмкүн эместиги менен шарттал-
ган,  негативдүү  психикалык  абал.    Бул  абал  тынчсызданууда,  кабатырланууда,  кооп-
сузданууда, кыжырданууда, көңүл чөгүүдө көрүнөт.  
 
БААЛУУЛУК БАГЫТТАЛМАЛАР: инсандын ишмердүүлүгүнүн эӊ эле маанилүү багыт-
тарын мүнөздөгөн, инсандын түзүмүнүн элементтери. 
 
 
ЭМПАТИЯ: (гректин empatheia – сопереживание деген сөзүнөн алынган) башка адам-
дын жан-дүйнөсү менен сезимдик толгонууларын параллелдүү түрдө сезе билүү жөн-
дөмдүүлүгү. 
 
ХЕЙЗИНГ:    (англис  тилинин  hazing  деген  сөзүнөн  алынган)  кемсинткен  жоруктарды 
жасоого мажбурлоо; орусча - дедовщина. 
 
 
 
 
89

ТИРКЕМЕ 1 
Адамдын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык 
жана улуттук мыйзамдык-нормативдик актылар. 
 
Эл аралык стандарттар жана нормативдик база  
Төмөндө келтирилген адам укуктарынын Хартиясында, ар бир адамдын, баланын, 
өспүрүмдүн, чоӊ адамдын физикалык, психологиялык же сексуалдык зомбулуксуз жа-
шоо, иштөө жана билим алууга болгон укугу Конвенцияларда, мыйзамдарда, сунушта-
маларда жана башка нормативдик документтерде жарыяланган. Төмөндө келтирилген 
тизме билим берүү процессинин катышуучуларына адам укуктары жана баланын укук-
тары менен таанышуу үчүн колдонула турган маанилүү документтердин кыскача обзо-
рун камтыйт.  
 
Адам укуктары тууралуу эл аралык билль
49
 
Адам укуктары тууралуу эл аралык биллге Адамдын укуктарынын Жалпы декла-
рациясы,  Экономикалык,  социалдык  жана  маданий  укуктар  тууралуу  Эл  аралык  пакт 
жана Жарандык жана саясий укуктар тууралуу Эл аралык пакт кирет. Бул документтин 
үчөө теӊ адамдын укуктарынын теңдигин жана ар бир адамга тиешелүү абройду сый-
лоону кепилдейт. 
 
Адам укуктарынын жалпы декларациясы  (1948)  
Адамдын  укуктарынын  Жалпы  декларациясы  –  адамдын  укуктары  тууралуу  би-
ринчи  расмий  эл  аралык  документ.  Адамдын  укуктарынын  Жалпы  декларациясы  ар 
бир адамдын ажырагыс жана бузулгус укуктарына карата дүйнө элдеринин жалпы сүй-
лөшүүлөрүн  чагылдырат жана эл аралык коомчулуктун мүчөлөрү үчүн милдеттүү бо-
луп саналат. Декларациянын 26-беренесинде мындай делет, ар бир адам билим алуу-
га укуктуу. Билим берүүнүн биринчи милдети – Билим алуу адам инсанын толук өнүк-
түрүүгө жана адам укуктары менен негизги эркиндиктерин урматтоону арттырууга ба-
гытталууга тийиш, ал эми экинчи милдети - Билим алуу бардык элдердин, расалык жа-
на диндик топтордун ортосунда өз ара түшүнүшүүгө, сабырдуулукка жана достукка кө-
мөктөшүүгө жана тынчтыкты сактап туруу боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун ишмер-
дигине көмөктөшүүгө тийиш.  
 
Баланын укуктары тууралуу Конвенция (1989)  
Бул Конвенция билим берүүнүн стандарттарын жана сапатын аныктоочу, эл ара-
лык  мүнөздөгү  биринчи  нормативдик  укуктук  курал  болуп  саналат.  Конвенция  билим 
алууга бирдей мүмкүнчүлүк – баардыгы үчүн билим алууга болгон бирдей укуктуулук-
тун негиз түзүүчү принцибин бекемдейт. Бул айрыкча өтө жакыр жана социалдык жак-
тан  корголбогон  калктын  катмарына кирген  балдарга  тиешелүү.  Коопсуз  жана  зомбу-
луктан эркин билим берүүчү чөйрө – сапаттуу билим алуунун маанилүү шарты.  
Балдар укуктары жөнүндөгү конвенция балдардын укуктарын коргоонун юридика-
лык милдеттүү болгон принциптерин аныктайт. Бул адам укуктары жөнүндөгү эӊ кеӊи-
ри таанылган келишим, аны дүйнөнүн 192 өлкөсү ратификациялаган. Конвенцияда ба-
лага каршы багытталган эч бир зомбулукка, анын ичинде мектеп чөйрөсүндөгү зомбу-
лукка да жол жок экендиги баса белгиленет. Конвенциянын 28-беренеси “баланын би-
лим алууга болгон укугун бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн негизинде жүзөгө ашырууга акы-
рындык менен жетишүү максатында ал укукту” тааныйт. Баланын билим алууга болгон 
                                       
49
 http://www.un.org/ru/documents/decl_conv/hr_bill.shtml 
90

укугунан тышкары 28-беренеде мындай деп айтылат: “Катышкан  мамлекеттер мектеп 
дисциплинасы баланын адамдык аброюн урматтоону чагылдырган методдордун жар-
дамы менен жана бул Конвенцияга ылайык камсыздалышы үчүн бардык зарыл чара-
ларды көрүшөт”.  
Баланын укуктары боюнча комитеттин жалпы тартиптеги №1 эскертүүсү: “... Бал-
дар мектеп босогосун аттап жатып, өзүнүн укуктарын жоготпойт” дегенди баса белги-
лейт.  Окутуу  процесси,  мындайча  айтканда,  баланын  адамдык  кадырын  урматтаган-
дай, анын өз көз караштарын 12(1) Беренесине ылайык  эркин билдирүү укугун камсыз 
кылгандай жана мектеп турмушунда активдүү катышкандай  уюштурушу керек. Окутуу 
дисциплинага тиешелүү катуу чектөөлөрдү 28(2) Беренесинде чагылдырылгандай ур-
маттагандай жана зомбулуктан эркин мектеп атмосферасын түзүүгө көмөк көрсөткөн-
дөй болуп жүрүшү керек.  
Жалпы  тартиптеги  №8  эскертүү  балдардын  денеге  тийгизген  залалдардан  жана 
башка  катуу  же  жазалоонун  кемсинтүүчү  түрлөрүнөн  корголуу  укугун  жарыялайт.  Эс-
кертүү ошондой эле “денеге залака келтирүү менен жазалоо практикасын кеӊири прак-
тикалоону кабылдабоону, ага карата чыдабастык мамилени тарбиялоону жана зомбу-
луктун үй-бүлөдөн, мектептен ж.б. жактан жоготулушуна чакырат”. Коомдогу зомбулук-
тун  бардык  формаларын  азайтуу  жана  алдын-алуучу  принципиалдуу  стратегия  мына 
ушунда турат”.   
Эл аралык өз ара түшүнүшүү, кызматташтык жана тынчтык духунда тарбия-
лоо жана адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоо духунда тарбия-
лоо жөнүндө ЮНЕСКОнун сунушу (1974)  
ЮНЕСКОнун бул сунушу адам укуктарын урматтоо духунда тарбиялоону жайыл-
тууга көмөк көрсөтүүгө таанылган, анын үстүнө акцент анын эл аралык мүнөзүнө жаса-
лат. Сунуштама төмөнкүнү баса белгилейт: тарбия “социалдык жоопкерчилик жана би-
римдүүлүк  сезимин  өнүктүрүшү  керек,  азыраак артыкчылыктарга  ээ  топтор  менен  кү-
нүмдүк  турмуштагы  жүрүм-турумда  теңдик  принцибин  сактоого  алып  барышы  керек”, 
муну менен бирге окуучуларды жөн гана адам укуктары менен тааныштырып эле кой-
бостон,  ошондой  эле  адам  укуктарын  практика  жүзүндө  урматтоого  үйрөтүүнү  баса 
белгилейт.   
Билим алуу баардыгы үчүн аракеттердин Дакар чектери: биздин жамааттык 
милдеттерди аткаруу (2000)  
2000-жылы  Билим  берүү  боюнча  Бүткүл  дүйнөлүк  форумда  кабыл  алынган  ара-
кеттердин  Дакар  чектери  баланын  сапаттуу  билим  алууга  жана  зомбулуктан  оолак 
коопсуз  жана  эркин  билим  берүү  чөйрөсүнө  болгон  укуктарынын  ортосундагы  байла-
нышты баса белгилеген. Анда “Билим алуу баардыгы үчүн” программасынын максат-
тарына жетишүү үчүн стратегиялар аныкталган, алардын арасында зомбулукту токто-
туу жана коопсуз билим берүүчүлүк чөйрөнү түзүү өзгөчө орунда турат.   
Мектепти  урматтоо  жана  ыйык  жер  жана  тынчтыктын  аймагы  катары  коргоо  ке-
рек.... Билим берүү конфликттерди токтотуу көндүмү жана аларды тынчтык жолу менен 
чечүү сыяктуу жөндөмдөрдү гана өнүктүрбөстөн, ошондой эле социалдык жана этика-
лык баалуулуктарды бекемдеши керек”.  
 
 
 
91

ТИРКЕМЕ 2 
Билим берїї мекемелериндеги зомбулукка каршы аракеттерди 
жасоо максатында социалдык-психологиялык климаттын 
анализин жїргїзїї боюнча сунуштамалар. 
 
Билим  берүү  процессинин  бардык  катышуучулары  өздөрүн  коопсуз,  кызыктыры-
лып  тартылган  жана  кабыл  алынган  катары  сезишкен  учурдагы,  позитивдүү  жүрүм-
турум жана өз ара аракеттешүүнү көрсөткөн, билим берүү мекемесиндеги позитивдүү 
социалдык-педагогикалык  климат  –  зомбулуктун  алдын-алуунун  маанилүү  элементи. 
Билим берүү мекемесинде позитивдүү климатты калыптандыруунун негизинде – билим 
алууга бирдей укуктуулук, адам укуктарын жана гендердик теӊдикти сактоо турат.  
Позитивдүү социалдык-психологиялык климаттагы билим берүүчү мекемеде: 

 
компетенттүү жетекчилик жана педагогикалык жамаат, алар, билим берүү процес-
синин  бардык  катышуучуларынын  ортосундагы  позитивдик  мамилелерди  кол-
доого багытталган, чаралардын комплексин ырааттуу жана системалуу түрдө жү-
зөгө ашырат; 

 
жеке айырмачылыктар жана ар түрдүүлүктөр кабыл алынат жана колдоого ээ бо-
лушат;  

 
билим  берүү  процесси,  сабактан  тышкаркы  иштер  инклюзивдүүлүк  принцибинин 
негизинде  курулган,  мугалимдерди,  башка  кызматкерлерди  жана  окуучуларды 
кайсыл-бир белгилери боюнча дискриминациялоого жол берилбейт;  

 
баардыгынын ортосунда: окуучулар, мугалимдер, башка кызматкерлер, жетекчи-
лик, ата-энелердин ортосунда сый, ачык жана ишенимдүү мамилелер колдоого ээ 
болушат;  

 
окутуунун активдүү формалары, талкууну, ачык талкууну, ар түрдү көз караштар-
ды шарттаган, интерактивдүү методикалар колдонулат

 
тарбиялык  чаралар  репрессиялык  мүнөзгө  ээ  эмес;  окуучулар  өздөрү  этикалык 
нормаларды  жана  окуучулардын  жүрүм-турум  эрежелерин  сактоого  мотивация-
ланат жана колдоого ээ болушат; 

 
билим берүү мекемесинин турмушуна тиешелүү чечимдерди иштеп чыгууда жана 
кабыл  алууда  окуучулардын  жана  алардын  ата-энелеринин  активдүү  катышуусу 
сыйланат; 

 
зомбулуктун алдын-алуу жана окуучулардын коопсуздугун, физикалык жана пси-
хологиялык саламаттыгын камсыздоо боюнча чаралар билим берүү процессинин 
жана мектеп, гимназия, лицей, колледждин турмушунун бардык аспекттерин кам-
тыйт; 

 
келип  чыккан  маселелер,  алардын  ичинде  зомбулукка  байланышкан  маселелер 
жашырылбайт, алар ачык талкууланат, ар бир окуя боюнча чаралар көрүлө, жа-
бырлануучуларга да, ошондой эле зомбулук көрсөткөн тарапка да, күбөлөргө да 
жардам көрсөтүлөт.  
Билим берүү мекемесинин социалдык-психологиялык климатынын анализи педа-
гогикалык жамааттын ичинде окуу жайдын жетекчилиги менен окутуучуларынын, баш-
ка  кызматкерлеринин  ортосундагы,  окуучулардын  чөйрөсүндө  окуучулар  менен  оку-
туучулардын ортосундагы мамилелерде өтө көйгөйлүү жерлерин аныктоого мүмкүндүк 
берет. Келип чыккан маалыматтар бул мамилелерди гармонизациялоо үчүн иштин ба-
гыттарын аныктоого жардам берет. Эреже катары, климатты баалоону билим берүүчү 
мекемесинин психологу же тышкы эксперт, түрдүү методдорду колдонуу менен, анын 
ичинде сурамжылоо аркылуу суроону пайдалануу менен жүргүзүшөт.   
 
 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет